Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ОН ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ

Нике бузулганы турса...

Нике бузулганы турса...

1, 2. Үй-бүлөңөрдө кыйынчылыктар көп болсо, өзүңөргө кандай суроо берип көрүшүңөр керек?

 ЛЮЧИЯ аттуу италиялык аял 1988-жылы оор депрессияга кабылган *. Күйөөсү экөө он жыл чогуу жашаган соң, ажырашып кетишкен. Жолдошу менен тил табышууга канча аракет кылса да, эч майнап чыкпай, экөөнүн мүнөздөрү келишпей койгондуктан, Лючия күйөөсүнөн кетип калган. Эми ал чиедей эки кызын жалгыз бутуна тургузушу керек эле. Ошондогуларды эстеп Лючия: «Никебизди эч нерсе сактап кала албайт деген жыйынтыкка келгем»,— дейт.

2 Силер да ушу сыяктуу кыйынчылыкка кабылып жатсаңар, Лючиянын сезимдерин түшүнөт болушуңар керек. Балким, никелик жарыңар менен өз ара мамилеңер ойдогудай болбой калып, үй-бүлөмдү сактап кала аламбы деп ойлонуп жүргөндүрсүңөр. Анда: «Үй-бүлөбүз бактылуу болушу үчүн, Кудайдын Ыйык Китептеги жакшы кеңештерин колдонуп жатамбы?» — деп ой жүгүртүп көрүү пайдалуу болот (Забур 118:105).

3. Ажырашкандардын саны өсүп баратса да, алардын көбү жана үй-бүлөлөрү эмне болушат?

3 Күйөөсү менен аялынын ортосунда олуттуу келишпестиктер чыкканда, аларды ажырашуу менен чечүү баарынан оңойдой көрүнүшү мүмкүн. Ооба, көптөгөн өлкөлөрдө ажырашкандардын саны болуп көрбөгөндөй өсүп баратат, бирок жакын арада жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжалары ажырашып кеткендердин көбү өкүнүшөрүн көрсөтүп турат. Алардын арасында, жары менен жашап жаткандарга караганда, денелик жана психикалык жактан ооругандардын саны жогорураак. Ажырашкан жубайлардын балдары көпкө өзүнө келе албай, бир нече жылдар бою жапа тартышат. Андан сырткары, ата-энелери менен достору да капаланышат. Ал эми никенин Негиздөөчүсү болгон Кудай мындай жагдайга кандай карайт?

4. Никедеги кыйынчылыктарды кантип чечүү керек?

4 Буга чейинки бөлүмдөрдө айтылгандай, Кудай никенин убактылуу эмес, бекем түзүлүш болушун каалаган (Башталыш 2:24). Анда эмне себептен ушунча көп адамдар ажырашышат? Нике заматта бузула калбайт. Адатта, абалдын начарлап баратканын көрсөткөн белгилер болот. Никедеги майда-барат кыйынчылыктар ырбап олтуруп, такыр жеңилгис деңгээлге жеткендей сезилип калышы мүмкүн. Бирок ал кыйынчылыктарды өз учурунда Ыйык Китептин жардамы менен чечип турса, көптөгөн үй-бүлөлөрдү ажырашуудан сактап калууга болмок.

ЖАШООГО БОЛГОН КӨЗКАРАШЫҢАР РЕАЛДУУ БОЛСУН

5. Ар бир никеде эмнеге даяр болуу керек?

5 Кээде жарлардын биринин же экөөнүн тең чоң кыялдарынын аткарылбай, күткөндөрүнүн ордунан чыкпай калышы кыйынчылыктарды пайда кылат. Сүйүү романдары, белгилүү журналдар, телеберүүлөр менен кинотасмалар адамдарда чыныгы жашоодон алда канча алыс үмүттөр менен кыялдарды жаратат. Кыялы аткарылбай калганда, адам өзүн алданып калгандай сезиши, нааразы болушу, ал эмес, ачууланышы мүмкүн. Анда жеткилең эмес эки адам канткенде үй-бүлөлүк жашоодо бакытка жете алат? Өз ара жакшы мамиле өрчүтүш үчүн, күч-аракет жумшоо талап.

6. а) Ыйык Китепте никеге карата кандай теңсалмактуу көзкараш берилген? б) Никедеги келишпестиктер эмнелерден улам пайда болушу мүмкүн?

