Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

6-БӨЛҮМ

«Майдандын баатыры» Жахабанын кыйратуучу күчү

«Майдандын баатыры» Жахабанын кыйратуучу күчү

1—3. а) Ысрайылдыктарга мисирликтер тараптан кандай коркунуч туулган? б) Жахаба өз эли үчүн кандайча салгылашкан?

ЫСРАЙЫЛДЫКТАР капкандын кап ортосунда калышат: бир жагында адам өтө алгыс асман тиреген тик аска-зоолор турса, экинчи жагында сүзүп өткүс деңиз жаткан. Ал эми артынан аларды кыруу максатында мисирликтердин аскери — өлүм алып келүүчү ырайымсыз машине — сая кууп келаткан *. Бирок Муса Кудайдын элин үмүт үзбөөгө чакырып: «Силер үчүн Теңир күрөшөт»,— деп ынандырат (Чыгуу 14:14).

2 Ошентсе да, сыягы, Муса өзү да Жахабага жардам сурап кайрыла баштайт. Жахаба ага: «Эмне үчүн Мага боздоп жатасың?.. Таягыңды көтөрүп, колуңду деңизге сунуп, деңизди экиге бөл»,— деп жооп берет (Чыгуу 14:15, 16). Андан ары эмне болгонун элестетсең. Жахаба ошо замат периштесине буйрук берет да, ысрайылдыктардын артынан булуттуу түрмөк каптатып, аларды калкалап калат, сыягы, ошондон улам мисирликтер аларга кол сала албай калышат (Чыгуу 14:19, 20; Забур 104:39). Муса колун сунат. Ошондо деңиз суулары күчтүү шамалдын таасиринен улам эки жакка тартыла баштайт. Эки тарабындагы тең суулар дубал сыяктуу көтөрүлүп катып калганда, түмөндөгөн эл өтүп кете алгыдай кенен жол ачылат! (Чыгуу 14:21; 15:8).

3 Мындай эбегейсиз күчтүн көрсөтүлүшүн көргөн фараон өз аскерин артка тартышы керек эле. Анткендин ордуна, ал текебер башкаруучу кайра чабуул коюуга буйрук берет (Чыгуу 14:23). Мисирликтер ачылган жол аркылуу атырыла кууп жөнөшөт, бирок көп узабай дүрбөлөңгө түшө башташат. Анткени арабаларынын дөңгөлөктөрү чыга баштайт. Ысрайылдыктар аркы өйүзгө өтөр замат, Жахаба Мусага: «Колуңду деңизге сун, ошондо суу мисирликтерди арабалары, атчандары менен кошо басып калат»,— деп буйрат. Суу дубалдары кулайт да, фараонду аскери менен кошо басып калат! (Чыгуу 14:24—28; Забур 135:15).

Кызыл деңиздин жанынан Жахаба өзүн «майдандын баатыры» катары көрсөткөн.

4. а) Кызыл деңиздин жанынан Жахаба өзүн ким катары көрсөткөн? б) Жахабанын ушундайча сыпатталышы айрымдарга кандай таасир этиши мүмкүн?

4 Ысрайыл элинин Кызыл деңиздин жанынан болгон куткарылуусу Кудайдын адамзатка жасаган мамилесин көрсөткөн тарыхый маанилүү окуя болуп эсептелет. Ал жагдайда Жахаба өзүн «майдандын баатыры» катары көрсөткөн (Чыгуу 15:3). Жахабанын ушундайча сыпатталышы сага кандай таасир этет? Согуш адамзатты көптөгөн азап-кайгыга дуушар кылат эмеспи. Ошондуктан сен Жахабанын кыйратуучу күчү бизди ага жакындатпай эле, кайра алыстатат деп ойлошуң мүмкүн.

Кудайдын согуштары адамдардыкынан айырмаланат

5, 6. а) Эмне үчүн Кудай адилеттүү түрдө «аскерлер Жахабасы» деп аталат? б) Кудай жүргүзгөн согуштар адамдардыкынан эмнеси менен айырмаланат?

