Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

106–БӨЛҮМ

Элчилер түрмөдөн бошотулат

Элчилер түрмөдөн бошотулат

ТҮРМӨНҮН эшигин ачып жаткан периштени карасаң. Ал Ыйсанын шакирттерин бошотууда. Кел, алардын эмне себептен түрмөгө түшкөнүн билели.

Ыйсанын шакирттерине ыйык рух берилгенден көп өтпөй, Петир менен Жакан бир күнү түштөн кийин Иерусалимдеги ийбадатканага барышат. Анын эшигинин алдында төрөлгөнүнөн буту баспаган киши отурган. Аны күн сайын ал жерге бирөөлөр алып келип турчу. Анан ал ийбадатканага келгендерден кайыр сурачу. Петир менен Жакандан да бир нерсе берүүнү суранат. Элчилер эмне кылышат?

Алар токтоп, кайырчыны карашат. «Акчам жок, бирок колумда болгонду берем: Ыйсанын атынан ордуңдан туруп бас!» — дейт Петир. Анан оң колунан кармаганда, ал ошо замат ордунан секирип турат да, басат. Бул кереметти көргөндөр таң калып, аябай кубанышат.

Петир: «Бул кереметти Ыйсаны тирилткен Кудайдын күчү менен жасадык»,— деп айтат. Жакан экөө сүйлөп жатканда, диний жетекчилер келип калат. Алар элчилердин элге Ыйсанын тирилгени тууралуу айтып жатканына ачууланышат. Ошондуктан аларды түрмөгө камап салышат.

Эртеси күнү диний жетекчилер чоң чогулуш өткөрүшөт. Ал жерге Петир менен Жакан жана алар айыктырган адам алынып келет. Алардан: «Силер бул кереметти кайсы күч менен жасадыңар?» — деп сурашат.

Петир анын Ыйсаны тирилткен Кудайдын күчү менен жасалганын айтат. Ыйык кызмат кылуучулар кереметтин чынында болгонун четке кага албагандыктан, эмне кылууну билбей калышат. Ошондуктан элчилерге Ыйса жөнүндө сүйлөөгө тыюу салып, бошотуп жиберишет.

Бирок элчилер Ыйса жөнүндө кабар айтып, оорулууларды айыктыра беришет. Алар жасаган кереметтер тууралуу ар кайсы жерлердеги адамдарга угулат. Натыйжада Иерусалимдин тегерегиндеги шаарларда жашаган көптөгөн адамдар оорулууларын алып келишет. Муну көрө албаган диний жетекчилер элчилерди түрмөгө камашат. Бирок алар кыска мөөнөттүн ичинде эле бошотулат.

Сүрөттөн көрүп турганыңдай, түн ичинде Кудайдын периштеси түрмөнүн эшигин ачып: «Баргыла, ийбадатканадагы элге кабар айтууну уланткыла»,— дейт. Эртеси күнү эртең менен диний жетекчилер адамдарын жиберип, элчилерди түрмөдөн алып келүүнү буйрат. Бирок алар таппай келишет. Кийинчерээк болсо, ийбадатканадан элди окутуп жаткан жеринен таап, Синедрионго алып барышат.

«Ыйса жөнүндө окутпагыла деп тыюу салбадык беле. Силер болсо, окууңар менен Иерусалимди толтуруп жибердиңер»,— деп айтышат диний жетекчилер. Анда элчилер: «Адамдарга караганда, Кудайга көбүрөөк баш ийишибиз керек»,— дешет. Анан жакшы кабарды жарыялоону уланта беришет. Бул биз үчүн сонун үлгү эмеспи?

Элчилер 3—5-бөлүмдөр.