Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

6-БӨЛҮК

Ыйсанын төрөлгөнүнөн өлүмүнө чейин

Ыйсанын төрөлгөнүнөн өлүмүнө чейин

Мариям аттуу бир жакшы кызга Жебирейил периште жөнөтүлөт. Ал анын уулдуу болорун жана уулу түбөлүккө падышалык кыларын айтат. Ошол бала, Ыйса, малканада төрөлөт жана койчулар аны көргөнү келет. Кийинчерээк бир жылдыз чыгышта жашаган адамдарга наристеге жеткиче жол көрсөтүп келгени жөнүндө окуйбуз. Ошондой эле аларга жылдызды ким көрсөткөнүн жана өлтүрүүгө жасалган аракеттерге карабастан Ыйсанын кантип аман калганын билебиз.

Андан кийин 12 жаштагы Ыйсаны ийбадатканада окутуучулар менен сүйлөшүп отурган жеринен табабыз. 18 жылдан кийин Ыйса чөмүлтүлүп, Кудай тапшырган ишке, Падышалык тууралуу кабар таратуу жана окутуу ишине киришет. Ал 12 адамды тандап, өзүнө жардам берүү үчүн элчи кылат.

Ыйса көптөгөн кереметтерди да жасайт. Ал бир нече кичине балык жана бир аз гана нан менен миңдеген адамдарды тойгузат. Оорулууларды айыктырат, атүгүл өлгөндөрдү тирилтет. Аягында Ыйсанын жашоосунун акыркы күндөрүндө кандай окуялар болуп өткөнү жана анын кантип өлтүрүлгөнү тууралуу окуйбуз. Ыйса үч жарым жылдай кабар айткан, демек, АЛТЫНЧЫ бөлүк 34 жылдан бир аз көбүрөөк убакытты камтыйт.

 

БУЛ БӨЛҮКТӨ

84-АҢГЕМЕ

Мариямга периште келет

Периште Мариямга: «Уул төрөйсүң... Ал түбөлүккө падыша болот!» — деп айтат.

85-АҢГЕМЕ

Ыйса малканада төрөлөт

Эмне үчүн келечектеги падыша малканада төрөлгөн?

86-АҢГЕМЕ

Жылдызды ээрчип келген адамдар

Астрологдорго Ыйсаны жылдыз аркылуу тапканга ким жардам берген? Мунун жообуна таң калышың мүмкүн.

87-АҢГЕМЕ

Кичинекей Ыйса ийбадатканада

Анын айткандарына атүгүл ийбадатканадагы окутуучулар да таң беришкен.

88-АҢГЕМЕ

Жакан Ыйсаны чөмүлдүрөт

Жакан күнөөсү үчүн өкүнгөн адамдарды чөмүлдүрчү. Анда эмне үчүн ал эч качан күнөө кетирбеген Ыйсаны чөмүлдүргөн?

89-АҢГЕМЕ

Ыйса ийбадаткананы тазалайт

Ыйса сүйүүсүнөн улам ачууланган. Кандайча?

90-АҢГЕМЕ

Кудуктун жанынан аял менен сүйлөшөт

Ыйса айткан суудан ичкендер кандайча кайра суусамак эмес?

91-АҢГЕМЕ

Ыйса тоодо окутат

Ыйсанын тоодогу насаатында кандай баалуу кеңештер камтылган?

92-АҢГЕМЕ

Ыйса өлгөндөрдү тирилтет

Кудайдын күчү менен Ыйса Жайырдын кызын эки эле ооз сөз айтып тирилткен.

93-АҢГЕМЕ

Ыйса көп элди тойгузат

Ыйсанын миңдеген адамдарды керемет жолу менен тойгузганы эмнени далилдеп турат?

94-АҢГЕМЕ

Ал балдарды жакшы көрөт

Ыйса элчилерин балдардан үйрөнүүгө чакырган.

95-АҢГЕМЕ

Ыйсанын окутуу ыкмаларынын бири

Ыйсанын боорукер самариялык киши жөнүндөгү аңгемесинен анын көбүнчө кандай окутуу ыкмасын колдонгонун билүүгө болот.

96-АҢГЕМЕ

Ыйса оорулууларды айыктырат

Ыйса укмуштуудай кереметтерди эмне үчүн жасаган?

97-АҢГЕМЕ

Ыйса Иерусалимге падыша катары кирет

Аны калың эл кубанып тосуп алган. Бирок буга баары эле сүйүнгөн эмес.

98-АҢГЕМЕ

Зайтун тоосунда

Иса төрт элчисине ал падыша болгондо жерде кандай окуялар болорун айтып берет.

99-АҢГЕМЕ

Үстүнкү бөлмөдө

Эмне үчүн Ыйса жолдоочуларына ушул өзгөчө кечки тамакты жыл сайын уюуштурушу керектигин айткан?

100-АҢГЕМЕ

Ыйса бак ичинде

Эмне үчүн чыккынчы Жүйүт Ыйсаны өпкөн?

101-АҢГЕМЕ

Ыйса өлтүрүлөт

Устунда кадалып турса да, Ыйса келечектеги бейиш тууралуу убада берген.