5 «Аскерлер Жахабасы» деген сөз айкашы Эврей Жазмаларында — үч жүздөй, Грек Жазмаларында эки жолу кездешет (1 Шемуел 1:11, «ЖД»). Жахаба Эгедер Башкаруучу катары түмөндөгөн периштелерден турган аскерге ээ (Жашыя 5:13—15; 1 Падышалар 22:19). Анын аскеринин кыйратуучу күчү эң эле зор (Ышайа 37:36). Албетте, адамдардын өлүмү бизге жагымсыз. Бирок Кудайдын согуштары адамдар жүргүзүп жаткан маанисиз согуштардан абдан айырмаланарын эстен чыгарбашыбыз керек. Согуш жана саясат башчылары баскынчылык иш-аракеттерин жакшы ниет менен жасап жаткандай көрсөтүп, өздөрүн актаганга аракеттенишет. Бирок, чын-чынына келгенде, андай согуштарды жүргүзгөн адамдар ачкөздүк менен өзүмчүлдүккө жетектелет.

6 Адамдардан айырмаланып, Жахаба эч качан акылсыздык менен иш кылбайт жана сезимдерге алдырбайт. Мыйзам 32:4тө: «Ал — таяныч. Анын иштери жеткилең, Анын жолдору чындык. Кудай ишенимдүү, Анда адилетсиздик жок. Ал — акыйкат, Ал — чындык»,— деп айтылат. Кудай Сөзүндө ооздукталбаган каар, ырайымсыздык жана зордук-зомбулук айыпталат (Башталыш 49:7; Забур 10:5). Андыктан Жахаба эч качан олуттуу себепсиз иш-аракет кылбайт. Ал кыйратуучу күчүн эң зарыл учурда гана жана өтө кылдаттык менен колдонот. Жахаба өзү тууралуу Жезекиел пайгамбар аркылуу: «Мен мыйзамсыздын өлүмүн каалабайм,— дейт Кудай-Теңир,— тескерисинче, анын өз жолунан бурулуп, тирүү калышын каалайм»,— деп айттырган (Жезекиел 18:23).

7, 8. а) Аюб кабылган кырсыктарына карата кандай жаңылыш жыйынтыкка келген? б) Элийу Аюбга ой жүгүртүүсүнүн туура эмес экенин кандайча көрсөткөн? в) Аюб менен болгон окуядан эмнеге үйрөнсөк болот?

7 Анда Жахаба эмне үчүн кыйратуучу күчүн колдонот? Бул суроого жооп берерден мурун, Аюб аттуу такыбаа адам менен болгон окуяны эстеп көрөлү. Шайтан төмөндөгүдөй талаш суроо көтөрөт: Аюб, дегеле, адам аттуунун баары сыноолордо берилгендигин сактай алабы? Бул талаш суроого жооп берилиши үчүн, Жахаба Шайтанга Аюбдун берилгендигин сыноого жол берет. Натыйжада Аюб катуу ооруга чалдыгып, мал-мүлкүнүн баарынан жана балдарынан ажырайт (Аюб 1:1—2:8). Эмне себептен мындай болуп жатканын түшүнбөгөн Аюб бул кырсыктарды адилетсиз жаза катары Кудай жиберип жатат деген жаңылыш жыйынтыкка келген. Ал Кудайдан эмне үчүн аны «бута» жана «душман» кылып алганын сураган (Аюб 7:20; 13:24).

