Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ОНУНЧУ БӨЛҮМ

Үй-бүлөдө бирөө ооруп калса...

Үй-бүлөдө бирөө ооруп калса...

1, 2. Шайтан Аюбду актыгынан тайдырыш үчүн кырсык-каргашалар менен ооруну кандайча колдонгон?

 ҮЙ-БҮЛӨСҮ менен бактылуу өмүр сүргөндөрдүн катарына Аюбду кошууга болот. Ыйык Китепте анын «чыгыш элдеринин ичинен эң атактуу адам болгону» айтылат. Аюб он баланын: жети уул, үч кыздын атасы эле. Колунда бар болгондуктан ал үй-бүлөсүн баштан-аяк камсыз кыла алган. Баарынан маанилүүсү, ал рухий иштерде демилгени колго алып, балдарынын Жахабанын алдында кандай атка ээ экенине тынчсызданган. Ушунун бардыгы үй-бүлөсүнүн ынтымактуу жана бактылуу болушуна шарт түзгөн (Аюб 1:1—5).

2 Аюбдун телегейи тегиз жашоосуна Жахабанын эң башкы душманы Шайтан көңүл бурбай койгон эмес. Жахабанын кызматчыларын актыгынан тайдырууга дайым мүмкүнчүлүк издеп турган Шайтан Аюбдун бактылуу үй-бүлөсүнө бүлгүн салган. Андан соң «Аюбдун таманынан төбөсүнө чейин өтө оор пес оорусун каптаткан». Кырсык-каргашалар менен ооруну колдонуп, Шайтан анын такыбаалыгын бузам деп ойлогон (Аюб 2:6, 7).

3. Аюбдун оорусунун белгилери кандай болгон?

3 Ыйык Китепте Аюбдун оорусунун так медициналык аты айтылбаганы менен, белгилери берилет. Анын денесин курт басып, териси карттанып, ириңдеп кеткен жана андан аябай жаман жыт чыгып турган. Аюб абдан кыйналган (Аюб 7:5; 19:17; 30:17, 30). Оору жанына батканда, ал күлгө олтуруп, карапанын сыныгы менен кырына баштаган (Аюб 2:8). Чын эле, муңдуу көрүнүш!

4. Ар бир үй-бүлө кээде эмнеге кабылат?

4 Ушундай катуу оору менен ооруп калсаңар, өзүңөрдү кандай сезет элеңер? Бүгүнкү күндө Шайтан Кудайдын кызматчыларын Аюбдукундай дартка чалдыктырбайт. Ошондой болсо да, адамдын жеткилеңсиздигин, күнүмдүк жашоонун кысымын, айлана-чөйрөнүн булганышын эске алсак, кээде үйдөгүлөрүбүздүн кимдир бирөөсү ооруп калышы мүмкүн экенин түшүнүшүбүз керек. Оорунун алдын алуу үчүн ар кандай чаралар көрүлгөн күндө да ооруга чалдыкпаган адам жок, бирок Аюбдай азап чеккендер чанда гана кездешет. Үйдөгүлөрдөн бирөө ооруп калса, чынында, оңой эмес. Ошондуктан, келгиле, адамзаттын бардык жакта кездешкен бул душманы менен күрөшүүгө Ыйык Китеп кандайча жардам берерин карап чыгалы (Насаатчы 9:11; 2 Тиметейге 3:16).

КАНДАЙ КӨЗКАРАШТАСЫҢАР?

5. Үй-бүлө мүчөлөрү убактылуу ооруга демейде кандай карашат?

5 Жашоонун көнүмүш агымы кандай себептерден улам бузулбасын, ага көнүү ар дайым кыйын. Мунун калетсиздиги жакын адамыбыз көпкө ооруп калганда өзгөчө байкалат. Оору көпкө созулбаса да, бир нерселерди өзгөртүү же алардан кечүү жана жагдайга ылайыкташуу талап кылынат. Мүмкүн, ооруп жаткан адам эс алсын деп, үй-бүлөнүн дени соо мүчөлөрү айрым иштерин жасабай турушаттыр. Көптөгөн үй-бүлөлөрдө ал турсун кичинекей балдар да ооруп калган байкесине, эжесине, атасына же энесине боор оорушканы менен, кээде аларга сезимтал болууну эскертип туруу зарыл (Колостуктарга 3:12). Негизи, оору көпкө созулбаса, үй-бүлөдөгүлөр керектүү нерселердин баарын жасоого даяр. Ошондуктан алардын ар бири ооруп кала турган болсом, мага да ушундай көңүл бурулат деп үмүттөнөт (Матай 7:12).