6 Ыйык Китеп кеңешке бай. Ал нике кубаныч тартууларын айтуу менен бирге, үйлөнгөндөр «дене жагынан азап тартышарын» эскертет (1 Корунттуктарга 7:28). Буга чейин белгиленип кеткендей, жарлардын экөө тең жеткилең эмес, андыктан жаңылбай коюшпайт. Алардын акылы, туюм-сезими жана тарбиясы ар башка. Кээде жарлардын ортосунда акчанын, бала-бакырасынын, тууган-туушкандарынын айынан келишпестиктер пайда болот. Экөө бири-бирине тийиштүү түрдө убакыт бөлбөсө же жыныстык мамилелеринде кыйынчылыктар бар болсо да чыр-чатак чыгышы мүмкүн *. Аларды чечүү үчүн убакыт керек, ошентсе да көңүлүңөрдү чөгөрбөгүлө! Жарлардын көбү мындай кыйынчылыктарга тике карап, аларды экөөнө тең жаккан жол менен чече алышат.

КАРШЫ ПИКИРЛЕРИҢЕРДИ ТАЛКУУЛАГЫЛА

7, 8. Жубайлардын ортосунда түшүнбөстүк же таарыныч пайда болсо, жагдайды ыйык китептик жол менен кантип оңдоого болот?

7 Ызасы, түшүнбөстүктөрү же кетирилген каталар тууралуу айтып жатканда көптөр кармана албай кетишет. «Мени жакшы түшүнбөй калдың окшойт»,— деп ачыгын айтуунун ордуна, адам туталанып, «арадай жерге чарадай жыйын куруп» жибериши ыктымал. Көптөр «качан болсо өзүңдү эле ойлойсуң» же «билип турбаймбы, мени жакшы көрбөйсүң» деп киришет. «Ырылдашып-чырылдашкысы» келбеген экинчи тарап унчукпай койсом кутулам деп ойлойт.

8 Бирок мындай учурда Ыйык Китептин: «Ачууланганыңарда күнөө кетирбегиле: күн батканча, ачууңарды баскыла»,— деген кеңешине ылыйык иш кылуу алда канча дурус (Эфестиктерге 4:26). Чогуу 60 жыл бактылуу жашаган бир жубайлардан никенин бекем болушуна эмне өбөлгө түзөрүн сурашканда, күйөөсү: «Биз бүт келишпестиктерди, кичинеси болобу, чоңу болобу, чечмейин жатпоону эреже кылып алганбыз»,— деген.

9. а) Ыйык Китепте айтылгандарга ылайык, пикир алмашууга дагы эмнелер кирет? б) Жубайлар эрдик жана момундук сапатын көрсөтүп, көп учурда эмне кылышы абзел?

9 Күйөөсү менен аялынын пикири, көзкарашы дал келишпей калганда, ар бири «укканга даяр болуп, ойлонуп сүйлөп, ачууга алдырбашы» керек (Жакып 1:19). Бири-бирин кунт коюп угуп көрүп, аялы да, күйөөсү да кечирим сураш керек экенин түшүнүшү мүмкүн (Жакып 5:16). «Капалантып койгонум үчүн кечирип койчу»,— деп чын ниеттен айтууга момундук жана эрдик керек. Келишпестиктерди дал ушинтип чечүү менен жубайлар көйгөйдү чечүүгө гана эмес, бири-бири менен баарлашуудан көбүрөөк ыракат алууга мүмкүнчүлүк бере турган ынак жана тыгыз мамиле өрчүтүшөт.

ЖУБАЙЛЫК МИЛДЕТТИ АТКАРУУ

10. Пабылдын Корунттагы ишенимдештерине берген кайсы кеңешин Кудайдын азыркы кызматчылары да колдонушу мүмкүн?

10 Элчи Пабыл корунттуктарга жазган катында «ойноштук кылбаш үчүн», үй-бүлө курууну кеңеш кылган (1 Корунттуктарга 7:2). Бүгүнкү күндө дүйнө адеп-ахлаксыздык жагынан байыркы Корунттан ашып түшпөсө, кем калышпайт. Дүйнөнүн адамдары ачыктан ачык талкуулашкан адепсиз темалар, кийим-кечелер жана китеп-журналдарда, телеберүүлөрдө, видеотасмаларда камтылган кумарлуу окуялар — ушулардын баары орунсуз жыныстык каалоолорду ойготот. Ушу сыяктуу чөйрөдө жашаган корунттуктарга элчи Пабыл: «Кумарлангандан көрө үйлөнгөн жакшы»,— деген (1 Корунттуктарга 7:9).

