Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

БЕШИНЧИ БӨЛҮМ

Баланы ымыркай кезинен тарбиялагыла

Баланы ымыркай кезинен тарбиялагыла

1, 2. Ата-энелер балдарын өстүрүү боюнча жардам алуу үчүн кимге кайрылышы абзел?

 МЫНДАН болжол менен 3 000 жыл мурун ыраазычылыгы артып турган бир ата: «Теңирден болгон мурас — балдар»,— деген (Забур 126:3). Албетте, ата же эне болуунун кубанычы — Кудайдын берген кымбат белеги, ага үйлөнгөн жарлардын көбү ээ боло алат. Бирок балалуу болгондор көп өтпөй ата-эне болуу деген кубаныч гана эмес, жоопкерчилик да экенин түшүнүшөт.

2 Өзгөчө, азыркы кезде баланы өстүрүп-чоңойтуу татаал иштерден. Ошентсе да бул боюнча жакшы натыйжаларга жеткендер көп. Анын себебин Кудайдан шыктанган забурчу: «Эгерде үйдү Теңир курбаса, анда аны куруп жаткандардын иштегени — бекер»,— деп түшүндүрөт (Забур 126:1). Жахабанын көрсөтмөлөрүн канчалык так аткарсак, ошончолук жакшы ата-эне болобуз. «Бүт жүрөгүң менен Теңирден үмүттөн, өз акылыңа таянба»,— деп айтылат Ыйык Китепте (Накыл сөздөр 3:5). Бала тарбиялоонун 20 жылдык долбооруна киришер алдында Жахабадан кеңеш алгыңар келеби?

КӨЗКАРАШЫҢАР ЫЙЫК КИТЕПКЕ НЕГИЗДЕЛСИН

3. Балдарды чоңойтууда аталарга кандай милдет артылат?

3 Дүйнө жүзү боюнча көптөгөн үй-бүлөлөрдө эркектер бала тарбиялоону негизинен аялдын иши деп эсептешет. Кудайдын Сөзүндө үй-бүлөгө каражат табуу милдети биринчи кезекте атага ыйгарылат. А бирок анын үй ичинде да милдеттери бар экени белгиленет. «Адегенде үйүңдөн сырткары иштерди жаса, талаадагы иштериңди бүтүр, анан өз үйүңдү кур»,— деп айтылат Ыйык Китепте (Накыл сөздөр 24:27). Кудайдын көзкарашы боюнча, ата менен эне бала тарбиялоодо өнөктөш болушу керек (Накыл сөздөр 1:8, 9).

4. Эмне үчүн биз кыздарды эркек балдардан төмөн көрбөшүбүз керек?

4 Балдарыңарга кандай көзкараштасыңар? Мисалы, Азияда «кыз баланын төрөлүшү ата-энени көп кубантпаары» маалым. Латын Америкасынын «маданияттуу үй-бүлөлөрүндө» да кыздардын төрөлүшүн алигече жактырышпайт. Бирок кыз төмөн даражадагы бала эмес. Бала-чакалуу Жакып, эзелки замандагы бир белгилүү киши, балдарынын баары, алардын ичинде кыздары тууралуу да: «Кудайдын... [мага] берген балдары»,— деген (Башталыш 33:1—5; 37:35). Ыйса да жанына келген эркек балдарга да, кыздарга да батасын берген (Матай 19:13—15). Ыйсанын ошондо Жахабанын көзкарашын чагылдырганы шексиз (Мыйзам 16:14).

5. Жубайлар канча балалуу болууну чечүүдө эмнелерди эске алууга тийиш?

