Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

114–БӨЛҮМ

Жамандыктын баары жок кылынат

Жамандыктын баары жок кылынат

БУЛ сүрөттөн эмнени көрүп жатасың? Туура, ак атчан аскерлерди. Алардын каяктан келатканын карасаң. Асмандан, булуттардын үстү менен чаап келатышат. Асманда да аттар барбы?

Жок. Булар кадимки аттар эмес. Себеби алар булуттун үстү менен чуркай албайт да. Бирок Ыйык Китепте асмандагы аттар жөнүндө айтылат. Эмне үчүн экенин билесиңби?

Себеби мурун аттар согушта көп колдонулчу. Ошондуктан Кудайдын жердеги адамдар менен согушарын билдирүү үчүн, Ыйык Китепте асмандан чаап келаткан атчандар жөнүндө айтылат. Кудайдын согушу боло турган жердин кантип аталарын билесиңби? Ал Армагедон деп аталат. Кудайдын согушунда жердеги жамандыктын баары жок кылынат.

Армагедондо боло турган согушту Ыйса жетектейт. Эсиңдеби, Жахаба аны Өзүнүн падышалыгында падыша болууга дайындаган. Ошондуктан Ыйсанын башында падышанын таажысы бар. Ал эми колундагы кылыч анын Кудайга каршы чыккандардын баарын жок кыларын көрсөтүп турат. Кудайдын жаман адамдардын баарын жок кыларына таң калышыбыз керекпи?

10-аңгемени карасаң. Ал жерден эмнени көрүп турасың? Туура, Топон суу жүрүп, жаман адамдар жок кылынган. Аны ким каптаткан? Жахаба Кудай. Эми 15-аңгемени карап көрсөң. Ал жерде эмне болуп жатат? Жахаба Содом жана Аморду от менен кыйратууда.

Эми 33-аңгемеге көңүл бурсаң. Мисирликтердин аттары менен арабалары эмне болуп жатканын көрүп турасыңбы? Аларды ким чөктүргөн? Жахаба. Ал ошентип өз элин коргогон. Эми 76-аңгемени карасаң. Ал жерден Жахаба атүгүл өз элин, ысрайылдыктарды, жаман иштери үчүн жазалаганын көрөсүң.

Ошондуктан анын асмандагы аскерлерин жиберип, жердеги жамандыктын баарын жок кыларына таң калбашыбыз керек. Элестетсең, андан кийин жашоо кандай сонун болот! Кел, ал тууралуу кийинки беттен окуйлу.