Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

115–БӨЛҮМ

Калыбына келтирилген бейиш

Калыбына келтирилген бейиш

БУЛ сүрөттөгү чоң дарактарды, түркүн түстүү гүлдөрдү жана асман тиреген тоолорду карачы. Абдан кооз жер бекен? Карасаң, эликтин баласы кичинекей баланын колунан бир нерсе жеп жатат. Ары жактагы арстандарды жана көк шиберде оттоп жүргөн аттарды көрдүңбү? Ушундай жерде жашагың келеби?

Кудай сенин жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашашыңды каалайт. Адамдар бүгүн ар кандай оорулардан азап чегишүүдө. Бирок Кудай сенин аларга окшоп кыйналышыңды каалабайт. Келечектеги бейиште жашай тургандар үчүн Ыйык Китепте мындай убада камтылат: «Кудай алар менен болот. Өлүм, ый, өкүрүк, оору дегендер таптакыр болбойт. Анткени мурункунун баары өтүп кетет».

Ыйса ушундай сонун өзгөрүүлөрдүн болушуна кам көрөт. Ал убак качан келерин билесиңби? Туура, Ыйса жамандыкты жана бузулган адамдардын баарын жок кылгандан кийин. Жерде жүргөндө анын адамдарды ар кандай оорулардан айыктырганы, атүгүл өлгөндөрдү тирилткени эсиңдеби? Ал кереметтерди Ыйса Кудай дайындаган падыша катары бийлик кыла баштаганда бүт жер жүзү боюнча эмнелерди кыларын көрсөтүү үчүн жасаган.

Бейиштеги жашоо кандай гана ыракаттуу болорун элестетсең! Ыйса өзү тандап алган адамдар менен асмандан башкарат. Алар жерде жашаган ар бир адамдын бактылуу болушуна кам көрөт. Кел анда, Кудай орното турган ошол бейиште түбөлүк өмүр сүрүү үчүн эмне кылышыбыз керектигин билели.