6. Үйдөгүлөрдүн бирөө олуттуу оору менен көпкө ооруп калса, кандай сезимдер пайда болушу мүмкүн?

6 А эгер дарт абдан олуттуу болуп, жашоону түп-тамырынан, узакка өзгөртүү талап кылынсачы? Мисалы, үй-бүлөдө кимдир бирөө шал болуп же Альцгеймер оорусу менен ооруп, же дагы башка дарттын азабын тартып жатсачы? Же шизофрения сыяктуу психикалык ооруга чалдыгып калсачы? Адатта, биринчи сезим — аёо, жакшы көргөн адамыңдын кыйналып жатканын көрүп кайгыруу. Бирок бара-бара аёо сезиминин ордун башкача сезимдер басышы мүмкүн. Үйдөгүлөр бир адамдын оорусу алардын жашоосуна катуу таасир тийгизип, колу-бутун тушаганына кыжырлана башташы мүмкүн. Аларды: «Эмне үчүн башыма мындай азап түштү?» — деген ой кыйнашы ыктымал.

7. Аюбдун оорусуна аялы кандай караган жана ал эмнени унутуп койгон көрүнөт?

7 Аюбдун аялына да ушуга окшогон ойлор келгендир. Ал балдарынан айрылган. Улам бир апаттуу окуя болгон сайын, кайгысы, албетте, оордой берген. Акыр-аягы анын качандыр бир убакта ишкер жана бакубат жары азаптуу, көңүлдү иренжиткен ооруга кабылганын көргөндө, ал ушул бактысыздыктардын баарын көтөрүп кетүүгө жардам берүүчү маанилүү бир нерсени — өзүнүн жана күйөөсүнүн Кудай менен болгон мамилелерин — унутуп койсо керек. Ыйык Китепте: «Ошондо ага аялы: „Сен дагы эле өзүңдүн кемчиликсиздигиңде бек турасыңбы! Кудайга акарат келтир да, өл“,— деди»,— деп айтылат (Аюб 2:9).

8. Үйдөгүлөрдүн бири катуу ооруп калганда, башкаларына туура көзкарашта болууга кайсы аяттар жардам берет?

8 Кимдир бирөөнүн оорусунун айынан жашоосун түп-тамырынан бери өзгөртүүгө туура келгенде, көп учурда адамдардын маанайы суз тартып, ал түгүл, кыжыры келет. Ошентсе да Кудайдын ой жүгүрткөн кызматчысы акыры ал жагдай сүйүүсүнүн чын экенин далилдөөгө мүмкүнчүлүк бергенин түшүнүшү керек. Чыныгы сүйүү «чыдамдуу, боорукер... өз пайдасын көздөбөйт... баарын жаап коёт, баарына ишенет, баарына үмүттөнөт, баарын көтөрөт» (1 Корунттуктарга 13:4—7). Ошондуктан терс сезимдерге алдыруудан көрө, аларды башкарып туруу үчүн бардык аракетибизди жумшашыбыз абзел (Накыл сөздөр 3:21).

9. Бирөө катуу ооруп жатканда, кандай ынандыруу үй-бүлөгө рухий жана эмоциялык жактан жардам берет?