8 Элийу деген жигит Аюбдун: «Мен Кудайдан да адилмин»,— дегенин айтып, анын ой жүгүртүүсүнүн туура эмес экенин көрсөткөн (Аюб 35:2). Ооба, бир нерсени Кудайдан да жакшы билебиз деп ойлоо же аны адилетсиз иш кылды деп эсептөө акылсыздыкка жатат. «Кудайда калп болушу мүмкүн эмес, Кудуреттүү Кудайда адилетсиздик болбойт»,— деп билдирет Элийу. Кийинчерээк ал: «Кудуреттүү Кудай! Ага биздин акылыбыз жетпейт. Ал күчү, өкүмү жана адилеттүүлүгү менен улуу. Ал эч кимди кыйнабайт»,— деп кошумчалаган (Аюб 34:10; 36:22, 23; 37:23). Эгерде Кудай күчүн колдонуп жатса, демек, антүүгө анда толук негиз бар экенине эч шектенбесек болот. Ушуну эске алуу менен, тынчтыктын Кудайы кээде эмне себептен жоокер болорунун бир нече себебин карап көрөлү (1 Корунттуктарга 14:33).

Эмне үчүн тынчтыктын Кудайына согушууга туура келет?

9. Тынчтыктын Кудайы эмне үчүн согушат?

9 Кудайды «майдандын баатыры» катары даңктагандан кийин Муса: «Кудайлардын ичинде, Теңир, Сендей ким бар? Ыйыктыгы менен улуу... Сендей ким бар?» — деп жарлаган (Чыгуу 15:11). Хабакук пайгамбар да ушуга окшош ойду жазган: «Сенин таза көздөрүңө кыянат иштерди карап туруу ылайыксыз, Сен мыйзамсыздыкты карап тура албайсың» (Хабакук 1:13). Жахаба — сүйүүнүн Кудайы, ошондой эле ыйыктыктын, такыбаалыктын жана адилеттиктин да Кудайы. Кээде ушу сапаттары ага кыйратуучу күчүн колдонууга түрткү берет (Ышайа 59:15—19; Лука 18:7). Ошондуктан согуш жүргүзгөндө Кудай өзүнүн ыйыктыгын булгабайт. Тескерисинче, ал ыйык болгондуктан салгылашат (Чыгуу 39:30).

10. а) Качан жана эмне себептен Кудайга биринчи жолу согуш ачууга туура келген? б) Башталыш 3:15те алдын ала айтылган кастыкты жоюунун кандай бир эле жолу бар жана бул адил адамдар үчүн кандай баталарды алып келет?

10 Эң алгачкы түгөйлөрдүн, Адам менен Обонун, Кудайга каршы чыкканда эмне болгонуна көңүл буруп көрөлү (Башталыш 3:1—6). Эгерде Жахаба алардын мыйзамсыз ишине көз жумуп койсо, анын Ааламдын Эгедери катары ээлеген абалына катуу доо кетмек. Адил Кудай аларды өлүм жазасына сөзсүз тартышы керек болчу (Римдиктерге 6:23). Ыйык китептик биринчи пайгамбарлыкта ал өзүнүн кызматчылары менен «жыландын», Шайтандын, жолдоочуларынын ортосунда кастык болорун алдын ала айткан (Аян 12:9; Башталыш 3:15). Кастык Шайтан жок кылынганда гана жоюлат (Римдиктерге 16:20). Бул сот өкүмү натыйжада адил адамдар үчүн зор баталарды алып келет, анткени Шайтандын таасиринен арылган жер толугу менен бейишке айланат (Матай 19:28). Ал эми ал күн келгиче, Шайтан тарапты ээлеген адамдар Кудай элинин рухий жана сан жагынан өсүп-өнүгүүсүнө ар кандай жолдор менен каршылык көрсөтүп, күрөшүн уланта беришет. Айрым учурларда Жахабага кийлигишүүгө туура келет.

Кудай жамандыкты жоёт

11. Эмне үчүн Кудай жер бетине Топон суу каптаткан?

11 Кудайдын кийлигишүүсүнүн бир мисалы — Нухтун убагындагы Топон суу. Башталыш 6:11, 12де мындай деп айтылат: «Жер бети Кудайдын көз алдында бузулуп, жаман иштерге толуп кетти. Кудай жерге көз жиберип караса, жер абдан бузулуптур: жердеги ар бир жан бузулуптур». Кудай жаман адамдардын ошол учурда калган адеп-ахлак нормаларын биротоло кыйратышына жол берди беле? Жок. Жахаба жерди зомбулук менен адеп-ахлаксыздыкка батып кеткен адамдардан тазалоо үчүн Топон суу каптаткан.

