Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

5-БӨЛҮМ

«Жер менен асманды жараткандын» жаратуучу күчү

«Жер менен асманды жараткандын» жаратуучу күчү

1, 2. Күн Жахабанын жаратуучу күчүн кандайча тастыктап турат?

СУУК түндө оттун жанында турган учуруң болду беле? Жылынуу үчүн колуңду отко кактап да көргөндүрсүң. Бирок ага өтө жакындадың дегиче, алоолонгон жалындын табына чыдабай, артка кетенчиктейсиң. Ал эми өтө алыс туруп алсаң, түнкү суук абадан чыйрыга түшөсүң.

2 Бизди күнүгө жылытып турган да «от» бар. Ал Жерден 150 миллиондой километр алыстыкта алоолонуп күйүп турат! * Күндөн ушунча алыстыкта болгонубузга карабастан, анын жылуулугун сезип жатсак, демек, ал эмне деген кубаттуу энергияны бөлүп чыгарат! Жер бул укмуштай термоядролук реакторду андан эң туура аралыкта айланып турат. Эгерде Жер Күнгө жакыныраак жайгашкан болсо, суулар бууланып кетмек, а эгер алысыраак турса, суунун баары тоңуп калмак. Ушу эки шартта тең биздин планетада кыбыр эткен жан болмок эмес. Ошондой эле жашообуз үчүн зарыл болгон күн нуру, анын канча кубаныч алып келип жатканын айтпаганда, таза жана абдан үнөмдүү.

Жахаба «айды, жылдыздарды жана күндү жаратты».

3. Күн кайсы маанилүү чындык тууралуу күбөлөндүрүп турат?

3 Тилекке каршы, көп адамдар жашоолору күндөн көзкаранды экенине карабастан, аны кадимки нерседей эле кабыл алышат. Ошондуктан алар Күн үйрөтө турган баалуу бир нерседен кур калышууда. Ыйык Китепте Жахаба жөнүндө: «Айды, жылдыздарды жана күндү Сен жараттың»,— деп айтылат (Забур 73:16). Ооба, Күн «жер менен асманды жараткан» Жахабаны даңазалайт (Забур 18:2; 145:6). Бирок ал Жахабанын эбегейсиз жаратуучу күчүн күбөлөндүрүп турган сансыз асман телолорунун бири гана. Келгиле, адегенде ошол асман телолорунун айрымдарын карап чыгып, андан кийин көңүлүбүздү Жер жана андагы тиричиликке буралы.

«Башыңарды көтөрүп, асманды карагыла»

4, 5. Күндүн көлөмү жана кубаттуулугу кандай жана башка жылдыздарга салыштырмалуу анын көлөмү кандай болуп калат?

4 Күндүн жылдыз экени сага белгилүү болсо керек. Ал түнүчүндө көрүнгөн жылдыздарга салыштырмалуу чоң көрүнөт, себеби башка жылдыздарга караганда жерге жакыныраак жайгашкан. Анын кубаттуулугу канчалык? Күндүн ядросундагы температура Цельсий боюнча 15 000 000 градуска чейин жетет. Эгер анын ядросунан төөнөгүчтүн башындай болгон бөлүкчөсүн алып Жерге коё турган болсок, ал кымындай «мешке» 140 километр жакын бара алмак эмеспиз! Күн өзүнөн секунд сайын жүз миллиондогон ядролук бомбалардын жарылуусуна тең келген энергияны бөлүп чыгарып турат.

5 Күндүн көлөмү ичине Жердей болгон 1 300 000 асман телосу батып кеткенчелик чоң. Бирок Күн эң зор жылдыз болуп эсептелеби? Жок, астрономдор аны сары кодоо деп аташат. Элчи Пабыл «жылдыз жылдыздан да атагы боюнча айырмаланып турарын» жазган (1 Корунттуктарга 15:41, «Мукаддас»). Бирок ал Кудайдын жетеги менен жазылган ошол сөздөрдүн канчалык акыйкат экенин элестете да алган эмес. Мисалы, бир абдан зор жылдыз бар. Эгер аны Күндүн ордуна койсо, Жер анын ичинде калып калмак. Бирок андан да чоң дагы башка алп жылдыз бар. Эгер Күндүн ордуна аны коё турган болсо, ал Сатурнду да жаап калмак. А Сатурн планетасы Жерден ушунчалык алыс жайгашкандыктан, ага жетүү үчүн заманбап тапанчадан атылган октон 40 эсе тез ылдамдыктагы космостук аппарат төрт жыл жүрүшү керек.

