Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

7-БӨЛҮМ

«Баш калкалаар» Кудайыбыздын куткаруучу күчү

«Баш калкалаар» Кудайыбыздын куткаруучу күчү

1, 2. Ысрайылдыктар б.з.ч. 1513-жылы Синай жарым аралына келгенде кандай оор абалга дуушар болушкан жана Жахаба аларды кандайча бекемдеген?

ЫСРАЙЫЛДЫКТАР б.з.ч. 1513-жылдын башында Синай жарым аралына келгенде оор абалга дуушар болушат. Алар үрөй учурарлык жолду басып өтүшү керек эле: алдыда «жылан, кара курт жашаган коркунучтуу кара чөл» жаткан (Мыйзам 8:15). Андан сырткары, душман элдер да кайсы убакта болбосун кол салууга даяр турган. Ысрайылдыктарды ал жерге Жахаба өзү алып келген. Кудай өз элин коргоого жөндөмдүү беле?

2 Жахабанын: «Менин мисирликтерге эмне кылганымды көрдүңөр, Мен силерди бүркүт балапанын канатына көтөргөндөй көтөрүп жүрүп, Өзүмө алып келдим»,— деген сөздөрү аларды абдан кубаттаган (Чыгуу 19:4). Жахаба ысрайылдыктарга аларды мисирликтердин колунан бошотуп, каймана тил менен айтканда, бүркүттүн канатына көтөрүп коопсуз жерге жеткиргенин эскерткен. Бирок Кудайдын коргоосун «бүркүттүн канатына» салыштыруу эмне үчүн орундуу экенин түшүндүргөн дагы башка себептер бар.

3. Эмне үчүн «бүркүттүн канаттары» Кудайдын коргоосуна ылайыктуу түрдө салыштырылган?

3 Бүркүт жазы жана күчтүү канаттарын абада калкып жүрүү үчүн эле колдонбойт. Күндүн ысыгында эне бүркүт эки метрден ашкан канаттарын жайганда, назик балапандары ысыктан корголоп, анын алдындагы көлөкөгө, кол чатырга калкалангандай, кире качышат. Кээде анын балапандарын муздак шамалдан коргоп, канаты менен аларды толук жаап алган учурлары да болот. Жахаба жаңы эле түзүлгөн ысрайыл элин, бүркүт балапандарын калкалагандай, коргоп-сактап келген. Эгер ал эл чөлдө ишенимдүүлүгүн сактаса, андан ары да Жахабанын кубаттуу канатынын далдасына баш калкалай алмак (Мыйзам 32:9—11; Забур 35:8). Бирок азыркы күндө биз Кудайдын коргой турганына ишенсек болобу?

Кудай коргоону убадалайт

4, 5. Жахабанын өз кызматчыларын коргоору жөнүндөгү убадасына эмне үчүн толук ишене алабыз?

4 Жахабанын өз кызматчыларын коргоого жөндөмдүү экени талашсыз. Ал — «Кудуреттүү Кудай». Бул наам анын жеңилгис күчкө ээ экенин көрсөтүп турат (Башталыш 17:1). Деңиз ташкыны эч нерсеге ээ-жаа бербеген сыңары, Жахабанын күчүнө да эч нерсе тоскоол боло албайт. Жахаба каалаган ой-ниетин аткара алгандыктан, бизди: «Ал өз элин коргоону каалайбы?» — деген суроо кызыктырышы мүмкүн.

5 Бул суроого бир сөз менен «ооба» деп жооп бере алабыз. Жахаба бизди өз элин коргооруна ынандырат. «Кудай биздин баш калкалаар жайыбыз жана күчүбүз, кыйынчылыктарда тез жардамчыбыз»,— деп айтылат Забур 45:2де. Кудай «жалган сүйлөбөгөндүктөн», анын коргоору жөнүндөгү убадасына толук ишенсек болот (Титке 1:2). Анда эмесе, көңүлүбүздү Жахаба өзүнүн кызматчыларын коргоого даяр экенин көрсөтүү үчүн колдонгон бир нече айкын мисалдарга буруп көрөлү.

6, 7. а) Байыркы убактарда койчу койлорун кандайча коргогон? б) Жахабанын өз койлорун коргоого болгон каалоосунун күчтүү экени Ыйык Китепте кандайча баса көрсөтүлгөн?

