Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

95–БӨЛҮМ

Ыйсанын окутуу ыкмаларынын бири

Ыйсанын окутуу ыкмаларынын бири

БИР күнү Ыйса бир кишиге жакынын сүйүү керектигин айтат. Анда ал: «Менин жакыным ким?» — деп сурайт. Ыйса анын оюн билет. Ал өзүнүн улутундагы жана дининдеги адамдарды гана жакыным деп эсептечү. Ыйсанын ага эмне дегенин карап көрөлү.

Кээде ал бир нерсеге үйрөтүү үчүн окуя айтып берчү. Бул жолу да ошентет. Ал жүйүт жана самариялык эки адам жөнүндө айтып берет. Буга чейин биз жүйүттөрдүн көбү самариялыктарды жаман көргөнү жөнүндө окуганбыз. Эми Ыйса айтып берген окуяга көңүл буралы.

Күндөрдүн биринде Жерихо шаарына бараткан бир жүйүттү каракчылар кармап алат. Алар акчасын алып, өзүн болсо араң жан кылып сабап кетишет.

Бир нече убактан кийин ошол жол менен жүйүттөрдүн ыйык кызмат кылуучусу өтүп баратып, жарадар болуп жаткан ал адамды көрөт. Ал эмне кылат деп ойлойсуң? Жолдун аркы өйүзүнө өтөт да, сапарын улантат. Анан Кудайга аябай ишенген адам — леби — да ошол жол менен өтөт. Ал токтойбу? Жок, ал да жардам көрсөтпөй кетип калат. Ыйык кызмат кылуучу менен лебинин тээ ары жакта кетип баратканын көрдүңбү?

Ал эми жарадар адамдын жанындагы ким? Самариялык адам. Ал жүйүткө жардам берип жатат. Анын жарааттарын таңат дагы, эс алып жана айыгып алышы үчүн, аны бир мейманканага жеткирет.

Бул окуяны айтып бүткөн соң Ыйса суроо берген адамдан: «Бул үчөөнүн кимиси жарадар кишинин жакыны деп ойлойсуң? Ыйык кызмат кылуучубу, лебиби же самариялык адамбы?» — деп сурайт.

— Самариялык адам. Ал жарадар адамга жардам көрсөттү,— деп жооп берет тиги киши.

— Туура. Ошондуктан бар, сен дагы башкаларга ушундай мамиле кыл,— дейт Ыйса.

Ыйсанын окутуу ыкмасы жактыбы? Анын Ыйык Китептеги сөздөрүнө көңүл бурсак, көп нерселерге үйрөнөбүз, чынбы?