Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

93–БӨЛҮМ

Ыйса көп элди тойгузат

Ыйса көп элди тойгузат

ЖҮРӨКТҮН үшүн алган окуя болду. Эми эле Чөмүлдүрүүчү Жакан өлтүрүлдү. Падышанын аялы Иродия аны жек көрчү. Ошондуктан ал күйөөсүн Жакандын башын алдыртууга аргасыз кылат.

Ыйса бул жөнүндө укканда абдан кайгырат. Ал жалгыз ээн жерге кетет. Бирок эл артынан ээрчип барат. Аларды көргөндө Ыйсанын боору ооруйт. Ошондуктан Кудайдын Падышалыгы жөнүндө айтып, оорулууларды айыктырат.

Кеч киргенде, шакирттери ага келип: «Кеч болуп кетти, бул ээн талаа экен. Элди тарат, жакын жердеги айылдарга барып тамак-аш сатып алышсын»,— дешет.

«Алар эч жакка барбай эле коюшсун, аларга тамак-ашты силер бересиңер»,— дейт Ыйса. Анан Филипке кайрылып: «Элди тойгузуу үчүн нанды кайдан сатып алсак болот?» — деп сурайт.

«Ар бирине бир аздан бергенде да, аларга нан сатып алыш үчүн көп акча керек»,— дейт Филип. Андрей болсо: «Ушу жерде бир балада беш нан жана эки балык бар. Бирок ал ушунча көп кишиге жетмек беле?» — дейт.

Ыйса: «Элди жерге отургузгула»,— деп айтат. Анан Кудайга тамак үчүн ыраазычылык билдирген соң нан менен балыкты бөлө баштайт. Шакирттер болсо аны элге таратып беришет. Ал жерде 5000 эркек жана миңдеген аялдар менен балдар болгон. Баары тойгуча жешет. Аягында шакирттер калган тамак-ашты чогултканда, дагы 12 себет толот!

Анан Ыйса шакирттерине кайыкка отуруп Галилея деңизинин аркы өйүзүнө өтүүнү айтат. Түн ичинде катуу шамал болуп, толкундар кайыкты ары-бери чайпагандыктан, шакирттер аябай коркушат. Таң атарга жакын алар суунун үстү менен келе жаткан бирөөнү көрүшөт. Ал ким экенин түшүнбөй корккондорунан кыйкырып киришет.

«Коркпогула, бул менмин!» — дейт Ыйса. Бирок алар ишене алышпайт. Анда Петир: «Эге! Эгерде бул сен болсоң, буйрук бер, мен сага суунун үстү менен басып барайын»,— дейт. Ыйса ага: «Кел!» — дейт. Петир кайыктан түшүп, суунун үстү менен басат! Бир кезде ал коркуп кетип, чөгө баштайт. Бирок Ыйса аны сактап калат.

Кийинчерээк Ыйса дагы миңдеген адамдарды жети нан жана бир нече кичинекей балык менен тамактандырат. Анда да ашып калат. Ыйса адамдарга кандай гана сонун кам көргөн, чынбы? Ал Кудайдын дайындалган падышасы катары башкарганда, биз эч нерседен кам санабайбыз!