Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

102–БӨЛҮМ

Ыйса тирүү

Ыйса тирүү

СҮРӨТТӨГҮ аял жана эки киши кимдер экенин билесиңби? Аял — Ыйсанын досу болгон магдалалык Мариям. Ал эми ак кийимчен экөө — периштелер. Мариям баш багып жаткан бул кичинекей бөлмөгө Ыйсанын сөөгү коюлган. Ал мүрзө деп аталат. Бирок Мариям ал жерден Ыйсанын сөөгүн таппайт. Аны ким алып кеткен? Кел, окуп көрөлү.

Ыйса өлгөндө, ыйык кызмат кылуучулар Пилатка келип: «Ыйса тирүү кезинде үч күндөн кийин тирилтилерин айткан эле. Ошон үчүн мүрзөнү кайтарууга буйрук бер. Ошондо шакирттери анын сөөгүн уурдап кетип, аны тирилди деп айта алышпайт!» — дешет. Пилат аларга мүрзөнү кайтарууга аскерлерди жиберүүнү айтат.

Ыйсанын өлгөнүнө үч күн болгондо, эртең менен эрте капысынан Жахабанын периштеси пайда болуп, мүрзөнүн оозундагы ташты жылдырат. Аскерлер коркконунан катып калышат. Бир канча убакыттан кийин мүрзөнүн ичин карашса — сөөк жок. Айрымдары бул тууралуу ыйык кызмат кылуучуларга билдирүү үчүн шаарды көздөй жөнөшөт. Ыйык кызмат кылуучулардын эмне кылганын билесиңби? Алар аскерлерге акча берип: «Түндө уктап жатканда, шакирттери келип, Ыйсанын сөөгүн уурдап кетишиптир дегиле»,— деп калп айтууга үгүттөшөт.

Ал ортодо мүрзөгө Ыйсаны жолдоп жүргөн бир нече аял келет. Анын ичи бош экенин көрүп абдан таң калышат. Күтүлбөгөн жерден жаркыраган кийимчен эки периште пайда болот. Алар: «Эмнеге Ыйсаны бул жерден издеп жатасыңар? Ал тирилген. Тезирээк барып, бул тууралуу шакирттерине кабарлагыла»,— деп айтышат. Аялдар чуркап жөнөшөт. Бирок жолдон аларды бир киши токтотот. Анын ким экенин билесиңби? Ал — Ыйса. Ал: «Барып менин шакирттериме айткыла»,— деп буйрат.

Аялдар Ыйсанын тирүү экенин жана аны көрүшкөнүн айтышканда, шакирттер ишенишпейт. Петир менен Жакан мүрзөнү көрүү үчүн чуркап барышат да, анын бош экенин көрүп таң калышат. Ал экөө кетет, магдалалык Мариям болсо ошо жерде калат. Ал мүрзөгө баш багып эки периштени көрөт.

Ыйсанын сөөгү эмне болгонун билесиңби? Кудай аны жок кылып койгон. Жахаба Ыйсаны адамдардыкындай денеде тирилткен эмес. Ага асмандагы периштелердикиндей рухий жаңы дене берген. Бирок өзүнүн тирилгенин көрсөтүү үчүн, Ыйса шакирттерине адамдар көрө алгыдай денеде келген. Бул тууралуу кийинки аңгемелерден окуйбуз.