Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ТОГУЗУНЧУ БӨЛҮМ

Жалгыз бой ата-энелер ийгиликке жете алышат

Жалгыз бой ата-энелер ийгиликке жете алышат

1—3. Эмне үчүн атасы же энеси жок үй-бүлөлөр көбөйүүдө жана андай үй-бүлөнүн мүчөлөрү өзүлөрүн кандай сезишет?

 АТАСЫ же энеси гана бар үй-бүлөлөр Америка Кошмо Штаттарында «үй-бүлөлөрдүн эң эле жогорку ылдамдык менен көбөйүп бараткан түрү» деп аталган. Мындай жагдай көптөгөн башка өлкөлөрдө да байкалат. Ажырашкан, жарлары таштап кеткен, бөлөк жашаган же никеден тышкары балдары бар адамдардын саны болуп көрбөгөндөй өсүүдө. Мындай жагымсыз жагдайларга кабылган миллиондогон аталардын, энелердин жана балдардын жүрөгүндөгү жарааттар узак убакыт бою айыкпай келет.

2 «Мен жыйырма сегиздемин, эки балалуу жесирмин. Балдарымдын атасыз чоңоюп жатканына абдан кейийм. Өзүмдү эч кимге керегим жоктой сезем. Балдарым менин ыйлап-сыктаганымды көп көрөт, анан, албетте, алар да капа болушат»,— деп жазган бир эне. Ачуулануу, өзүн күнөөлүү сезүү жана жалгызсыроо сыяктуу сезимдер менен күрөшүүдөн тышкары, жалгыз бой ата-энелердин көбүнө иштеп да, үй милдеттерин аткарып да жетишүү керек. Алардын бири мындай дейт: «Жалгыз бой ата-энелер жонглёрго окшош. Жарым жылдык машыгуудан кийин „төрт топту“ бир учурда ыргытып, тосуп каласың. Бирок аны үйрөндүң дегиче, кимдир бирөө дагы бир „топ“ кошо коёт!»

3 Ата же энесиз жашап жаткан балдардын өзүнчө кыйынчылыктары болот. Алар, мисалы, ата-энелеринин күтүлбөгөн жерден ажырашуусу же алардын биринин өлүмү себеп болгон оор кайгы менен күрөшүп жатышы ыктымал. Атасынан же энесинен ажыроону балдардын көбү оор көтөрөт.

4. Жахабанын атасы же энеси жок үй-бүлөлөргө кам көрөрүн кайдан билебиз?

4 Мындай үй-бүлөлөр тээ байыркы убактарда да болгон. Ыйык Китепте «жетим» менен «жесирлер» тууралуу көп айтылат (Чыгуу 22:22; Мыйзам 24:19—21; Аюб 31:16—22). Жахаба Кудай алардын жагдайына көңүлкош караган эмес. Ошондуктан забурчу аны «жетимдердин Атасы жана жесирлердин коргоочусу» деп атаган (Забур 67:6). Жахабанын азыр да атасы же энеси жок үй-бүлөлөр үчүн кам көрөрү шексиз! Анын Сөзүндө мындай үй-бүлөлөргө бактылуу жашоо өткөрүүгө жардам берерлик принциптер берилет.

ҮЙ ИШТЕРИН АТКАРУУ

5. Жалгыз бой ата же эне кандай кыйынчылыктарга кабылат?

5 Үйдөгү тиричиликти алып көрөлү. Ажырашып кеткен бир аял мындай дейт: «Көп учурда эркектин колу керек болот, мисалы, машинең бузулуп калганда, кайсы жери эмне болгонун өзүң билбей каласың». Жаңыдан ажырашкан же аялы кайтыш болгон эркектер да канчалаган үй милдеттерин аткаруу талап кылынарын көрүп бушайман болушат. Ал эми үйдүн ичи үч көтөрүлүп жатса, балдарда туруксуздук, тынчсыздануу сезими күчөйт.

Балдар, жалгыз бой атаңар же энеңерге жардам бергиле.

6, 7. а) Накыл сөздөр китебинде кеп кылынган «жакшы аял» кандай үлгү берет? б) Жалгыз бой ата-энелерге милдетин аткарууга тырышчаактык кандайча жардам берет?

