Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Деги эмне деп атасыңар?!»

«Деги эмне деп атасыңар?!»

НЬЮ-ЙОРКТО жашаган бир киши мындай дейт: «Уулум Жонатан бир досунукуна кеткен. Апасы анын ал жакка барганын көп жактыра берчү эмес. Жолдон бөөдө кырсыкка учурап калбайбы деп корко берчү. Уулубуз компьютерге аябай кызыгар эле. Досунукуна балдар чогулуп алып, билгендерин ортого салып, бири-биринен үйрөнүшчү. Ошол күнү мен үйдө болчумун. Аялым болсо Пуэрто-Рикого төркүнүнө кеткен. Уулумду ана келет, мына келет деп күтүп отургам. Бир маалда эшик такылдап калды. Уулум келди окшойт деген ойдо эшикти ачсам, бир полиция кызматкери менен эки доктур туруптур. Алар баламдын айдоо күбөлүгүн көрсөтүп: „Бул сиздин балаңыздыкыбы?“ — деп сурашты. „Ооба, эмне болду? Тынччылык элеби?“ — дедим. Алар: „Кайрат кылыңыз, байке, уулуңуз... жол кырсыгына кабылып, каза болуп калды“,— дегенде, уккан кулагыма ишенбей: „Деги эмне деп атасыңар?!“ — дегенден башка эч нерсе дей алган жокмун. Алардын сөзү жүрөгүмдү канжардай теше сайды. Ошол жараатым ушул күнгө чейин айыкпай келет».

«Кайрат кылыңыз, байке, уулуңуз... жол кырсыгына кабылып, каза болуп калды».

Барселонада (Испания) жашаган бир киши мындай дейт: «1960-жылдары биз телегейи тегиз, дүйнөсү түгөл бактылуу үй-бүлөлөрдөн болчубуз. Жубайым экөөбүздүн 13 жаштагы Девид, 11 жаштагы Пакито, 9 жаштагы Изабел деген үч балабыз бар болчу.

1963-жылы мартта уулубуз Пакито мектептен башын мыкчып, ооруп келди. Эмне болуп кеткенин билбей, карбаластап калдык. Байкуш балабыз үч саат өтүп-өтпөй тыбырчылап жатып, кете берди. Көрсө, мээсине кан куюлуп кетиптир.

Андан бери 30 жылдан ашуун убакыт өтсө да, көөдөнүбүздөгү күйүттүн табы кайтпай келет. Балаңдан айрылганыңан канча жыл өтпөсүн, андан башка канча балаң болбосун, жан дүйнөң каңгырап, боор этиң сыйрылгандай эле болот».

Бул эки окуя кан-этинен жаралган баласынан айрылуу ата-эне үчүн дүйнөдөгү эң оор жоготуу экенин көрсөтүп турат. Бир доктур мунун калетсиз экенин мындай деп таамай айткан: «Кары кишинин каза болгонуна караганда баланын каза болгонуна көбүрөөк күйүт тартып, сыздайсың. Анткени бала каза болуп калат деп эч ким күтпөйт... Бала өлүп, ата-эне калганда аны менен кошо алардын күйөө балалуу болом же келин алам, небере-чөбөрүнүн жытын искейм деген таттуу кыялы бир заматта кыйрат да калат». Боюнан түшүп калган энелер жөнүндө да ушуну айтууга болот.

Бир жесир аял мындай деп эскерет: «Жолдошум Рассел Экинчи дүйнөлүк согушта Тынч океандын аймагындагы ок жааган кандуу кара майданда доктур болуп кызмат өтөгөн. Ал бир нече катуу салгылашка күбө болгон. Анан Кошмо Штаттарга кайтып келип, кийинчерээк Кудайга кызмат кыла баштаган. Алтымыштан ашып калганда жүрөгүм деп көп айтчу болду. Ал бир орунда отурбай, жүгүрүп эле жүрчү. Анан 1988-жылдын июль айында жүрөгү кармап, үзүлүп кетти. Байкуш чалым менен коштошконго да үлгүрбөй калдым. Айла канча, ичим эңшерилип, кан жутуп кала бердим. Ал менин өмүрлүк жарым эле эмес, бассам-турсам бир болгон эң жакын досум да болчу. Экөөбүз кантсе да 40 жыл жетелешип, турмуштун ачуу-таттуусун бирге таттык. Ошондон бери чексиз, эрксиз жалгыздыкка батып жашап келем».

Бул дүйнөдө ыйласа, ырайым кылбаган, боздосо, боор оорубаган шум ажал кыя өтпөгөн бир да жан жок. Баласынан же күйөөсүнөн же аялынан же ата-энесинен же досунан айрылгандар өлүмдүн, бир пайгамбар айткандай, таш боор «душман» экенине толук кошулушат. Суук кабар укканда көптөр адегенде ишенбей: «Деги эмне деп атасыңар?!» — деп айтышат. Андан кийин башка кошул-ташыл сезимдер пайда болот. Ал жөнүндө кийинки бөлүмдөрдө сөз болот (1 Корунттуктар 15:25, 26).

Күйүткө малынган адамдардын сезимдери жөнүндө сүйлөшөрдөн мурун, кел, өлүмгө байланыштуу төмөндөгү маанилүү суроолорго жооп алалы. Өлүм менен баары бүтүп калабы? Каза болгондорду кайрадан көрөбүзбү?

