Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

82–БӨЛҮМ

Мордохай менен Эстер

Мордохай менен Эстер

КЕЛ, азыр Эзра Иерусалимге кеткенге чейин бир нече жыл мурун эмне болгонун карап көрөлү. Мордохай менен Эстер — Персия падышалыгында жашаган ысрайылдыктардын эң атактуулары. Себеби Эстер — ханыша, ал эми агасы Мордохай — падышадан кийинки экинчи адам. Алар мындай жогорку абалга кандайча ээ болгонун билип көрбөйлүбү.

Эстер кичинекей кезинде ата-энеси өлүп калгандыктан, аны Мордохай чоңойтот. Персия падышасы Акашбейроштун сарайы Шушан шаарында жайгашкан, Мордохай — анын кызматчыларынын бири. Бир күнү падышанын Башти деген аялы ага баш ийбей койгондуктан, падыша өзүнө башка аял тандайт. Ал кимди тандаганын билесиңби? Ооба, татынакай жаш Эстерди.

Карасаң, бардыгы бул текебер адамга жүгүнүп жатышат. Анын аты — Аман. Ал — Персиядагы абдан атактуу адам. Аман Мордохайдын да ага жүгүнүшүн каалайт. Бирок, бул сүрөттө тартылгандай, Мордохай ордунда отура берет. Анткени ал мындай жаман адамга жүгүнүү туура эмес деп эсептейт. Буга абдан каарданган Аман төмөнкүдөй ишке барат.

Ал ысрайылдыктарга жалаа жаап, падышага: «Алар сенин мыйзамдарыңа баш ийбеген жаман адамдар, аларды өлтүрүү керек»,— деп айтат. Акашбейрош өзүнүн аялы Эстердин ысрайыл элинен экенин билбейт. Ошондуктан Амандын айтканына макул болот да, ысрайылдыктардын баарын белгиленген күнү өлтүрүүгө буйрук чыгарат.

Бул буйрук тууралуу укканда Мордохай абдан кайгырат. Ал Эстерге: «Сен падышага айтып, бизди аман калтырууну суранышың керек»,— деп айттырат. Ал кезде Персия падышасына чакырылбай туруп баруу мыйзамды бузгандыкка жаткан. Бирок Эстер ханыша чакырылбаса да падышанын алдына келет. Акашбейрош падыша аны көздөй алтын таягын сунат, бул Эстердин өлтүрүлбөй турганын билдирет. Ханыша падышаны жана Аманды конокко чакырат. Эстердикине келгенде падыша андан эмне каалай турганын сурайт. Ал падыша менен Аманды эртеси күнү да конокко келүүгө чакырат.

Анан тамак үстүндө отурганда Эстер падышага: «Мен жана менин элим өлүш үчүн сатылганбыз»,— дейт. Падыша ачууланып: «Мындай ишке батынган ким экен?» — деп сурайт.

«Душманыбыз — бул кыянатчыл Аман!» — дейт Эстер.

Падыша катуу каарданат да, Аманды өлтүрүүнү буйрат. Андан кийин Мордохайды өзүнөн кийинки экинчи башкаруучу кылып дайындайт. Мордохай белгиленген күнү ысрайылдыктардын өлтүрүлүшү керек экенин билет. Ошондуктан аларга өз өмүрлөрүн сактоого укук берген жаңы мыйзамдын чыгышына кам көрөт. Ал абдан таасирдүү адам болуп калгандыктан, көптөр ысрайылдыктарга жардам беришет, натыйжада алар аман калышат.

Ыйык Жазмадагы Эстер китеби.