Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

8-БӨЛҮК

Ыйык Китептеги пайгамбарлыктар аткарылууда

Ыйык Китептеги пайгамбарлыктар аткарылууда

Ыйык Китепте мурун болуп өткөн окуялар эле эмес, алдыда боло турган нерселер тууралуу да баяндалат. Адамдар келечекти күн мурун айта алышпайт. Ушундан улам Ыйык Китепти Кудай жаздырганын билебиз. Анда келечек жөнүндө эмнелер айтылат?

Ыйык Китепте Кудайдын улуу согушу тууралуу жазылат. Ал согушта Жахаба бардык жамандыкты жана бузулган адамдарды жок кылып, өзүнүн кызматчыларын сактап калат. Кудай дайындаган падыша — Ыйса Машайак — алардын эч убакта оорубай, өлбөй, тынчтыкта жана бактылуу өмүр сүрүшүнө кам көрөт.

Жахабанын жер бетине кайрадан бейиш орноторун билүү бизди кубантпайбы? Бирок ал жерде жашаш үчүн, бир нерсе кылышыбыз керек. Акыркы аңгемеде Кудайдын өз кызматчыларына бере турган эң сонун баталарын алуу үчүн эмне кылышыбыз керектиги айтылат. Ошондуктан СЕГИЗИНЧИ бөлүктү окуп, келечек тууралуу Ыйык Китепте эмнелер жазылганын билүүгө аракеттен.

 

БУЛ БӨЛҮКТӨ

114-АҢГЕМЕ

Жамандыктын баары жок кылынат

Эмне үчүн Кудай Армагедондо согушууга асман аскерин жетектеген Ыйсаны жиберет?

115-АҢГЕМЕ

Калыбына келтирилген бейиш

Башында адамдар бейиште жашашкан. Келечекте да ошондой болот.

116-АҢГЕМЕ

Түбөлүк жашаш үчүн эмне кылуу керек?

Жахабаны, Ыйсаны билип коюу жетиштүүбү? Андай болбосо, дагы эмне кылышыбыз керек?