Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

3-БӨЛҮМ

«Жахаба ыйык, ыйык, ыйык»

«Жахаба ыйык, ыйык, ыйык»

1, 2. Ышайа пайгамбар кандай аян алган жана ал аян бизге Жахаба жөнүндө эмнени ачып берет?

ЫШАЙА көргөн нерсесине аң-таң болуп катып калат: ага Кудайдан аян берилет. Бул пайгамбар үчүн аян ушунчалык реалдуу болуп көрүнгөндүктөн, ал кийинчерээк атүгүл бийик тактыда отурган Жахабаны «көрдүм» деп жазган. Жахабанын узун чапанынын этеги Иерусалимдеги ийбадаткананын баарын толтуруп турган (Ышайа 6:1, 2).

2 Ышайа уккан нерсесинен да күчтүү таасир алат: ырдагандардын үнү ушунчалык катуу жаңырып чыккандыктан, ийбадаткана пайдубалдарына чейин солкулдап турган. Ырды сераптар, өтө бийик абалды ээлеген рухий жаратуулар, аткарып жатышкан. Шаңдуу, кооз үндөрү менен алар: «Аскерлер Жахабасы ыйык, ыйык, ыйык! Бүт жер жүзү анын даңкына толгон»,— деп жар салышкан (Ышайа 6:3, 4, «ЖД»). «Ыйык» деген сөздүн үч жолу кайталанышы менен Жахабанын теңде жок ыйыктыгы эң адилеттүү түрдө жана өзгөчө баса белгиленген (Аян 4:8). Ыйык Китепте Жахабанын ыйыктыгы көп жолу баса көрсөтүлөт. Анын ысмы эки жүздөн ашык жолу «ыйык» же «ыйыктык» деген сөздөр менен бирге колдонулган.

3. Жахабанын ыйыктыгына байланыштуу кандай туура эмес ой жүгүртүүлөр адамдарды Кудайга жакындатпай эле, кайра алыстатат?

3 Жахабанын бир абдан маанилүү чындыкты — анын ыйык экендигин — билишибизди каалаары шексиз. Бирок азыркы күндө көптөргө ыйыктык тууралуу ойдун өзү эле жагымсыз. Айрымдар ыйыктыкты элге көрүнүш үчүн көрсөтүлгөн такыбалык же жасалма динчилдик менен жаңылыш байланыштырып алышат. Башкалары болсо өздөрү тууралуу терс ойдо болгондуктан, Кудайдын ыйыктыгы аларды өзүнө тартпай эле, кайра чочулатат. Алар ыйык Кудайга жакындоого эч качан татыктуу боло албайбыз деп ойлошу мүмкүн. Ошентип, көптөр Кудайдын ыйык болгонуна байланыштуу андан атүгүл баш тартышат. Бул, албетте, өкүндүрбөй койбойт, анткени ыйыктык — Кудайга жакындоого түрткү берерлик касиеттердин бири. Эмне үчүн? Бул суроого жооп берерден мурун, келгиле, адегенде чыныгы ыйыктык эмне экенин талкуулап алалы.

Ыйыктык деген эмне?

4, 5. а) «Ыйыктык» деген сөз эмнени билдирет жана эмнени билдирбейт? б) Жахаба кайсы эки маанилүү жол менен «бөлүнгөн»?

4 Кудайдын ыйык экендиги анын текебер, менменсинген же башкаларды кемсинткен Кудай экенин билдирбейт. Тескерисинче, ал андай сапаттарды жек көрөт (Накыл сөздөр 16:5; Жакып 4:6). Анда «ыйык» деген сөз эмнени билдирет? Ыйык Китеп жазылган байыркы эврей тилинде «ыйык» деп которулган сөз «бөлүнгөн» деген маанини туюнткан сөздөн келип чыккан. Сыйынууда болсо «ыйык» деген бөлүнүп коюлган, башкача айтканда, адаттагыдай колдонулбаган, ыйык эсептелген нерсени билдирет. Ыйыктык тазалык менен да тыгыз байланышта. Жахаба кандай мааниде ыйык? Кудайдын ыйыктыгы анын жеткилең эмес адамдардан «бөлүнүп» турарын жана бизден өтө эле алыс экенин билдиреби?