6 Мындай учурларда эмне жардам берет? Накыл сөздөр 31:10—31-аяттарда айтылган «жакшы аялдын» үлгүсүн карап көрөлү. Анын жасаган иштеринин көптүгү таңдандырат: ал аны-мунуларды сатып алган, өзү саткан, кийим тиккен, тамак жасаган, акчасын кыймылсыз мүлккө айландырган, жер иштеткен жана үй иштерин аткарган. Мунун баарына кантип жетишкен? Ал таң заарда туруп, эртеден кечке талыкпай эмгектенген. Андан тышкары, ал ишти жакшы уюштура билген: кээ бирлерин башкаларга тапшырып, өзү да башкалардын пайдасы үчүн эмгектенген. Анан, албетте, ал мактоого татыган.

7 Эгерде жалгыз бой ата же эне болсоң, үй милдеттерин акниеттүүлүк менен аткар. Жасаган ишиңден кубаныч ал, анткени бул балдарыңды сүйүнтөт. Андан тышкары, жакшы пландаштыруу жана уюштуруу маанилүү экенин унутпа. Ыйык Китепте: «Аракетчил кишинин ойлору берекеге умтулат»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 21:5). Балдарын жалгыз тарбиялап жаткан бир ата: «Өзөгүм карайгыча тамакты ойлобой жүрө бермей адатым бар»,— дейт. Бирок тамакты шаша-буша жасай салгандан көрө, ойлонуп туруп жасаса, аш болумдуу да, даамдуу да болот. Балким, сага мурун жасабаган үй иштерин жасоону үйрөнүү керектир. Жалгыз бой энелердин кээси тажрыйбасы бар достору же адистер менен кеңешип, өз алдынча үйрөнүүгө арналган китептерди окуп, сырдоону, суу түтүктөрүн жана автоунаанын анчейин татаал эмес бузуктарын оңдоону үйрөнүп алышкан.

8. Жалгыз бой эне же атага балдары кандай жардам бере алышат?

8 Балдардан жардам суроо туурабы? Бир жалгыз бой эне: «Атасынын ордун жоктотпош үчүн, балдарыңдын жашоосун жеңилдеткиң келет экен»,— дейт. Мындай умтулуу, албетте, түшүнүктүү, бирок ал балдарга дайым эле пайда алып келе бербейт. Байыркы кездерде Кудайдан корккон өспүрүмдөрдүн өздөрүнүн милдеттери болгон (Башталыш 37:2; Ырдын ыры 1:6). Ошондуктан балдарга ашыкча жүк артуудан этият болуу керек болсо да, аларга ар кандай иштерди, мисалы, идиш жууганды, өз бөлмөсүн жыйноону тапшырып коюу туура. А балким, айрым иштерди чогуу жасайттырсыңар. Андай учурлар кубанычтуу, жагымдуу болушу мүмкүн.

ЖАШООГО КАРАЖАТ ТАБУУ — ТАТААЛ ИШ

9. Жалгыз бой энелердин каражат жактан кыйынчылык тартышынын себеби эмнеде?

9 Жалгыз бой ата-энелердин көптөрү үчүн үй-бүлөсүн багуу кыйын, өзгөчө, күйөөгө чыга элек жаш энелердин жагдайы оор *. Андай адамдар үчүн мамлекет тарабынан жөлөкпул караштырылган өлкөлөрдө, жок дегенде, жумуш табылганча, ошондон пайдалануу акылмандык болор. Ыйык Китепте Кудайдын кызматчыларына зарыл учурларда андай мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга уруксат берилет (Римдиктерге 13:1, 6). Ажырашкан жана жесир калган аялдар да ушул өңдүү кыйынчылыктарга кабылат. Жылдап үй иштерин гана аткаргандар кайрадан жумушка орношууга аргасыз болушууда, андайлар көбүнесе маянасы аз жумуш гана таба алышат. Кээ бирөөлөр болсо кесипке ээ болуу үчүн окуу жайларынан же кыска мөөнөттүк курстардан окуп, өзүлөрүнүн абалын бир аз жакшырта алышкан.

10. Жалгыз бой эне эмне себептен иштеши керектигин балдарына кантип түшүндүрө алат?