5 Силер жашаган жакта аял канчаны төрөөгө алы жетсе, ошончо төрөй бериши керек деп эсептелеби? Канча балалуу болушту жубайлардын өзүлөрүнүн чечкени орундуу. Эгер алардын көп баланы кийинтип-ичинтүүгө жана окутууга каражаты жетпесечи? Андыктан жубайлар канча балалуу болууну чечип жатканда ушуну да эске алууга тийиш. Балдарынын баарын багууга күчү жетпей турганын көргөн айрым жубайлар кээсин туугандарына берип коюшат. Бул туурабы? Чынын айтканда, туура эмес. Антүү менен алар ата-энелик милдетинен бошотулбайт. Ыйык Китепте: «Ким өз туугандары үчүн, айрыкча, өз үйүндөгүлөрү үчүн кам көрбөсө, ал ишенимден баш тарткан, ишенбегендерден да жаман адам»,— деп айтылат (1 Тиметейге 5:8). Өз милдеттерине жооптуу караган жубайлар «үйүндөгүлөрүнүн» саны аларга «кам көрө» алгыдай болушуна умтулушат. Бул максатта алар бойго бүтүүдөн сактануу чараларын көрө алабы? Аны да өзүлөрү чечишет. Эгер сактанууну чечишсе, анын жолун да өзүлөрү тандашат. «Анткени ар ким өз жүгүн өзү көтөрөт» (Галаттыктарга 6:5). Бирок бойдон алдыруунун кандайдыр бир түрүн камтыган сактануу ыкмалары ыйык китептик жол-жоболорго каршы келет. Жахаба Кудай — «өмүрдүн булагы» (Забур 35:10). Ошондуктан тирүү жан пайда болгон соң, аны жок кылуу Жахабаны сыйлабагандыкка жатат жана киши өлтүрүү менен бирдей (Чыгуу 21:22, 23; Забур 138:16; Жеремия 1:5).

МУКТАЖДЫКТАРЫН КАНААТТАНДЫРГЫЛА

6. Баланы качан тарбиялай башташ керек?

6 Накыл сөздөр 22:6да: «Баланы башынан түз жолго сал, ошондо ал жолдон карыганда да чыкпайт»,— деп айтылган. Балдарды тарбиялоо — ата-энелердин маанилүү милдеттеринин бири. Балдарга качан тарбия бере башташ керек? Мүмкүн болушунча эртерээк. Элчи Пабыл Тиметейдин «бала чагынан» тарбияланганын белгилеген (2 Тиметейге 3:15). Бул жердеги грек сөзүн жаңы төрөлгөн ымыркайга, атүгүл төрөлө элек балага карата колдонууга болот (Лука 1:41, 44; Элчилер 7:18—20). Демек, Тиметей эң эле кичинекей чагынан тарбиялана баштаган — ошол туура. Балага тарбия бере баштоонун эң туура маалы — анын ымыркай кези. Ымыркай да билимге муктаж.

7. а) Эмне үчүн атанын да, эненин да баласы менен жакын мамиле өрчүтүшү маанилүү? б) Жахаба өзү жалгыз жараткан Уулу менен кандай мамиледе болгон?

7 «Чүрпөмдү биринчи көргөндө эле жакшы көрүп калдым»,— дейт бир эне. Энелердин көбү ошентишет. Көз жарып, баласы менен убакыт өткөргөндөн тартып эне-баланын ортосунда кереметтүү байланыш өрчүй баштайт. Баланы эмизүү экөөнү ого бетер жакындатат. (Салыштыргыла: 1 Тесалоникалыктарга 2:7.) Эненин эркелетиши, сүйлөшүшү кичинекейдин сезимдерин канааттандыруу үчүн мааниси чоң. (Салыштыргыла: Ышайа 66:12.) Ал эми атасы эмне кылышы керек? Ал да жаңы төрөлгөн перзенти менен жакын мамиле өрчүтүүгө тийиш. Бул жактан Жахаба өзү үлгү көрсөткөн. Накыл сөздөр китебинде Жахабанын өзү жалгыз жараткан Уулу менен болгон мамилеси баяндалат. Анда Уулунун мындай сөздөрү жазылган: «Теңир... мени Өзүнүн жолдорунун башталышы кылып алган... Ар күнү Анын кубанычы болчумун» (Накыл сөздөр 8:22, 30; Жакан 1:14). Ошол сыяктуу жакшы ата баласынын өмүрүнүн биринчи күндөрүнөн тартып аны менен өз ара жылуу, ынак мамиле өрчүтө баштайт. Бир ата мындай дейт: «Сүйүүңдү көп көрсөт. Кучактап, өпкөндөн бир да бала өлгөн эмес».

