Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

107–БӨЛҮМ

Степан ташбараңга алынат

Степан ташбараңга алынат

ТИЗЕЛЕП турган бул кишинин аты — Степан. Ал — Ыйсанын ишенимдүү шакирти. Адамдар аны эмне кылышууда? Чоң таштар менен уруп жатышат. Эмне себептен алар Степанга мынчалык жаман мамиле жасашууда? Кел, окуп көрөлү.

Кудай Степанга укмуштай кереметтерди жасоого жардам берет. Бул тигил адамдарга жакпайт. Ошондуктан алар Степан менен талашып-тартышып, аны башкаларга жалган нерселерди үйрөтүп жатат деп күнөөлөшөт. Бирок Кудай Степанга зор акылмандык бергендиктен, ал, тескерисинче, тигилердин окуткан нерселери жалган экенин көрсөтөт. Буга алардын кыжыры кайнап Степанды кармап алышат да, жалган күбөлөрдү табышат.

Башкы ыйык кызмат кылуучу Степандан: «Булардын айткандары чынбы?» — деп сурайт. Степан жооп берүүдө Ыйык Китепте жазылгандардын негизинде сонун сөз сүйлөйт. Сөзүнүн аягында байыркы убактарда жаман адамдар Жахабанын пайгамбарларын канчалык жек көрүшкөнүн айтат. Анан: «Силер ошол адамдарга окшошсуңар. Кудайдын кызматчысы Ыйсаны өлтүрдүңөр. Кудайдын мыйзамдарына баш ийген жоксуңар»,— дейт.

Диний жетекчилер аябай ачууланып, тиштерин кычыратышат. Степан башын көтөрүп: «Карасаңар! Мен асманда Кудайдын оң жагында турган Ыйсаны көрүп жатам»,— дейт. Тигилер болсо кулактарын колдору менен жаап, аны көздөй жулкунушат. Анан кармап алып, шаардын сыртына сүйрөп чыгышат.

Ал жерден өздөрүнүн сырткы кийимдерин чечип, Шабыл деген жигитке кайтартып коюшат. Аны сүрөттөн көрүп турасыңбы? Анан айрымдары Степанды таш менен сого баштайт. Ал болсо, сүрөттөн көрүп турганыңдай, тизелеп алып: «Жахаба, буларды бул жаман иши үчүн жазалаба»,— деп тиленет. Себеби кээ бирлери диний жетекчилерге алданганын билет. Анан Степан өлөт.

Кимдир бирөө сага жаман мамиле жасаса, андан өч алууга аракет кыласыңбы? Же Жахабадан аны жазалоону суранасыңбы? Степан да, Ыйса да анткен эмес. Алар атүгүл өзүлөрүнө жаман мамиле жасаган адамдарга да жакшы мамиле кылышкан. Кел, дайыма алардан үлгү алалы.