Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

2-БӨЛҮМ

«Кудайга жакындоо» мүмкүнбү?

«Кудайга жакындоо» мүмкүнбү?

1, 2. а) Көптөр үчүн эмне мүмкүн эместей сезилет, бирок Ыйык Китеп бизди эмнеге ынандырууда? б) Ыбрайым кандай жакын мамилеге ээ болгон жана эмне үчүн?

АСМАН менен жердин Жаратканы сени досум деп атаса, кандай сезимде болот элең? Көптөр үчүн бул мүмкүн эместей сезилеттир. Кантип эле жөнөкөй адам Жахаба Кудай менен дос боло алсын? Бирок Ыйык Китеп бизди Кудайга жакындоо мүмкүн экенине ынандырууда.

2 Байыркы убакта Ыбрайым аттуу бир адам Кудай менен ушундай жакын мамиледе болгон. Жахаба аны «Менин досум» деп атаган (Ышайа 41:8). Ооба, Жахаба Ыбрайымды досу катары эсептеген. Мындай жакын мамилеге Ыбрайым «Кудайга ишенгени» үчүн ээ болгон (Жакып 2:23). Бүгүн да Жахаба ага сүйүүсү менен кызмат кылгандарды «кабыл алууга» мүмкүнчүлүк издейт (Мыйзам 10:15, «Мукаддас»). Анын Сөзү бизди: «Кудайга жакындагыла, ошондо Ал силерге жакындайт»,— деп чакырууда (Жакып 4:8). Бул сөздөрдөн чакырыкты да, убаданы да байкасак болот.

3. Жахаба бизди эмне кылууга чакырууда жана бул чакырык кандай убада менен байланыштуу?

3 Жахаба баарыбызды өзүнө жакындоого чакырууда. Ал бизди өзүнүн досторундай кубаныч менен кабыл алууга даяр. Ошондой эле ал, эгер биз ага жакындоого кадам шилтесек, бизге да ошондой кадам жасоого, башкача айтканда, бизге жакындоого убада берүүдө. Ошонун аркасында баа жеткис нерсеге — «Жахаба менен... ынак мамилеге» — ээ болобуз * (Забур 25:14, «ЖД» [24:14]). «Ынак мамиле» деген сөз айкашы эң жакын доско ишеним артып, аны менен сырдаш болууну билдирет.

4. Жакын дос дегенди кандайча сүрөттөйт элең жана Жахаба ага жакындагандар үчүн кандайча ошондой дос болууда?

4 Сенин камкор, таяныч болуп бере алган, уятка калтырбаган жана ишенимдүү жакын досуң барбы? Ушундай дос менен бардык кубанычыңды бөлүшүү кандай гана жагымдуу! Анын сезимталдыгы, угууга даярдуулугу кайгы-капаларыңды оңой көтөрүп кетишиңе жардам берет. Сени атүгүл эч ким түшүнбөй жаткандай сезилген күндө да анын түшүнөрүн билесиң. Ушу сыңары, Жахабага жакындоо менен сени чындап баалаган, мээримдүүлүк менен кам көргөн жана сени толугу менен түшүнгөн эң жакшы Доско ээ болосуң (Забур 102:14; 1 Петир 5:7). Ага купуя сырларыңдын баарын ишенип айтсаң болот, анткени ал берилгендерге берилгендик менен мамиле жасайт (Забур 18:25, «ЖД» [17:26]). Бирок Жахаба менен мындай жакын мамиле түзүү анын ушундай мүмкүнчүлүк ачып бергенинин аркасында гана мүмкүн болууда.

Жахаба достукка жол ачкан

5. Жахаба биз ага жакындай алышыбыз үчүн кандай чара көргөн?

5 Күнөөлүү болгондуктан биз Кудайга эч качан өзүбүз жакындай алмак эмеспиз (Забур 5:5). Ал эми Кудайдын бизди сүйөрүн элчи Пабыл: «Машайак... биз күнөөкөр кезде биз үчүн өлдү»,— деп жазуу менен көрсөткөн (Римдиктерге 5:8). Ооба, Жахаба Ыйсаны «өзүнүн жанын көптөр үчүн кун катары берүүгө» жиберген (Матай 20:28, «ЖД»). Так ошо куткаруу курмандыгына болгон ишеним Кудайга жакындашыбызга мүмкүнчүлүк берет. Кудай «бизди биринчи сүйгөндүктөн», аны менен дос болушубузга өзү негиз салган (1 Жакан 4:19).

