Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Аалам кантип пайда болгон? Кайчы пикирлер

Аалам кантип пайда болгон? Кайчы пикирлер

Экинчи бөлүм

Аалам кантип пайда болгон? Кайчы пикирлер

КОСМОС кемесинин иллюминаторунан калкып өтүп бараткан Жерди көргөндө суктанган космонавттар аны сүрөткө тартып алгыча шашышат. Алардын бири: «Бул — космоско учканыңдагы эң кереметтүү оокум»,— деген. Бирок Күн системасына салыштырмалуу биздин Жер — тырмактай эле бир нерсе: Күндүн ичине Жердей болгон миллиондогон планета батып кетмек, ошондо да бош орун калмак! Аалам жөнүндөгү мындай фактылардын биздин жашообуз, анын маңызы менен кандайдыр бир байланышы барбы?

Келгиле, оюбуз менен Аалам мейкиндигине саякаттап, Жер менен Күндүн чен-өлчөмдөрүн жана жайгашкан ордун изилдеп көрөлү. Биздин Күн Саманчынын жолу галактикасынын * спиралдуу тармагында жайгашкан сансыз жылдыздардын бири гана. Ал эми Саманчынын жолу галактикасы — Ааламдын тырмактай гана бөлүкчөсү. Биз куралсыз көз менен асмандан көптөгөн бүлбүл тактарды көрөбүз. Чынында, алар — галактикалар, алардын бири, мисалы, ары көрктүү, ары көлөмдүү Андромеда. Саманчынын жолу, Андромеда тумандуулугу жана башка 20 чакты галактика гравитациялык күч аркылуу биригип, галактикалар чогулмасын түзөт. Ал чогулма галактикалардын эбегейсиз зор чогулмасында кичине гана орунду ээлейт. Ааламда галактикалардын эбегейсиз зор чогулмалары абдан көп, бирок Ааламдын толук көрүнүшү ошону менен эле чектелбейт.

Галактикалар чогулмалары космостук мейкиндикте текши жайгашкан эмес. Абдан чоңойтулганда алар көбүктөргө окшогон чоң ээндиктерди курчаган ичке ленталарга жана жиптерге окшоп көрүнөт. Кээ бир чогулмалар ушунчалык узун жана жазы келгендиктен, Улуу кытай дубалын элестетип турат. Бул биздин Ааламды космостук жарылуунун натыйжасында өзүнөн өзү пайда болгон деп эсептегендерди таң калтырууда. Бир белгилүү жазуучу «Сайентифик америкен» журналында: «Ааламдын таңдандырарлык жактарын даанараак көргөн сайын, анын канткенде ушундай болуп түзүлүп калганын жөнөкөй теория менен түшүндүрүп берүү биз үчүн кыйындап баратат»,— деп тыянак чыгарган.

Далилдер башталыштын болгондугун күбөлөндүрөт

Бизге көрүнгөн жылдыздардын баары Саманчынын жолу галактикасына кирет. Бул галактиканы 1920-жылга чейин жалгыз галактика деп эсептешкен. Бирок кийин күчтүүрөөк телескоптордун жардамы менен ал түшүнүктүн туура эмес экени аныкталганын билет чыгарсыңар. Биздин Ааламда, эң эле аз дегенде, 50000000000 галактика бар. Элүү миллиард жылдыз эмес, ар бири биздин Күнгө окшогон миллиарддаган жылдыздарды камтыган, бери дегенде, 50 миллиард галактика бар. Бирок 1920-жылдары илимпоздорду галактикалардын саны эле эмес, алардын баарынын кыймылда болушу да таң калтырды.

Астрономдор таң калыштуу ачылыш жасашкан: галактика жарыгын призма аркылуу өткөзгөндө, жарык толкунунун узарганы көрүнгөн; бул галактикалардын бизден өтө чоң ылдамдык менен алыстап баратканын көрсөтөт. Галактика бизден канчалык ыраак болсо, ал ошончолук тезирээк алыстайт. Мындан Ааламдын кеңейип жаткандыгы көрүнүп турат! *

Биз астрономияны профессионалдык деңгээлде же жөн эле кызыккандыктан изилдебесек да, Ааламдын кеңейиши өткөн мезгил үчүн, кыязы, абдан маанилүү болгонун жана анын ар бирибиздин келечегибиз үчүн да маанилүү экенин түшүнө алабыз. Бул процессти бир нерсе башташы керек болчу, ошол эле учурда ал бүткүл Ааламдын зор гравитациясын басып өтүү үчүн, жетиштүү күчкө ээ болууга тийиш эле. Бизде: «Анчалык чоң динамикалык энергия кайсы булактан чыгышы мүмкүн?» — деп суроого толук негиз бар.