10 Жумуш издеп жатканыңды балдарың жактырбаса, таң калба жана өзүңдү күнөөлүү сезбе. Балдарыңа эмне себептен иштешиң керектигин жана Жахаба сенден аларга кам көрүүнү талап кыларын түшүндүр (1 Тиметейге 5:8). Убакыттын өтүшү менен балдардын көбү ага көнөт. Жумушуң чачтан көп болсо да, балдарың менен колдон келишинче көбүрөөк убакыт өткөрүүгө аракет кыл. Сенин сүйүүң жана көңүл бөлүүң үй-бүлөңө каражаттын жетишсиздигинен тартып жаткан кыйынчылыктарды көтөрүүгө жардам бериши мүмкүн (Накыл сөздөр 15:16, 17).

КИМ КИМГЕ КАМ КӨРӨТ?

Жыйналышта «жесирлер» менен «жетимдерге» көңүл бурулат.

11, 12. Жалгыз бой ата же эне балдары менен кандай мамилени сакташы керек жана кантип?

11 Жалгыз бой аталар же энелердин балдары менен өзгөчө тыгыз мамиледе боло башташы — табигый нерсе, бирок Кудайдын ата-энелер менен балдардын ортосундагы мамилелерге койгон нормаларын бузбоо зарыл. Мисалы, жалгыз бой эне үй-бүлө башчысынын милдеттерин уулуна артып койсо же болгон арыз-муңунун баарын кызына айтып, сырдаш кылып алса, олуттуу кыйынчылыктар пайда болушу мүмкүн. Себеби бала стресске чалдыгышы же санаа тартып кыйналышы ыктымал.

12 Балдарыңды алар сага эмес, тескерисинче, чоң киши катары сен аларга кам көрөрүңө ынандыр. (Салыштыргыла: 2 Корунттуктарга 12:14.) Кээде кеңешке же сооронучка муктаж болушуң мүмкүн. Андайда балдарыңа эмес, жыйналыш аксакалдарына же жетилген аялдарга кайрыл (Титке 2:3).

ТАРБИЯ БЕРҮҮНҮН МААНИЛҮҮЛҮГҮ

13. Жалгыз бой эне балдарын тарбиялоодо кандай кыйынчылыкка туш болушу мүмкүн?

13 Негизи, эркекке караганда аялга балдарын өз талаптарына баш ийдирүү оңойго турбашы мүмкүн. Бир эне мындай дейт: «Уулдарымдын дене-бойлору да, үндөрү да чоң кишилердикиндей. Кээде алардын жанында өзүңдү чечкинсиз, алсыз сезесиң». Балким, сүйгөн жарың каза болуп күйүт тартып же никеңдин бузулганына өзүңдү күнөөлөп, ачууланып жүргөндүрсүң. Эгерде балага кам көрүү укугу экөөңөргө тең берилсе, балаңды атасыныкына кетип калат деп сарсанаа болушуң мүмкүн. Мындай жагдай балдарды тарбиялоодо теңсалмактуу болууга тоскоолдук кылышы этимал.

14. Жалгыз бой ата же эне балдарын тарбиялоодо кантип теңсалмактуу боло алышат?

14 Ыйык Китепте: «Өз эркине коюлган уул энесин уятка калтырат»,— делет (Накыл сөздөр 29:15). Үй-бүлөңдө айкын эрежелерди коюп, алардын аткарылышын талап кылууда Жахабага таян жана өзүңдү күнөөлүү сезбе, абийириңдин жемелешине жол бербе же коркуу сезимине алдырба (Накыл сөздөр 1:8). Эч качан ыйык китептик принциптерден четтебе (Накыл сөздөр 13:24). Эстүү, ырааттуу жана кайраттуу болууга аракеттен. Бара-бара балдардын көбү андай аракеттерге жооп кайтарат. Ошол эле учурда балдарыңдын сезимин эске алганың зарыл. Мисалы, бир ата: «Балдарымды тарбиялоодо энесинин өлүмү алар үчүн кандай сокку болгонун дайыма эсиме салып турам. Мүмкүнчүлүк боло калган сайын, алар менен сүйлөшүүгө аракет кылам. Биз, айрыкча, кечки тамакты даярдап жатканда жүрөгүбүздөгүнү ачып сүйлөшөбүз. Мындай учурларда балдарым менден эч бир сырын жашырышпайт»,— дейт.

15. Ажырашкан адам мурунку жары тууралуу сүйлөп жатканда эмнеден качышы керек?