6, 7. а) Жахабанын жашыруун, таанып билгис Кудай эмес экенин кайдан билебиз? б) Жахаба өзүн бизге кандайча ачып берген?

6 Жахаба дагы бир нерсеге кам көргөн: Ал өзүн бизге ачып берген. Адамды жакшыраак таанып-билип, анын сапаттарын, кылган иштерин баалай баштаганда гана достук мамилелер чыңдалат. Эгер Жахаба жашыруун жана таанып-билгис Кудай болсо, ага эч качан жакындай алмак эмеспиз. Бирок ал өзүн бизден жашырбайт, тескерисинче, аны билишибизди каалайт (Ышайа 45:19). Мындан сырткары, аны менен бардыгы, атүгүл дүйнөнүн көзкарашы боюнча абалы төмөн деп эсептелгендер да тааныша алат (Матай 11:25).

Жахаба өзүн жаратуулары жана Сөзү аркылуу ачып берет.

7 Бизге Жахаба өзүн кандайча ачып берген? Кудайдын кереметтүү жаратууларынан анын көп касиет-сапаттары, мисалы, эбегейсиз күчү, терең акылмандыгы жана чексиз сүйүүсү көрүнүп турат (Римдиктерге 1:20). Бирок Жахаба өзүн жаратуулары аркылуу гана ачып бербейт. Ал өзү тууралуу Сөзү, Ыйык Китеп, аркылуу да эң сонун күбөлөндүрөт.

«Жахабанын сулуулугун» көрүү

8. Жахабанын бизди сүйөрүнө Ыйык Китеп далил деп эмне себептен айта алабыз?

8 Жахабанын бизди сүйөрүнө Ыйык Китеп эң сонун далил. Өзүнүн Сөзү аркылуу ал өзү тууралуу биз оңой түшүнө алган тилде айтып берет. Муну менен ал бизди сүйгөндүгүн эле эмес, биздин аны таанып-билишибизди жана аны сүйүшүбүздү да каалаарын билдирүүдө. Бул асыл китепти окуу «Жахабанын сулуулугун» көрүшүбүзгө өбөлгө түзүп, ага жакындашыбызга түрткү берет (Забур 90:17, «ЖД» [89:17]). Келгиле анда, Жахаба өзүн Сөзү аркылуу кандайча айкын ачып берерине көңүл буралы.

9. Кудайдын сапаттары айкын сүрөттөлгөн ыйык китептик аяттардын айрымдары кайсылар?

9 Ыйык Китепте Кудайдын касиет-сапаттары айкын сүрөттөлгөн аяттар көп кездешет. Алардын айрымдары мына булар: «Жахаба адилеттикти сүйөт» (Забур 37:28, «ЖД» [36:28]). «Кудай Кудуреттүү!» (Аюб 37:23). «Ишенимдүү Кудай» (Мыйзам 7:9). «Терең акылман жүрөктүү» (Аюб 9:4, СК). Ал — «пендесин сүйгөн, ырайымдуу, сабырдуу, кайрымдуу, акыйкат Кудай» (Чыгуу 34:6). «Сен кечиргенди сүйгөн... Кудайсың» (Некемия 9:17). Бирок мурунку бөлүмдө айтылгандай, Жахабанын негизги сапаты бар: «Кудай — Сүйүү» (1 Жакан 4:8). Ушул эң сонун сапаттардын үстүнөн ой жүгүртүү бизге эч ким тең келгис Кудайыбызга жакындоого түрткү бербейби?

Ыйык Китеп Жахабага жакындоого жардам берет.

10, 11. а) Жахаба, биз анын касиет-сапаттарын жакшыраак элестете алышыбыз үчүн, эмнелердин жазылышына кам көргөн? б) Кудайдын иш-аракетте көрсөтүлгөн күчүн элестетүүгө ыйык китептик кайсы мисал жардам берет?