8. Ата-эне баласынын ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн өрчүтүш үчүн эртерээк кандай чара көрө баштоого тийиш?

8 А бирок балдардын муктаждыгы ушулар менен гана чектелбейт. Төрөлөр замат баланын мээси маалымат кабыл алууга жана эске тутууга даяр. Ал эми маалыматтын негизги булагы — ата-эне. Тилди мисал келтирели. Изилдөөчүлөр баланын сүйлөө жана окуу жагынан канчалык ийгиликке жетери, «анын жашоосунун алгачкы мезгилинде ата-энеси менен түзүлгөн мамилеси менен тыгыз байланышта экенин» белгилешет. Балаңар менен сүйлөшкүлө жана ага ымыркай кезинен китеп окуп бере баштагыла. Көп өтпөй ал силерди туурагысы келет. Дагы бир аздан соң аны окуганга үйрөтө баштайсыңар. Ал мектепке бара элегинде эле окуганды үйрөнүп алышы ыктымал. Бул, өзгөчө, мугалимдер жетишсиз, класстарында бала көп өлкөдө жашасаңар, жакшы жардам болот.

9. Ата-эне кандай максатты унутпашы зарыл?

9 Кудайга ишенген ата-энелер, баарынан мурда, баласынын рухий муктаждыктарын канааттандырууга кам көрүшөт. (Карагыла: Мыйзам 8:3.) Эмнеге? Балага Ыйсадай инсан болууга, башкача айтканда, «жаңы адамга кийинүүгө» жардам берүү үчүн (Эфестиктерге 4:24). Ал үчүн, ата-энеге керектүү «курулуш материалдарын» жана «куруу ыкмаларын» табуу зарыл.

ЧЫНДЫКТЫ АҢ-СЕЗИМИНЕ СИҢИРГИЛЕ

10. Балдар кандай сапаттарды өрчүтүшү зарыл?

10 Үйдүн бекемдиги көбүнесе аны куруп жатканда кандай материалдар колдонулганынан көзкаранды. Элчи Пабыл Ыйсанын жолун жолдогон инсанды калыптоо үчүн «алтын», «күмүш», «кымбат баалуу таштарды» колдонуш керектигин айткан (1 Корунттуктарга 3:10—12). Алар ишеним, акылмандык, ак-караны ажырата билүү, берилгендик, Жахабаны жана анын мыйзамдарын урматтоо жана сүйүү менен ыраазычылык көрсөтүүгө окшогон сапаттарды билдирет (Забур 18:8—12; Накыл сөздөр 2:1—6; 3:13, 14). Ата-эне балдарына бул сапаттарды кичинесинен эле өрчүтүүгө кантип жардам бере алат? Эчактан бери колдонулуп келаткан ыкмаларды колдонуу менен.

11. Ысрайыл элиндеги ата-энелер балдарына Кудайга жаккан инсандардан болууга кантип жардам беришкен?

11 Ысрайыл элин Убадаланган жерге киргизер алдында Жахаба ата-энелерге мындай деген: «Мен бүгүн осуяттап жаткан ушул сөздөрдү жүрөгүңдө сакта. Аларды үйдө отурганыңда да, жолдо бара жатканыңда да, жатканыңда да, турганыңда да балдарыңа кайра-кайра айтып үйрөт» (Мыйзам 6:6, 7). Ооба, ата-энелер балдарына үлгү көрсөтүшү, аларга дос болушу, балдары менен пикир алмаша билиши жана аларды окутуп-үйрөтүшү зарыл.

12. Эмне үчүн ата-эненин үлгү болушу маанилүү?

