Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

116–БӨЛҮМ

Түбөлүк жашаш үчүн эмне кылуу керек?

Түбөлүк жашаш үчүн эмне кылуу керек?

СҮРӨТТӨГҮ кичинекей кыз достору менен кайсы китепти окуп жатат? Туура, сен окуп отурган «Ыйык китептик аңгемелер» деген китепти. Алар да «Түбөлүк жашаш үчүн эмне кылуу керек?» деген ушул акыркы аңгемени окуп жатышат.

Алар эмнелерди билишти? Биринчиден, түбөлүк жашаш үчүн Жахаба жана анын Уулу Ыйса тууралуу билишибиз керектигин. Ыйык Китепте түбөлүк жашоо үчүн жалгыз чыныгы Кудай жана ал жерге жиберген Ыйса Машайак жөнүндө билим алуу керектиги айтылат.

Жахаба Кудай жана анын Уулу Ыйса жөнүндө кантип билүүгө болот? Анын бир жолу — колуңдагы китепти башынан аягына чейин окуп чыгуу. Бул китепте Жахаба менен Ыйса тууралуу көп айтылат, туурабы? Ошондой эле алардын мурун жасаган жана келечекте кыла турган көптөгөн иштери жөнүндө жазылат. Бирок бул китепти окуп коюу жетишсиз.

Бери жакта жаткан дагы бир китепти көрдүңбү? Ал — Ыйык Китеп. Кимдир бирөөдөн Ыйык Китептен ушу аңгемелер негизделген жерлерди окуп берүүнү суран. Анда Жахабага туура жол менен кызмат кылууга жана түбөлүк өмүргө жетүүгө жардам бере турган маалыматтар камтылат. Ошондуктан аны дайыма окууну адат кылып алышыбыз керек.

Бирок Жахаба Кудай менен Ыйса Машайак жөнүндө билим алуу аздык кылат. Алар жана алардын окутуулары тууралуу көп нерселерди билсек да, түбөлүк өмүргө жетпей калышыбыз мүмкүн. Анда билим алуудан сырткары дагы эмне кылуу керек?

Үйрөнгөндөрүбүзгө ылайык жашашыбыз керек. Жүйүт Искариот эсиңдеби? Ал Ыйсанын 12 элчисинин бири болгон. Жүйүт Жахаба жана Ыйса тууралуу абдан көптү билген. Бирок эмне болгон? Убакыттын өтүшү менен ал өзүмчүл болуп кетип, Ыйсаны 30 күмүш тыйынга сатып жиберген. Ошондуктан ал түбөлүк өмүргө ээ болбойт.

Гейхази аттуу киши эсиңдеби? Ал тууралуу 69-аңгемеден окуганбыз. Гейхази өзүнө таандык болбогон кийим менен акчаны алыш үчүн калп айткан. Жахаба аны андай иш кылганы үчүн жазалаган. Жахабанын мыйзамдарына баш ийбесек, ал бизди да жазалайт.

Жахабага ишенимдүү кызмат кылган көптөгөн жакшы адамдар да болгон. Биз да алардай болууну каалайбыз, чынбы? Мисалы, кичинекей Шемуел жакшы үлгү калтырган. Эсиңдеби, 55-аңгемеден Жахабага жыйын чатырында кызмат кыла баштаганда ал төрт-беш эле жашта болгонун окуганбыз? Андыктан, канча жашта болсоң да, Жахабага кызмат кыла аласың.

Албетте, баарыбыз Ыйса Машайактан үлгү алууну каалайбыз. 87-аңгемеде анын кичинекей кезинде эле ийбадатканада башкалар менен асмандагы Атасы жөнүндө сүйлөшкөнү айтылган. Кел, биз да ошентели. Мээримдүү Кудайыбыз Жахаба жана анын Уулу Ыйса Машайак тууралуу мүмкүн болушунча көп адамдарга айта берели. Жогоруда айтылгандардын баарын кылсак, Кудай жер бетине орното турган бейиште түбөлүк жашай алабыз.