9 Катуу оорулуу адам бар үй-бүлөдө рухий жана эмоциялык саламаттыкты сактап калуу үчүн эмне кылууга болот? Албетте, ар бир оору өзүнчө дарылоо менен кароону талап кылат, ошондуктан бул китепте дарылоонун же кароонун жолдорун кеңеш кылуу орунсуз болмок. Анткен менен Жахаба рухий жактан «жыгылып бара жаткандарды жыкпай кармап калат» (Забур 144:14). Дөөт падыша мындай деп жазган: «Бей-бечараны ойлогон адам бактылуу! Кыйынчылык күнү аны Теңир куткарат. Теңир аны коргоп, өмүрүн сактап калат... Ал ооруп жатканда, Теңир ага күч берет» (Забур 40:2—4). Кызматчылары эмоциялык жактан катуу кыйналып жатканда, Жахаба алардын рухий денсоолугун чыңдап турат (2 Корунттуктарга 4:7). Үйүндө бирөө катуу ооруп жаткандардын көбү забурчунун: «Теңир, мен абдан кыйналдым, Өз сөзүң боюнча мени тирилт»,— деген сөздөрүн кайталашат (Забур 118:107).

КАЙРАТ БЕРГЕН РУХ

10, 11. а) Үй-бүлөгө оору менен күрөшүү үчүн эмне зарыл? б) Бир аял күйөөсү ооруп жатканда эмне кылган?

10 Ыйык китептик накыл сөздө мындай делет: «Адамдын руху адамдын алсыздыгын көтөрөт, ал эми жараланган рухту ким сакайта алат?» (Накыл сөздөр 18:14). Эмоциялык жактан жаралануу «адамдын рухуна» эле эмес, жалпы үй-бүлөнүн рухуна да таасир этиши ыктымал. Бирок «момун жүрөк — денеге өмүр» (Накыл сөздөр 14:30). Олуттуу оору менен күрөшүүдө туруштук беришеби, жокпу, көбүнесе үй-бүлө мүчөлөрүнүн рухунан же маанайынан көзкаранды. (Салыштыргыла: Накыл сөздөр 17:22.)

11 Үйлөнгөндөрүнөн, болгону, алты жыл өткөндөн кийин күйөөсүнүн мээсине кан куюлуп кеткенде, Кудайдын бир кызматчысына көп нерсени көтөрүүгө туура келген. «Оору күйөөмдүн сүйлөө жөндөмүнө катуу таасир тийгизип, аны менен сүйлөшүү дээрлик мүмкүн эмес болуп калган,— деп эстейт ал.— Анын эмне дегиси келип жатканын араңдан зорго түшүнчүмүн». Ал эми күйөөсүнүн кандай кыйналып, көңүлү чөккөнүн элестетип көрсөңөр. Алар эмне кылышкан? Жыйналыштан алыс жашашса да, зайыбы рухий жактан бекем бойдон калуу үчүн уюмдун иштери тууралуу кабардар болууга жана «Күзөт мунарасы» менен «Ойгонгула!» журналдары аркылуу ар дайым рухий жактан тамактанып турууга бардык аракетин жумшаган. Бул ага сүйүктүү күйөөсүн төрт жыл бою, ал кайтыш болгонго чейин, багууга рухий күч берген.

12. Аюбдун мисалынан көрүнүп тургандай, ооруган адам кээде кандай жардам көрсөтө алат?

12 Аюб менен болгон окуяда дал ошол азап чеккен Аюб жеңүүчү болуп чыккан. Ал аялына: «Кудайдан биз жакшылыкты кабыл алып, жамандыкты кабыл албай коёбузбу?» — деген (Аюб 2:10). Кийинчерээк Ыйсанын шакирти Жакып Аюбдун чыдамкайлыгы менен сабырдуулугун эмне себептен үлгү катары келтиргени түшүнүктүү. Жакып 5:11ден: «Аюб пайгамбардын чыдамдуулугу жөнүндө уккансыңар, акырында Теңирдин ага эмне кылганын да билесиңер. Анткени Теңир аябай ырайымдуу жана боорукер»,— дегенди окуйбуз. Ошо сыңары, бүгүн да ооруп жаткан адамдын кайраты туугандарына оң маанай сактоого жардам берет.

13. Жакындарынын бири ооруп жаткан үй-бүлө кандай салыштырууларды жасабаганы абзел?