12 Үлгү болгула. Жахаба адегенде: «Ушул сөздөрдү жүрөгүңдө сакта»,— деген. Андан соң: «Аларды... балдарыңа кайра-кайра айтып үйрөт»,— дейт. Демек, Кудай жактырган сапаттар адегенде ата-эненин жүрөгүндө болууга тийиш. Алар чындыкты сүйүшү жана ошого жараша жашашы керек. Ошондо гана алар баласынын жүрөгүнө жете алат (Накыл сөздөр 20:7). Эмне себептен? Анткени балдарга уккандарына караганда көзү менен көргөнү көбүрөөк таасир этет (Лука 6:40; 1 Корунттуктарга 11:1).

13. Кудайга ишенген ата-энелер балдарына көңүл бөлүүдө Ыйсадан кандай үлгү ала алышат?

13 Дос болгула. Жахаба ысрайыл элиндеги ата-энелерге: «Үйдө отурганыңда да, жолдо бара жатканыңда да... балдарыңа... үйрөт»,— деген. Демек, ата-энеден, башка «иштери чачтан көп» болсо да, балдарына убакыт бөлүү талап кылынат. Ыйса балдарга убакыт бөлүүнүн зарылдыгын түшүнгөн. Кызматынын акыркы күндөрүндө «колун тийгизип койсун деп, кээ бирөөлөр Ага балдарын алып келген». Ал эмне кылган? «Балдарды кучактап, алардын үстүнө колун коюп, батасын берген» (Марк 10:13, 16). Элестетип көргүлөчү, Ыйса, өмүрүнүн акыркы сааттары өтүп жатса да, балдарга убакыт, көңүл бөлгөн. Кандай сонун үлгү!

14. Эмне үчүн ата-энелердин балдары менен убакыт өткөргөнү пайдалуу?

14 Пикирлешүүгө үйрөнгүлө. Балаңарга убакыт бөлүү өз ара пикир алмашууга шарт түзөт. Канчалык көп пикирлешсеңер, балаңардын кулк-мүнөзүнүн кандай калыптанып баратканын ошончолук таасын байкайсыңар. Бирок пикирлешүү сүйлөшүп коюудан көптү камтырын унутпагыла. Бразилиялык бир эне: «Мен кунт коюп угууну, жүрөгүм менен угууну үйрөнүшүм керек болду»,— дейт. Ал эненин чыдамкайлык менен жасаган аракети уулу ички ой-сезимдерин айта баштаганда үзүр берген.

15. Эс алганда эмнелерди эске алуу зарыл?

15 Балдарга «күлө турган... бийлей турган убак», башкача айтканда, эс алар же көңүл ачар маал керек (Насаатчы 3:1, 4; Захария 8:5). Ата-энелер менен балдары чогуу болсо, эс алуу кубанычтуу өтөт. Бирок көптөрдүн эс алуу деп кино көрүп олтурууну түшүнүшөрү өкүнүчтүү. Телекөрсөтүүлөрдүн кээси кызыктуу болгону менен, көбү адеп-ахлактыкка болгон көзкарашты бузат жана үй-бүлөдөгүлөргө бири-бири менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк бербейт. Анда балдарыңар менен чогуу кандайдыр бир пайдалуу нерселерди жасасаңар кантет? Мисалы, ырдагыла, оюн ойногула, досторуңар менен чер жазгыла, кызыктуу жерлерге баргыла. Мындай эс алуулар жакшы пикир алмашууга шарт түзөт.

16. Ата-энелер балдарына Жахаба тууралуу эмнени үйрөтүшү керек жана кантип?

