Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

104–БӨЛҮМ

Ыйса кайра асманга кетет

Ыйса кайра асманга кетет

ТИРИЛГЕНДЕН кийин Ыйса жолдоочуларына көп жолу көрүнөт. Бир жолу аны 500гө жакын шакирти көрөт. Ошондо Ыйса аларга эмне жөнүндө айтканын билесиңби? Кудайдын падышалыгы тууралуу. Жахаба Уулун жерге Падышалык жөнүндө кабар айтуу үчүн жиберген. Ошондуктан Ыйса ал ишти тирилтилгенден кийин да улантат.

Кудайдын Падышалыгы деген эмне экени эсиңдеби? Ооба, ал — асмандагы өкмөт. Ал эми Ыйса — анын Кудай дайындаган падышасы. Буга чейин окуп билгенибиздей, ал мыкты падыша болорун көрсөткөн. Анткени ал келечекте ачка болгондорду тойгузат, оорулууларды айыктырат, атүгүл өлгөндөрдү тирилтет.

Ыйса падыша катары миң жыл башкарганда жер бети кандай болот? Ооба, бүт жер жүзү бейишке айланат. Согуш, кылмышкерлик, оору, атүгүл өлүм жок болот. Биз буга толук ишенебиз, анткени Кудай жердин бейишке айланышын жана анда адамзаттын бакытка бөлөнүп жашашын каалаган. Ошондуктан ал Эйден багын жараткан. Ыйса Кудайдын ошол ой-ниетинин ишке ашышына кам көрөт.

Эми Ыйса асманга кете турган убак келди. Кырк күн бою ал шакирттерине көрүнүп келген. Ошондуктан алар анын тирүү экенине ынанышты. Асманга кетер алдында Ыйса аларга ыйык рухту алышканга чейин Иерусалимде болууну буйрат. Ыйык рух — бул Кудайдын иш-аракеттүү күчү, аны согуп турган шамалга салыштырууга болот. Ал Ыйсанын жолдоочуларына Кудайдын эркин аткарууга жардам берет. Аягында Ыйса: «Силер бүт дүйнө жүзүндө Менин күбөлөрүм болосуңар»,— деп айтат.

Ал бул сөздөрдү айткандан кийин, таң калыштуу бир нерсе болот. Сүрөттөн көрүп турганыңдай, ал асманга көтөрүлө баштайт. Бир кезде аны булут жаап калат. Андан кийин шакирттер аны көрбөйт. Ыйса асманга барып, жерде калган шакирттерин ошол жактан жетектей баштайт.