Окумуштуулардын көбү Ааламдын абдан кичине жана тыгыз (сингулярдык абалда) болгон кезине чейинки тарыхын изилдеп жатышса да, биз негизги суроого кол шилтеп коё албайбыз, ал суроону астроном Бернард Ловвел мындай деп түзгөн: «Аалам кайсы бир учурда көлөмү чексиз кичине жана чексиз чоң тыгыздыгы менен сингулярдык абалга жакын болгон болсо, анда биз: „Буга эмне себеп болгон? Ааламдын чегинен сырткары эмне бар эле?“ — деп сурашка аргасыз болобуз... Биз Башталыш маселесине такалабыз».

Бул эбегейсиз кубаттуу энергиянын булагы бар экендигинен да көптү билдирет. Ал булак алдыны көрө билген жана акылдуу болушу керек көрүнөт, себеби кеңейүүнүн ылдамдыгы абдан так жөнгө салынган сыяктанат. «Эгерде Аалам триллиондон бир секундага ылдамыраак кеңейип отурган болсо,— дейт Ловвел,— анда ушул убакка дейре Ааламдагы материянын баары жок болуп кетмек... Ал эми кеңейүү триллиондон бир секундага жайыраак өтсө, анда гравитациялык күчтөр Ааламдын пайда болгонунун болжол менен биринчи миллиард жылында эле аны кысылууга алып келмек. Андай болсо, узак жашаган жылдыздар да, тиричилик да болмок эмес».

Башталышты түшүндүрүп берүү аракеттери

Бүгүнкү күндө адистер Ааламдын кандайча пайда болгонун түшүндүрүп бере алышабы? Аалам жогорку акыл аркылуу жаратылган деген ойду туура көрүшпөгөн окумуштуулардын көбү ал кандайдыр бир процесстин натыйжасында жок нерседен пайда болгон деп болжошот. Бул силерге акылга сыярлыктай көрүнөбү? Мындай божомолдоолор физик Алан Гут тарабынан 1979-жылы биринчи жолу иштелип чыккан теориянын (кеңейүүчү Аалам моделинин) бир түрүндөй *. Бирок д-р Гут кийинчерээк өзүнүн теориясы «Ааламдын жок нерседен пайда болгонун түшүндүрбөй» турганын мойнуна алган. Д-р Андрей Линде «Сайентифик америкен» журналына жарыяланган макалада: «Азыркы космологиянын ошол баштапкы сингулярдыкты — бардыгы кайдан жана качан башталганын — түшүндүрүү маселесине мурдагыдай эле тиши өтпөй жатат»,— деп ачыгыраак билдирген.

Эгерде адистер Ааламдын пайда болушун жана анын өнүгүшүнүн алгачкы баскычтарын жакшылап түшүндүрө албаса, анда башка булактарга кайрылышыбыз керек эмеспи? Албетте, бул маселени чечмелөө үчүн көптөр көңүлүнө албаган далилдерди карап чыгууга бизде орчундуу себептер бар. Андай далилдерге материянын бардык касиеттери менен өзгөрүүлөрүн шарттаган негизги (фундаменталдуу) төрт өз ара аракеттешүүнүн так өлчөмдөрү кирет. Негизги өз ара аракеттешүү тууралуу айтылганда, кимдир бирөө оңтойсузданып: «Муну физиктер гана түшүнбөсө...» — деп ойлошу мүмкүн. Бирок бул — жаңылыш ой. Негизги фактыларга көңүл бурганыбыз абзел, себеби алар бизге да таасир тийгизет.

Ааламдагы күчтөрдүн так жөнгө салынганы айкын

Космостун учу-кыйырсыз мейкиндигинде жана эң майда атомдук структураларда төрт негизги өз ара аракеттешүүнү байкоого болот. Алар бизди курчап турган нерселердин баарына таасир этет.