6 Жахаба — Кайтаруучу, ал эми биз «Анын эли жана Анын жайытындагы койлорубуз» (Забур 22:1; 99:3). Койлордой алсыз жаныбарлар аз. Байыркы убактарда койлорун арстан, карышкыр жана аюулардан, ошондой эле уурулардан коргоодо койчудан эржүрөктүк талап кылынчу (1 Шемуел 17:34, 35; Жакан 10:12, 13). Бирок койлорду коргоо үчүн койчу назик мамиле жасашы керек болгон жагдайлар да кездешчү. Мисалы, кой талаада тууп койгон учурлар боло турган. Андайда камкор койчуга алсыз жаткан койдон көзүн албай карап турууга, анан чабал козусун короого чейин көтөрүп барууга туура келчү.

Ал «козуларын койнуна салып көтөрүп жүрөт».

7 Өзүн койчуга салыштыруу менен Жахаба бизди өз кызматчыларын коргоону чын ыкласынан каалаарына ынандырууда (Жезекиел 34:11—16). Колуңардагы китептин 2-бөлүмүндө келтирилген Ышайа 40:11-аятта Жахабанын кандайча сүрөттөлгөнүн эстесеңер. Ал жерде: «Ал Өзүнүн койлорун койчу сыяктуу кайтарат, козуларын колуна алып, койнуна салып көтөрүп жүрөт»,— деп айтылат. Бирок козу кандайча койчунун койнунда, анын чапанынын ичинде боло алмак? Ал койчунун жанына келиши, атүгүл анын бутуна сөйкөнүшү мүмкүн эле. Кандай болбосун, койчу эңкейип, козуну алып койнуна салмак. Козу ошондо гана өзүн коопсуз сезмек. Улуу Койчунун бизди коргоого жана бизге кам көрүүгө даяр экени кандай таасирдүү сүрөттөлгөн!

8. а) Кудай кимдерди коргоого убада берген жана Накыл сөздөр 18:10до бул кандайча баса белгиленген? б) Кудайдын ысмынан коргоо издөө эмнени билдирет?

8 Кудай өзүнө жакындагандарды гана коргоого убада берет. Накыл сөздөр 18:10до: «Теңирдин ысымы — бекем мунара: адил адам ага качып кирип, коопсуз болот»,— деп айтылат. Байыркы убактарда мунаралар көбүнчө чөлдүү жерлерге курулчу жана бекем башмаана боло турган. Бирок коркунучта калган адам баш калкалоо үчүн мунарага өзү качып кириши керек болчу. Кудайдын ысмынан коргоо издегендер да ошентиши керек. Анын ысмын жөн эле кайталап коюу жетишсиз, себеби ал ысым эч кандай кереметтүү күчкө ээ эмес. Ал ысым менен Аталганды билүү жана ага ишенип, анын адил нормаларына ылайык жашоо маанилүү. Ишеним менен кайрылгандарга бекем мунара болуп берүүнү убадалаган Жахабага кандай гана ыраазыбыз!

«Кудайыбыз... бизди куткара алат»

9. Жахаба өз элин коргоого убада бергенден да көптү кылган деп эмне үчүн айта алабыз?

9 Жахаба коргоору жөнүндө убада берип эле койгон эмес. Байыркы убактарда Кудай өз элин коргой аларын эң сонун кылып далилдеген. Ысрайыл элинин тарыхы Жахаба кубаттуу «колу» менен күчтүү душмандарын кандайча кыйратканын көрсөткөн окуяларга бай (Чыгуу 7:4, «Мукаддас»). Ошондой эле Жахаба куткаруучу күчү аркылуу айрым адамдарды жекече да коргогон.

10, 11. Жахабанын куткаруучу күчүн айрым адамдарга жекече да колдонорун ыйык китептик кайсы окуялар көрсөтүп турат?

10 Үч жаш эврей — Шадрах, Мейшах, Абет-Него — падыша Небухаданасардын буйругу боюнча тургузулган алтын бурканга табынуудан баш тартканда, каары кайнаган падыша аларды жалындап күйүп турган мешке ыргытарын айтып коркутат. Ал убактагы эң кубаттуу падыша Небухаданасар: «Силерди кайсы Кудай менин колумдан куткарат?» — деп кекирейе сүйлөйт (Даниел 3:15). Үч жаш жигит Кудайдын аларды куткара аларына толук ишенишкен, бирок сөзсүз ошентерин күтүшкөн эмес. Ошондуктан алар: «Биз кызмат кылып жаткан Кудайыбыз [«эгер Ал кааласа», «БМК»] бизди... куткара алат»,— деп жооп беришет (Даниел 3:17). Чынында эле, жалындап күйүп турган мешти демейдегиден жети эсе күчтүү кылып жагышса да, алардын кудуреттүү Кудайы үчүн берилген кызматчыларын куткарып алуу эч кандай кыйынчылыкка турган эмес. Жахаба аларды куткарган, атүгүл падыша да: «Ушинтип куткара алган башка Кудай жок»,— деп мойнуна алган (Даниел 3:29).