Аларды кайрадан көрөбүз

Элчи Пабыл «акыркы душманыбыз» болгон өлүмдөн арыла турган күн келери жөнүндө жазган. Ал: «Акыркы душман — өлүм — жок кылынат»,— деген (1 Корунттуктар 15:26). Элчи Пабыл эмне үчүн ишенимдүү түрдө ушинтип айткан? Анткени ал өлүп, кайра тирилген Иса Машаяктын өзү менен сүйлөшкөн (Элчилер 9:3—19). Ошондуктан: «Өлүм адам [Адам ата] аркылуу келгендей эле, өлгөндөрдүн тирилиши да адам [Иса Машаяк] аркылуу болот. Анткени Адамдын айынан баары өлүмгө дуушар болуп жаткандай эле, Машаяк аркылуу баары өмүр алышат»,— деп жазган (1 Корунттуктар 15:21, 22).

Иса пайгамбар жалгыз уулунан айрылган бир жесир аялды көргөндө жүрөгү сыздап, боору ачыган. Ыйык Китепте ал окуя мындайча баяндалат: «[Иса] шаардын дарбазасына жакындап калганда, бир аялдын жалгыз уулунун сөөгүн көтөрүп чыгышты. Ал аял жесир эле. Аны шаардан чыккан көп эл коштоп бараткан. Иса аялды көргөндө боору ооруп: „Ыйлаба“,— деди... Аны көтөрүп бараткандар токтоп калышты. Ошондо Иса: „Жигит, сага айтып жатам, ордуңан тур!“ — деди. Өлгөн бала өйдө болуп, отурду да, сүйлөй баштады. Иса аны энесине тапшырды. Ал жердегилерди коркунуч басып, баары: „Арабыздан улуу пайгамбар чыкты“, „Кудай өз элине назарын салды“,— деп Кудайды даңктап жатышты». Иса пайгамбардын ушунчалык боору ооругандыктан жесир аялдын уулун тирилткенине көңүл бурсаң. Бул окуя өлгөндөрдүн баары келечекте тирилерин тастыктап турат (Лука 7:12—16).

Иса Машаяк ошондо калың элдин алдында эстен кеткис, укмуштуудай керемет жасаган. Ага чейин ал: «Буга таң калбагыла, себеби мүрзөлөрдө жаткандардын баары анын үнүн уга турган убак келет. Ошондо өлгөндөр мүрзөдөн чыгышат»,— деп айткан болчу. Анын ошол керемети өлгөндөрдүн баары «жаңы асмандын», Кудайдын өкмөтүнүн, бийлиги астында тирилерине кепилдик берген (Аян 21:1, 3, 4; Жакан 5:28, 29; 2 Петир 3:13).

Иса пайгамбардын 12 элчисинин айрымдары, анын ичинде элчи Петир да дагы бир тирилүүгө күбө болушкан. Алар, Иса Машаяк тирилгенден кийин, аны менен Галилея деңизинин жанынан бетме-бет сүйлөшүшкөн. Ал окуя тууралуу Ыйык Китепте мындай делет: «Иса аларды: „Келгиле, тамактанып алгыла“,— деп чакырды. Шакирттердин эч кимиси андан: „Сен кимсиң?“ — деп сураганга даай алган жок, себеби анын өздөрүнүн Мырзасы экенин билип турушту. Иса басып келди да, нандан алып, аларга берди. Ошондой эле балыктан да берди. Бул Исанын тирилгенден кийин шакирттерине үчүнчү жолку көрүнүшү эле» (Жакан 21:12—14).

Андыктан элчи Петир: «Мырзабыз Иса Машаяктын Кудайы жана Атасы даңкталсын. Ал улуу ырайымынан улам Иса Машаяктын тирилиши аркылуу жаңыдан төрөлүшүбүзгө жол ачып, бизди тирүү үмүткө... ээ кылды»,— деп ишенимдүү түрдө айта алган (1 Петир 1:3).

Ал эми элчи Пабыл өлгөндөрдүн тирилерине бекем ишенерин: «Мен Мыйзамда жана пайгамбарлардын китептеринде жазылгандардын баарына ишенгендиктен... адил адамдардын да, адил эмес адамдардын да тирилерине ишенип, Кудайга үмүт артам»,— деген сөздөр менен көрсөткөн (Элчилер 24:14, 15).

Мына ошо себептен миллиондогон адамдар каза болгон туугандарын, досторун кайрадан көрөрүнө эч шектенбесе болот. Бирок ал учурда жердеги жашоо таптакыр башкача болот. Кандай болот? Каза болгон туугандарыбызды, досторубузду кандай келечек күтүп турары жөнүндө ушул китепченин «Өлгөндөр сөзсүз тирилет» деген акыркы бөлүмүндө сөз жүрөт.

Эгер жакын адамыңан айрылып, күйүт тартып жатсаң, төмөнкүдөй суроолор жүрөгүңдү өйүп жүрсө керек: «Ушинтип кайгырганым туурабы? Мындан ары кантип жашайм? Башкалар мага кантип жардам бере алышат? Күйүт тартып жүргөн башка адамдарга мен кантип жардам бере алам? Өлгөн адамдардын келечеги жөнүндө Ыйык Китепте эмне деп айтылат? Каза болгон туугандарыма, досторума кайрадан жолугат болдум бекен? Өлгөндөрдүн тирилери жөнүндө Ыйык Китептин кайсы жеринде жазылган?»