6. Адамдык көзкараш менен алганда, жылдыздардын сансыз экени жөнүндөгү ой Ыйык Китепте кандайча баса белгиленет?

6 Бирок жылдыздардын көлөмүнөн да алардын саны таң калтырат. Ыйык Китепте «деңиз кумундай» сан жеткис жылдыздар бар экени айтылат (Жеремия 33:22). Бул асманда биз куралсыз көз менен көрө алгандан да көп жылдыздар бар экенин айтып турат. Эгерде Ыйык Китепти жазгандар, мисалы, Жеремия түнкү асмандагы көзгө көрүнгөн жылдыздардын баарын санап чыкса, алардын саны үч миңдей эле болмок, анткени адам асман ачык болуп турганда куралсыз көз менен ошончо эле жылдызды көрө алат. Бир ууч кумда болжол менен ушунча кум бүртүгү бар. А чынында, жылдыздардын саны «деңиз кумундай» эсеп жеткис *. Мындай санды ким санап бүтүрө алат?

«Ал алардын бардыгын өз аты менен атайт».

7. а) Саманчынын жолу галактикасында канча жылдыз бар жана бул сан канчалык чоң? б) Астрономдордун галактикалардын санын так аныктай албай жатышканы эмнени күбөлөндүрүп турат жана бул бизге Жахабанын жаратуучу күчү тууралуу эмнени билдирүүдө?

7 Ышайа 40:26да буга төмөндөгүдөй жооп берилет: «Башыңарды көтөрүп, асманды карагыла, аны ким жаратты? Ким Анын кошуундарын эсеби менен чыгарып турат? Ал алардын бардыгын өз аты менен атайт». Ал эми Забур 146:4тө анын «жылдыздардын санын эсептээри» айтылат. «Жылдыздардын саны» канча? Бул оңой эмес суроо. Астрономдор биздин эле Саманчынын жолу галактикасында 100 миллиарддан ашуун жылдыз бар деп ырасташат *. Бирок бул галактикадан сырткары, мындан да көп жылдыздан турган дагы башка көптөгөн галактикалар бар. Анда галактикалардын саны канча? Айрым астрономдордун эсептөөсү боюнча, алардын саны 50 миллиардга жетет. Башкалары болсо 125 миллиарддай галактика бар дешет. Адамдар галактикаларды түзгөн сансыз миллиарддаган жылдыздарды эсептемек турсун, канча галактика бар экенин так аныктай албай жатышат. Ал эми Жахаба алардын санын билет. Атүгүл ал ар бир жылдызды атынан атайт!

8. а) Саманчынын жолунун көлөмү канчалык? б) Жахаба асман телолорунун кыймылын эмненин жардамы менен башкарып турат?

8 Галактикалардын көлөмү тууралуу ой жүгүрткөнүбүздө, Жахабага болгон кастарлоо сезимибиз ого бетер тереңдейт. Саманчынын жолунун диаметри болжол менен 100 000 жарык жылына барабар. Элестетсең, жарык эбегейсиз ылдамдык менен — секундасына 300 000 километр алыстыкка — тарайт! Ошондой болсо да, ал биздин галактиканын, Саманчынын жолунун, бир бурчунан экинчи бурчуна жетиши үчүн, 100 000 жыл талап кылынат! Ал эми айрым галактикалар биздикинен бир канча эсе чоң. Ыйык Китепте Жахабанын учу-кыйыры жок асманды «жаяры» тууралуу айтылат (Забур 103:2). Ошондой эле ал асман телолорунун кыймылын башкарып турат. Жылдыздар арасындагы мапмайда чаңдан тартып зор галактикаларга чейин Кудай бекиткен физикалык мыйзамдар боюнча кыймылдашат (Аюб 38:31—33). Окумуштуулар асман телолорунун кыймылынын тактыгын эң сонун аткарылган балет бийине да салыштырышат! Эми мунун баарын Жараткандын өзү жөнүндө ойлонуп көрсөң. Ушундай эбегейсиз жаратуучу күчкө ээ Кудай тууралуу ойлонгондо жүрөгүң кастарлоо сезимине толбойбу?

