Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

99–БӨЛҮМ

Үстүнкү бөлмөдө

Үстүнкү бөлмөдө

ЫЙСАНЫН төрт элчиси менен сүйлөшкөнүнөн эки күн өттү. Бүгүн бейшемби. Кеч. Ыйса Пасах тамагын жегени 12 элчиси менен бул чоң бөлмөгө келет. Чыгып бараткан кишини көрдүңбү? Ал — Жүйүт Искариот. Ыйсаны кармоого жардам берүү үчүн ал ыйык кызмат кылуучуларга кетип баратат.

Бир күн мурун Жүйүт аларга барып: «Ыйсаны колуңарга салып берсем, мага эмне бересиңер?» — деп сураган. Алар отуз күмүш теңге сунуш кылышкан эле. Эми Жүйүт Ыйсанын каякта экенин көрсөтүп берүү үчүн баратат. Ал кандай гана жаман иш кылганы жатат.

Пасах тамагынан кийин Ыйса башка — өзгөчө — тамакка киришет. Ал нан сындырат да, элчилерине: «Алып жегиле. Бул нан силер үчүн бериле турган денемди билдирет»,— дейт. Анан шарап куюлган чөйчөктү алып: «Ичкиле. Бул — силер үчүн төгүлө турган каным»,— деп айтат. Ыйык Китепте бул кечки тамак Эгенин кечки тамагы деп аталат.

Ысрайылдыктар Мисирде жүргөндө Кудайдын периштеси алардын үйүнөн «кыя өтүп», мисирликтердин үйүндөгү тундарды өлтүргөн. Муну эске салып туруу үчүн ысрайыл эли Пасах тамагын жешчү. Эми болсо Ыйса жолдоочуларынын анын өзүн жана адамзат үчүн өлгөнүн эстеп жүрүшүн каалайт. Ошондуктан ал бул өзгөчө кечени жыл сайын белгилеп турууну буйрат.

Эгенин кечки тамагын жегенден кийин Ыйса элчилерин ишенимдерин бекем сактоого, тайманбас болууга чакырат. Аягында баары Кудайды мактап ырдашат да, ал жерден кетишет. Түн жарымынан ооп калган эле. Эми алар каякка барышат? Кел, билели.