Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

91–БӨЛҮМ

Ыйса тоодо окутат

Ыйса тоодо окутат

БУЛ сүрөттү карасаң. Ыйса Галилеядагы бир тоонун бооруна отуруп алып элди окутуп жатат. Ага жакын отургандар — шакирттери. Алардын он экисин ал элчи кылыш үчүн тандаган. Элчилер — Ыйсанын өзгөчө шакирттери. Алардын аттарын билесиңби?

Алар: Шымон Петир жана анын биртууганы Андрей, ага-инилер Жакып менен Жакан. Булардан башка дагы бир Жакып жана Шымон деген элчилер бар. Экөөнүн аты — Жүйүт. Алардын бири — Жүйүт Искариот, экинчисин болсо Тадай деп коюшчу. Калгандарынын аттары — Филип, Натанаел (Барталамей деп да аташчу), Матай жана Томас.

Самариядан келгенден кийин Ыйса биринчи жолу: «Асман Падышалыгы жакындап калды»,— деп кабар айта баштайт. Ал эмне болгон падышалык экенин билесиңби? Ал — Кудай түзгөн өкмөт. Кудай ал падышалыктын падышасы кылып өзүнүн Уулун дайындаган. Ыйса асмандан башкарып, жерге тынчтык орнотот. Кудайдын падышалыгы бүт жер жүзүн кооз бейишке айландырат.

Ыйса бул жерде адамдарга ошол Падышалык тууралуу айтып жатат. «Мындай деп тиленгиле,— дейт ал элге.— Асмандагы Атабыз! Сенин ысмың ыйык тутулсун. Сенин Падышалыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да Сенин эркиң аткарылсын». Көп адамдар бул тиленүүнү «Эгенин тиленүүсү» же «Асмандагы Атабыз» деп да коюшат. Ушул тиленүүнү жатка айта аласыңбы?

Ыйса адамдарды бири-бирине кандай мамиле жасоо керектигине да үйрөтөт. «Адамдардын силерге кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга ошондой мамиле кылгыла»,— дейт ал. Башкалар сага жакшы мамиле кылганда кубанбайсыңбы? Анда Ыйса айткандай, биз да башкаларга жакшы мамиле жасашыбыз керек. Бейишке айланган жер бетинде адамдардын баары бири-бирине ушундай мамиле кылганда кандай сонун болот ээ?!

Матай 5—7-бөлүмдөр; 10:1—4.