Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

89–БӨЛҮМ

Ыйса ийбадаткананы тазалайт

Ыйса ийбадаткананы тазалайт

БУЛ сүрөттө Ыйса аябай ачууланып жаткандай көрүнөт бекен? Мунун себебин билесиңби? Кудайдын Иерусалимдеги ийбадатканасында жүргөн бул кишилер абдан ачкөз. Алар Кудайга сыйынуу үчүн бул жерге келгендерден көп акча алууга умтулушат.

Ары жактагы өгүз, кой жана көгүчкөндөрдү көрдүңбү? Бул кишилер аларды ийбадаткананын ичинде сатышууда. Эмне үчүн? Себеби ысрайылдыктар Кудайга мал менен канаттуулардан курмандык чалышчу.

Муса аркылуу берилген мыйзамга ылайык, ысрайылдыктар күнөө кетиргенде Кудайга курмандык алып келишчү. Андан башка учурларда да курмандык чалына турган. Буга керектелүүчү малды алар кайдан алышчу?

Айрымдарынын өздөрүнүн малы болгон. Бирок көптөрүндө мал тургай, канаттуу да жок болгон. Дагы башкалары Иерусалимден абдан алыс тургандыктан, курмандыкка чалынуучу малын ийбадатканага алып келе алышкан эмес. Ошондуктан ушул жерден сатып алышчу. Сатуучулар болсо элди алдап, абдан кымбат баа сурай турган. Андан тышкары, алар Кудайдын ийбадатканасында соода кылбашы керек болчу.

Мына ушул себептен улам Ыйса абдан ачууланып жатат. Ал үстөлдөрдү көңтөрүп, акчаларды чачат. Аркандан камчы жасап алып, ийбадатканадагы малдын баарын айдап чыгат. Ал эми көгүчкөн саткандарга: «Буларды бул жерден алып кеткиле! Атамдын үйүн базарга айландырбагыла!» — деп буйрат.

Ошол учурда Ыйсанын кээ бир шакирттери анын жанында эле. Алар Ыйсаны көрүп таң калышат да, Ыйык Жазмадагы: «Сенин үйүңө болгон кызганыч Мени жеп жатат»,— деген сөздөрдү эстешет.

Иерусалимде ошол убакта Пасах деген майрам белгиленип жаткан. Ыйса ага катышып, көптөгөн кереметтерди жасайт. Андан кийин Жүйүттөн Галилеяга жөнөйт. Ал жакка жол тартып баратып Ыйса Самарияны аралап өтөт. Кел, анда ал жерден кандай окуя болгонун окуйлу.