16 Окутуп-үйрөткүлө. «Аларды [ошол сөздөрдү] балдарыңа кайра-кайра айтып үйрөт»,— деген Жахаба. Мындан мурунку аяттарда эмнени жана кантип үйрөтүү керектиги айтылган. Биринчиден, «Кудай-Теңирди чын жүрөгүң менен, жан-дилиң менен, бардык күч-кубатың менен сүйүшүң» керек (Мыйзам 6:5). Андан кийин «ушул сөздөрдү... кайра-кайра айтып үйрөтүшүң» зарыл. Балдарыңарды Жахабаны жана анын мыйзамдарын жан-дилден сүйүүгө үйрөтүүгө умтулуп, акыл-насаатыңарды аябагыла. (Салыштыргыла: Эврейлерге 8:10.) «Кайра-кайра айтып үйрөт» деген сөздөр кайталоонун жардамы менен үйрөтүүнү туюнтат. Башкача айтканда, балдарга Кудайга жаккан сапаттарды өрчүтүүгө жардамдашуунун башкы жолу, Жахаба өзү белгилегендей, алар менен ар дайым Жахаба тууралуу сүйлөшүү. Буга балдар менен Ыйык Китепти үзгүлтүксүз изилдөө кирет.

17. Ата-энеге баласына эмнени өрчүтүүгө жардам берүүгө туура келиши мүмкүн? Эмне себептен?

17 Ата-энелердин көбү баланын жүрөгүнө таасир этүү канчалык кыйын экенин билет. Элчи Пабыл ишенимдештерин: «Жаңы төрөлгөн балдар катары рухий таза сүттү сүйгүлө»,— деп чакырган (1 Петир 2:2). «Сүйгүлө» деген чакырык көптөр өзүлөрүнүн рухий тамакка муктаж экенин сезишпээрин көрсөтөт. Андыктан ата-энеден баланын рухийликке болгон умтулуусун өрчүтүүнүн жолдорун издөө талап кылынышы ыктымал.

18. Ата-энелер Ыйсанын кандай окутуу ыкмаларын колдонууга чакырылат?

18 Ыйса адамдардын жүрөгүн козгоо үчүн көрсөтмөлүү мисалдарды колдонгон (Марк 13:34; Лука 10:29—37). Ал ыкма балдарга тарбия берүүдө абдан натыйжалуу. Аларга, мисалы, «Менин ыйык китептик аңгемелер китебим» деген китептеги түстүү сүрөттөрдүн, кызыктуу аңгемелердин жардамы менен ыйык китептик принциптерди үйрөткүлө *. Талкууга балдар да катышсын. Аларга ыйык китептик окуялардын сүрөтүн тартып же аларды ойноп берип чыгармачылык шыктарын көргөзүүгө мүмкүнчүлүк бергиле. Андан тышкары, Ыйса суроолорду да колдонгон (Матай 17:24—27). Үй-бүлөлүк изилдөө маалында силер да ошенткиле. Кудайдын кайсы бир мыйзамын жатка айтып коюп тим болуунун ордуна, төмөнкүдөй суроолорду бергиле: бул мыйзамды Жахаба бизге эмне үчүн берген? Биз аны аткарсак эмне болот? Аткарбасак эмне болот? Мындай суроолор балдарды ой жүгүртүүгө үйрөтөт жана Кудайдын мыйзамдары пайдалуу, туура экенин түшүнүүгө жардам берет (Мыйзам 10:13).

19. Ыйык китептик кеңештерди колдонуп тарбиялоо балдарга кандай пайда алып келет?

19 Эгерде балаңарга үлгү көрсөтүп, дос болсоңор, аны менен пикирлешсеңер жана акыл-насаат айтып, үйрөтсөңөр, ага кичинесинен эле Жахаба Кудай менен өз ара жакын мамиле өрчүтүүгө жардамдашасыңар. Андай мамиле балаңарга Кудайдын бактылуу кызматчыларынан болууга түрткү берет. Ал курбуларынын кысымына жана сыноолорго кабылганда да ишенимине жараша жашоого умтулат. Балаңарга ар дайым ошол баа жеткис мамилени баалоого жардамдашкыла (Накыл сөздөр 27:11).

ТАРБИЯ-ТААЛИМ БЕРҮҮНҮН МААНИСИ

20. Тарбия деген эмне жана аны кандайча берүү кажет?