5 Таптакыр андай эмес! Жахаба, «Ысрайылдын Ыйыгы», эли күнөөлүү экенине карабастан, анын «арасында» жашай турганын айткан (Ышайа 12:6; Ошуя 11:9). Демек, Жахабанын ыйыктыгы аны бизден алыстатпайт. Анда ал кандай мааниде «бөлүнгөн»? Эки маанилүү жол менен. Биринчиден, ал бардык жаратууларынан Эң Жогорку катары бөлүнүп турат. Анын тазалыгы жеткилең жана чексиз (Забур 39:6; 82:19). Экинчиден, ал күнөө аттуунун баарынан бөлүнгөн. Бул — биз үчүн соороторлук нерсе. Эмне үчүн?

6. Жахабанын күнөө аттуунун бардыгынан бөлүнүп турушу эмнеге бизди сооротот?

6 Биз чыныгы ыйыктык абдан сейрек кездешкен убакта жашап жатабыз. Кудайдан алыстаган адамзат коому менен байланышкандын бардыгы кайсы бир деңгээлде күнөө менен жеткилеңсиздиктин айынан таза эмес. Баарыбызга тең ичибиздеги күнөө менен күрөшүүгө туура келүүдө. Эгерде сак болбосок, күнөө бизди бийлеп алат (Римдиктерге 7:15—25; 1 Корунттуктарга 10:12). Бирок Жахаба менен мындай болушу эч мүмкүн эмес. Ал күнөө аттуунун баарынан алыс, ошондой эле өзүн кыпындай да күнөө менен эч качан булгабайт. Бул бизди Жахабанын эң сонун Ата экенине ого бетер ынандырат, анткени ага толук таянса болот. Жахаба жердеги аталар менен эч салыштырылгыс. Анткени алар туура эмес мамиле кылып коюшу, ырайымсыздык көрсөтүшү же адеп-ахлаксыз жашоо өткөрүп кетиши мүмкүн. Ал эми Жахабанын ыйыктыгы мындай нерселерге жол бербейт. Айрым учурларда сөзүн эч качан өзгөртпөстүгүн көрсөтүү үчүн, ал ыйыктыгы менен ант берчү (Амос 4:2). Бул бизди кандай гана сооротот!

7. Эмне үчүн ыйыктыкты Жахабанын ажыратылгыс касиет-сапаттарынын бири деп айтсак болот?

7 Ыйыктык — Жахабанын ажыратылгыс касиет-сапаттарынын бири. Бул эмнени билдирет? Мисалы, «адам» жана «жеткилеңсиздик» деген сөздөр тууралуу ойлонуп көрөлү. Бул эки түшүнүктү өз-өзүнчө түшүндүрүп бере албайсың, алар бири-бири менен абдан тыгыз байланышта. Жеткилеңсиздик жандүйнөбүздүн түпкүрүнөн орун алгандыктан, кылган иштерибиздин баарына тагын калтырып турат. Эми башка эки сөздү — «Жахаба» жана «ыйыктыкты» — карап көрөлү. Жахаба — ыйыктыкка толгон Кудай. Ага байланыштуунун бардыгы таза жана адил. «Ыйыктык» деген сөздүн маанисин түшүнбөй туруп, Жахабанын кандай Кудай экенин толук түшүнүү мүмкүн эмес.

«Ыйыктык Жахабага таандык»

8, 9. Жахабанын жеткилеңсиз адамдардын белгилүү бир мааниде ыйык болушуна жардам берери эмнеден көрүнүп турат?

8 Жахаба ыйыктыктын өзү болгондуктан, аны бардык ыйыктыктын булагы десек жаңылбайбыз. Ал бул баалуу сапатты өзүмчүлдүк менен жашырбайт, тескерисинче, аны башкаларга марттык менен берип турат. Мисалы, Кудайдын күйүп турган бадалдын жанынан Муса менен сүйлөшкөндөгүсүн эстесеңер. Жахаба ал жерде болгондуктан, ошол жер да ыйык болуп калган! (Чыгуу 3:5).