15 Эгерде ажырашып кетсең, жарыңды балдарыңа жамандоонун эч пайдасы жок: акыр-аягы алар экөөңөрдү тең сыйлабай калышы мүмкүн. Себеби силердин чогуу жашабай калганыңардын өзү эле аларга канча кайгы алып келди. Ошондуктан: «Жанагы атаңан түк айырмаң жок!» — деген сыяктуу көр жемеден кач. Ажырашкан жолдошуң жүрөгүңдү кандай гана ооруткан болбосун, баары бир ал — ата-энесинин экөөнүн тең сүйүүсүнө, көңүл буруусуна жана тарбиясына муктаж болгон балаңдын атасы же энеси *.

16. Кандай рухий иштер балдарга тарбия берүүнүн ажырагыс бөлүгү болууга тийиш?

16 Мындан мурунку бөлүмдөрдө талкуулангандай, тарбиялоого жазалоо гана эмес, үйрөтүү жана акыл-насаат берүү да кирет. Рухий тарбиянын жакшы программасына кармануу менен көптөгөн кыйынчылыктардын алдын алууга болот (Филипиликтерге 3:16). Жыйналыштарга үзгүлтүксүз катышуу маанилүү (Эврейлерге 10:24, 25). Жума сайын Ыйык Китепти үй-бүлө менен изилдөөнүн да мааниси чоң. Албетте, муну жасоо дайыма эле оңой боло бербеси түшүнүктүү. Бир эне мындай дейт: «Жумуштан келгенде ушунчалык эс алгым келет. Бирок кызым менен изилдөө өткөрүү маанилүү экенин түшүнгөндүктөн өзүмдү аны үзгүлтүккө учуратпоого көндүрөм. Кызым болсо үй-бүлөлүк изилдөөбүздү абдан жакшы көрөт!»

17. Пабылдын шериги Тиметейдин жакшы тарбия алышы эмнени көрсөтөт?

17 Элчи Пабылдын жолдошу Тиметейди ыйык китептик жол-жоболорго, кыязы, атасы эмес, апасы менен таенеси үйрөткөн. Ошентсе да Тиметей Кудайдын кандай сонун кызматчысы болуп чыккан! (Элчилер 16:1, 2; 2 Тиметейге 1:5; 3:14, 15). Эгер сен балдарыңды «Теңирдин үйрөтүүсү жана акыл-насааты менен тарбияласаң», анда жакшы натыйжага жетериңе шектенбесең болот (Эфестиктерге 6:4).

ЖАЛГЫЗСЫРОО СЕЗИМИН ЖЕҢҮҮ

18, 19. а) Жалгызсыроо сезими жалгыз бой ата же энени кандайча кыйнашы мүмкүн? б) Денелик каалоолорду башкарууга кайсы кеңеш жардам берет?

18 Балдарын жалгыз тарбиялап жаткандардын бири: «Үйгө келгенимде, ушул төрт дубалды көргөнүмдө, айрыкча, балдарымды төшөккө жаткыргандан кийин жалгызсыроо сезими жаныма батып кетет»,— деп кейиген. Ооба, жалгыз бой ата-энелерди көп учурда жалгыздык кыйнайт. Никедеги жылуу, достук пикирлешүүнү, эркелетүүнү сагынуу — табигый сезим. Бирок аны кандай жол менен болбосун канааттандырууга умтулуу туурабы? Элчи Пабылдын күндөрүндө кээ бир жаш жесир аялдар «дене каалоолоруна алдырып, Машайактын каалоолоруна каршы чыгышкан» (1 Тиметейге 5:11, 12). Денелик каалоолордун айынан рухийликтин төмөндөшүнө жол берүү кесепеттүү (1 Тиметейге 5:6).

19 Бир киши: «Жыныстык каалоо абдан күчтүү келет, бирок аны ооздуктоого болот. Мээге ар кандай ойлор келе баштаганда, аларга токтолбой, басып салыш керек. Балаң жөнүндө ойлонуу да жардам берет»,— дейт. Кудайдын Сөзүндө: «Дене кумарларын... жаман каалоолорду жок кылгыла»,— деген кеңеш берилет (Колостуктарга 3:5). Эгер тамакка болгон табитиңди басууга аракеттенип жатсаң, «шилекейди агызган» тамактардын сүрөтү тартылган журналдарды окуйт белең же кечке эле тамак жөнүндө сүйлөй берген адамдар менен пикирлешет белең? Антериң күмөндүү. Денелик каалоолор жөнүндө да ушуну айтууга болот.

