Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

109–БӨЛҮМ

Петир Корнелийге келет

Петир Корнелийге келет

ТУРУП турган адам — элчи Петир. Артындагы экөө — жолдоштору. Эмне үчүн берки киши Петирдин алдында чөгөлөп турат? Ошентиши керекпи? Анын ким экенин билесиңби?

Ал — Рим аскериндеги жүзбашы Корнелий. Корнелий Петирди тааныбайт, бирок аны үйүнө чакырууга карата буйрук алат. Кел, мунун кандайча болгонун окуп көрөлү.

Ыйсанын алгачкы жолдоочулары жүйүт элинен болгон, ал эми Корнелий жүйүт эмес. Анткен менен ал Кудайды жакшы көрөт, ага тиленет жана адамдарга көп жакшылык кылат. Бир күнү түштөн кийин периште келип ага мындай дейт: «Кудай сени жактырды жана тиленүүлөрүңө жооп бергени жатат. Кызматчыларыңды жиберип, Петир деген кишини чакырт. Азыр ал Жапада, деңиздин жээгинде жашаган Шымондун үйүндө».

Ал ошо замат Петирди таап келүүгө кишилерин жиберет. Эртеси алар Жапага жакындап калганда, Шымондун үйүнүн үстүнкү бөлмөсүндө отурган Петирге Кудай аян көрсөтөт. Элчи асмандан түшүп келаткан дасторконду көрөт. Үстүндө ар түрдүү жаныбарлар бар эле. Кудайдын мыйзамы боюнча алар таза эмес деп эсептелчү. Бирок Петир: «Тур да, буларды союп же»,— деген үндү угат.

«Жок, мен таза эмес нерселерди эч качан жеген эмесмин»,— деп жооп берет Петир. Бирок ага: «Кудай таза деген нерселерди таза эмес дебе»,— деп айтылат. Бул үч жолу кайталанат. Петир булардын баары эмнени билдирерин ойлонуп отурганда, Корнелий жиберген кишилер аны сурап келип калышат.

Петир үстүнкү бөлмөдөн түшүп келип: «Силер издеген киши менмин. Эмнеге келдиңер?» — деп сурайт. Алар Корнелийге периште көрүнүп, аны үйүнө чакырууну буйруганын айтышат. Петир алар менен барууга макул болот. Эртеси күнү ал достору менен Кейсареяга жөнөйт.

Корнелий туугандары менен жакын досторун чогултуп отурган болот. Петир келгенде, ал алдынан тосуп чыгат да, өзүң көрүп тургандай, бутуна жыгылып, таазим кылат. Бирок Петир: «Тур, мен сендей эле адаммын»,— дейт. Ооба, Ыйык Китепте адамдын алдында чөгөлөө, ага сыйынуу туура эмес экени көрсөтүлөт. Биз Жахабага гана сыйынышыбыз керек.

Андан кийин Петир чогулгандарга кабар айтат. Ал: «Кудайдын ага кызмат кылууну каалаган адамдардын баарын кабыл аларын көрүп турам»,— дейт. Ал сүйлөп жатканда, Кудай ыйык рухун жиберет. Натыйжада ал жердеги адамдар ар кандай тилдерде сүйлөй башташат. Петир менен келген шакирттер аябай таң калышат, себеби алар Кудай жүйүттөрдү гана жакшы көрөт деп ойлошчу. Бирок бул окуядан улам Кудайдын кайсы бир улутту башка улуттан жакшыраак же жогору деп эсептебээрин түшүнүшөт. Муну биз дагы унутпашыбыз керек.