9 Жеткилеңсиз адамдар Жахабанын жардамы менен ыйык боло алышабы? Белгилүү бир мааниде боло алышат. Жахаба өз эли Ысрайылга «ыйык эл» болууга мүмкүнчүлүк берген (Чыгуу 19:6). Ал бул элге батасын берип, сыйынуунун ыйык, таза түрүн негиздеген. Мусанын мыйзамында ыйыктык тууралуу көп айтылат. Мисалы, башкы ыйык кызмат кылуучунун селдесине күн нуруна чагылып жаркырап турганы баарына көрүнгүдөй кылып алтын тактайча тагылчу. Тактайчага болсо: «Ыйыктык Жахабага таандык»,— деген жазуу чегилген (Чыгуу 28:36, «ЖД»). Андыктан ысрайылдыктардын сыйынуусу менен жашоосу тазалыгы жана такыбалыгы менен айырмаланып турууга тийиш болчу. Жахаба аларга: «Ыйык болгула, анткени Мен, Кудай-Теңириңер ыйыкмын»,— деп айткан (Лебилер 19:2). Ысрайылдыктар жеткилеңсиз адамдар үчүн мүмкүн болгон деңгээлде Кудайдын мыйзамдарына ылайык жашап жүрүшкөндө белгилүү бир мааниде ыйык болушкан.

10. Ыйыктыкка байланыштуу байыркы ысрайылдыктар менен алардын тегерегиндеги элдердин ортосунда кандай айырма бар эле?

10 Ысрайылдыктар ыйыктыкка ушундайча умтулуу менен сыйынуунун ар кандай түрүн колдонгон коңшу элдерден абдан эле айырмаланып турган. Ал бутпарас элдер өзүлөрү ырайымсыз, ачкөз жана бузуку кылып сүрөттөп алган ойдон чыгарылган кудайларына сыйынышкан. Алардын эч кандай ыйыктыгы жок болчу. Мындай кудайларга табынуу адамдарды арам кылган. Ошондуктан Жахаба өзүнүн кызматчыларына буркандарга табынган ошол бутпарастардан жана алардын арам диний үрп-адаттарынан оолак болууга буйрук берген (Лебилер 18:24—28; 1 Падышалар 11:1, 2).

11. Жахабанын асмандагы уюмунун ыйыктыгын а) периштелер; б) сераптар; в) Ыйса кандайча чагылдырат?

11 Жахаба тандап алган байыркы Ысрайыл телегейи тегиз болуп, гүлдөп турган убагында да Кудайдын асмандагы уюмунда өкүм сүргөн ыйыктыктын четин эле чагылдыра алган. Кудайга берилгендик менен кызмат кылган миллиондогон рухий жаратуулар Ыйык Китепте «сансыз ыйыктар» же «он миңдеген ыйыктар» деп аталат (Мыйзам 33:2; Жүйүт 14). Алар Кудайдын ыйыктыгынын сулуулугу менен акактай тунук тазалыгын жеткилең түрдө чагылдырышат. Ышайа көргөн аяндагы сераптарды эстеп көрөлү. Алар аткарган ырдын сөздөрү Жахабанын ыйыктыгын бүт ааламга жарыялоодо ал күчтүү рухий жаратуулардын маанилүү роль ойноорун көрсөтүп турат. Бирок ошол рухий жаратуулардын бири — Кудайдын жалгыз өзү жараткан Уулу — бардыгынан жогору турат. Ыйса Жахабанын ыйыктыгын эң сонун чагылдырат. «Кудайдын Ыйыгы» деп ал бекеринен аталган эмес (Жакан 6:68, 69).

Ыйык ысым, Ыйык рух

12, 13. а) Эмне үчүн Кудайдын ысмы адилеттүү түрдө ыйык делет? б) Эмне үчүн Кудайдын ысмы ыйыкталышы керек?