10 Жахаба кандай сапаттары бар экенин эле айтып койбостон, ал сапаттарды кандайча чагылдырганын көрсөткөн мисалдардын Ыйык Китепте жазылып калышына да кам көргөн. Андай билдирүүлөрдү окуганыбызда анын касиет-сапаттарынын түрлүү жактарын көрүүгө жардам берген айкын образдарды көз алдыбызга элестете алабыз. Бул болсо ага жакындашыбызга жардам берет. Мисал карап көрөлү.

11 «Кудайдын Кудуреттүү» экени тууралуу окуу — бир иш (Ышайа 40:26). Ал эми анын ысрайылдыктарды Кызыл деңизден өткөрүп, аларга 40 жылдык чөл кезүүдө кам көрүп келгени жөнүндө окуу — такыр башка нерсе. Окуганыңда терең суунун кандайча экиге бөлүнүп жатканын элестетесиң. Ошондой эле калың элдин — болжолу, үч миллиондой адамдын — деңиздин кургап калган түбү менен өтүп баратканын, катып калган суулардын килейген дубалдар сыңары көтөрүлүп турганын элестетсең болот (Чыгуу 14:21; 15:8). Кудайдын чөлдө мээримдүүлүк менен кам көргөнүн да байкай аласың: аскадан суу агат, жер бетинде болсо ак урук сымал тамак пайда болот (Чыгуу 16:31; Сандар 20:11). Бул окуяларда Жахаба күчү бар экенин эле эмес, аны өз элинин жыргалчылыгы үчүн колдоно билерин да көрсөткөн. Тиленүүлөрүбүздү «баш калкалаар жайыбыз жана күчүбүз, кыйынчылыктарда тез жардамчыбыз» болгон ушундай Кудуреттүү Кудайдын угарын билүү жубатарлык эмеспи? (Забур 45:2).

12. Жахаба аны «көрө» алышыбызга кандайча жардам берүүдө?

12 Жахаба — рух. Бирок ал биз аны оңой элестете алышыбыз үчүн да кам көргөн. Биз, адамдар, көзгө көрүнгөн гана нерселерди көрө алабыз, ал эми рухий чөйрөнү көрүү биз үчүн мүмкүн эмес. Эгерде Кудай өзүн сүрөттөп берүүдө рухий түшүнүктөрдү колдонсо, бул тубаса сокур адамга сырткы кебетеңдин өзгөчөлүктөрүн, мисалы, көзүңдүн түсү кандай экенин же сепкил эмне экенин түшүндүрүп бергенге тете болуп калмак. Бирок Жахаба, биз аны «көрө» алышыбыз үчүн, өзүн түшүнүктүү тилде сүрөттөп, бизге камкордук менен жардам берүүдө. Кээде ал өзүн биз жакшы билген нерселерге окшоштуруу менен түрдүү метафораларды жана көрсөтмөлүү мисалдарды колдонот. Ал атүгүл өзүн адамга таандык мүчөлөрү бардай кылып да сүрөттөп берет *.

13. Ышайа 40:11де кандай көрсөтмөлүү мисал келтирилген жана бул сага кандай таасир этет?

13 Жахабанын Ышайа 40:11де кандайча сүрөттөлгөнүнө көңүл буруп көрөлү: «Ал Өзүнүн койлорун койчу сыяктуу кайтарат, козуларын колуна алып, койнуна салып көтөрүп жүрөт». Мында Жахаба козуларын «колуна алып» жүргөн койчуга салыштырылат. Бул Жахабанын өз кызматчыларын, өзгөчө, алсыздарын коргоп-колдоп жүрүүгө жөндөмдүү экенин көрсөтүп турат. Анын кубаттуу колунда биз өзүбүздү коопсуз сезсек болот, анткени ага карата берилгендигибизди сактасак, ал бизди эч качан таштабайт (Римдиктерге 8:38, 39). Улуу Кайтаруучу козуларын «койнуна салып» жүрөт. Бул жерде колдонулган сөз айкашы чапандын кенен бүгүштөрүн билдирет; ошол бүгүштөргө койчулар кээде жаңы туулган козуларды салып алышчу. Ооба, Жахаба бизге мээримдүүлүк менен кам көрүп, коргоп турат. Ошондуктан ага жакындагыбыз келгени — табигый нерсе.