Эгерде Ааламдагы ушу төрт өз ара аракеттешүү так жөнгө салынбаган болсо, биздин тиричилигибиз үчүн маанилүү химиялык элементтер (атап айтканда, көмүртек, кычкылтек жана темир) болмок эмес. Жогоруда ал өз ара аракеттешүүнүн бири — гравитациялык аракеттешүү — жөнүндө айтып өткөнбүз. Экинчиси электр-магниттик деп аталат. Бул өз ара аракеттешүү начарыраак болсо, атомдогу электрондор ядронун айланасында жүрмөк эмес. «Бул ошончолук эле маанилүүбү?» — деп сурашы мүмкүн кээ бирөөлөр. Ооба, маанилүү, себеби атомдор молекулаларды түзүү үчүн бири-бири менен бириге алышмак эмес. Ал эми ошо өз ара аракеттешүү күчтүүрөөк болсо, электрондор атомдун ядросунан алыстай алмак эмес. Анда атомдордун ортосунда эч кандай химиялык реакция жүрмөк эмес, демек, эч кандай тиричилик да болмок эмес. Ушунун өзү эле өз ара электр-магниттик аракеттешүүнүн так жөнгө салынышы биздин бар болушубуз жана жашообуз үчүн абдан маанилүү экенин көрсөтүп турат.

Эми муну космостук масштабда карап көрөлү: электр-магниттик аракеттешүү кичине эле өзгөрө турган болсо, ал Күнгө таасир этип, жарыктын жерге жетүү күчүн өзгөртмөк, натыйжада өсүмдүктөрдөгү фотосинтез процессинин жүрүшү кыйындамак же токтоп калмак. Ал суунун тиричилик үчүн зарыл болгон касиеттерин да жоймок. Бул дагы биздин тиричилигибиз электр-магниттик аракеттешүүнүн так жөнгө салынуусунан көзкаранды экенин көрсөтүп турат.

Бул аракеттешүүнүн берки үчөөнүн интенсивдүүлүгүнө карата болгон интенсивдүүлүгү да маанилүү. Мисалы, физиктердин эсеби боюнча, бул өз ара аракеттешүү гравитациялыктан 10000000000000000000000000000000000 000000 (1040) эсеге көп болушу кажет. Бул санга дагы бир эле нөл кошуп койсо (1041), эч нерсе деле өзгөрбөчүдөй сезилиши мүмкүн. Бирок, бул гравитациялык аракеттешүүнүн пропорциялуу начарлашына алып келмек, анын натыйжасын д-р Рейнхард Бройер мындай деп түшүндүрөт: «Өз ара гравитациялык аракеттешүү начарыраак болсо, жылдыздар кичирээк болмок, гравитация таасир эткенде жылдыздардын ички кысылуусунан алардын температурасын ядролук синтез реакциясына керектүү даражага дейре жогорулатып жибермек, анан Күн жарык бербей калмак». Бул биз үчүн эмнени билдирерин элестете аласыңарбы?!

Ал эми гравитациялык аракеттешүү жанагы санда 39 нөл (1039) болгондой деңгээлде пропорциялуу күчтүү болсо, эмне болмок? «Ушунчалык кичине өзгөрүү болсо да, Күн делген жылдыздын жашоо узактыгы кескин түрдө азаймак»,— деп сөзүн улайт Бройер. Башка окумуштуулар болсо бул өз ара аракеттешүүлөр жогоруда айтылгандан да тагыраак жөнгө салынган деп эсептешет.

Биздин Күндүн жана башка жылдыздардын эң сонун эки касиети бар: узак убакыт бою эффективдүү иштегени жана туруктуулугу. Жөнөкөй мисал карап көрөлү. Автомобилдин кыймылдаткычы жакшы иштеп турушу үчүн, күйүүчү май менен абанын ортосундагы белгилүү пропорция сакталышы керек экени маалым. Ошондуктан кыймылдаткычтын иштөө режими оптималдуу болуш үчүн, инженерлер татаал механикалык жана компьютердик системаларды ойлоп чыгарышууда. Эгер жөнөкөй кыймылдаткыч эле ошончо аракетти талап кылса, биздин Күндөй болгон жылдыздардын жакшы «күйүшү» жөнүндө эмне дешке болот? Ага катышкан негизги күчтөр так жөнгө салынган, тиричилик үчүн оптималдуу ыңгайлаштырылган. Мындай тактык капыстан эле пайда болгонбу? Илгери Аюб аттуу бир адамга: «Асмандын мыйзамдарын билесиңби, жер жүзүнө анын бийлигин орното аласыңбы?» — деген суроо берилген (Аюб 38:33). Бул бир да адамдын колунан келбейт. Анда мындай тактык кайдан келип чыккан?

