Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

112–БӨЛҮМ

Аралдын жанынан кеме кыйрайт

Аралдын жанынан кеме кыйрайт

КАРАЧЫ, кеме талкаланууда. Адамдардын сууда жүргөнүн көрдүңбү? Айрымдары жээкке чыгып калышыптыр. Бул Пабыл эмеспи? Кел, анын эмне болгонун билели.

Эсиңдеби, Пабыл Кейсареядагы түрмөдө эки жыл отурат. Анан аны жана камактагы дагы башка бир нече кишини кеме менен Римге жөнөтүшөт. Алар Крит аралынын жанынан өтүп баратышканда, катуу шамал башталат. Ал ушунчалык катуу болгондуктан, кемени башкаруу кыйын болуп калат. Күн да, жылдыздар да көрүнбөйт. Бир нече күндөн кийин кемедегилер аман каларынан үмүт үзүп коюшат.

Ошондо Пабыл туруп, мындай дейт: «Эч кимиңер өлбөйсүңөр, кеме гана талкаланат. Анткени түндө мага Кудайдын периштеси келип: „Коркпо, Пабыл! Сен Рим башкаруучусунун алдына барышың керек. Сени менен кемеде бараткандардын баарын Кудай куткарат“,— деп айтты».

Шамалдын башталганына 14 күн болгондо, түн ортосуна жакын кеме айдоочулар суунун тереңдигин өлчөп, жээкке аз калганын билишет. Караңгыда аскага урунуудан коркуп, алар кемеказык ташташат. Таң атканда булуңду көрүп, жээкке жетүүгө аракет кылууну чечишет.

Жээкке аз калганда, кеме кумга сайылып, толкундун күчүнөн талкалана баштайт. Кемедегилерди кайтарууга дайындалган жүзбашы мындай деп буйрат: «Сүзгөндү билгендериңер сууга биринчи секирип, жээкти карай сүзгүлө. Калгандарыңар алардын артынан секиргиле да, чөгүп кетпеш үчүн кеменин сыныктарын бекем кармагыла». Баары айтканды аткарышат. Периште убада кылгандай, 276 адамдын бардыгы жээкке аман-эсен чыгат.

Алар чыккан аралдын аты Мелит эле. Анын тургундары абдан боорукер болушкандыктан, кырсыкка учурагандарга кам көрүшөт. Абарайы жакшыраак болуп калганда, Пабылды башка кемеге отургузуп, Римге жөнөтүшөт.