13 Көптөр жакын адамынын ооруп калганын кабыл алуу адегенде кыйын болорун айтышат. Алар адамдын жагдайга карата кандай көзкарашта экени да абдан маанилүү экенин белгилешет. Балким, башында үй-бүлөнүн жашоосунун көнүмүш агымын өзгөртүү же жаңы шартка ылайыкташуу кыйындыр. Бирок чындап аракет кылган адам жагдайга ылайыкташа алат. Ошону менен бирге, өзүбүздүн жагдайды үй-бүлөсүндө эч кимиси оорубаган адамдардын шарты менен салыштырбашыбыз, «ошолордуку эле жыргал», «бул — барып турган адилетсиздик!» деп ойлобошубуз зарыл. Башкалардын кандай кыйынчылыктары бар экенин эч ким аныгына жете билбейт да. Ыйсанын: «Чарчап-чаалыккандар жана түйшүк тарткандар, баарыңар Мага келгиле, Мен силерге тынчтык берем»,— деген сөздөрү Кудайдын бардык кызматчыларын жубатат (Матай 11:28).

ЧЕЧҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛГАН СУРООЛОР

14. Бирөө-жарым ооруп калса, эмне кылуу дурус?

14 Эгерде бирөө-жарымы катуу ооруп калса, үй-бүлө мүчөлөрүнүн баарынын: «Кеңешчилер көп болсо, алар [иштер] ишке ашат»,— деген Кудайдан шыктандырылган сөздөрдү эстен чыгарбаганы дурус (Накыл сөздөр 15:22). Баары чогулуп, оорунун айынан пайда болгон жагдайды талкуулай алышабы? Албетте, аны Кудайга тиленүү жана анын Сөзүн колдонуу менен талкуулоо туура болмок (Забур 24:5). Үй-бүлө эмнелерди талкуулап чыгышы керек? Дарылоо, акча, үй-бүлөлүк жашоодогу өзгөрүүлөр — ушул суроолордун баарын чечүү талап. Оорулууну багуу жоопкерчилиги кимдин мойнунда болот? Башкалар кантип жардам бере алышат? Бул өзгөрүүлөр үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө кандай таасир тийгизет? Оорулууну багуу жоопкерчилиги артылган адамдын рухий жана башка муктаждыктарына кандайча кам көрүлөт?

15. Жакыны ооруп жаткандарды Жахаба кандайча колдойт?

15 Эгерде чын жүрөгүбүз менен тиленип Жахабадан жетекчилик сурасак, анын Сөзүнөн билгендерибиз тууралуу ой жүгүртсөк жана белибизди бек бууп, анда көрсөтүлгөн жол менен жүрсөк, өзүбүз күткөндөн да арбын баталарды алышыбыз ыктымал. Албетте, ооруган адамдардын баары эле айыгып кете бербейт. Бирок Жахабага таянуу, кандай жагдайда болбосун, жакшы натыйжа берет (Забур 54:23). Забурчу: «Сенин ырайымың мени колдогон, Теңирим. Менин жүрөгүмдө кайгы көбөйгөндө, Сенин сооротууларың жанымды жыргатат»,— деп жазган (Забур 93:18, 19; Забур 62:7—9-аяттарды да карагыла).

БАЛДАРГА ЖАРДАМ БЕРҮҮ

Кыйынчылыктар менен үй-бүлө чогуу күрөшсө, туруштук бере алат.

16, 17. Кичине балдарга биртууганын оорусун түшүндүргөндө эмнелерге көңүл буруу кажет?

16 Үй-бүлөдө кимдир бирөөнүн катуу ооруп калышы балдарга бир топ кыйынчылык алып келиши мүмкүн. Ата-эне балдарына үйдө кандай жагдай пайда болгонун жана алар кантип жардам бере алышарын түшүндүрүшү маанилүү. Эгерде бала ооруп жатса, ата-эне калган балдарына ооруган балага көп көңүл бурушу, кам көрүшү башкаларын азыраак жакшы көрүшөрүн билдирбесин түшүндүрүшү керек. Алар балдардын ортосунда таарынычтын же атаандашуунун өрчүшүнө жол бербей, кайра бири-бирине жакындашууга, ынак болууга жардам берип, оорунун кесепетинен пайда болгон жагдай менен чогуу-чараан күрөшө алышат.