11 Жахаба өзүнүн кереметтүү куткаруучу күчүн жалгыз өзү жараткан Уулунун өмүрүн жүйүт кыз Мариямдын жатынына көчүргөндө да көрсөткөн. Мариямга периште анын «боюна бүтүп, уул төрөрүн» айтып: «Сенин үстүңө ыйык рух конот жана Эң Жогоркунун кудурети сени каптайт»,— деп түшүндүрөт (Лука 1:31, 35, «ЖД»). Кудайдын Уулу эч качан ошол кездегидей алсыз болбосо керек. Мариямдын күнөөсү жана жеткилеңсиздиги түйүлдүккө таасирин тийгизбейби? Уул төрөлгөнгө чейин, Шайтан ага зыян келтирип же аны өлтүрүп салбайбы? Андай болууга мүмкүн эмес! Жахаба, мындайча айтканда, Мариямды дубал менен курчап койгон, ошондуктан эч нерсе: жеткилеңсиздик да, каардуу күч да, кандайдыр бир ырайымсыз адам же жин-пери да жаңыдан өрчүп келаткан түйүлдүккө эч кандай зыян келтире албайт болчу. Жахаба Ыйсаны бала кезинде да коргоп келген (Матай 2:1—15). Ооба, Кудай белгилеген убак келгенге чейин, анын сүйүктүү Уулуна эч нерсе зыян келтире алган эмес.

12. Эмне үчүн байыркы убактарда Жахаба айрым адамдарды кереметтүү түрдө коргогон?

12 Эмне үчүн Жахаба айрым адамдарды кереметтүү түрдө коргогон? Муну ал көп учурда абдан маанилүү нерсе үчүн — өзүнүн ой-ниетинин аткарылышы үчүн — кылган. Мисалы, ымыркай Ыйсанын коопсуз болушуна кам көрүү менен Жахаба бүт адамзатка бата алып келе турган ой-ниетинин ишке ашышына өбөлгө түзгөн. Кудайдын куткаруучу күчү тууралуу билдирүүлөр «бизге насыят катары, биз чыдамдуулук менен жана Жазуунун жубануусу аркылуу үмүттү сакташыбыз үчүн жазылган» Ыйык Жазманын бөлүгүн түзөт (Римдиктерге 15:4, «Мукаддас»). Ооба, бул мисалдар кудуреттүү Кудайыбызга болгон ишенимибизди бекемдээрине шек жок. Бирок азыркы күндө Кудай бизди кайсы жактан коргойт деп күтсөк болот?

Кудайдын коргоору эмнени билдирбейт?

13. Жахаба биз үчүн кереметтерди жасоого милдеттүүбү? Түшүндүр.

13 Жахабанын бизди коргоору жөнүндөгү убадасы анын биз үчүн кереметтерди жасоого милдеттүү экенин билдирбейт. Кудай бул түзүлүштө бизге кыйынчылыгы жок жеңил-желпи турмушту убада кылбайт. Бүгүнкү күндө Жахабанын көптөгөн берилген кызматчылары учурдагы кыйынчылыктардын баарын: жакырчылыкты, согушту, ооруну жана өлүмдү да башынан өткөрүүдө. Ыйса өзүнүн шакирттерине айрымдары ишеними үчүн атүгүл өмүрүнөн ажыраарын ачык эле айткан. Так ушу себептен ал акырына чейин чыдоо маанилүү экенин баса белгилеген (Матай 24:9, 13). Эгер Жахаба ар бир учурда эле өзүнүн кызматчыларын кереметтүү түрдө коргой берсе, анда Шайтан муну сөзсүз Жахабаны жаманаттылоого жана Кудайга чындап берилгендигибизге карата шек туудурууга колдонмок (Аюб 1:9, 10).

14. Жахабанын кызматчыларынын баарын бирдей коргобоору кайсы мисалдардан көрүнүп турат?

14 Атүгүл байыркы убактарда да Жахаба кызматчыларынын баарын эле мезгилсиз өлүмдөн коргой берген эмес. Маселен, болжол менен б.з. 44-жылы Ирод элчи Жакыпты өлтүрткөн, бирок ошондон көп өтпөй эле Петир «Ироддун колунан» куткарылган (Элчилер 12:1—11). Ал эми Жакыптын биртууганы Жакан Петир менен Жакыптын көзү өткөндөн кийин да жашаган. Ооба, Кудайыбыз кызматчыларынын баарын бирдей коргойт деп күтпөшүбүз керек. Мындан сырткары, «мезгил менен кокустукка» баарыбыз кабылышыбыз мүмкүн (Насаатчы 9:11, «ЖД»). Анда Жахаба бизди азыркы күндө кандайча коргойт?

