Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

88–БӨЛҮМ

Жакан Ыйсаны чөмүлдүрөт

Жакан Ыйсаны чөмүлдүрөт

КАРАСАҢ, бул кишинин башына көгүчкөн конгону жатат. Бул — Ыйса. Ал азыр отуздарда. Жанындагысы — Жакан. Мурунураак биз ал жөнүндө бир аз окуганбыз. Мариям тууганы Элизабеттикине барганда, Элизабеттин ичиндеги бала туйлап жиберет эмеспи, эсиңдеби? Ошол төрөлө элек бала Жакан болчу. Бирок Жакан менен Ыйса азыр эмне кылып жатышат?

Жакан азыр эле Ыйсаны Иордан суусуна чумкутту. Адам ушундайча чөмүлтүлөт. Адегенде адам сууга чумкутулат, анан кайра тургузулат. Элди чөмүлтүп жүргөндүктөн Жакан Чөмүлдүрүүчү Жакан деп аталып калган. Бирок эмне себептен ал Ыйсаны чөмүлдүрөт?

Себеби Ыйса өзү суранат. Жакан жаман иштери үчүн өкүнгөнүн көрсөткүсү келген адамдарды чөмүлдүрчү. Анда Ыйса кандайдыр бир жаман иш жасаганбы? Жок, анткени ал Кудайдын асмандан келген Уулу болгон да. Ал Жакандан аны башка себеп менен чөмүлдүрүүнү суранат. Кел, ал эмне болгон себеп экенин билели.

Жаканга келгенге чейин Ыйса жыгач уста болгон. Андай уста жыгачтан үстөл, отургуч сыяктуу буюмдарды жасайт. Мариямдын күйөөсү Жусуп жыгач уста эле, ошондуктан ал Ыйсаны да ошол кесипке үйрөткөн. Бирок Жахаба Уулун жерге жыгач уста болсун деп жиберген эмес. Жахаба ага өзгөчө тапшырма берген. Эми аны орундатууга убакыт келип жетти. Атасынын эркин аткарууга келгенин көрсөтүү үчүн Ыйса Жакандан аны чөмүлдүрүүнү суранат. Бул Кудайга жакканбы?

Ооба, Ыйса суудан чыкканда, асмандан: «Бул менин Уулум, Мен Ага ыраазымын»,— деген үн угулат. Андан тышкары, асман ачылып Ыйсага көгүчкөн конот. Бирок ал кадимки көгүчкөн эмес, Кудайдын ыйык руху болчу.

Эми Ыйса көп нерсе тууралуу ойлонушу керек, ошондуктан ал 40 күнгө эч ким жок жерге кетет. Ал жерден ага Шайтан келет. Ал үч жолу Ыйсаны Кудайдын мыйзамдарын буздурууга аракеттенет. Бирок максатына жетпейт.

Андан соң Ыйса кайтып келет да, аны биринчилерден болуп жолдой турган адамдар менен жолугат. Алардын айрымдарынын аттары: Андрей, Петир (Шымон деп да аталат), Филип жана Натанаел (Барталамей деп да аталат). Ыйса жаңы шакирттери менен Галилея аймагына барып, Натанаелдин туулган шаары Канага токтошот. Ал жактан Ыйса чоң үйлөнүү тоюна катышып, биринчи кереметин жасайт. Анын эмне кылганын билесиңби? Сууну шарапка айландырат.