12 Эми Кудайдын ысмы жөнүндө кеп козгойлу. Бул китептин биринчи бөлүмүнөн Кудайдын ысмы наам же аныктама эмес экенин билдик. Ал Жахаба Кудайдын өзүн жана анын бардык сапаттарын туюнтат. Ошондуктан Ыйык Китепте анын «Ысымы Ыйык» деп айтылат (Ышайа 57:15). Мусанын мыйзамы боюнча, Кудайдын ысмына тил тийгизген адам өлүм жазасына тартылчу (Лебилер 24:16). Ыйсанын тиленүүдө эмнени биринчи орунга койгонун да байкасаңар. Ал: «Асмандагы Атабыз! Сенин ысымың ыйык тутулсун»,— деген (Матай 6:9). Бир нерсени ыйыктоо аны ыйык тутууну, урматтоону жана ыйык көрүүнү билдирет. Бирок ансыз деле акактай таза Кудайдын ысмын эмне үчүн ыйыктоо керек?

13 Кудайдын ыйык ысмы калп жана ушак-айың менен жаманатты кылынган. Эйденден Шайтан Жахабага жалаа жаап, аны адилетсиз Эгедер деп күнөөлөгөн (Башталыш 3:1—5). Ошондон бери Шайтан — бул ыпылас дүйнөнүн башкаруучусу — Кудай тууралуу калп таратууда колунан келгендин баарын жасап келет (Жакан 8:44; 12:31; Аян 12:9). Диний жетекчилер болсо Кудайды зөөкүр, ырайымсыз жана адамдардан такыр эле алыс кылып сүрөттөшөт. Ошондой эле аны кан суудай аккан согуштарды колдойт деп ырасташууда. Ал эми Кудай жараткан кереметтүү нерселер көбүнчө кокустуктун натыйжасында же эволюция жолу менен пайда болгон делип келатат. Ооба, Кудайдын ысмына катуу жалаа жабылган. Андыктан ал ыйыкталып, ага тийиштүү даңк калыбына келтирилиши керек. Биз Кудайдын ысмы ыйыкталып, анын эгедерлиги актала турган убакты чыдамсыздык менен күтүүдөбүз жана бул улуу ниеттин аткарылышына катышып жатканыбызга кубанычтабыз!

14. Эмнеге Кудайдын руху ыйык деп аталат жана ага акарат келтирүү эмне үчүн олуттуу күнөө болуп эсептелет?

14 Жахаба менен абдан тыгыз байланыштуу жана дайыма ыйык аталган дагы бир нерсе бар, ал — анын руху, тактап айтканда, иш-аракеттүү күчү (Башталыш 1:2). Жахаба бул эбегейсиз күчүн өзүнүн ой-ниеттерин ишке ашыруу үчүн колдонот. Кудайдын бардык иштери таза, ары ыйык, ошондуктан анын иш-аракеттүү күчү ыйык рух же ыйыктыктын руху деп аталат (Лука 11:13; Римдиктерге 1:4, «Мукаддас»). Ыйык рухка акарат келтирүү, башкача айтканда, Жахабанын ой-ниеттерине билип туруп каршы чыгуу кечирилгис күнөө болуп эсептелинет (Марк 3:29).

Эмне үчүн Жахабанын ыйыктыгы бизди ага жакындатат?

15. Эмне үчүн Кудайдын ыйыктыгы андан коркуу сезимин туудурары табигый нерсе жана андай коркуу эмнени билдирет?

15 Ыйык Китепте эмне үчүн Кудайдын ыйыктыгы андан коркуу сезими менен тыгыз байланышта экенин байкоо кыйынга деле турбайт. Мисалы, Забур 98:3тө: «Сенин улуу жана коркунучтуу ысымыңды: „Ысымың ыйык!“ — даңкташсын»,— деп айтылат. Бул жерде сөз, албетте, жүрөктүн үшүн алган коркунуч тууралуу жүргөн жок. Сөз кастарлоо сезими менен айкалышып, терең урмат көрсөтүүнү камтыган коркуу жөнүндө болуп жатат. Кудайдын ыйыктыгы бизден эбегейсиз бийик тургандыктан, мындай сезимдерди туюу — табигый нерсе. Ал ыйыктык акактай таза жана кереметтүү. Бирок бул бизди алыстатпашы керек. Тескерисинче, Кудайдын ыйыктыгы эмнени билдирерин туура түшүнүү бизди ага жакындатат. Кандайча?

Сулуулук өзүнө тарткандай эле, ыйыктык да бизди тартып турушу керек.

