Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

81–БӨЛҮМ

Кудайга таянышкан

Кудайга таянышкан

ДЭЭРЛИК 50000 адам Бабылдан Иерусалимге чейин узак жол жүрөт. Бирок ал жакка жеткенде алар шаардын урандыга айланып, ээн жатканын көрүшөт. Бардыгын кайра курууга туура келет.

Кайтып келген ысрайылдыктар адегенде курмандык чалынуучу жай курушат. Анда Жахабага арнап малдан курмандыктар чалынат. Бир нече айдан кийин болсо ийбадаткананы кайра тургузууга киришишет. Бирок тегеректе жашаган душмандар алардын ийбадаткана куруусун каалашпайт. Ошондуктан бул ишти токтотуу үчүн ысрайылдыктарды коркутууга аракеттенишет. Акыр-аягы душмандар Персиянын жаңы падышасын ал ишке тыюу салган мыйзам чыгарууга көндүрүшөт.

Арадан жылдар өтөт. Ысрайылдыктардын Бабылдан келгенине 17 жылдын жүзү болот. Жахаба элди курулуш ишин улантууга үндөө үчүн Акай менен Захария аттуу пайгамбарларын жиберет. Эл Кудайдын жардамына таянып, алардын айткандарын аткарат. Курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салган мыйзамга карабастан, ысрайыл эли ишке кайрадан киришет.

Ошондо Персиянын Татнай аттуу башчысы келип, ийбадаткана курууга аларга ким уруксат бергенин сурайт. Ысрайылдыктар Бабылда жүргөндө Кореш падыша: «Иерусалимге баргыла, Жахаба Кудайыңардын ийбадатканасын кургула»,— деп буйрук бергенин айтышат.

Татнай Корештин тирүү кезинде ушундай буйрук берген-бербегенин билүү үчүн Бабылга кат жөнөтөт. Көп өтпөй Персиянын жаңы падышасы Корештин чын эле ошондой буйрук бергендигин тастыктайт. Андан сырткары, ал: «Ысрайылдыктар Кудайынын ийбадатканасын кура беришсин. Аларга жардам берүүңөрдү буйрук кылам»,— деп да кошумчалайт. Ошентип, болжол менен төрт жылда ийбадаткана курулуп бүтүп, ысрайылдыктар абдан кубанышат.

Көптөгөн жылдар өтөт. Ийбадаткананын кайра тургузулганына дээрлик 48 жылдын жүзү болуп калат. Иерусалимдеги эл жакыр жашайт, шаардын жана Кудайдын ийбадатканасынын көрүнүшү да начар. Ошо маалда Бабылда жүргөн ысрайылдык Эзра ийбадаткананы оңдоо керектигин угат. Ал эмне кылганын билесиңби?

Эзра Персия падышасы Артакшаштага кайрылат. Ал боорукер падыша болгондуктан ага өзү менен кошо Иерусалимге алып кетүү үчүн көп белектерди берет. Аларды мекенине жеткирүү үчүн Эзра Бабылда жашаган ысрайылдыктардан жардам сурайт. Аны менен 6000дей адам бармак болот. Алар күмүш, алтын жана башка көптөгөн баалуу нерселерди ала кетиши керек.

Жолдо каракчылар көп болгондуктан, Эзра тынчсызданат. Себеби алар өзүн да, жанындагыларды да өлтүрүп, алтын, күмүштөрүн алып коюшу ыктымал. Ошондуктан, сүрөттөн көрүнүп тургандай, Эзра бүт элди чакырат. Анан алар чогуу Жахабадан Иерусалимге жеткиче жардам берүүсүн сурап тиленишет.

Жахаба аларды коргойт. Төрт айдан кийин баары Иерусалимге аман-эсен жетишет. Бул окуя Жахаба ага таянгандарды коргой аларын көрсөтүп турган жокпу?

Эзра 2—8-бөлүмдөр.