12. а) Жахаба Ыбрайымдын «тукумуна» карата эмнени алдын ала айткан? б) Аморлуктар эмне үчүн жок кылынышы керек эле?

12 Кудай канаандыктардын үстүнөн да ушундай себеп менен сот жүргүзгөн. Жахаба Ыбрайымдан «тукум» чыгарын жана ал аркылуу бүт жер жүзүнүн элдери бата алышарын алдын ала айткан. Ушуга байланыштуу Кудай Ыбрайымдын тукумдарына аморлуктар деп аталган эл отурукташкан Канаан жерин берүүнү убада кылат. Бирок ал элди киндик каны тамган жеринен кууп салуу адилеттикке жатканбы? Жахаба бул убада 400 жылдан кийин, «аморлуктардын мыйзамсыздыгы» чегине жеткенде гана аткарыларын айткан * (Башталыш 12:1—3; 13:14, 15; 15:13, 16; 22:18). Бул убакыттын ичинде аморлуктар моралдык жактан чексиз бузулуп, Канаан бурканга табынуу, кан төгүү жана жыныстык катнашууларга байланыштуу жийиркентерлик иштер кеңири тараган жерге айланат (Чыгуу 23:24; 34:12, 13; Сандар 33:52). Анын тургундары кудайларына курмандык катары атүгүл өз балдарын өрттөшкөн. Ыйык Кудай өз элинин ушундай терс таасирдин алдында калышына жол берет беле? Жок! Ал: «Жер да булгангандыктан, Мен анын мыйзамсыздыктарына жүзүмдү бурдум, ошондо жер өзүнүн үстүндө жашагандарды силкип салды»,— деп жарыялаган (Лебилер 18:21—25). Бирок Жахаба аларды ылгабай туруп кырып салган эмес. Рахап жана Гибон тургундары сыяктуу жүрөгү таза канаандыктар аман калышкан (Жашыя 6:25; 9:3—27).

Жахаба өз ысмын коргойт

13, 14. а) Эмне үчүн Жахаба ысмын ыйыкташы керек болчу? б) Жахаба акарат келтирилген ысмын кандайча ыйыктаган?

13 Жахаба ыйык болгондуктан, анын ысмы да ыйык (Лебилер 22:32). Ыйса шакирттерин: «Сенин ысмың ыйыкталсын»,— деп тиленүүгө үйрөткөн (Матай 6:9). Эйденде көтөрүлгөн козголоң Кудайга жана анын башкаруусуна шек туудуруу менен анын ысмына акарат келтирген. Жахаба мындай козголоң менен ушакка көз жумуп коё алган эмес. Ал акарат келтирилген ысмын ыйыкташы керек болчу (Ышайа 48:11).

14 Келгиле, кайрадан ысрайылдыктарды мисалга алып көрөлү. Мисирде кулчулукта жүрүшкөн кезинде аларга Ыбрайымдын Тукуму аркылуу бүт жер жүзүнүн элдери бата алышат деген Кудайдын убадасы курулай эле сөздөй көрүнгөн. Бирок Ыбрайымдын тукумдарын кулчулуктан бошотуп, аларды эл кылып уюштуруу менен Жахаба акарат келтирилген ысмын ыйыктаган. Бул тууралуу Даниел пайгамбар тиленүүсүндө: «Өз элин Мисир жеринен күчтүү колу менен алып чыгып, атын чыгарган биздин Кудай-Теңирибиз»,— деп эскерген (Даниел 9:15, МАК).

15. Эмне үчүн Жахаба жүйүттөрдү Бабыл кулчулугунан бошоткон?

