Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

101–БӨЛҮМ

Ыйса өлтүрүлөт

Ыйса өлтүрүлөт

КАРАЧЫ, кандай гана өкүнүчтүү көрүнүш. Ыйсаны өлтүрүү үчүн колу-бутун мык менен мамыга кагып салышты. Анын өлүшүн ким каалаган?

Ыйсаны жек көргөндөр. Алар кимдер экенин билесиңби? Алардын бири — Шайтан Ибилис. Анын айынан Адам менен Обо Жахабага тил албай калышкан. Ыйсанын душмандарын аны ырайымсыздык менен өлтүрүүгө да так ошол Шайтан түрткөн.

Мамыга кадап салганга чейин алар Ыйсаны кыйнашат. Алардын Ыйсаны кармоо үчүн Гетсемани багына келишкени эсиңдеби? Ал душмандар кимдер эле? Туура, диний жетекчилер. Кел анда, андан кийин эмне болгонун билели.

Диний жетекчилер Ыйсаны кармап алышканда, элчилер коркконунан качып кетишет. Устаты душмандарынын арасында жалгыз калып калат. Бирок Петир менен Жакан башкаларга кошулуп качпайт. Алар Ыйсанын эмне болорун көрүү үчүн тигилердин артынан анча алыс эмес аралыкта ээрчип барышат.

Диний жетекчилер Ыйсаны мурун башкы ыйык кызмат кылуучу болгон улгайган Анаска алып келишет. Бирок ал жерде көпкө кармалышпайт. Алар аны ошол учурдагы башкы ыйык кызмат кылуучу Кайапага алып барышат. Анын үйүнө көптөгөн диний жетекчилер чогулат.

Кайапанын үйүнөн тергөө жүргүзүлөт. Ал жерге жалган күбөлөрдү алып келишет. Диний жетекчилердин баары: «Ыйса өлүш керек»,— дешет. Анын бетине түкүрүп, муштагылашат.

Ушу маалда Петир короодо жүрөт. Түнкүсүн суук болгондуктан, ал жердегилер от жагышат. Отту тегеректеп отурушканда, бир күң аял Петирди карап: «Бул да Ыйса менен болгон»,— дейт.

«Жок, болгон эмесмин»,— дейт Петир.

Ыйса менен болгондугун Петирге үч жолу айтышат. Бирок ал үч жолу тең танып коёт. Үчүнчү жолу танганда, Ыйса бурулуп аны карайт. Петир калп айтканына абдан ыза болуп, ары барып, өксүп ыйлайт.

Жума күнү таң атпай дин башчылар Ыйсаны Синедрионго, сот жолугушуулары өтүүчү бөлмөгө, алып келишет да, аны эмне кылуу керектигин талкуулашат. Анан Жүйүт аймагында башкаруучу болгон Понтий Пилатка алып барышат.

Алар Пилатка: «Бул жаман кишини өлтүрүш керек»,— дешет. Пилат аны суракка алгандан кийин: «Бул адамдан эч күнөө тапкан жокмун»,— дейт аларга. Анан Ыйсаны Ирод Антипага жөнөтөт. Ирод Галилеяны башкарат, бирок ошол учурда ал Иерусалимде эле. Ал да Ыйсадан эч кандай күнөө таппаган соң, аны кайра Пилатка жөнөтөт.

Пилат Ыйсаны коё бергиси келет. Бирок Ыйсанын душмандары анын ордуна камактагы башка бир адамды бошотууну талап кылышат. Ал каракчы Барабба болгон. Чак түштө Пилат Ыйсаны эл алдына чыгарып: «Мына падышаңар!» — дейт. Бирок дин башчылар: «Жогот аны! Өлтүр! Өлтүр!» — деп кыйкырышат. Ошентип, Пилат Бараббаны бошотот, Ыйсаны болсо өлтүрүү үчүн алып кетишет.

Жума күнү түштөн кийин мамыга Ыйсаны жана эки жагына өлүм жазасына тартылган эки кылмышкерди кадашат. Алар бул сүрөттө көрсөтүлгөн жок. Ыйсанын өлөрүнө бир аз калганда, алардын бири: «Падышачылыгыңа барганда мени да эстей көр»,— деп суранат. Ыйса ага: «Убада берем, мени менен бейиште болосуң»,— дейт.

Кандай сонун убада, чынбы? Ыйса кайсы бейиш жөнүндө айтканын билесиңби? Кудай жараткан биринчи бейиш кайда эле? Ооба, ал жер бетинде жайгашкан болчу. Ыйса асмандан падыша катары башкарганда, ал кылмышкерди келечекте жер бетинде боло турган бейиште жашоо үчүн тирилтет. Бул бизди кубандырбайбы?