«Ал жерди Өз кудурети менен жаратты»

9, 10. Күн системасынын, Юпитердин, Жер менен Айдын жайгашуу абалы Жахабанын күчү тууралуу кандайча күбөлөндүрөт?

9 Жахабанын жаратуучу күчү тууралуу биздин жалпы үйүбүз болгон Жер да күбөлөндүрөт. Кудай аны учу-кыйыры жок кең ааламда эң туура орунга жайгаштырган. Айрым окумуштуулар галактикалардын көпчүлүгү тиричиликке жол берген биздин планетабыздай болгон асман телосунун жайгашуусуна жараксыз деп эсептешет. Сыягы, Саманчынын жолу галактикасынын дээрлик көп бөлүгү тиричиликтин болушуна ылайыкташтырылган эмес. Анын борборунда жылдыздар тыгыз жайланышкан. Ал жерде радиациянын деңгээли жана жылдыздардын кагылышуу ыктымалдыгы абдан жогору. Ал эми четтеринде жашоо үчүн өтө зарыл болгон химиялык элементтер жетпей калмак. Бирок биздин Күн системасы Галактиканын эң туура жеринде жайгашкан.

10 Юпитер планетасы Жердин алыстыкта жайгашкан алп «калканы» болуп саналат. Жерден миң эсе чоң көлөмдөгү Юпитер абдан күчтүү гравитациялык таасирге ээ. Бул Жерге кандай таасир тийгизет? Юпитер космос мейкиндигинде кыймылдап жүргөн объектилерди жутуп же башка жакка буруп турат. Эгер Юпитер болбосо, Жерге чоң көлөмдөгү асман телолору 10 000 эсе көп түшмөктүгүн окумуштуулар эсептеп чыгышкан. Ошондой эле Жерибиздин жакын кошунасы жана эң эле кереметтүү спутниги бар, ал — Ай. Ай жеке эле кооздук жана түнкү жарык үчүн кызмат кылбастан, тартылуу күчүнүн аркасы менен Жер огунун жантаюусун бир калыпта сактап турат. Мындай жантаюу Жер бетиндеги тиричиликтин сакталышында чоң роль ойногон жыл мезгилдеринин алмашуусунун эч качан токтобошуна шарт түзөт.

11. Атмосфера Жерди кандайча коргоп турат?

11 Кудайдын жаратуучу күчү Жер түзүлүшүнүн ар кайсы чөйрөлөрүнөн да байкалып турат. Жерди коргоп турган атмосферага көңүл буруп көрөлү. Күн пайдалуу да, зыяндуу да нурларды бөлүп чыгарат. Атмосферанын жогорку катмарларына өткөн зыяндуу нурлардын таасири менен кадимки кычкылтек озонго айланат. Натыйжада пайда болгон озон катмары тиричиликке зыяндуу ал нурлардын көпчүлүгүн өткөрбөй кармап калат. Мына ушундайча планетабызды өзүнүн калкалоочу кабыгы каптап турат!

12. Жаратылыштагы суунун айлануу процесси Жахабанын жаратуучу күчүн кандайча күбөлөндүрүп турат?