15 Эске алчу нерсе, Даниел бул сөздөрдү жүйүттөр Жахабанын өз ысмын коргош үчүн кайрадан иш-аракет кылышына муктаж болуп турган учурда айткан. Ал убакта тил албаган жүйүттөр Бабылда кулчулукта жүрүшкөн эле. Иерусалим — Жүйүт падышалыгынын борбор шаары — урандыда жаткан. Жүйүттөрдүн мекенине кайтып барышы Жахабанын ысмын даңктаарын Даниел билген. Ошондуктан ал: «Теңир, кечире көр! Теңир, кулак төшөп, аткара көр! Кудайым, Өзүң үчүн кечиктирбе, анткени Сенин шаарың да, Сенин элиң да Өзүңдүн ысымың менен аталган»,— деп тиленген (Даниел 9:18, 19).

Жахаба өз элин коргойт

16. Жахабанын өз ысмын коргошу эмне үчүн анын өз кызыкчылыгын көздөгөн сезимсиз Кудай экенин билдирбесин түшүндүрүп бер.

16 Жахабанын өз ысмын коргоо үчүн иш-аракет кылышы анын жеке кызыкчылыгын гана көздөгөн сезимсиз Кудай экенин билдиреби? Жок, анткени ыйык болгондуктан жана адилеттүүлүктү сүйгөндүктөн ал өз элин да коргойт. Башталыш китебинин 14-бабына назар салып көрөлү. Ал жерден Ыбрайымдын тууганы Лотту үй-бүлөсү менен кошо төрт баскынчы падыша туткунга алып кеткени тууралуу окуйбуз. Кудайдын жардамы менен Ыбрайым өзүнөн алда канча күчтүү душмандарды жеңип алат! Бул жеңиш тууралуу билдирүү, сыягы, «Теңирдин согуш китебине» биринчилерден болуп жазылып калган. Ал китепке Ыйык Жазмага кирбей калган согуштук иш-аракеттер жөнүндөгү билдирүүлөр да кирсе керек (Сандар 21:14). Андан кийин дагы көптөгөн жеңиштер болгон.

17. Ысрайылдыктар Канаан жерине киргенден кийин, Жахабанын алар үчүн согушканын кайсы окуялар көрсөтүп турат? Мисал келтир.

17 Ысрайылдыктар Канаан жерине кирерге аз калганда, Муса аларды: «Кудай-Теңириңер силердин алдыңарда бара жатат. Ал Мисир жеринде силер үчүн кандай күрөшкөнүн көрдүңөр, эми да так ошондой күрөшөт»,— деп ынандырган (Мыйзам 1:30; 20:1). Мусанын орун басары Жашыянын убагындагыдай эле, Ысрайыл башкаруучуларынын жана жүйүт элинин ишенимдүү падышаларынын башкаруу мезгилинде да Жахаба өз элин эң сонун жеңиштерге ээ кылып, алар үчүн согушуп келген (Жашыя 10:1—14; Башкаруучулар 4:12—17; 2 Шемуел 5:17—21).

18. а) Жахабанын өзгөрүлбөгөнү бизди кандайча бекемдейт? б) Башталыш 3:15те айтылган кастык өзүнүн жетер чегине жеткенде эмне болот?

18 Жахаба андан бери эч өзгөрүлгөн жок, анын биздин планетаны бейкуттук өкүм сүргөн бейишке айландыруу тууралуу ой-ниети да өзгөргөн жок (Башталыш 1:27, 28). Кудай жамандыкты дагы эле жек көрөт. Ошол эле учурда өз элин назик сүйөт жана жакында аны коргоо үчүн иш-аракет жүргүзөт (Забур 10:7). Башталыш 3:15те айтылган кастык жакынкы келечекте өзүнүн жетер чегине жетет. Ысмын ыйыктап, элин коргоо үчүн Жахаба кайрадан «майдандын баатыры» болот! (Захария 14:3; Аян 16:14, 16).