Ядролук эки өз ара аракеттешүү

Ааламдын структурасы гравитациялык жана электр-магниттик аракеттешүүлөрдүн так жөнгө салынышынан да көптү талап кылат. Биздин тиричилигибизге дагы башка эки физикалык өз ара аракеттешүү таасир этет.

Алар атомдордун ядролорунда аракеттенет жана ойлонуштурулгандыкты далилдеп турат. Атомдун ядросундагы протондор менен нейтрондорду бири-бирине жармаштырып турган өз ара күчтүү аракеттешүүнү карап көрөлү. Мындай байланыштын натыйжасында ар кандай: жеңил (гелий, кычкылтек сыяктуу) жана оор (алтын, коргошун сыяктуу) химиялык элементтер түзүлөт. Эгер бул аракеттешүү 2 эле пайызга начарыраак болсо, анда суутек гана бар болмок. Ал эми анча-мынча эле күчтүүрөөк болсо, оорураак элементтер гана бар болмок да, суутек болмок эмес. Биздин тиричилигибизге мунун таасири тиет беле? Эгерде Ааламда суутек болбосо, Күндүн биздин тиричилик үчүн зарыл энергияны иштеп чыгууга «отуну» жок болмок. Албетте, суу да, тамак-аш да болмок эмес, себеби суутек алардын ажыратылгыс бөлүгү болуп эсептелет.

Биз карап жаткан өз ара аракеттешүүлөрдүн төртүнчүсү өз ара начар аракеттешүү деп аталат жана ал радиоактивдүү ажыроону шарттайт. Бул аракеттешүү Күндүн термоядролук активдүүлүгүнө да таасир этет. «Бул өз ара аракеттешүү да так жөнгө салынганбы?» — деп сурайт чыгарсыңар. Математик жана физик Фриман Дайсон мындай дейт: «Өз ара начар аракеттешүү ядролук күчтөн миллиондогон эсеге начарыраак. Ал Күндөгү суутек бир калыпта жай күйүп турушун шарттагыдай деңгээлде начар. Эгерде ал күчтүүрөөк же алсызыраак болсо, Күнгө окшогон жылдыздардан көзкаранды болгон бардык тиричилик түрлөрүнө коркунуч туулмак». Ооба, суутектин күйүү ылдамдыгы так жөнгө салынгандыктан, Жерде жылуулук сакталып турат, Жер куйкаланып кетпейт, ошондуктан биз жашап жатабыз.

Андан тышкары, окумуштуулар өз ара начар аракеттешүүнү жаңы жылдыздардын жарылуусунда белгилүү бир ролду ойнойт деп эсептешет, ал эми ошо жарылууну химиялык элементтердин көбүнүн жаралышына жана алардын таралышына механизм катары кызмат кылат деп ойлошот. «Бул ядролук өз ара аракеттешүүлөр азыркысынан кичине эле башкачараак болсо, жылдыздар биздин денебиздеги химиялык элементтерди жарата алмак эмес»,— деп түшүндүрөт физик Жон Полкинхорн.

Бул жөнүндө дагы көп нерсе айтса болот, бирок силер сөздүн маңызын түшүнгөн чыгарсыңар. Айтылып өткөн негизги төрт өз ара аракеттешүү укмуштуудай тактык менен жөнгө салынган. «Бизди курчап турган нерселердин баарынан табияттын айлана-чөйрөнү кантип түзүү керектигин билгенине далилдерди көрүп жатабыз»,— деп жазат профессор Пол Дейвис. Ооба, негизги өз ара аракеттешүүлөр так жөнгө салынгандыктан, Күн, биздин тиричилик үчүн керектүү суусу бар кереметтүү планетабыз, атмосфера жана Жердеги жашоо үчүн зарыл химиялык элементтердин арбын түрү жашай да, иштей да алат. Бирок ойлоп көрсөңөр: мындай так жөнгө салуу эмне себептен жана кайдан пайда болгон?

