Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

98–БӨЛҮМ

Зайтун тоосунда

Зайтун тоосунда

ЫЙСА Зайтун тоосунда отурат. Жанындагы төртөө — элчилери. Алар — ага-инилер Андрей менен Петир жана Жакып менен Жакан. Ары жакта Иерусалим шаары жана андагы Кудайдын ийбадатканасы көрүнүп турат.

Ыйсанын Иерусалимге кодик минип киргенинен эки күн өттү. Бүгүн шейшемби. Эртең менен Ыйса ийбадатканага барган болчу. Ал жерден ыйык кызмат кылуучулар аны кармап алып, өлтүргүсү келет. Бирок элден коркушат, анткени эл аны жакшы көрөт.

«Жыландар, жылан тукумдары!» — дейт Ыйса ал диний жетекчилерге. Ошондой эле жаман иштери үчүн Кудай жазалай турганын да эскертет. Андан кийин Зайтун тоосуна чыгат. Ал жерден төрт элчиси ага суроолорду берет. Эмнеге байланыштуу суроолор экенин билесиңби?

Келечекке байланыштуу. Алар Ыйсанын жердеги бардык жамандыкты жок кыларын билишет, бирок качан экенин билишпейт. Падыша катары башкаруу үчүн Ыйса кайра качан келет?

Ыйса кайра кайтып келгенде жердеги жолдоочулары аны көрө албай турганын билет. Анткени ал асманда боло тургандыктан, аны көрүү мүмкүн эмес болот. Ошондуктан ал асмандан Падыша катары башкара баштаганда жерде кандай окуялар болорун айтат. Алардын айрымдары кайсылар?

Ыйса чоң согуштар, катуу жертитирөөлөр болору, көптөрдүн ооруй турганы, ачарчылыктан кыйналары, кылмышкерлик күч алары тууралуу пайгамбарлык кылат. Ошондой эле Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабар бүт жер жүзүнө таратыларын айтат. Ушунун баары биздин күндөрдө болуп жатабы? Ооба! Ошондуктан Ыйсанын асманда башкарып жатканына толук ишенсек болот. Жакында ал жердеги бардык жамандыкты жок кылат.