Уулу Атасын «ачып бергиси келет»

14. Жахаба өзүн Ыйса аркылуу эң сонун кылып ачып берет деп эмне үчүн айтууга болот?

14 Ыйык Китепте Жахаба өзүн сүйүктүү Уулу аркылуу эң сонун кылып ачып берет. Кудайдын ой-ниеттерин, сезимдерин жана касиет-сапаттарын Ыйсадан башка эч ким мынчалык толугу менен чагылдырып, сүрөттөп бере албайт болчу. Анткени Кудайдын бул тун Уулу башка рухий жаратуулар жана Аалам жаратылганга чейин эле Атасы менен бирге болгон (Колостуктарга 1:15). Ыйса Атасы менен абдан ынак мамиледе болчу. Ошондуктан ал: «Уулунун ким экенин Атасынан башка эч ким билбейт. Ал эми Атасынын ким экенин Уулу жана Уулу кимге ачып бергиси келсе, ошол адамдардан башка эч ким билбейт»,— деп айта алган (Лука 10:22). Ыйса жерде адам катары жашап жүргөндө Атасын эки жол менен ачып берген.

15, 16. Ыйса Атасын кандай эки жол менен ачып берген?

15 Биринчиден, Ыйсанын окутуулары анын Атасы жөнүндө билишибизге жардам берет. Анын Жахабага берген сыпаттамасы жүрөгүбүздү терең козгойт. Мисалы, Кудайдын канчалык боорукер экенин жана өкүнгөн күнөөкөрлөрдү кандай кабыл аларын көрсөтүү үчүн Ыйса Жахабаны адашкан уулунун үйүнө кайтып келгенин көрүп толкунданган жана аны жүгүрүп барып мойнунан кучактап өпкүлөгөн сүйүктүү атага салыштырган (Лука 15:11—24). Ошондой эле Ыйса Жахабаны жүрөгү таза адамдарды өзүнө «тарткан» Кудай катары сүрөттөгөн, анткени ал алардын ар бирин сүйөт (Жакан 6:44, «ЖД»). Жахаба атүгүл кенедей эле таранчынын да жерге кулап түшкөнүн байкайт. «Коркпогула,— деп түшүндүргөн Ыйса,— силер топ таранчыдан кымбатсыңар» (Матай 10:29, 31). Кудайдын мындай камкордугу бизди кош көңүл калтырышы мүмкүн эмес.

16 Экинчиден, Ыйсанын үлгүсү Жахабанын кандай экенин көрсөтүп турат. Ыйса Атасынын касиет-сапаттарын ушунчалык сонун чагылдыра алгандыктан: «Мени көргөн Атамды да көрдү»,— деп айта алган (Жакан 14:9). Ошондуктан Инжилдерден Ыйса тууралуу — анын сезимдери жана адамдарга кылган мамилеси тууралуу — окуганыбызда биз анын Атасын көргөндөй эле болобуз. Кудайдын кандай касиет-сапаттарга ээ экенин ачып берүүдө мындан өткөн жол болбостур. Эмне үчүн?

17. Жахаба өзүнүн кандай экенин жакшыраак түшүнүүбүзгө жардам берүү үчүн эмне кылганын түшүндүрүп бер.

17 Муну түшүнүү үчүн, кимдир бирөөгө боорукердик эмне экенин түшүндүрүп берүүгө аракет кылып жатканыңды элестет. Ал сапатты, албетте, сөз менен деле түшүндүрүп берсе болот. Бирок иш жүзүндө боорукерлик көрсөткөн адамды мисал кылып: «Мына, бул боорукер адам»,— деп айтсаң, ал сөздүн мааниси көбүрөөк түшүнүктүү болот. Жахаба да өзүнүн сапаттарын бизге айкыныраак ачып берүү үчүн ушу сыяктуу иш кылган. Ал өзүнүн кандай экенин сөз менен эле сүрөттөп койбостон, Уулунун жашоосу аркылуу да көрсөткөн. Ыйса Атасынын сапаттарын чагылдырган. Ошондуктан Ыйсанын жашоосу баяндалган Инжилдер аркылуу Жахаба: «Мына, мен ушундаймын»,— деп айтып жаткансыйт. Ыйык Китепте Ыйсанын жерде жүргөндө кандай адам болгону тууралуу эмне айтылат?