Жердин эң туура жайгашуусу менен чен-өлчөмдөрү

Биздин тиричилигибиз үчүн башка нерселерде да тактыктын болушу зарыл. Мисалга Жердин чен-өлчөмдөрүн жана анын Күн системасында ээлеген ордун алып көрөлү. Ыйык Жазмадагы Аюб деп аталган китепте адамды момун болууга үндөгөн төмөндөгүдөй суроолор берилет: «Мен жердин негизин жаратканда, сен кайда элең?.. Анын көлөмүн ким чектеди?» (Аюб 38:4, 5). Ал суроолор жоопту өзгөчө бүгүн талап кылат. Эмне үчүн? Анткени Жер, анын өлчөмү жана Күн системасында ээлеген орду жөнүндө укмуштуудай ачылыштар жасалган.

Ааламдын эч бир бурчунан биздин Жерге окшош планета табылган эмес. Ооба, айрым илимпоздор кээ бир жылдыздардын айланасында Жерден жүздөгөн эсе чоң объектилер орбита боюнча жылып жүрөрүнө кыйыр далилдерди келтиришет. Бирок тиричилигибиз үчүн Жердин чен-өлчөмдөрү гана ылайык келет. Кандайча? Эгерде Жер кичине эле чоңураак болсо, анын гравитациясы күчтүүрөөк болмок да, атмосферада суутек — жеңил газ — чогулмак, анан ал Жердин тартылуу күчүнөн бошоно албайт болчу. Анда атмосфера тиричилик үчүн жараксыз болмок. Ал эми Жер бир аз эле кичирээк болсо, анда жашоо үчүн зарыл болгон кычкылтек космостук мейкиндикке тарап, кыртыштагы суунун баары бууланып кетмек. Эки учурда тең биз жерде жашай алмак эмеспиз.

Андан тышкары, Жер Күндөн туптуура аралыкта турат, бул тиричилик үчүн ылайыктуу шарттардын болушуна абдан маанилүү. Астроном Жон Барроу менен математик Френк Типлер «Жердин радиусунун Күнгө чейинки аралыкка болгон катышын» изилдешкен. Алар «азыркы абалынан болор-болбос эле айырмалана турган болсо», Жер бетинде адамдын жашашы мүмкүн болмок эмес деген жыйынтыкка келишкен. «Чыгарылган эсептөөлөрдөн Жердин Күнгө чейинки аралыгы 5 эле пайызга азыраак болсо, чамасы 4 миллиард жыл мурун жер бетинде токтотулгус чүмбөт шарты [Жердеги климаттын өтө ысык болушу] башталмак экени көрүнүп турат,— деп белгилейт профессор Дейвид Блок.— Ал эми Жердин Күнгө чейинки аралыгы 1 эле пайызга көбүрөөк болсо, анда 2 миллиард жыл мурун эле Жер бетинде башкарылгыс тоңуу башталмак [Жердин аянтынын көбүн муздун зор катмары басмак]» («Our Universe: Accident or Design?»).

Мындан сырткары, Жер өз огунда сутка сайын айланып турат, бул — планетада орто температуранын сакталып турушу үчүн зарыл болгон ылдамдык. Чолпон өз огун 243 күндө бир айланып чыгат. Элестетсеңер, Жерге да ошончо убакыт талап кылынса эмне болор эле?! Ошончолук узакка созулган күн менен түндөрдөн улам планетадагы температура өтө суук же өтө ысык болмок да, биз тирүү калмак эмеспиз.

Дагы бир маанилүү нерсе — Жердин Күндү айланган жолу. Кометалар өтө созулган эллипстик орбиталар боюнча айланат. Бактыга жараша, Жердин орбитасы дээрлик айлана түрүндө деп койсо болот. Бул дагы бизди жашоого коркунуч туудура турган өтө суук же өтө ысык температурадан сактап турат.

