Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

83–БӨЛҮМ

Иерусалимдин дубалы

Иерусалимдин дубалы

БУЛ жерде эмне болуп жатканын карасаң. Ысрайылдыктар Иерусалимдин дубалдарын куруп жатышат. Мындан 152 жыл мурун Небухаданасар падыша Иерусалимдин дубалдарын кулатып, дарбазаларын өрттөп жиберген. Бабылдан биринчилерден болуп келген ысрайылдыктар дубалды кайра курушкан эмес.

Дубалы жок шаардагылар өздөрүн кандай сезишкен деп ойлойсуң? Алар коркуп жашашкан. Анткени душмандар оңой эле кол сала алышмак. Азыр болсо Некемия аттуу бул адам дубалды кайрадан курууга жардам берип жатат. Анын ким экенин билесиңби?

Ал — Мордохай менен Эстер жашаган Шушан шаарынан келген ысрайылдык. Падыша сарайында кызмат кылып келгендиктен Некемия Мордохай менен Эстерди жакшы билсе керек. Бирок Ыйык Китепте анын Эстердин күйөөсү Акашбейрошко кызмат кылгандыгы тууралуу айтылбайт. Ал кийинки падыша Артакшаштанын убагында кызмат кылган.

Артакшаштанын жакшы падыша экени жана Эзрага Иерусалимдеги Жахабанын ийбадатканасын оңдоо үчүн акча бергени эсиңде чыгар. Эзра ийбадаткананы оңдогон, бирок ал убакта шаардын дубалдары кайра курулган эмес. Кел, анда кандайча бул ишке Некемия киришип калганын көрөлү.

Ийбадаткананы оңдоо үчүн Артакшашта Эзрага акча бергенден 13 жыл өтөт. Некемия Артакшашта падышанын башкы шарап сунуучусу болуп кызмат кылып жүрөт. Анын милдетине падышага шарап сунуу жана ага эч кандай уу кошулбаганына көз салуу кирет. Бул — абдан жоопкерчиликтүү кызмат.

Күндөрдүн биринде Ысрайыл жеринен Некемияга биртууганы Ханани менен бир нече киши келет. Алар ысрайылдыктар дуушар болуп жаткан кыйынчылыктар жана Иерусалимдин дубалдары дагы эле курулбай жатканы тууралуу айтышат. Некемия аябай кайгырып, Жахабага ушул жөнүндө тиленет.

Бир күнү падыша Некемиянын кайгылуу жүргөнүн байкап калат да: «Эмнеге мынчалык капаланып жатасың?» — деп сурайт. Некемия Иерусалимдеги жагдайдын оор экенин жана дубалдары дагы эле курулбай жатканын айтат. Падыша: «Кандай каалооң бар?» — деп сурайт.

Некемия: «Шаар дубалдарын кайра куруу үчүн мени Иерусалимге коё берчи»,— дейт. Артакшашта — абдан аккөңүл падыша. Ал макулдугун берет да, курулушка керектүү карагайларды алууга көмөк кылат. Иерусалимге келери менен Некемия элге кандай ою бар экенин айтат. Эл айткандарын жактырат да: «Курулуш ишине киришели»,— дейт.

Тегеректеги душмандар ысрайылдыктардын дубалды куруп жатышканын көрүп, бири-бирине: «Барып аларды өлтүрөлү дагы, жумушту токтотолу»,— дешет. Некемия бул тууралуу угуп, жумушчуларына кылыч менен найза берет. Анан: «Душмандардан коркпогула. Биртуугандарыңар, балдарыңар, аялдарыңар, өз үйүңөр үчүн согушкула»,— дейт.

Эл кайраттанып, куралдарын күнү-түнү даяр кармап, жумушту уланта беришет. Ошентип, алар дубалды 52 күндүн ичинде эле куруп бүтүшөт. Эми эл шаар ичинде өзүн коопсуз сезет. Некемия менен Эзра ысрайылдыктарды Кудайдын мыйзамына үйрөтүшөт жана алар абдан кубанат.

Ошентсе да жашоо баары бир Бабыл туткунуна кеткенге чейинкидей эмес. Элди Персия падышасы башкарат жана алар ага кызмат кылууга аргасыз. Бирок Жахаба өзүнүн падышасын жиберүүнү жана ал падыша элге бейпилдик алып келерин убада кылган болчу. Ал ким болду экен? Ал падыша жерге тынчтыкты кандайча орнотот? Бул суроолорго 450 жылдан кийин гана жооп берилген. Ошондо өзгөчө бала төрөлгөн. Бул тууралуу кийинки аңгемеден билебиз.

Некемия 1—6-бөлүмдөр.