Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

108–БӨЛҮМ

Дамаскка кеткен жолдо

Дамаскка кеткен жолдо

ЖЕРДЕ жаткан адамдын ким экенин билесиңби? Ал — Шабыл. Эсиңдеби, Степанды ташбараңга алгандар кийимдерин ага кайтартып койгон болчу. Эми бул сүрөттөгү көз уялткан жарыкты карасаң. Бул жерде эмне болуп жатат?

Степан өлтүрүлгөндөн кийин, Шабыл Ыйсанын шакирттерин куугунтуктоодо башчылык кыла баштайт. Ал ар бир үйдү тинтип, аларды кармап, түрмөгө камайт. Көптөгөн шакирттер башка шаарларга качып кетип, жакшы кабарды ал жерлерде жарыялай башташат. Бирок Шабыл аларды табуу үчүн ал жактарга да барат. Азыр ал Дамаскты көздөй баратат. Жолдон төмөнкүдөй таң калыштуу окуя болот.

Капысынан асмандан келген жарыктан улам Шабылдын айланасы жаркырай түшөт да, ал сүрөттөн көрүп турганыңдай, жерге жыгылат. Анан: «Шабыл, Шабыл! Эмне үчүн мени кубалап жатасың?» — деген үн чыгат. Шабыл менен келаткандар да жарыкты көрүп, үндү угушат, бирок эмне айтылганын түшүнүшпөйт.

«Эге, сен кимсиң?» — деп сурайт Шабыл.

«Сен кубалап жаткан Ыйсамын»,— деп жооп берет үн. Шабыл шакирттерин куугунтуктаганда, Ыйса өзү куугунтукталып жаткандай кыйналган, ошондуктан ушинтип айткан.

«Эге! Эмне кылышым керек?» — дейт Шабыл.

«Тургун да, Дамаскка баргын, эмне кылуу керектиги сага ошол жерден айтылат»,— дейт Ыйса. Шабыл туруп, көзүн ачат, бирок эч нерсе көрбөйт. Ал сокур болуп калган эле. Ошондуктан жанындагы адамдар аны Дамаскка жетелеп барышат.

Эми Ыйса Дамасктагы шакирттердин бирине мындай дейт: «Анания, туруп, Түз деп аталган көчөгө бар. Жүйүт деген кишинин үйүнөн Шабыл аттуу адамды сура. Мен аны өзүмө өзгөчө кызматчы кылууга тандадым».

Анания айтканды аткарат. Ал Шабылды тапкандан кийин үстүнө колун коюп: «Мени Эге көздөрүң кайрадан көрүшү жана ыйык рухка толушуң үчүн жиберди»,— дейт. Ошол замат Шабылдын көзүнөн чел сыяктанган бир нерсе түшүп, ал кайрадан көрө баштайт.

Кудай аны көптөгөн ар кайсы элдерге кабар айтууда укмуштай колдонот. Шабыл кийин элчи Пабыл катары таанылат. Анын кызматы жөнүндө дагы окуйбуз. Ага чейин Кудай Петирди кайсы ишти аткарууга жөнөткөнү тууралуу билели.