20. а) Ишенимде эмес адам менен жолугушуунун кандай коркунучу бар? б) Биринчи кылымдагы жана азыркы жалгыз бой адамдар жалгыздык менен кантип күрөшкөн?

20 Кудайдын кызматчыларынын кээси Кудайга ишенбеген адам менен жолугуша баштайт (1 Корунттуктарга 7:39). Кыйынчылыкты ушундай жол менен чечүү мүмкүнбү? Жок. Ажырашып кеткен бир ишенимдешибиз: «Ылайык келбеген адамга күйөөгө чыгуу жалгыздыктан да жаман!» — деп эскертет. Биринчи кылымдагы жыйналыштагы жесир аялдар, албетте, жалгызсырашкан, бирок алардын эстүүлөрү «жолоочуларды кабыл алып, ыйыктардын бутун жууп, кыйналгандарга жардам беришкен» (1 Тиметейге 5:10). Кудайдан корккон адам менен баш кошууга көп жылдардан бери үмүттөнүп келаткан Кудайдын ишенимдүү кызматчылары биздин күндөрдө да ар кандай пайдалуу иштер менен алек болуп келишет. Мисалы, 68 жаштагы бир жесир аял жалгызсыраган сайын башка жесир аялдардыкына барчу. Ал: «Конокко барганда, үйдөгү жумуштарымды жасаганда жана рухий муктаждыгыма кам көргөндө жалгызсыроого убактым калбай каларын байкадым»,— деген. Адамдарды Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү чындыкка окутуп-үйрөтүү да башкаларга жакшылык кылуунун эң сонун жолу (Матай 28:19, 20).

21. Тиленүү менен жакшы пикирлешүү жалгызсыроону басаңдатууга кандайча жардам берет?

21 Албетте, жалгызсыроодон керемет жолу менен кутулуу мүмкүн эмес. Бирок аны Жахабанын күчү менен жеңүүгө болот. Андай күчтү алыш үчүн, Кудайдын кызматчылары «күнү-түнү сыйынат жана жалынат» (1 Тиметейге 5:5). Жалынуу — бул зарлап өтүнүү, атүгүл катуу үн чыгарып, көз жаш менен жардам суроо. (Салыштыргыла: Эврейлерге 5:7.) Жахабага «күнү-түнү» жүрөгүңдөгүнү айтып тиленүү, чынында эле, жардам берет. Андан тышкары, жакшы пикир алмашуу жалгызсыроону басаңдатууга шарт түзөт. Мындай пикир алмашуу учурунда, Накыл сөздөр 12:25те жазылгандай, жылуу сөз угуп, кайрат алууга болот.

22. Жалгызсыроо сезими пайда болгондо, кандай ой жүгүртүү жардам берет?

22 Албетте, кээде жалгызсыроо сезими пайда болору шексиз. Андайда кыйналбаган адам жок экенин эсиңен чыгарба. Чын эле, «дүйнөнүн ар тарабындагы бир туугандарыбыздын» баары тигил же бул жагынан кыйналып жатат (1 Петир 5:9). Өткөн күндөр менен жашабаганга аракеттен (Насаатчы 7:10). Учурдагы ырыскыңды баала. Баарынан маанилүүсү, актыгыңды сактоого жана Жахабанын жүрөгүн кубантууга чечкиндүү бол (Накыл сөздөр 27:11).

БАШКАЛАРДЫН ЖАРДАМЫ

23. Жыйналыштагылардын жалгыз бой эне-аталарга карата кандай милдети бар?

23 Ишенимдештерибиздин жөлөк-таягы менен жардамы баа жеткис. Жакып 1:27де: «Кудай Атанын алдындагы таза жана кемчиликсиз такыбаалык — бул жетим-жесирлерге кам көрүү жана өзүн бул дүйнөдө таза сактоо»,— деп айтылат. Ооба, Кудайдын кызматчылары жалгыз бой ата-энелерге жардам берүүгө милдеттүү. Мисалы, кандай жолдор менен?

24. Жалгыз бой ата-энелерге кандай жолдор менен жардам берүүгө болот?