11, 12. а) Жубайлардын бири-биринин алдында кандай милдети бар жана аны алар кандай маанай менен аткарышы керек? б) Жубайлык милдетти аткаруудан убактылуу кармануу керек болгондо эмне кылуу кажет?

11 Ошондуктан Кудайдын үй-бүлөлүү кызматчыларына Ыйык Китеп: «Күйөөсү аялына карата, аялы күйөөсүнө карата жубайлык милдетин аткарсын»,— деп көрсөтмө берет (1 Корунттуктарга 7:3). Бул жерде ар бири өз милдетин аткарууга тийиш экендигине басым жасалып жатканына көңүл бурсаңар. Ооба, жубайлар бири-биринин ооматын ойлогондо гана никедеги денелик жакындык нагыз канааттануу берет. Мисалы, Ыйык Китеп күйөөлөргө аялдарына «туура мамиле кылууну» буйрат (1 Петир 3:7). Бул, өзгөчө, жубайлардын жыныстык мамилелеринде маанилүү. Эгерде күйөөсү назик мамиле кылбаса, аялы никедеги жыныстык мамиледен канааттануу алары күмөн.

12 Кээде аялынын же күйөөсүнүн жубайлык милдетин аткаруудан карманган учурлары болот. Мисалы, аялы айдын белгилүү бир күндөрүндө же абдан чарчап турганда ошентиши ыктымал. (Салыштыргыла: Лебилер 18:19.) Күйөөсү да жумушунда олуттуу кыйынчылыктар болуп, эмоциялык жактан чарчап турганда ошентеттир. Жубайлык милдетин аткаруудан убактылуу карманууга туура келген кездерде бардыгын ачык сүйлөшүп, «өз ара макулдашып» алуу абзел (1 Корунттуктарга 7:5). Бул жубайларды туура эмес, шашылыш жыйынтык чыгарып алуудан сактайт. А бирок аялы өжөрлөнүп күйөөсүнө моюн бербесе же күйөөсү жубайлык милдетин мээримдүүлүк менен аткаруудан атайылап баш тартса, азгырыкка туруштук берүү кыйыныраак болот. Анда никеде кыйынчылыктар пайда болушу мүмкүн.

13. Ой жүгүртүүлөрүн таза сакташ үчүн, Кудайдын кызматчылары эмне кылышы керек?

13 Кудайдын үй-бүлөлүү кызматчылары, анын бардык кызматчыларындай эле, бейтабигый, ыпылас каалоолорду туудура турган порнографиядан качууга тийиш (Колостуктарга 3:5). Бөлөк жыныстагы адам менен сүйлөшүп жатканда, өз ойлорун жана кылган иштерин башкарып турушу керек. Ыйса: «Аял кишиге кумарлануу менен караган адам өз жүрөгүндө ойноштук кылган болот»,— деп эскерткен (Матай 5:28). Жубайлар жыныстык мамиледе ыйык китептик кеңештерди колдонуу менен ар кандай азгырыктан жана ойноштук кылуудан оолак боло алышат. Алар никедеги жакындыктан ыракат алып, аны никенин Негиздөөчүсү Жахаба берген жакшы белек катары баалашат (Накыл сөздөр 5:15—19).

АЖЫРАШУУГА ЖОЛ БЕРГЕН ЫЙЫК КИТЕПТИК НЕГИЗДЕР

14. Кээде кандай өкүнүчтүү жагдайлар пайда болот? Эмне себептен?

14 Бактыга жараша, Кудайдын кызматчыларынын көбү никесинде пайда болгон кыйынчылыктарды жеңе алышат. Ошентсе да кээде андай болбой калат. Адамдык жеткилеңсиздиктен жана Шайтандын бийлиги астында жаткан бузулган дүйнөдө жашап жаткандыктан, кээ бир никелер бузулар чекке жетип калат (1 Жакан 5:19). Мындай оор жагдайга кабылган Кудайдын кызматчылары эмне кылышы керек?

15. а) Ажырашып, кайра үй-бүлө курууга жол берүүчү ыйык китептик жалгыз себеп кайсы? б) Эмне себептен айрымдар, жары берилгендигин бузса да, ажырашпоону чечишет?

