Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

111–БӨЛҮМ

Уктап калган бала

Уктап калган бала

ОЙ, КАРАСАҢ! Эмне болуп кетти? Жерде жаткан бала бир жерин катуу оорутуп алдыбы? Үйдөн башкалар менен бирге Пабыл да чыгып келатат. Тиметейди да көрдүңбү? Бул бала терезеден кулап кеттиби?

Ооба. Пабыл бул жерде, Троаста, ишенимдештерин насааттап жаткан эле. Ал эртеси күнү кеме менен кетерин жана алар менен жакын арада көрүшпөй турганын билген. Ошондуктан ишенимдештери менен көпкө чейин сүйлөшөт. Түн ортосу болуп калган.

Терезеде отурган Эйтих аттуу бул бала бир убакта уктап кетип, үчүнчү кабаттан кулап түшөт. Эми адамдардын эмне себептен тынчсызданып жатышканын түшүндүңбү? Баланы көтөрүп көрүп, алар чоң кырсык болгонун билишет. Ал өлүп калган эле.

Ошондо Пабыл баланын үстүнө жатып, аны кучактайт. Анан: «Коркпогула. Бардыгы жайында болот!» — деп айтат. Ал айткандай болот. Бул керемет эле. Пабыл баланы тирилтип койгон. Ал жердегилердин баары аябай кубанат.

Бардыгы кайра үйгө кирип, тамактанышат. Пабыл алар менен таң атканча сүйлөшөт. Эми Эйтихтин такыр уктабай отурганына шектенбесең болот. Анан Пабыл, Тиметей жана аларды коштоп жүргөндөр кемеге түшүшөт. Алардын каякка барышарын билесиңби?

Пабыл үчүнчү миссионердик сапарын жаңы эле аяктап, үйүн көздөй баратат. Бул сапарында ал Эфестин өзүндө эле үч жыл болду. Ошондуктан үчүнчү сапары экинчисинен да узакка созулду.

Троастан чыккандан кийин кеме Милетке бир аз убакытка токтойт. Эфес бул жерден бир нече эле километр алыстыкта жайгашкан. Ошон үчүн Пабыл ал шаардагы жыйналыштын аксакалдарынан акыркы жолу сүйлөшүү үчүн келүүнү өтүнөт. Коштошор убак келгенде, алар Пабылдын кетип баратканына абдан кайгырышат!

Акыр-аягы кеме Кейсареяга келет. Пабыл Филип деген шакирттин үйүнө токтогондо, Агап деген пайгамбар ага алдыда эмнелер күтүп турганын эскертет. Ал Пабылдын Иерусалимге барганда түрмөгө камаларын айтат. Анын айтканы аткарылат. Андан соң Пабыл Кейсареядагы түрмөдө эки жыл жатат. Ал жактан Рим башкаруучусунун соту менен соттоо үчүн, аны Римге жиберишет. Кел эми, Римге баратканда кандай окуя болгонун билели.

Элчилер 19—26-бөлүмдөр.