18. Ыйса күчтү, адилеттүүлүктү жана акылмандыкты кандайча көрсөткөн?

18 Кудайдын негизги төрт сапатын Ыйса эң сонун чагылдырган. Ал зор күчкө ээ болчу: оорунун, ачарчылыктын атүгүл өлүмдүн да үстүнөн бийлик кыла алган. Бирок бийлигин кыянаттык менен пайдаланган өзүмчүл адамдардан айырмаланып, Ыйса бул кереметтүү күчүн эч качан өзүнүн кызыкчылыгы үчүн же кимдир бирөөгө зыян келтирүү үчүн колдонгон эмес (Матай 4:2—4). Ал адилеттүүлүктү сүйгөн. Карапайым адамдардын аркасы менен пайда көрүп жаткан ачкөз соодагерлерди көргөндө адилеттүү түрдө каарданган (Матай 21:12, 13). Ыйса бардык кедей-кембагалдар менен басынтылгандардын «сергишине» жардам берип, аларга чын ыкластан кам көргөн (Матай 11:4, 5, 28—30). «Сулаймандан чоң» болгон Ыйсанын окутуулары чексиз акылмандыкты чагылдырып турган (Матай 12:42). Бирок ал акылмандыгы менен эч качан мактанган эмес. Анын сөздөрү карапайым адамдардын жүрөгүн козгой турган, себеби ал айкын, жөнөкөй жана табигый сүйлөчү.

19, 20. а) Ыйса кандайча сүйүүнүн эң мыкты үлгүсү болгон? б) Ыйса жөнүндө окуганыбызда жана көрсөткөн үлгүсү тууралуу ой жүгүрткөнүбүздө эмнени эстен чыгарбашыбыз керек?

19 Ыйса сүйүүнүн эң мыкты үлгүсү болгон. Жерде кызмат кылып жүргөнүндө ал сүйүүнүн тутумуна кирген сапаттарды, маселен, боорукердикти, аёо сезимин чагылдырган. Бирөөнүн кайгырып-капаланганын ал жөн карап тура алчу эмес. Аёо сезими далай жолу Ыйсага адамдарга жардам берүүгө түрткү берген (Матай 14:14). Оорулууларды айыктырып, ачтарды тойгузса да, Ыйсанын боорукердиги булардан да маанилүүрөөк иште көрсөтүлгөн. Ал башкалардын адамзатка чексиз бакыт алып келе турган Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү чындыкты билишине, сүйүшүнө жана кабыл алышына жардам берген (Марк 6:34; Лука 4:43). Мындан сырткары, Ыйса адамдар үчүн өз өмүрүн даярдуулук менен берип, жанаябастык сүйүү көрсөткөн (Жакан 15:13).

20 Андыктан бул боорукер жана абдан сезимтал адамга ар кандай курактагы, ар кайсы тектеги адамдардын тартылганы таң калыштуу эмес (Марк 10:13—16). Бирок Ыйса жөнүндө окуганыбызда жана көрсөткөн үлгүсү тууралуу ой жүгүрткөнүбүздө анын Атасын так чагылдырганы дайыма эсибизде болсун (Эврейлерге 1:3).

Изилдөө жүргүзүүгө жардам берерлик курал

21, 22. Жахабаны издөө деген эмнени билдирет жана бул китептин бөлүктөрү менен бөлүмдөрүндө бизге жардам берерлик кандай маалымат камтылган?

21 Өзү жөнүндө Сөзү аркылуу айкын күбөлөндүрүү менен Жахаба ага жакындашыбызды каалаарына ынандырууда. Ошол эле учурда ал эч качан бизди өзү менен достошууга мажбурлабайт. «Тапканга мүмкүн болуп турганда» Жахабаны издээр-издебесибиз өзүбүздөн көзкаранды (Ышайа 55:6). Жахабаны издөө Ыйык Китеп аркылуу анын сапаттарын жана жолдорун таанууну билдирет. Бул жагынан колуңдагы китеп эң сонун жардам берет.

