Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

84–БӨЛҮМ

Мариямга периште келет

Мариямга периште келет

БУЛ татынакай кыздын аты — Мариям. Ал ысрайыл элинен жана Назарет шаарында жашайт. Кудай анын абдан жакшы экенин билип Жебирейил деген периштесин жиберет. Ал Мариямга келип эмне дегенин билесиңби? Кел, окуп көрөлү.

Жебирейил: «Саламатсыңбы, Кудайдан ырайым тапкан кыз! Жахаба сени менен!» — дейт. Мариям аны мурун эч качан көргөн эмес. Анын бул сөздөрдү эмне себептен айтканын түшүнбөгөндүктөн Мариям чочулайт. Жебирейил аны ошо замат тынчтандырат.

Ал: «Коркпо, Мариям! Анткени сен Жахабанын алдында ырайым таптың. Ошон үчүн ал сен аркылуу керемет жасайт. Боюңа бүтүп, уул төрөйсүң. Анын атын Ыйса коёсуң»,— дейт.

Андан ары: «Ал улуу болот жана Эң Жогорку Кудайдын Уулу деп аталат. Жахаба аны Дөөттөй падыша кылат. Бирок Ыйса түбөлүккө падыша болот, анын падышалыгынын чеги болбойт!» — деп кошумчалайт.

«Турмушка чыга элек болсом, кантип балалуу боломун?» — деп сурайт Мариям.

«Сага Кудайдын ыйык руху түшөт. Ошондуктан төрөлө турган бала Кудайдын Уулу деп аталат»,— дейт Жебирейил. Анан: «Тууганың Элизабетти элдер балалуу болууга карыды дешчү. Бирок ал да жакында уул төрөйт. Көрдүңбү, Кудай үчүн мүмкүн эмес эч нерсе жок»,— дейт Мариямга.

Ошондо Мариям: «Мен Жахабанын кулумун! Мага сен айткандай болсун»,— дейт. Периште кетет.

Мариям шашып-бушуп Элизабетке жөнөйт. Анын үнүн укканда Элизабеттин ичиндеги бала кубанганынан туйлап жиберет. Элизабет Кудайдын рухуна толуп, Мариямга: «Аялдардын ичинен сен баталуусуң»,— дейт. Аныкында үч айдай жүргөндөн кийин Мариям кайра Назаретке кетет.

Ал Жусуп аттуу жигитке турмушка чыкканы жаткан. Бирок Жусуп Мариямдын кошбойлуу экенин билгенде ага үйлөнгүсү келбей калат. Анда Кудайдын периштеси ага келип: «Мариямга үйлөнүүдөн коркпо, анткени анын боюна бүткөн бала Кудайдан»,— дейт. Ошентип, экөө үйлөнүп, Ыйсанын төрөлүшүн күтүшөт.