20 Тарбиялоо — бул акыл-эсти жана жүрөктү оңдоо максатында окутуп-үйрөтүү. Балдар ага дайым муктаж. Аталарга: «Балдарыңарды... Теңирдин үйрөтүүсү жана акыл-насааты менен тарбиялагыла»,— деп кеңеш берет Пабыл (Эфестиктерге 6:4). Ата-энелер, Жахабадай болуп, балдарын сүйүү менен тарбиялоого тийиш (Эврейлерге 12:4—11). Сүйүүгө негизделген тарбия талаптар эмне себептен коюлуп жатканын түшүндүрүп берүү менен коштолот. Ошондуктан биз «акыл-насааттарды угууга» чакырылабыз (Накыл сөздөр 8:33). Кантип тарбиялоо абзел?

21. Балдарын тарбиялоодо ата-энелер эмнелерди эске алышы зарыл?

21 Кай бир ата-энелер тарбиялоо дегенди балдары менен коркуткан тондо сүйлөшүү, аларды урушуу, атүгүл тилдөө деп ойлошот. Бирок Пабыл: «Аталар, силер да балдарыңарды кыжырдантпагыла»,— деп эскертет (Эфестиктерге 6:4). Кудайдын кызматчылары «бардыгына кичи пейилдик менен мамиле кылууга» жана «каршы чыккандарга момундук менен насаат айтууга» чакырылат (2 Тиметейге 2:24, 25). Кудайга ишенген ата-эне принциптерге бекем кармануу зарыл экенин, албетте, билет, бирок балдарын тарбиялоодо жогоруда айтылгандарды да эске алууга аракеттенет. Кээде балдарга түшүндүрүү аздык кылып, кандайдыр бир жаза талап кылынышы мүмкүн (Накыл сөздөр 22:15).

22. Баланы жазалаардан мурун, ага эмнени түшүндүрүш керек?

22 Балдардын баарын бирдей тарбиялоо мүмкүн эмес. Айрым балдарга «сөз» жетишсиз болуп калат. Ошондуктан кээде тил албаган учурунда, өмүрүн сактап калыш үчүн, жазалоо талап кылынат (Накыл сөздөр 17:10; 23:13, 14; 29:19). Бирок бала эмне үчүн жазаланып жатканын түшүнүшү керек. «Чыбык жана айыпты ашкерелөө акылмандык берет» (Накыл сөздөр 29:15; Аюб 6:24). Андан тышкары, жазанын да чеги болот. «[Мен] сени чеги менен жазалайм»,— деген Жахаба өз элине (Жеремия 46:28б). Баланы жазалаганда, бир жерин мертинтип, атүгүл майып кылып койгончолук уруу же ырайымсыздык менен сабоо Ыйык Китепте айтылгандарга такыр туура келбейт (Накыл сөздөр 16:32).

23. Ата-энеси жазалап жатканда бала эмнени билиши керек?

23 Жахаба өз элин жазалаар алдында: «Коркпо... анткени Мен сени мененмин»,— деген (Жеремия 46:28а). Ушу сыяктуу эле, кандай жол менен жазалабагыла, андан кийин бала өзүн эч качан четке кагылгандай сезип калбашы керек (Колостуктарга 3:21). Кайра, ата-энеси аны менен, ал тарапта болушкандыктан жазалап жатканын билиши керек.

ЗЫЯН КЕЛТИРЕРЛИК НЕРСЕДЕН КОРГОГУЛА

24, 25. Азыр балдарды кандай коркунучтан коргоо зарыл?

24 Жашап калган адамдардын көбү балалыгын бактылуу маал катары эстешет. Алар дайыма өздөрүн коопсуз сезишкенин, кандай жагдайга дуушар болушпасын, ата-энелери кам көрөрүнө шектенишпегенин эстешет. Ар бир ата-эне балдарынын ошондой сезимде болушун каалайт. А бирок азыркы адеп-ахлактуулук барган сайын төмөндөп бараткан дүйнөдө балдарды ар кыл зыяндан коргоп калуу болуп көрбөгөндөй кыйын.