12 Бул Жер же анын тегерегиндеги тирүү организмдердин жашоо тиричилиги үчүн өтө зарыл болгон газдардын татаал аралашмасынан турган атмосферабыздын өзгөчөлүктөрүнүн бири гана. Анын кереметтүү өзгөчөлүктөрүнүн дагы бири — жаратылыштагы суунун айлануу процесси. Күн нурунун таасиринен улам жыл сайын океан-деңиздерден 400 000 куб километр суу бууланат. Алар атмосферадагы шамал аркылуу айдалып жүргөн булуттарга айланат. Тазаланып-чыпкаланган суу кайра жерге жаан, кар же мөндүр түрүндө түшүп, жердеги суу ресурстарын толуктайт. Так ушу тууралуу Насаатчы 1:7де мындай деп жазылган: «Дарыялардын баары деңизге барып куюлат, бирок деңиз ашып-ташып кетпейт, дарыялар кайра агып туруш үчүн, өздөрүнүн чыккан жерине кайра кайтышат». Мындай кереметтүү айлануу процессин Жахаба гана жарата алмак.

13. Өсүмдүктөр менен топурак Жараткандын күчү тууралуу кандайча күбөлөндүрүп турат?

13 Планетабыздагы тиричиликтин баары Жараткандын күчүн күбөлөндүрөт. Бийиктиги 30 кабаттуу имараттан ашып, асман тиреген мамонт дарактарынан тартып, океандарды толтуруп, жашоо үчүн зарыл кычкылтектин көбүн иштеп чыгарып турган микроскопиялык балырларга чейин Жахабанын жаратуучу күчүн тастыктап турат. Топурактын өзү эле жандыктардын ар кандай түрлөрүнө, мисалы, сөөлжаан, козукарын жана микроорганизмдерге бай. Алардын баары тиричиликтин уланышына жана өсүмдүктөрдүн өсүшүнө өбөлгө түзүү үчүн күжүрмөн эмгектенишет. Ошондуктан Ыйык Китепте топурактын күчү бар деп бекеринен айтылган эмес (Башталыш 4:12).

14. Микроскопиялык атом кандай жашыруун күчкө ээ?

14 Жахабанын «жерди Өз Кудурети менен жаратканы» шексиз (Жеремия 10:12). Анын күчү атүгүл эң майда жаратууларынан да көрүнүп турат. Маселен, миллион атомду бир катарга тизсе, ал катардын узундугу адамдын бир тал чачынан да ичке болуп калат. Эгер атомдун чоңдугу 14 кабаттуу имаратка барабар болсо, анын ядросунун көлөмү жетинчи кабатка коюлган туздун күкүмүнө эле тете болмок. Бирок ушундай көзгө көрүнбөгөн кенедей эле ядро — атомдук жарылууда атып чыккан зор энергиянын булагы!

«Бардык тирүү жандар»

15. Жапайы жаныбарларды кеп кылуу менен Жахаба Аюбга кандай сабак берген?

15 Планетабыздагы түркүн-түрлүү жаныбарлар дүйнөсү да Жахабанын жаратуучу күчүн айкындап турат. Забур 148-бапта Жахабаны даңктаган көп нерселер жөнүндө айтылат. 10-аятында «жырткычтар жана ар кыл малдар» кеп кылынат. Жараткандын алдында адам баласы эмне үчүн кастарлоо сезимин туюшу керектигин көрсөтүү үчүн, Жахаба бир жолу Аюбдун көңүлүн арстан, зебра, жапайы өгүз, бегемот жана левиафандарга (сыягы, крокодил) бурат. Муну менен Жахаба эмнени билдиргиси келген эле? Эгерде адамдар ушундай айбаттуу жана колго көнгүс жаныбарлардын күч-кубатына суктанып жатышса, анда алардын Жаратканына карата ого бетер кастарлоо сезиминде болушу керек эмеспи? (Аюб 38—41-баптар, «ЖД»).

16. Жахаба жараткан канаттуулар сени эмнеси менен таң калтырат?