Күн системабыздын Ааламда ээлеген ордуна да көңүл бурбай коюуга болбойт. Эгерде Күн системасы Саманчынын жолу галактикасынын борборуна жакыныраак жайгашкан болсо, кошуна жылдыздардын гравитациялык күчтөрүнүн таасири Жердин айлануу орбитасын өзгөртүп жибермек. А эгер Күн системасы галактиканын эң четинен орун алган болсо, түнкүсүн асманда жылдыздар жокко эсе болмок. Жылдыздардын жарыгы жашоо үчүн маанилүү деле эмес дечи, бирок алар түнкү асманыбызга көрк берип турбайбы? Анын үстүнө, Аалам жөнүндөгү азыркы түшүнүктөрдүн негизинде, окумуштуулар Саманчынын жолу галактикасынын четинде Күн системасына окшогон системанын түзүлүшүнө керектүү химиялык элементтер жетишсиз болуп калмак экенин эсептеп чыгарышты *.

Мыйзам жана иреттүүлүк

Убакыттын өтүшү менен бардык эле нерселер бузуларын өз тажрыйбаңардан билет чыгарсыңар. Кароосуз калган буюм сынып же жакшы иштебей каларын ар бир кожоюн билет. Окумуштуулар бул принципти «термодинамиканын экинчи башталышы [же мыйзамы]» деп аташат. Бул мыйзамдын сакталышын биз күнүгө көрөбүз. Каралбай калган жаңы машине же велосипед жарактан чыгып калат. Үйүңөрдү карабай койсоңор, ал да урап калат. Ал эми Ааламчы? Бул мыйзам Ааламга карата да колдонорлук. Анда Ааламдагы иреттүүлүк убакыттын өтүшү менен таптакыр бузулат деп ойлошуңар мүмкүн.

Бирок Ааламдагы иреттүүлүк эч качан бузулбайт көрүнөт — мындай тыянакка математика илиминин профессору Рожер Пенроз көзгө көрүнгөн Ааламдагы иретсиздиктин (энтропиянын) даражасын изилдөөдөн улам келген. Ушуга окшогон изилдөөлөрдүн негизинде төмөнкүдөй логикалык жыйынтык чыгарууга болот: Ааламда ал пайда болгондон ушул күнгө чейин иреттүүлүк өкүм сүрүүдө. Астрофизик Алан Лайтман белгилеп кеткендей, окумуштуулар үчүн «Ааламдын ушунчалык мыкты уюштурулуп жаратылгандыгы — табышмак». «Жетишкендикке талаптанган космологиялык теориялардын кайсынысы болбосун, энтропиянын Аалам эмнеликтен башаламан болуп калбаган деген табышмагын акыр-аягы түшүндүрүп берүүгө тийиш болот»,— деп кошумчалаган Лайтман.

Чынында, биздин жашап жатканыбыз термодинамиканын белгилүү мыйзамына дал келбейт. Анда эмне себептен биз Жерде жашап жүрөбүз? Буга чейин айтылып кеткендей, бул — биз жооп алгыбыз келген негизги суроо.

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Саманчынын жолу галактикасынын диаметри квинтиллион километрге (1 000 000 000 000 000 000 километрге) жакын! Бул галактиканын бир жагынан экинчи жагына жарык 100 000 жылда жетет; ушул галактикада эле 100 миллиарддан ашуун жылдыз бар!

^ 8-абз. Окумуштуулар 1995-жылы SN 1995K жылдызы — буга чейин байкоо жүргүзүлгөн жылдыздардын эң алыскысы — өзүнүн галактикасында жарылганда, коңшу галактикалардагы жаңы жылдыздардай эле, башында абдан жаркырап көрүнгөнүн, анан жай, бирок демейдегиден көпкө барып өчкөнүн байкашкан. «Нью сайентист» журналында салыштырмалуу график жарыяланып, ага төмөнкүдөй түшүндүрмө берилген: «Жарыктын убакыт огу боюнча өзгөрүшүнүн ийри сызыгы... ошо галактика бизден жарык ылдамдыгынын жарымынчалык ылдамдык менен алыстаганда канчага созулат деп күтүлсө, так ошончого созулган». Мындан кандай тыянак чыгарууга болот? Бул — «Ааламдын чын эле кеңейип жаткандыгына эң сонун далил».

^ 13-абз. Кеңейүү теориясында Аалам пайда болгондон кийинки секунданын кандайдыр бир бөлүгүндө эмне болгондугу жөнүндөгү болжолдоо камтылган. Аалам адегенде субмикроскоптук болчу, анан жарыктын ылдамдыгынан ашкан ылдамдык менен кеңейген деп эсептешет ошо теориянын жактоочулары, а бул — лабораториялык шартта текшерип көрүүгө мүмкүн болбогон ырастоо. Кеңейүү теориясы талаш бойдон калууда.

