Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

100–БӨЛҮМ

Ыйса бак ичинде

Ыйса бак ичинде

ҮСТҮНКҮ кабаттагы бөлмөдөн чыгып Ыйса элчилери менен Гетсемани багына барат. Мурун алар бул жерге көп жолу келген болчу. Ыйса элчилерин уктабай, тиленип турууга чакырат. Өзү болсо арыраак барып, чөгөлөп алып тиленет.

Бир аз убакыттан кийин ал кайрылып келет. Ошондо шакирттери эмне кылып жаткан деп ойлойсуң? Алар уктап калышкан болот. Ыйса аларды сергек болууга үч жолу чакырат, бирок үч жолу тең кайра келсе алар уктап жаткан болушат. Акыркы жолу келгенде Ыйса: «Ушундай убакытта кантип уктайсыңар? Мени душмандарымдын колуна салып бергени жатышат»,— дейт аларга.

Ошол маалда жакындап келаткан сүрмө топтун добушу угулат. Карасаң, кылыч, союл көтөргөн адамдар Ыйсаны тегеректеп алышты. Жарык болушу үчүн колдоруна шаманаларды алып алышкан. Ал калың топтун ичинен бир киши чыгып, түз эле Ыйсаны көздөй басат да, сүрөттөн көрүп турганыңдай, аны өбөт. Ал — Жүйүт Искариот. Эмне үчүн Жүйүт Ыйсаны өбөт?

Ыйса андан: «Жүйүт, сен мени өөп туруп салып бересиңби?» — деп сурайт. Ооба, ал өзү менен келгендерге Ыйсаны өбүү менен көрсөтүп бермек. Ошо замат Ыйсанын душмандары аны кармаш үчүн алдыга чыгышат. Анда Петир Ыйсаны коргогусу келип, кылычты алып чыгат да, жанындагы кишини көздөй шилтейт. Кылыч анын башына тийбей өтүп, оң кулагын шылып кетет. Бирок Ыйса ал адамдын кулагына колун тийгизип айыктырып коёт.

«Кылычыңды кынына сал,— дейт Ыйса Петирге.— Атамдан мени сактап калууга түмөндөгөн периштелерин жиберүүсүн сурай албайт дейсиңби?» Ал чын эле муну кыла алат. Бирок антпейт, анткени ал душмандарынын колуна салынып бериле турган убакыттын келгенин билет. Ошондуктан каршылык көрсөтпөй, алар менен кетет. Кел, андан ары Ыйсанын эмне болорун билели.