Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

90–БӨЛҮМ

Кудуктун жанынан аял менен сүйлөшөт

Кудуктун жанынан аял менен сүйлөшөт

САМАРИЯДАН Ыйса кудуктун жанына токтоп эс алат. Шакирттери тамак-аш алып келүү үчүн шаарга кетишет. Ал ортодо Ыйса сууга келген бул аял менен сүйлөшүп калат. Ыйса андан: «Мага суу берчи»,— деп сурайт.

Аял абдан таң калат. Билесиңби эмнеге? Анткени Ыйса жүйүт элинен болгон, ал эми өзү самариялык эле. Жүйүттөрдүн көбү самариялыктарды жаман көрчү, атүгүл алар менен сүйлөшкүсү келчү эмес. Бирок Ыйса адамдардын баарын жакшы көргөн. Ал: «Эгерде сенден суу сураган ким экенин билсең, сен андан өзүң сураар элең, ошондо ал сага тирүү суу бермек»,— дейт.

— Мырза, суу сузуп алгандай эч нерсең жок экен, кудук болсо терең, сенде тирүү суу кайдан болсун? — дейт аял.

— Бул суудан ичсең, кайра суусайсың, бирок мен бере турган суудан ичкен адам түбөлүк жашайт,— деп түшүндүрөт Ыйса.

— Мырзам, суусабашым үчүн жана бул жерге сууга келбешим үчүн, мага ошол суудан берчи,— деп айтат аял.

Ал кадимки суу жөнүндө сөз жүрүп жатат деп ойлойт. Бирок Ыйса Кудай жана анын Падышалыгы жөнүндөгү чындык тууралуу айтып жаткан. Ал чындык тирүү суудай. Анткени ал адамга түбөлүк өмүр берет.

Эми Ыйса аялга: «Барып, күйөөңдү бул жерге чакырып кел»,— дейт.

— Менин күйөөм жок,— дейт ал.

— Чындыкты айттың. Сен беш жолу күйөөгө чыккансың жана азыркың күйөөң эмес,— дейт Ыйса ага.

Аял аябай таң калат, себеби булардын баары чын болчу. Ыйса муну кайдан билген? Ал убадаланган Мессия болгондуктан, бул маалыматты ага Кудай берген. Аңгыча шакирттери келишет да, анын самариялык аял менен сүйлөшкөнүн көрүп таң калышат.

Бул жерде айтылгандардан эмнеге үйрөнө алабыз? Ыйса бардык улуттарга бирдей мамиле кылган. Биз да ошентишибиз керек. Айрым улуттарды жаман деп эсептеген адамдардай болбошубуз керек. Ыйса түбөлүк өмүргө алып баруучу чындыкты бардык адамдардын билишин каалаган. Биз дагы башкаларга чындык жөнүндө айтып берүүгө ынтызар болушубуз керек.