16. а) Ыйыктык сулуулук менен кандайча байланышта? Мисал келтир. б) Жахаба сүрөттөлгөн аяндарда тазалык менен жарык кандайча баса белгиленген?

16 Ыйык Китепте ыйыктыктын сулуулук менен абдан тыгыз байланышта экени көрсөтүлөт. Ышайа 63:15те (МАК) асман Кудайдын «ыйыктык жана сулуулук жайы» катары сүрөттөлөт. Сулуулук бизди өзүнө тартып турат. Маселен, 33-беттеги сүрөттү карасаң. Андагы кооз жаратылыш сени суктандырбайбы? Ал эмнеси менен өзүнө тартып турат? Агып жаткан суунун канчалык тунук экенине көңүл бурсаң. Асман ачык болгондуктан, аба да таптаза сыяктанат, ал эми суудан күндүн нуру чагылып турат. Эгер ошол жердеги суу акыр-чикирге толуп, бактар менен таштар оюлган-чийилген болсо жана абаны кара түтүн каптап турса, биз такыр башка сезимде болмокпуз. Анда тартылмак турсун, аны карагыбыз да келмек эмес. Биз, адатта, сулуулукту шак эле тазалык менен жарыкка байланыштырабыз. Ушул эле сөздөр менен Жахабанын ыйыктыгын сүрөттөөгө болот. Ошондуктан аяндардагы Жахабага берилген сүрөттөөлөр бизди ушунчалык суктандырат. Жаркыраган жарыктай көз уялткан, баалуу таштардай жалтылдаган, оттой жана баалуу таза металлдай жалындаган деген сыяктуу аныктамалар ыйык Кудайыбыздын сулуулугун көрсөтүп турат (Жезекиел 1:25—2:1; Аян 4:2, 3).

17, 18. а) Ышайага берилген көрүнүш ага адегенде кандай таасир тийгизет? б) Жахаба Ышайаны серап аркылуу кандайча сооротот жана сераптын иш-аракеттери эмнени билдирген?

17 Кудайдын ыйыктыгы тууралуу ой жүгүрткөнүбүздө өзүбүздү андан төмөн эсептешибиз керекпи? Албетте! Анткени биз Жахабадан, чынында эле, алда канча төмөн турабыз, аны менен бизди эч салыштырып болбойт. Бирок бул бизди андан алыстатышы керекпи? Сераптар Жахабанын ыйыктыгын жарыялашканда, Ышайанын эмне болгонуна көңүл бурсаң. Ал: «Ошондо мен: „Кайгы мага! Өлдүм! Анткени мен оозу таза эмес адаммын, ошондой эле оозу таза эмес элдин арасында жашап жатам. Ошондой болсо да көздөрүм Падыша Себайот Теңирди көрдү“»,— деген (Ышайа 6:5). Ооба, Жахабанын улуу ыйыктыгы Ышайага анын күнөөлүү жана жеткилеңсиз экенин эскерткен. Адегенде бул ишенимдүү пайгамбардын көңүлү абдан чөгө түшкөн. Бирок Жахаба аны ошол бойдон калтырып койгон эмес.

18 Ышайаны серап ошо замат сооротот. Кандайча? Ал күчтүү рух курмандык чалынуучу жайга учуп келип, ал жерден күйүп турган чокту алып, Ышайанын оозуна тийгизет. Бул Ышайаны сооротпой эле, кайра аны жабыр тарттыргандай көрүнүшү мүмкүн. Бирок ал аяндын каймана маанилерге бай экенин эстен чыгарбайлы. Ышайа ишенимдүү жүйүт катары ийбадаткананын курмандык чалынуучу жайына күнөөлөрдүн жуулушу үчүн күнүгө курмандык алынып келингенин жакшы билчү. Ошентип, серап пайгамбарды «оозу таза эмес» күнөөлүү адам экенине карабастан, Кудайдын көз алдында таза экенине мээримдүүлүк менен ынандырат *. Жахаба жеткилеңсиз, күнөөкөр адамды белгилүү бир мааниде ыйык катары кабыл алууга даяр болчу (Ышайа 6:6, 7).