Жахаба бизди денелик жактан коргойт

15, 16. а) Жахаба өзүнүн кызматчыларын топ катары денелик жактан коргооруна кандай далилдер бар? б) Эмне үчүн Жахабанын өзүнүн элин азыр да, алдыда боло турган «улуу кайгыда» да коргооруна ишенсек болот?

15 Адегенде Кудайдын бизди денелик жактан кандайча коргоорун карап чыгалы. Жахабанын кызматчылары болгондуктан биз топ катары Кудайдан ушундай коргоону күтө алабыз. Андай болбосо, Шайтанга оңой эле жем болуп калмакпыз. Ойлонуп көрсөң: Шайтандын, «бул дүйнөнүн төрөсүнүн», таза сыйынууну жок кылсам дегенде эки көзү төрт (Жакан 12:31; Аян 12:17). Айрым күчтүү өкмөт башчылары кабар айтуу ишибизге тыюу салып, бизди жер бетинен биротоло жок кылууга аракет кылышкан. Бирок Жахабанын эли туруктуулугун сактап, кабар айтуу ишин кайраттуулук менен уланта берген! Эмне үчүн күч-кубаттуу элдер Ыйсанын жолдоочуларынын кичинекей жана коргоосу жоктой көрүнгөн тобун токтото алышкан эмес? Анткени Жахаба бизди кубаттуу канаттары менен жаап турат (Забур 16:7, 8).

16 Жакындап келаткан «улуу кайгыда» Кудай бизди коргойбу? Бизге Кудайдын өкүмүнүн аткарылышынан коркуунун кереги жок. Анткени «такыбааларды сыноодон кандайча куткарууну, ал эми адилетсиздерди сот убагында жазалоо үчүн сактоону Теңир албетте билет» (Аян 7:14; 2 Петир 2:9, «Мукаддас»). Биз эки нерсеге толук ишенсек болот. Биринчиден, Жахаба өзүнүн берилген кызматчыларынын жок кылынышына эч качан жол бербейт. Экинчиден, берилгендигин сактагандардын баарын адилеттүү жаңы заманда, эгер зарыл болсо, тирилтип түбөлүк өмүр менен алкайт. Өлгөндөр үчүн Кудайдын эс-тутумунда болуудан артык коопсуз жай жок (Жакан 5:28, 29).

17. Жахаба бизди Сөзү аркылуу кандайча коргоп жатат?

17 Жахаба азыртадан эле бизди жүрөккө дары жана жашоону өзгөртүүгө күчү бар тирүү «сөзү» аркылуу коргоп жатат (Эврейлерге 4:12). Кудай Сөзүндөгү принциптерди колдонуу менен өзүбүздү денелик жабыр тартуулардан коргой алабыз. Ышайа 48:17де: «Сени пайдалуу нерсеге үйрөткөн... Кудай-Теңириң Менмин»,— деп айтылат. Кудай Сөзүндө жазылгандарга ылайык жашоо менен денсоолугубузду жакшыртып, өмүрүбүздү узарта аларыбыз шексиз. Мисалы, бузукулуктан сак болууга жана ар кандай ыпылас нерселерден тазаланууга карата берилген ыйык китептик кеңешти колдонуу менен туура эмес жүрүм-турумдан жана Кудайга кызмат кылбаган көптөгөн адамдардын жашоосун курутуп жаткан терс адаттардан кача алабыз (Элчилер 15:29; 2 Корунттуктарга 7:1). Кудайдын өз Сөзү аркылуу коргоп жатканына кандай гана ыраазыбыз!

Жахаба бизди рухий жактан коргойт

18. Жахаба бизди рухий жактан кандайча коргойт?

18 Баарынан маанилүүсү, Жахаба бизди рухий жактан коргойт. Мээримдүү Кудайыбыз сыноолордо туруктуу болуп, аны менен болгон жакын мамилебизди сакташыбыз үчүн зарыл нерселердин баарын берип, бизди рухийлигибизге зыян келтирүүчү нерселерден коргоп келет. Жахабанын жардамы менен биз жашообузду бир нече эле жылга эмес, түбөлүккө сактай алабыз. Жахаба бизди рухий жактан коргоо үчүн эмнелер менен камсыз кылып келатканын карап көрөлү.

