Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

94–БӨЛҮМ

Ал балдарды жакшы көрөт

Ал балдарды жакшы көрөт

ЫЙСАНЫН кичинекей баланы кучактап алганын карасаң. Анын балдарды чынында эле жакшы көрөрү байкалып турат. Бери жакта тургандар — шакирттери. Ыйса аларга азыр эмне деп жатат болду экен? Кел, ошону билели.

Ыйса менен элчилери жаңы эле алыскы сапардан келишкен эле. Жолдо келатканда элчилердин ортосунда өз ара талаш-тартыш пайда болот. Ошондуктан Ыйса алардан: «Жолдо эмне тууралуу талашып келдиңер?» — деп сурайт. Ал талаштын эмне себептен болгонун билет. Бирок алардын чынын айтар-айтпасын билүү үчүн суроо берет.

Элчилер унчугушпайт, анткени алар кимиси чоң экенин талашып келишкен эле. Кээ бир элчилер башкалардан жогору болууну каалашат. Ыйса андай каалоонун туура эмес экенин аларга кантип түшүндүрөт?

Ал бир кичинекей баланы чакырат да, шакирттеринин алдына коюп: «Эгерде силер өзгөрүлүп, балдардай болбосоңор, Кудайдын Падышалыгына кирбейсиңер. Мына бул баладай болгондор Падышалыкта биринчи болот»,— дейт. Ыйсанын эмне үчүн ушинтип айтканын билесиңби?

Кичинекей балдар, адатта, башкалардан жогору болууга умтулбайт. Ошондуктан элчилер да, балдардай болууга жана ким чоң же ким биринчи деп талашпоого үйрөнүшү керек.

Ыйса кичинекей балдарды абдан жакшы көрөрүн көп ирет көрсөтөт. Мисалы, бир нече айдан кийин, кээ бирөөлөр ага балдарын алып келишет. Элчилер алардын Ыйсага жолугушуна тоскоол кылууга аракеттенишет. Бирок Ыйса: «Балдарды коё бергиле, аларга тоскоол кылбагыла, анткени Кудайдын Падышалыгы ушундайлардыкы»,— дейт. Анан балдарды кучактап, аларга батасын берет. Ыйсанын балдарды жакшы көрөрүн билүү бизди кубантпайбы?