^ 34-абз. Окумуштуулар элементтердин арасында укмуштуудай ирет жана келишкендик бар экенин байкашкан. «Ааламдын курулуш кыштары» деген тиркемеде (26-бет) кызыктуу фактылар берилди.

[15-беттеги кутуча]

Жылдыздарды саноо аракети

Эсептөөлөргө ылайык, Саманчынын жолу галактикасында 100000000000дан (100 миллиарддан) ашуун жылдыз бар. Ушул жылдыздардын ар бирине бирден бет бөлүнгөн энциклопедияны элестетип көрөлү: андай энциклопедияда Күн жана биздин Күн системабыз жөнүндөгү маалыматтарга бир бет арналмак. Анда Саманчынын жолундагы жылдыздардын ар бирин сөзгө ала кетүү үчүн, канча том талап кылынмак?

Томдордун жоондугу орто көлөмдө болсо, энциклопедия Нью-Йорктогу элдик китепканага батпай калмак дешет, ал эми ал китепкананын текчелеринин жалпы узундугу 412 километр!

Ошол томдорду изилдөөгө канча убакыт кетмек? «Ал томдорду бир секунданын ичинде барактап чыгууга он миң жылдан ашык убакыт талап кылынмак»,— деп айтылган бир китепте («Coming of Age in the Milky Way»). Бирок биздин Галактиканы түзгөн жылдыздар — окумуштуулар Ааламда бар деп эсептеген 50000000000 (50 миллиард) галактикадагы жылдыздардын тырмактай гана бөлүгү. Эгерде энциклопедияда ошол жылдыздардын ар бирин сүрөттөө үчүн бир бет бөлүнгөн болсо, анда ал энциклопедияны биздин планетадагы бардык китепканалардын текчелерине батыруу мүмкүн эмес болуп калмак. «Аалам тууралуу канчалык көп билген сайын,— деп жазылат китепте,— өзүбүздүн ошончолук аз билерибизди түшүнүп жатабыз».

[16-беттеги кутуча

Ястров башталыш жөнүндө

Колумбия университетинде иштеген астрономия жана геология илимдеринин профессору Роберт Ястров: «Астрономдордун азы гана бул окуя — Ааламдын капыстан жаралышы — илимий факты менен далилденет деп божомолдой алышкан, асманга телескоптор аркылуу байкоо жүргүзүү аларды так ошондой жыйынтык чыгарууга аргасыз кылды»,— деп жазган.

Анан Ястров мунун маанисин мындайча түшүндүргөн: «Башталыштын астрономиялык далили окумуштууларды оңтойсуз абалда калтырууда, алар ар бир натыйжанын табигый себеби болууга тийиш деп эсептешет эмеспи... Англис астроному Е. А. Милн мындай деп жазган: „Биз [эң башында] абалдын кандай болгону жөнүндө эч кандай билдирүү бере албайбыз; Кудай баарын жаратып жатканда, анын жанында байкоочулар да, күбөлөр да болгон эмес“» («The Enchanted Loom—Mind in the Universe»).

[17-беттеги кутуча]

Физикалык төрт негизги өз ара аракеттешүү

1. Өз ара гравитациялык аракеттешүү атомдор даражасында абдан начар көрүнөт. Анын планета, жылдыз, галактикалар сыяктуу чоң объектилерге тийгизген таасири байкалат.

2. Өз ара электр-магниттик аракеттешүү протондор менен электрондордун бири-бирине тартылуусунда негизги ролду ойноп, молекулалардын пайда болушун шарттайт. Бул аракеттешүү күчүнүн бир натыйжасы — чагылган.

3. Өз ара күчтүү аракеттешүү атомдун ядросундагы протондор менен нейтрондорду бири-бирине жармаштырып турат.

4. Өз ара начар аракеттешүү радиоактивдүү элементтердин ажыроосуна жана Күндүн термоядролук активдүүлүгүнө шарт түзөт.