16 Забур 148:10до «канаттуу куштар» тууралуу да айтылат. Алардын түрлөрү жөнүндө эле ойлонуп көрчү! Жахаба Аюбдун көңүлүн «атка да, атчанга да күлгөн» төөкушка бурган. Бою эки жарым метрге жеткен бул куш уча албаганы менен, кээде бир секиргенде төрт жарым метрге чейин секирип, саатына 65 километр ылдамдыкта чуркай алат (Аюб 39:13, 18). Ал эми, альбатрос, тескерисинче, өмүрүнүн көбүн абада, деңиз мейкиндигинде саякаттоо менен өткөрөт. Канаттары жайылгандагы узундугу үч метрге чейин жеткен бул канаттуу абада калкып учуу жагынан эч кимди алдыга чыгарбайт. Ал канаттарын эч какпастан абада бир нече саат бою калкып жүрө алат. Ал эми узундугу 5 эле сантиметрге жеткен дүйнөдөгү эң кичинекей калибри чымчыгынын бир түрү альбатростордон кандай гана айырмаланат. Кичинекей канаттарын ал секундасына 80 жолудай кагат! Канаты бар кичинекей асыл таштардай жаркыраган бул калибрилер вертолёт сыңары абада илинип тура да, атүгүл арты менен да уча алат.

17. Көк кит канчалык чоң жана Жахаба жараткан жаныбарлар дүйнөсү тууралуу ой жүгүртүү эмне кылууга түрткү берет?

17 Забур 148:7де («БМК») атүгүл «деңиз желмогуздары» Жахабаны даңктаары айтылган. Мисалга планетабыздагы эң чоң деп эсептелген жаныбарды — көк китти — алып көрөлү. Океандарда жашаган бул алп жаныбардын узундугу 30 метрден ашат. Салмагы болсо чоң 30 пилдин салмагына барабар. Анын тили эле бир пилдин салмагына тете. Жүрөгү болсо анча чоң эмес машиненин көлөмүндөй. Бул зор орган мүнөтүнө 9 эле жолу согот. Кымындай калибринин мүнөтүнө 1 200 жолу соккон жүрөгүнөн анын жүрөгү кандай гана айырмаланат! Көк киттин кан тамырларынын бири ушунчалык кең болгондуктан, ага кичинекей бала оңой эле жөргөлөп кирип кете алат. «Теңирди [«Жахты», «ЖД»] бардык тирүү жандар макташсын!» — деген сөздөр менен аяктаган Забур китебиндеги чакырыкты кайталоого жүрөгүбүз түрткү бербейби? (Забур 150:6).

Жахабанын жаратуучу күчү бизди эмнеге үйрөтөт?

18, 19. Жахаба жараткан тирүү организмдердин түрү канчалык көп жана алар Жахабанын эгедерлиги жөнүндө бизди эмнеге үйрөтөт?

18 Жахабанын жаратуучу күчүн кандайча колдонору бизди эмнеге үйрөтөт? Анын жаратууларынын ар түрдүүлүгү жөнүндө ой жүгүртүү бизди кастарлоо сезимине бөлөйт. Бир жолу забурчу: «Сенин иштериң кандай көп, Теңир! ...Жер сенин чыгармаларыңа толгон»,— деп Кудайды даңазалаган (Забур 103:24). Бул сөздөр кандай калетсиз! Биологдор жер бетинде тирүү организмдердин миллиондон ашык тирүү бар деп ырасташат, бирок алардын так санына карата ар кандай ойлор айтылат: айрым божомолдоолор боюнча, 10 миллиондой болсо, башкалары боюнча, 30 миллиондой же андан ашык. Айрым сүрөтчүлөр кээде чыгармачылык шыгынын чегине жетип, андан ары эч өрчүтө албачудай сезишет. Ал эми Жахабанын чыгармачылык шыгы — анын улам жаңы жана кайталангыс нерселердин түрлөрүн жаратуучу күчү — түгөнгүс.