24 Материалдык жактан жардам берүүгө болот. Ыйык Китепте: «Колунда бар болгонуна карабастан, бир тууганынын муктаждыгын көрүп туруп жардам бербеген адамда кантип Кудайдын сүйүүсү болсун?» — делген (1 Жакан 3:17, «ҮН», 2004). Бул жерде «көрүп» деп которулган грек сөзү көзгө чалына калса, карап коюуну эмес, атайы максат менен кароо деген маанини берет. Бул Кудайдын боорукер кызматчысы алгач ал үй-бүлөнүн ал-акыбалын, муктаждыктарын билиши керек экенин көрсөтөт. Балким, алар акчага муктаж болуп жатышкандыр. Же үй ичиндеги аны-мунуларды оңдоого жардам керектир. Мүмкүн, алар жөн гана тамакка же достук жолугушууга чакырсаңар да сүйүнүшөттүр.

25. Жалгыз бой ата же энеге ишенимдештери кандайча боорукердик көрсөтө алышат?

25 Андан тышкары, 1 Петир 3:8де: «Баарыңар бир ойдо болгула, кайрымдуу болгула, бир туугандарыңарды сүйгүлө, боорукер жана момун болгула»,— деп айтылат. Мисалы, алты баласы бар бир жалгыз бой эне мындай дейт: «Кыйналганыман көңүлүм чөккөн күндөрүм болот. Бирок ишенимдештеримдин бири мага: „Жоан, сен азаматсың. Мээнетиң текке кетпейт“,— деп калат. Башкалардын сен жөнүндө ойлоп жана кам көрүп жатканын билүү ушунчалык жардам берет». Жалгыз бой жаш аялдарда эркектер менен талкуулоого оңтойсуз кыйынчылыктар пайда болгондо, жыйналыштагы жашы улуураак аялдар жардам бере алышат.

26. Рухий жактан жетилген эркек биртуугандар атасыз чоңоюп жаткан балдарга кантип жардам бере алышат?

26 Эркек ишенимдештер да башка жактардан жардам бере алышат. Такыбаа Аюб: «Мен... карай турган кишиси жок жетимди сактап калчумун»,— деген (Аюб 29:12). Биздин күндөрдө да жыйналыштагы айрым эркек биртуугандар атасыз өсүп жаткан балдарга көңүл бөлүшөт жана аларга, жашыруун максаттарды көздөбөстөн, «чын жүрөктөн чыккан сүйүү» көрсөтүшөт (1 Тиметейге 1:5). Кээ бирөөлөр андай балдарды өзүлөрү менен кабар айтуу кызматына алып чыгышат, үй-бүлөлүк изилдөөсүнө чакырат же бош убактыларын бирге өткөрөт, ошол эле учурда өз үй-бүлөсүн кароосуз калтырбайт. Мындай жакшылык атасыз өсүп жаткан баланы тетир жолго түшүүдөн сактап кала алат.

27. Жалгыз бой ата-энелер кандай жардам аларына шектенишпесе болот?

27 Бирок, жалпы жонунан, жалгыз бой ата же эне «өз жүгүн өзү көтөрөт» (Галаттыктарга 6:5). Ошентсе да, алар ишенимдештери да, Жахаба Кудай да жакшы көрөрүнө шектенишпесе болот. Ыйык Китепте Жахаба жөнүндө: «Теңир... жетим менен жесирге жардам берет»,— деп айтылган (Забур 145:9). Анын мээримдүү колдоосу менен жалгыз бой ата-энелер ийгиликке жете алышат!

^ Эгерде Кудайга ишенген кыз адепсиз жүрүм-турумунун кесепетинен кош бойлуу болуп калса, жыйналыштагылар анын жасаганын туура көрбөйт. Бирок күнөөсүн мойнуна алып өкүнсө аксакалдар менен жыйналыштагылар ага жардам бергиси келеттир.

^ Бул жерде баланы зордук-зомбулук көрсөткөн атасынан же энесинен коргоого туура келген учурлар жөнүндө айтылган жок. Эгер ажырашкан жолдошуң, балдарыңды алып кетүүгө көндүрүш үчүн, сенин баркыңды кетирүүгө аракеттенип жатса, эмне кылууну тажрыйбалуу досторуң, айталы, жыйналыш аксакалдары менен кеңешип көргөнүң жакшы.