15 Бул китептин экинчи бөлүмүндө белгиленгендей, ажырашып, кайра үй-бүлө курууга жол берүүчү ыйык китептик жалгыз себеп — ойноштук (Матай 19:9) *. Эгерде сенде жарыңдын ойноштук кылганына айкын далил бар болсо, өтө оор чечим чыгарууга туура келет. Никеңди сактап каласыңбы же ажырашууну чечесиңби? Бул боюнча бир беткей эреже жок. Кудайдын кызматчыларынын кээси чындап өкүнгөн жарын толук кечирип, андан ары жакшы жашап кетишет. Башкалары балдары үчүн ажырашпоону чечишет.

16. а) Эмне себептен айрымдар күнөө кетирген жары менен ажырашууну чечишет? б) Бейкүнөө тарап ажырашууну же ажырашпоону чечкенде, эмне үчүн аны эч ким айыптабоого тийиш?

16 Бирок кээде андай иш кошбойлуулукка же жыныстык жол менен таралуучу ооруларды жуктурууга алып келиши мүмкүн. Же баланы атасынын же энесинин жыныстык жактан асылууларынан коргоо керек болот. Чечим чыгарар алдында көптү ойлонуштуруу зарыл болору түшүнүктүү. А бирок жарыңдын ойноштук кылганын билгенден кийин аны менен жыныстык мамилеңди улантсаң, жарыңды кечиргениңди, никеңди сактоону каалаарыңды көрсөткөн болосуң. Анда ажырашып, кайрадан үйлөнүүгө жол берүүчү ыйык китептик негиз жоюлат. Жагдайга эч ким кийлигишпөөгө, чечимиңе таасир этпөөгө тийиш жана кандай чечимге келбе, сени айыптоого эч кимдин укугу жок. Чыгарган чечимиңдин натыйжаларын өзүң көтөрөсүң. «Анткени ар ким өз жүгүн өзү көтөрөт» (Галаттыктарга 6:5).

ЭКИ БӨЛӨК ЖАШООГО ЖОЛ БЕРҮҮЧҮ НЕГИЗДЕР

17. Жазмага ылайык, жары ойноштук кылбаса, бөлөк жашоо же ажырашуу эмне кылууга укук бербейт?

17 Никелик жары ойноштук кылбаса да, андан бөлөк жашоого же балким, аны менен ажырашууга туура келген учурлар болобу? Болот, бирок андай учурларда Кудайдын кызматчысынын жаңы никелик жар издөөгө укугу жок (Матай 5:32). Ыйык Китепте эки бөлөк жашоого жол берилгени менен, жарынан бөлөк жашаган адам «кайра күйөөгө тийбесин [аял албасын], же күйөөсү [аялы] менен жарашсын» деген эскертүү айтылат (1 Корунттуктарга 7:11). Кандай жагдайларда бөлөк жашоо жөндүү болушу мүмкүн?

18, 19. Кандай олуттуу жагдайлардан улам адам, Ыйык Китеп боюнча, кайрадан үй-бүлө курууга жол берилбесе да, ажырашууну же бөлөк жашоону ойлонууга аргасыз болушу мүмкүн?

18 Мисалы, күйөөсүнүн көз көрүнөө жалкоолугунан жана жаман адаттарынан улам үй-бүлө жашоого каражатсыз калышы мүмкүн *. Ал үй-бүлөсүнүн кирешесин бүт уттуруп же баңгизатка, же ичкиликке ысырап кылып жаткандыр. Ыйык Китепте: «Ким... өз үйүндөгүлөрү үчүн кам көрбөсө, ал ишенимден баш тарткан, ишенбегендерден да жаман адам»,— деп айтылат (1 Тиметейге 5:8). Андай адам өзгөргүсү келбесе, балким, аялы тапкан акчаны да жаман адаттарына корото берсе, аялы, алардын өлкөсүндө мыйзам тарабынан жол берилсе, соттун чечими боюнча бөлөк жашоо укугун алып, өзүнүн жана балдарынын саламаттыгын коргоону чече алат.