19 Жахабанын жаратуучу күчүн кандайча колдонгону бизди анын эгедерлиги жөнүндө көп нерсеге үйрөтөт. «Жараткан» деген сөздүн өзү эле Жахабаны Ааламдагы «жаратуу» деп аталган бардык нерселерден өзгөчөлөнтүп турат. Атүгүл Жахабанын «чебер жардамчысы» катары жаратуу иштерине катышкан жалгыз өзү жараткан Уулу да Ыйык Китептин эч жеринде Жараткан же Кошо Жаратуучу деп аталган эмес (Накыл сөздөр 8:30, «БМК»; Матай 19:4). Ал тууралуу «эч нерсе жаратыла электе эле» бар болгон деп айтылат (Колостуктарга 1:15). Жахаба Жараткан катары бүт Ааламдын үстүнөн жогорку бийлигин жүргүзүүгө толук укуктуу (Римдиктерге 1:20; Аян 4:11).

20. Жер бетиндеги жаратуу иштерин бүткөндөн кийин Жахаба кандай мааниде эс алган?

20 Жахаба жаратуучу күчүн колдонууну токтоттубу? Ыйык Китепте алтынчы «күндүн» аягында Жахаба жаратуу ишин аяктап, «Өзүнүн бардык иштерин бүтүрүп, жетинчи күнү эс алганы» жөнүндө айтылганы чын (Башталыш 2:2). Пабылдын жетинчи «күн» тууралуу айткандарынан ал «күндүн» миң жылга созулары көрүнүп турат, анткени Пабылдын убагында ал «күн» дагы эле уланып жаткан (Эврейлерге 4:3—6). Бирок «эс алды» деген сөздөр Жахабанын иш-аракет кылуусун такыр эле токтотконун билдиреби? Жок, ал эмгектенүүсүн эч качан токтотпойт (Забур 91:5; Жакан 5:17). Жахаба Жердин физикалык чөйрөсүндө жаратуу иштерин токтоткон: ал ушундай мааниде эс алган. Бирок өзүнүн ой-ниеттерин аткаруу үчүн дагы эле эмгектенүүдө. Мындай эмгектенүүнүн натыйжасында ыйык рухтун жетеги менен анын Сөзү, Ыйык Китеп, жазылган. Андан сырткары, Жахаба ушул китептин 19-бөлүмүндө сөз кылына турган «жаңы жаратууну» негиздеген (2 Корунттуктарга 5:17, «ЖД»).

21. Жахабанын жаратуучу күчү ишенимдүү адамдарга кандайча түбөлүк таасир эте берет?

21 Эс алуу күнү аяктаганда Жахаба Жерде жараткан нерселеринин баарына баа берип, алтынчы жаратуу күнү аяктаганда айткандай эле: «Абдан жакшы»,— деп айта алат (Башталыш 1:31). Андан кийин Жахаба чексиз жаратуучу күчүн кандайча колдонорун убакыт көрсөтөт. Бирок ал жараткан нерселердин баары бизди андан ары да суктандыра берерине шектенбесек болот. Жахабаны анын жаратууларына көңүл буруу менен түбөлүк таанып-биле беребиз (Насаатчы 3:11). Ал тууралуу канчалык көп билген сайын, аны урматтоо сезимибиз ошончолук тереңдей берет, а бул Улуу Жаратканыбызга көбүрөөк жакындашыбызга жардам берет.

^ абз. 2 Бул зор санды элестетүүгө төмөнкү мисал жардам берет: мындай аралыкты басып өтүү үчүн машине менен саатына 160 километр ылдамдыкта күнүнө 24 сааттан жүргөндө да, жүз жылдан ашык убакыт талап кылынмак.

^ абз. 6 Айрымдар байыркы убактарда жөнөкөй телескоптор бар болгон деп болжолдошот. Болбосо, алардын ою боюнча, ал кездеги жөнөкөй адамдар жылдыздардын сансыз экенин кайдан биле алышмак? Бирок мындай негизсиз ой жоруулар Жахабага, Ыйык Китептин Жаратманына, урмат көрсөтпөгөндүккө жатат (2 Тиметейге 3:16).

^ абз. 7 100 миллиард жылдызды санап чыгуу үчүн канча убакыт талап кылынмак? Эгерде сен күн сайын 24 саат бою секундасына бир жылдыздан санай турган болсоң, бардыгын санап бүтүү үчүн 3 171 жыл керектелмек.