Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

105–БӨЛҮМ

Окуучулар Иерусалимде күтүшөт

Окуучулар Иерусалимде күтүшөт

БУЛ адамдардын баары — Ыйсанын шакирттери. Алар анын айтканы боюнча Иерусалимден кетпей, чогуу отурушканда, үйдүн ичи катуу шамал соккондогудай добушка толот. Анан ар биринин башында оттун жалынына окшогон тилчелер пайда болот. Аларды сүрөттөн көрүп жатасыңбы? Бул көрүнүштөр эмнени билдирген?

Албетте, бул керемет болчу. Ыйса асманга Атасына кайтып барып, шакирттерине Кудайдын ыйык рухун жиберген. Ал рух шакирттерге эмне кылууга түрткү бергенин билесиңби? Алардын баары ар кандай тилде сүйлөй баштаган.

Иерусалимде жүргөн көптөгөн адамдар катуу шамалдын үнүнө окшогон добушту угуп, эмне болгонун көрүү үчүн келишет. Арасында Элүүнчү күн майрамына келген башка элдердин өкүлдөрү да бар болчу. Алар абдан таң калышат. Себеби шакирттер Кудайдын кереметтүү иштери жөнүндө алардын эне тилинде айтып жатышкан эле.

«Булардын баары галилеялыктар эмеспи. Анда кандайча биздин тилде сүйлөп жатышат?» — дешет алар.

Ошондо Петир ордунан туруп, түшүндүрө баштайт. Ал үнүн бийик чыгарып, Ыйсанын кандайча өлтүрүлгөнүн жана Жахаба аны тирилткенин айтат. Анан: «Азыр Ыйса асманда, Кудайдын оң жагында. Ал өзү убада кылган ыйык рухту жиберди. Ошондуктан ушу кереметтерди угуп-көрүп жатасыңар»,— дейт.

Петир буларды айткандан кийин, көптөр Ыйсага жасаган мамилеси үчүн абдан өкүнүшөт. Анан: «Эмне кылышыбыз керек?» — деп сурашат. «Жашооңорду өзгөртүп, чөмүлтүлүшүңөр керек»,— дейт Петир. Ошол күнү 3000дей адам чөмүлтүлүп, Ыйсанын жолдоочуларына кошулат.