22 Бул китеп Жахабанын төрт негизги сапатына: күчүнө, адилеттүүлүгүнө, акылмандыгына жана сүйүүсүнө арналган бөлүктөрдөн турат. Ар бир бөлүк ал сапаттардын бирине жалпы түшүнүк берүү менен башталат. Кийинки бөлүмдөрдө болсо, Жахабанын ошол сапатынын ар кандай жактарына көңүл бурулат. Ар бир бөлүктө Ыйсанын ал сапатты кандайча чагылдырганын, ошондой эле биз аны жашообузда кандайча чагылдыра аларыбызды көрсөткөн бөлүмдөр бар.

23, 24. а) «Ой жүгүртүү үчүн суроолор» деген кутучанын өзгөчөлүгүн түшүндүрүп бер. б) Кудайга көбүрөөк жакындоого ой жүгүртүү кандайча жардам берет?

23 Ушул бөлүмдөн баштап кызыктуу бир өзгөчөлүктү жолуктурасың, ал — «Ой жүгүртүү үчүн суроолор». Мисалы, 24-беттеги кутучага көңүл бурсаң. Андагы аяттар менен суроолор кайталоо үчүн берилген эмес. Алардын максаты — көңүлүңдү талкууланып жаткан теманын дагы башка маанилүү аспектилерине буруу. Ал кутучаны кандайча натыйжалуу пайдаланса болот? Аяттардын ар бирин ачып, кунт коюу менен окуп чык. Андан кийин ага байланыштуу суроону кара. Жообуңдун үстүнөн ойлонуп көр. Кошумча изилдөө жүргүзсөң да болот. Андан сырткары, өзүңө төмөнкү суроолорду берип көр: «Бул аяттардан Жахаба тууралуу эмне биле алам? Бул менин жашоомо кандай таасир тийгизет? Ушул аяттарды башкаларга жардам берүүдө кандайча колдонсом болот?»

24 Мындай ой жүгүртүү Жахабага көбүрөөк жакындашыбызга жардам берет. Кандайча? Ыйык Китеп ой жүгүртүүнүн жүрөк менен байланышы бар экенин көрсөтөт (Забур 18:15). Кудай жөнүндө үйрөнгөн нерселерибиздин үстүнөн ыраазычылык менен ой жүгүрткөнүбүздө, алган билимибиз каймана жүрөгүбүздөн терең орун алат да, ой жүгүртүүбүзгө, сезимдерибизге таасир тийгизип, акырында иш-аракет кылуубузга түрткү берет. Кудайга болгон сүйүүбүз өрчүйт, ошонун аркасында ага жакын Досубуз катары жагууга болгон каалообуз да өсөт (1 Жакан 5:3). Жахаба менен ушундай мамиле түзүү үчүн, анын сапаттары менен жолдорун билүүбүз зарыл. Бирок, келгиле, адегенде Кудайдын касиет-сапаттарынын дагы бирин карап көрөлү. Бул Кудайга жакындашыбызга сөзсүз түрткү берет. Сөз Кудайдын ыйыктыгы жөнүндө болмокчу.

^ абз. 3 Көңүл бурарлык нерсе, «ынак мамиле» деп которулган эврей сөзү Амос 3:7де да колдонулат. Ал жерде Эгедер Теңир Жахаба өзүнүн кызматчыларына келечекте эмнелерди кыларын алдын ала билдирип, «жашыруун сырын» ачып берери айтылат.

^ абз. 12 Мисалы, Ыйык Китепте Кудайдын жүзү, көзү, кулагы, оозу, колу жана буттары бар деп айтылат (Забур 26:8; 43:4; Ышайа 60:13; Матай 4:4; 1 Петир 3:12, «Мукаддас»). Бул каймана мааниде колдонулган сөздөрдү, Жахаба «таяныч» жана «калкан» делген ыйык китептик аяттарды түзмө-түз түшүнбөгөнүбүздөй эле, түзмө-түз түшүнбөө керек (Мыйзам 32:4; Забур 83:12).