[20-беттеги кутуча]

«Бир катар дал келүүлөр»

«Өз ара начар аракеттешүү бир аз күчтүүрөөк болсо, гелий пайда болмок эмес; кичине начарыраак болсо, суутектин дээрлик баары гелийге айланып кетмек».

«Аздыр-көптүр гелийи бар, бирок ошол эле учурда жаңы жылдыздардын жарылуусу болуп турган Ааламдын болушунун ыктымалдыгы өтө эле аз. Биздин тиричилигибиз ошол бир катар дал келүүлөрдөн жана андан да [астроном Фред] Хойл аркылуу күн мурун айтылган ядролук энергиянын даражаларынын укмуштуудай дал келүүсүнөн көзкаранды. Мурдагы муундардан айырмаланып, биз өзүбүздүн кантип пайда болгонубузду билебиз. Бирок, мурдагы муундардай эле, эмне себептен пайда болгонубузду ушул убакка чейин билбейбиз» («Нью сайентист»).

[22-беттеги кутуча]

«Жердин эң эле ылайыктуу чен-өлчөмдөрүнөн, элементтик түзүлүшүнөн жана андагы узак жашоочу жылдыздан (Күндөн) эң туура аралыкта жайгашкан дээрлик айлана түрүндөгү орбитасынан улам сакталып турган өзгөчө шарттар Жер бетинде суунун топтолушуна шарт түзгөн» («Integrated Principles of Zoology», 7-басылышы). Суусуз жер бетинде тиричилик пайда болмок эмес.

[24-беттеги кутуча]

Көргөндөрүбүзгө гана ишенүү керекпи?

Туура ой жүгүрткөн адамдар көздөрүнө көрүнбөгөн нерселердин бар экенин четке кагышпайт. «Дискавер» журналынын 1997-жылдын январь айындагы билдирүүсүндө астрономдордун алыскы жылдыздарды орбиталары боюнча айланган бир канча планеталарды байкашканы айтылган.

«Жаңы планеталардын бар экенин азырынча ошол планеталардын гравитациясынын алар айланган башка жылдыздардын кыймылына тийгизген таасиринен улам гана билебиз». Демек, астрономдорго гравитациянын көзгө көрүнгөн таасири көзгө көрүнбөгөн асман телолору бар экенине ишенүүгө негиз берди.

Түздөн-түз байкоо жүргүзүүлөр эмес, кыйыр далилдер окумуштуулар үчүн азырынча көзгө көрүнбөгөн нерселердин бар экенин кабыл алууга жетиштүү негиз болду. Жаратканга ишенген көптөгөн адамдар көзгө көрүнбөгөн нерселердин бар экенин четке какпоого ошондой эле негиздер бар деп эсептешет.

[25-беттеги кутуча]

Фред Хойл мындай деп түшүндүрөт: «Жаратуу жөнүндөгү суроо менен кагылышпоо үчүн, Ааламдагы материянын баары абдан эски болууга тийиш, а бирок андай болушу мүмкүн эмес... Суутек ар дайым гелийге жана башка химиялык элементтерге айланып турат... Анда Ааламдын дээрлик бүт бойдон суутектен турарын кантип түшүндүрүүгө болот? Материя абдан эски болсо, мындай болушу мүмкүн эмес болчу. Ошондуктан азыркы Аалам жаратуу жөнүндөгү суроого кол шилтеп коюуга жол бере койбосун көрүп турабыз» («The Nature of the Universe»).

[12-беттеги сүрөт]

NGC 5236 спиралдуу галактикасынын мисалынан көрүнүп тургандай, биздин Күн (рамкада) — Саманчынын жолу галактикасындагы кичинекей жылдыз.

[13-беттеги сүрөт]

Саманчынын жолу галактикасына 100 миллиарддан ашык жылдыз кирет, ал изилденген Ааламдагы 50 миллиарддан ашуун галактикалардын бири гана.

[14-беттеги сүрөт]

Астроном Эдвин Хаббл (1889—1953) алыскы галактикалардын кызыл жылышуусу биздин Ааламдын кеңейип жаткандыгын көрсөтүп турат, демек, анын башталышы бар деп жыйынтык чыгарган.

[19-беттеги сүрөт]

Күндү башкарган өз ара аракеттешүүлөрдүн так жөнгө салынышы жерде жашоо үчүн зарыл болгон шарттарды түзөт.