19. а) Кудайдын кыйратуучу күчү бизди ага кандайча жакындата аларын мисалдын жардамы менен көрсөт. б) Кудайдын өз элин коргоого даярдуулугу бизге кандай таасир этиши керек?

19 Төмөндөгү мисалды карап көрөлү. Бир үй-бүлөгө жырткыч айбан кол салды дейли. Үй-бүлө башчысы аны менен кармашып, жаалдуу жырткычты мерт кылат. Кандай деп ойлойсуң, күйөөсүнүн кылган иш-аракетине аялы жана балдары нааразы болушабы? Албетте, жок. Тескерисинче, анын көрсөткөн жанаябастык сүйүүсүнө ыраазы болушат. Ошо сыңары, Кудайдын кыйратуучу күчү бизди андан алыстатпашы керек. Жахабанын өз элин коргоого даяр экендиги аны ого бетер сүйүшүбүзгө түрткү берери шексиз. Анын чексиз күчүн барган сайын көбүрөөк баалай беребиз. Мунун баары Кудайга «коркуу жана урмат көрсөтүү менен... кызмат кылууга» жардам берет (Эврейлерге 12:28).

«Майдандын баатырына» жакында

20. Жахабанын эмне себептен согуш жүргүзүп келгенин толук түшүнбөсөк, эмне кылышыбыз керек жана эмне үчүн?

20 Албетте, Ыйык Китепте Жахабанын ар кыл согуштарды кайсы себептерден улам жүргүзгөнү майда-баратына чейин айтылбайт. Бирок бир нерседен шектенбесек болот: Жахаба кыйратуучу күчүн эч качан кыянаттык же ырайымсыздык менен колдонбойт. Көп учурда ыйык китептик кайсы бир билдирүүнүн контексти же кошумча изилдөө жүргүзүү байыркы убакта болуп өткөн окуяларды тереңирээк түшүнүүгө жардам берет (Накыл сөздөр 18:13). Майда-барат маалыматтарды билүүгө мүмкүн болбогон күндө да Жахабанын касиет-сапаттары тууралуу биле берүү жана алар тууралуу ой жүгүртүү бизде пайда болушу мүмкүн болгон айрым шектенүүлөрдү жоюуга жардам берет. Ушунун аркасында Жахаба Кудайыбызга ишенүүгө көптөгөн негиз табабыз (Аюб 34:12).

21. Кээде Жахабага «майдандын баатыры» болууга туура келсе да, аны кандайча мүнөздөсө болот?

21 Айрым учурларда Жахабага «майдандын баатыры» болууга туура келсе да, бул анын согушканды жакшы көрөрүн билдирбейт. Асман арабасы жөнүндө Жезекиелге берилген аянда Жахаба душмандары менен кармашууга даяр тургандай сүрөттөлгөн. Бирок Жезекиел Кудайды асан-үсөн — тынчтыктын символу — курчап турганын көргөн (Башталыш 9:13; Жезекиел 1:28; Аян 4:3). Жахабанын тынчтык менен бейкуттукту сүйөрүнө эч кандай шек жок. Элчи Жакан: «Кудай — сүйүү»,— деп жазган (1 Жакан 4:8). Жахабанын касиет-сапаттарынын баары бири-бирине жеткилеңдикте айкалышып турат. Ушундай эң кубаттуу, ошол эле учурда мээримдүү Кудайга жакындоо — кандай чоң артыкчылык!

^ абз. 1 Жүйүт тарыхчысы Иосиф Флавийдин билдирүүсүнө ылайык, ысрайылдыктарды «күчтүү куралданган эки жүз миң жоокерден турган аскер жана алардын артында алты жүз ат араба, элүү миң атчан адам» кууп келаткан («Жүйүт байыркылары», 2-китеп, 15-бөлүм, 3-пункт, ор.).

^ абз. 12 Бул жерде «аморлуктар» деген сөз, сыягы, Канаан жеринде отурукташкан элдердин баарын билдирет (Мыйзам 1:6—8, 19—21, 27; Жашыя 24:15, 18).