17 Дегинкиси, кичинекей балдар медициналык түшүнүктөрдү узун, татаал сөздөр менен түшүндүргөнгө караганда, алардын сезимдерин козгогудай кылып түшүндүрүп бергенде жакшы кабыл алат. Ошондуктан ата-эне аларга ооруган жакыны өзүн кандай сезип жатканын бир аз түшүндүрүп беришсе болот. Эгер денсоолугу чың балдар өздөрү оңой эле жасап коё турган нерселердин көбүн ооруп жаткан биртууганы жасай албасын көрүшсө, «бир тууганын сүйүп», «боорукерлик» менен мамиле жасашы ыктымал (1 Петир 3:8).

18. Чоңураак балдарга оорунун айынан үйдө кандай кыйынчылыктар пайда болгонун кантип түшүндүрүүгө болот жана алардын жагдайды түшүнүшү эмнеси менен пайдалуу?

18 Ал эми чоңураак балдарга үйдө кыйын жагдай пайда болгонун, ал жагдай үйдөгүлөрдүн ар биринен кандайдыр бир нерселерден кечүүнү талап кыларын түшүндүрүш керек. Ата-энеге врачтардын тейлөөсү, медициналык жардам үчүн акча төлөөгө туура келгендиктен, балдарына каалагандарын алып берүүгө шарты жок болушу мүмкүн. Балдар ага таарынып, өзүлөрүн бир нерседен кур калып жаткандай сезеби? Же алар жагдайды түшүнүшүп, кайсы бир нерселерден кечүүгө даярбы? Бу суроолордун кандайча талкууланганынан жана үй-бүлөнүн маанайынан көп нерсе көзкаранды. Жакындарынын бири ооруган үй-бүлөлөрдүн көбүндө балдар Пабылдын: «Эч бир нерсени атаандаштык жана көйрөңдүк менен кылбагыла, тескерисинче, момундук менен башкаларды өзүңөрдөн жогору санагыла. Ар кимиң өзүңдү гана эмес, өзгөнү да ойло»,— деген кеңешине жараша жүрүүгө үйрөнүшкөн (Филипиликтерге 2:3, 4).

ДАРЫЛАНУУГА КАНДАЙ КАРАШЫБЫЗ КЕРЕК?

19, 20. а) Үйдөгүлөрүнүн бири ооруп жатса, үй-бүлө башчыларына кандай жоопкерчилик артылат? б) Ыйык Китеп медициналык китеп болбосо да, дарылануу боюнча кандай жетекчилик берет?

19 Кудайдын теңсалмактуу кызматчылары анын мыйзамдарына кайчы келбеген медициналык жол менен дарыланууга каршы эмес. Жакыны ооруп калса, алар анын абалын жеңилдетүүнүн ыкмаларын табууга аракеттенишет. Бирок кээде медицина адистери карама-каршы кеңештерди бериши мүмкүн, аларды кылдат таразалап көрүү талап. Андан тышкары, акыркы жылдары оорунун жаңы түрлөрү пайда болууда. Алардын көбүнүн дарылоо жолдору али аныктала элек. Кээде туура диагноз коюу да кыйын болот. Мындай учурларда Кудайдын кызматчысы эмне кылышы керек?