19. Биз, жеткилең эмес адамдар, кандайча белгилүү бир мааниде ыйык боло алабыз?

19 Азыркы күндө да ушундай. Иерусалимде курмандык чалынуучу жайга алынып келинген бардык курмандыктар прообраз гана болчу жана бир чоң нерсени — б.з. 33-жылы Ыйса Машайак алып келген жеткилең курмандыкты — билдирген (Эврейлерге 9:11—14). Эгерде күнөөлөрүбүз үчүн чындап өкүнүп, туура эмес жолдон баш тартып жана ушул курмандыкка ишеним көрсөтсөк, кечирилебиз (1 Жакан 2:2). Кудайдын көз алдында биз дагы таза боло алабыз. Элчи Петир бизге мындай деп эскертет: «Ыйык Жазууда: „Ыйык болгула, анткени Мен ыйыкмын“,— деп жазылган» (1 Петир 1:16). Бул жерде Жахабанын бизге өзүндөй ыйык болушубуз керектигин айтпаганына көңүл бурсаң. Ал бизден мүмкүн эмес нерсени эч качан талап кылбайт (Забур 102:13, 14). Бирок Жахаба өзү ыйык болгондуктан, бизди ыйык болууга чакырат. Биз аны «сүйүктүү балдары» катары жеткилең эмес адамдарга канчалык мүмкүн болсо, ошончолук деңгээлде туураганга аракет кылабыз (Эфестиктерге 5:1). А бул — үзгүлтүксүз процесс. Рухий жактан өсүү менен күндөн-күнгө «ыйыктыкта» жакшыра беребиз (2 Корунттуктарга 7:1).

20. а) Ыйык Кудайыбыздын көз алдында таза боло аларыбызды түшүнүү эмне үчүн маанилүү? б) Күнөөлөрүнөн тазаланганын билүү Ышайага кандай таасир берген?

20 Жахаба таза жана адилеттүү нерсени сүйөт. Ал күнөөнү жек көрөт (Хабакук 1:13). Бирок ал бизди жек көрбөйт. Күнөөгө анын көзү менен карап, башкача айтканда, жамандыкты жек көрүп, жакшылыкты сүйсөк жана Ыйса Машайактын жеткилең изи менен бассак, Жахаба күнөөлөрүбүздү кечирет (Амос 5:15; 1 Петир 2:21). Ыйык Кудайыбыздын көз алдында таза боло аларыбызды түшүнүү бизге чоң таасир тийгизет. Жахабанын ыйыктыгы Ышайага адегенде анын жеткилеңсиз экенин эскерткенин эстесең. Ал: «Кайгы мага!» — деп сыздаган. Бирок күнөөлөрүнөн тазаланганын билгенден кийин көзкарашын такыр өзгөрткөн. Жахаба тапшырма сунуш кылары менен, Ышайа атүгүл эмне аткарыш керектигин билбесе да: «Мына мен, мени жибер»,— деп даярдуулугун билдирген (Ышайа 6:5—8).

21. Ыйыктыкты өрчүтө аларыбызга толук ишенүүгө кандай негиз бар?

21 Биз Ыйык Кудайдын бейнеси боюнча жаратылганбыз, адеп-ахлак сапаттарына ээбиз жана рухий нерселерди кабыл алууга жөндөмдүүбүз (Башталыш 1:26). Ар кимибиз ыйыктыкты өрчүтө алабыз. Эгер ушу сапаттын үстүнөн иштөөнү уланта берсек, Жахаба бизге кубаныч менен жардам берет. Бул бизди ага ого бетер жакындатат. Кийинки бөлүмдөрдөн Жахабанын кандай сапаттары бар экенин жакшыраак билебиз жана ыйык Кудайыбызга эмне үчүн жакындашыбыз керек экенине карата көптөгөн ынандырарлык себептерди табабыз.

^ абз. 18 «Таза эмес ооз» деген сөз айкашы абдан орундуу, анткени «ооз» деген сөз Ыйык Китепте, адатта, речти же тилди билдирет. А жеткилең эмес адамдардын күнөөлөрү көп учурда тилин кандайча пайдаланганына байланыштуу (Накыл сөздөр 10:19; Жакып 3:2, 6).