25 Акыркы жылдары кулач жайып бараткан көңүл иренжитерлик коркунучтардын бири — балдарга жыныстык жактан асылуу. Малайзияда балдарга асылуулар жөнүндөгү билдирүүлөрдүн саны он жылдын ичинде төрт эсе жогорулады. Германияда жылына болжол менен 300 000 бала зордуктоодон жапа чегет, ал эми Түштүк Америкадагы өлкөлөрдүн биринде, бир изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, жыл сайын 9 000 000го жакын бала зордукталат! Кайгылуусу, алардын басымдуу бөлүгү андай кордукту өз үйүнөн, өздөрү билип жана ишенип жүргөн адамдарынан көрөт. Ошондуктан ата-эне балдарына ишенимдүү коргоочу болууга тийиш. Баланы кантип коргоого болот?

26. Балдарды коргоонун кандай жолу бар жана билим баланы кандайча коргойт?

26 Тажрыйбадан көрүнгөндөй, бузукулардын асылууларына көп учурда жыныстык мамилелер тууралуу аз билген балдар кабылат. Ошондуктан каргашадан алдын ала коргоонун негизги жолу — балага, ал али кичинекей болсо да, жыныстык мамиле тууралуу маалымат берүү. Бул «жаман жолдон, жалган айткан адамдан» коргоп калышы ыктымал (Накыл сөздөр 2:10—12). Андай билимди кантип берүүгө болот? Ыйык китептик принциптерди жана адеп-ахлактык жактан эмне жакшы, эмне жаман болорун айтып-үйрөткүлө. Бала кээ бир чоң кишилер жаман иштерди жасашарын жана чоң киши кандайдыр бир адепсиз иш жасоону сунуш кылганда, ага баш ийбеши керек экенин билүүгө тийиш. (Салыштыргыла: Даниел 1:4, 8; 3:16—18.) Мындай маалымат берүүнү бир жолку сүйлөшүү менен токтотпогула. Балдардын көбүнө, айтканыңарды эсине жакшылап тутушу үчүн, кайталап туруу зарыл. Балдар бой тарта баштаганда, атасы кызынын обочолонууга болгон укугун сүйүүсү менен сыйлашы керек, ал эми энеси уулунун ошондой укугун сыйлоого тийиш; мындай мамиледен улам бала туура жүрүм-турум деген кандай болорун тереңирээк түшүнөт. Зордуктоодон коргоонун эң жакшы жолдорунун дагы бири — ата-эненин көзөмөлдөөсү.

КУДАЙДЫН ЖЕТЕКЧИЛИГИНЕ КАЙРЫЛГЫЛА

27, 28. Ата-энелерге бала тарбиялоодо, баарынан мурда, ким жардам берет?

27 Ооба, баланы ымыркай кезинен тарбиялоо оңой иштерден эмес, бирок Кудайга ишенген ата-энелер жардамсыз калбайт. Башкаруучулардын убагында жашаган Манойах аттуу киши балалуу болорун билгенде, Жахабадан аны тарбиялап өстүрүүгө жетекчилик сураган. Жахаба анын тиленүүлөрүнө жооп берген (Башкаруучулар 13:8, 12, 24).

28 Бүгүн да Кудайга ишенген ата-энелер балдарын чоңойтуп жатканда Жахабага тиленүү менен кайрыла алышат. Ата-эне болуу убайымы оор, бирок үзүрү зор экени талашсыз. Гавайидеги Кудайга ишенген жубайлар мындай дейт: «Өспүрүм курак башталганча, өз ишиңерди аткарып жетишип калышыңар үчүн 12 жылыңар бар. Эгер ыйык китептик принциптерди колдонууда күч-аракетиңерди аябасаңар, балдарыңар чын ниеттен Жахабага кызмат кылууну чечишкенде, жүрөгүңөрдү кубаныч, тынчтык уялайт» (Накыл сөздөр 23:15, 16). Силердин балаңар да ушундай чечим чыгарганда: «Теңирден болгон мурас — балдар»,— деп айтарыңар шексиз.

^ Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.