19 Жары өтө ырайымсыз мамиле көрсөтө берсе, мисалы, денсоолугуна, атүгүл өмүрүнө коркунуч туудургуча сабап жүрсө да жагдайды ушундай мыйзамдуу жол менен чечүүгө болот. Андан тышкары, жары ар качан тигил же бул жолдор менен Кудайдын буйруктарын буздурууга аракеттене берсе, өзгөчө, кысым көрүп жаткан жубайынын рухий саламаттыгына зыян келүү коркунучу туулса да бөлөк жашоону ойлонуп көрүүгө болот. Жапа тарткан тарап «адамдарга караганда, Кудайга көбүрөөк баш ийүү» деген буйрукту аткаруу соттун чечими боюнча бөлөк жашоо укугун алганда гана мүмкүн деген чечимге келиши ыктымал (Элчилер 5:29).

20. а) Үй-бүлө бузулганы турса, жетилген жолдоштору жана аксакалдар кандай жардам көрсөтө алышат, бирок эмне кылбашы керек? б) Никедеги адамдар бөлөк жашоо жана ажырашууга байланыштуу ыйык китептик аяттарды кандай максатта колдонбоого тийиш?

20 Жары канчалык катаал мамиле жасабасын, эч ким айыпсыз адамды андан кетип калууга же аны менен жашай берүүгө мажбурлабоого тийиш. Ага жетилген достору менен аксакалдар жардам берип, Ыйык Китептин негизинде кеңеш бере алышканы менен, алар аялы менен күйөөсүнүн ортосунда эмне болуп жатканын майда-баратына чейин билишпейт. Аны Жахаба гана билет. Албетте, Кудайдын кызматчысымын деген аял болор-болбос шылтоо менен ажырашууга аракеттенсе, Кудай негиздеген нике түзүлүшүн сыйлабагандыгын көрсөтмөк. Ал эми үйүндө калуу мурдагыдай эле өтө кооптуу болсо, бөлөк жашоону чечкен аялды эч ким сынга албашы керек. Жогоруда айтылгандар бөлөк жашоону чечкен эркек биртууганга да тиешелүү. Акыры «баарыбыз Кудайдын сотуна келебиз» (Римдиктерге 14:10).

БУЗУЛГАНЫ ТУРГАН НИКЕ КАНТИП САКТАЛГАН?

21. Никеге байланыштуу ыйык китептик кеңештердин жардам берерин кайсы мисал көрсөтөт?

21 Жогоруда кеп кылынган Лючия күйөөсүнөн кетип калганына үч ай болгондо, Жахабанын Күбөлөрүнө жолугуп, Ыйык Китеп изилдей баштаган. «Ыйык Китепте көйгөйүмдү чечүүнүн жолу көрсөтүлгөнүнө аябай таң калдым,— дейт ал.— Бир жума изилдегенден кийин эле күйөөм менен кайра жарашкым келе баштады. Азыр мен кыйналган үй-бүлөлөрдү кантип сактоо керектигин Жахаба билет деп ишенимдүү айта алам, анткени анын окуулары жубайларга бири-бирин сыйлоону үйрөтөт. Айрымдар Жахабанын Күбөлөрүнө үй-бүлөлөрдү бузат деген айып коюшат. Менин жагдайымда тескерисинче болду». Лючия Ыйык Китептин принциптерин жашоосунда колдонууга үйрөнгөн.

22. Жубайлар эмнеге толук ишениши керек?

22 Лючия сыяктуулар аз эмес. Нике азап эмес, бата болууга тийиш. Ал үчүн Жахаба никеге байланыштуу кеңештердин теңдешсиз булагы болгон баа жеткис Сөзүн берген. Ыйык Китеп «жөнөкөйлөрдү акылдуу кылат» (Забур 18:8—12). Ал көп жарларды ажырашуудан сактап калган, дагы көптөр анын жардамы менен олуттуу кыйынчылыктарын чечишкен. Эмесе, жубайлардын баары Жахаба Кудайдын үй-бүлөгө карата берген кеңештери жардам берерине толук ишенип, аларды жашоолорунда колдоно беришсин!

^ Ысмы өзгөртүлүп берилди.

^ Бул жагдайлардын айрымдары мындан мурунку бөлүмдөрдө каралган.

^ Ыйык Китептеги «ойноштук» деп которулган сөз жубайлык берилгендикти бузууну, гомосексуализмди, айбанаттар менен катышууну жана жыныстык мүчөлөрдү колдонуп ыпылас иштерди жасоону билдирет.

^ Бул жерде күйөөсү үй бүлөсүн камсыз кылууну кааласа да андан көз каранды болбогон себептерден улам камсыз кыла албай жаткан мисалы ооруп же жумуш таппай жактан учурлар айтылган жок.