19. Бардык сыноолорду көтөрө алышыбызга ыйык рух кандайча жардам берет?

19 Жахаба тиленүүнү угат (Забур 64:3). Жашоодогу кыйынчылыктарды көтөрүүгө күчүбүз жетпечүдөй сезилгенде, Жахабага жүрөгүбүздөгүнү ачып берүү менен кыйла жеңилдеп калабыз (Филипиликтерге 4:6, 7). Ал сыноолорубузду кереметтүү түрдө жок кылып салбаса да, алар менен күрөшө алышыбыз үчүн акыл берип, чын ыкластан чыккан тиленүүлөрүбүзгө жооп кайтарат (Жакып 1:5, 6). Андан сырткары, Жахаба сурагандарга дайыма өзүнүн ыйык рухун берет (Лука 11:13). Ошо кубаттуу рухтун жардамы менен кандай кыйынчылык же сыноо болбосун көтөрө алабыз. Жакындап келаткан жаңы заманда бардык кайгы-капа жок кылынганга чейин туруктуу бойдон калышыбыз үчүн, Жахаба бизге «кудуреттүү күч» берет (2 Корунттуктарга 4:7).

20. Жахабанын куткаруучу күчү ишенимдештерибиз аркылуу кандайча көрсөтүлүшү мүмкүн?

20 Кудайдын куткаруучу күчү кээде ишенимдештерибиз аркылуу да көрсөтүлүшү мүмкүн. Жахаба өз элин эларалык «бир туугандыкка» бириктирген (1 Петир 2:17; Жакан 6:44). Ошол биртуугандыктын мүчөлөрүнүн бири-бирине сүйүү менен жасаган мамилеси алардын ар бирине Кудайдын ыйык руху жакшы таасир тийгизип жатканын далилдеп турат. Бул рух бизде жемишти, тактап айтканда, сүйүү, ак көңүлдүк, боорукердик сыяктуу эң сонун, баалуу сапаттарды өрчүтөт (Галаттыктарга 5:22, 23). Андыктан чөгүп турганыбызда, ишенимдешибиз пайдалуу кеңеш же соороторлук сөздөрдү айтса, куткаруучу күчүн ушундайча көрсөтүп жаткандыгы үчүн Жахабага ыраазычылык билдирсек болот.

21. а) Жахаба «ишенимдүү жана акылдуу кул» аркылуу өз убагында кайсы рухий тамакты берип жатат? б) Жахаба бизди рухий жактан коргоо үчүн берип жаткан нерселерден кандай пайда алдың?

21 Жахаба бизди дагы бир нерсе аркылуу коргойт: ал — өз убагында берилип турулуучу рухий тамак. Өзүнүн Сөзүнөн күч-кубат алып турушубуз үчүн, Жахаба рухий тамакты берип турууга «ишенимдүү жана акылдуу кулду» дайындаган. Бул ишенимдүү кул «тамакты өз убагында», башкача айтканда, бизге эмне жана качан керек болсо, аны «Күзөт мунарасы», «Ойгонгула!» журналдары жана башка адабияттар, ошондой эле жыйналыш жолугушуулары менен жыйындар аркылуу берип турат (Матай 24:45). Жыйналышта кимдир бирөөнүн берген жообунан, баяндамасынан же тиленүүсүнөн дем-кубат алган учуруң болду беле? Биздин журналдардын бирине басылып чыккан кайсы бир макала чоң таасир берип, жашооңду өзгөрткөн учурчу? Ушунун баарын Жахаба бизге рухий жактан коргоо үчүн берип жатканын эсиңден чыгарба.

22. Жахаба күчүн ар дайым кандай максатта колдонот жана бул эмне үчүн бизге пайда алып келет?

22 Жахаба, чынында эле, «Ага үмүттөнгөндөрдүн баарына» калкан (Забур 17:31). Албетте, азыркы убакта ал бизди бардык кырсык-кайгылардан коргоо үчүн куткаруучу күчүн колдонбоорун билебиз. Бирок ал куткаруучу күчүн ар дайым өзүнүн ой-ниеттерин аткаруу үчүн колдонот. Бул болсо акыр-аягы анын элине пайда алып келет. Эгер Жахабага жакындап, анын сүйүүсүнөн айрылбоого аракеттенсек, ал бизге түбөлүк өмүр тартуулап, жеткилеңдикке жеткирет. Ушуларды эстей жүрүү азыркы дүйнөдөгү кыйынчылыктардын баарын «убактылуу» нерседей көрүүгө жардам берет (2 Корунттуктарга 4:17).