20 Ыйык Китептин жазуучуларынын бири дарыгер болсо да жана элчи Пабыл досу Тиметейге медициналык көзкараш боюнча пайдалуу кеңеш берсе да, Ыйык Китеп медициналык китеп эмес. Анда адеп-ахлактык жана рухий тармактар үчүн жетекчилик берилген (Колостуктарга 4:14; 1 Тиметейге 5:23). Ошондуктан дарылануунун кандай түрүн тандоону үй-бүлө башчысы өзү теңсалмактуулук менен чечиши керек. Балким, ал адегенде бир нече адистердин оюн билип көрүүнү туура көрөттүр. (Салыштыргыла: Накыл сөздөр 18:17.) Албетте, үй-бүлө жакынынын мүмкүн болушунча жакшы жардам алышын каалайт, ошондуктан көптөр тажрыйбалуу врачтарга кайрылат. Кай бирлери дарылануунун элдик ыкмаларын тандашат. Муну да ар ким өзү чечет. Бирок Кудайдын кызматчылары үчүн, денсоолукка байланыштуу кыйынчылыктарды чечип жатышканда, Кудайдын Сөзү «бутуна шам, жолуна түшкөн жарык» болушу абзел (Забур 118:105). Алар Ыйык Китептин жетекчилигине баш ийүүдөн жазбайт (Ышайа 55:8, 9). Ошентип, алар дартты аныктоонун спиритизм менен байланышы бар түрлөрүнөн сактанышат жана ыйык китептик принциптерге каршы келген жолдор менен дарылануудан баш тартышат (Забур 35:10; Элчилер 15:28, 29; Аян 21:8).

21, 22. Бир аял ыйык китептик принциптин үстүнөн кандайча ой жүгүрткөн жана чечими кандай натыйжа алып келген?

21 Азиядагы бир жаш аял мындай жагдайга кабылган. Ал Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китеп изилдей баштаганынан көп узабай эле ай-күнүнө жете элегинде салмагы бир жарым килограммга жетпеген кыз төрөгөн. Врачтын бала тийиштүү түрдө жетилбей, баспай да калышы мүмкүн дегени аялдын жүрөгүнө канжардай сайылган. Анан врач кызын балдар үйүнө өткөрүп таштоону кеңеш кылганда, күйөөсү эки анжы болуп, эмне кыларын билбей кыйналган. Аял жардам издеп каякка кайрылган?

22 «Ыйык Китептеги: „Теңирден болгон мурас — балдар. Андан болгон сыйлык — курсактын жемиши“,— дегендерди эстедим»,— дейт ал (Забур 126:3). Ал өзүнүн «мурасын» үйүнө алып барып багууну чечкен. Адегенде жаш эне абдан кыйналган, бирок ага Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү жыйналышындагы достору жардам берген. Ал акырындык менен кыйынчылыктарды жеңип, баласын тийиштүү түрдө бага алган. Арадан он эки жыл өткөндөн кийин, кыз Падышалык залындагы жолугушууларга катышып, өзү теңдүү балдар-кыздар менен кудуңдап сүйлөшүп жүргөн. Энеси: «Ыйык китептик принциптердин жардамы менен туура чечим кабыл алганыма ушунчалык сүйүнөм. Ыйык Китеп мага Жахабанын алдында абийиримди таза сактоого жардам берди. Ал болбосо, өмүр бою өкүнүп жүрүп өтмөкмүн»,— дейт.

23. Оорулууларга жана аларды багып жаткандарга Ыйык Китеп кандай жубатуу берет?

23 Оорудан адамзат түбөлүккө запкы тарта бербейт. Ышайа пайгамбар «тургундардын бири да: „Мен ооруп жатам“,— деп айтпай» турган убак келерин белгилеген (Ышайа 33:24). Бул убада тездик менен жакындап келаткан жаңы заманда аткарылат. Азырынча бизге оору-сыркоолор менен күрөшүүгө, өлүмгө моюн сунууга туура келүүдө. Бактыга жараша, биз Кудайдын Сөзүнөн жетекчилик жана жардам ала алабыз. Жүрүм-турумдун Ыйык Китепте берилген негизги нормалары жеткилең эмес адамдардын өзгөрмөлүү ой-пикирлеринен алда канча жогору жана туруктуу. Ошон үчүн акылман адам забурчунун: «Кудайдын мыйзамы жеткилең, ал жанга күч берет. Теңирдин аяны туура, ал жөнөкөйлөрдү акылдуу кылат... Теңирдин жазалары адилет, бардыгы туура... Кудайдын кулу ошолор аркылуу сакталып жүрөт. Аларды сактагандарга — чоң сыйлык»,— деп айткандарына кошулат (Забур 18:8, 10, 12).