Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

11-БӨЛҮМ

Анын жолдорунун баары адилет

Анын жолдорунун баары адилет

1, 2. а) Жусуп кандай адилетсиздикке кабылган? б) Жахаба адилеттикти кандайча калыбына келтирген?

ЭМНЕ деген адилетсиздик! Аял зордуктоого аракет кылды деген жалган айып менен эч жазыксыз келбеттүү жаш улан зынданга салынат. Бирок ал мындай адилетсиздикти биринчи жолу башынан өткөрүп жаткан жок. Бир нече жыл мурун 17 жашында ага, Жусупка, биртуугандары чыккынчылык кылып, аз жерден өлтүрүп коё жаздашкан. Анан аны башка өлкөгө кулчулукка сатып жиберишкен. Мырзасынын аялынын азгырыктарын четке какканда, каалоосу аткарылбай калганына ичи күйгөн ал аял Жусупка жалган айып тагат. Мына ушундайча ал зынданга салынат. Эми ага эч ким жардам бере албачудай көрүнгөн.

Жусуп адилетсиз түрдө зынданга салынган.

2 Бирок мунун баарына «акыйкат менен адилеттикти сүйгөн» Кудай көз салып турган (Забур 32:5). Жахаба Жусуптун боштондукка чыгарылышына кам көрүү менен адилеттикти калыбына келтирет. Ал гана эмес, Жусуп — зынданга жатып чыккан адам — жогорку жана өтө жооптуу кызматка көтөрүлүп, зор урмат-сыйга ээ болот (Башталыш 40:15; 41:41—43; Забур 104:17, 18). Акыр-аягы ал акталып, өзүнүн жогорку абалын Кудайдын ой-ниеттеринин аткарылышына өбөлгө түзүү үчүн колдонгон (Башталыш 45:5—8).

3. Эмне үчүн баарыбыз өзүбүзгө адилеттүү мамиле кылынышын каалайбыз?

3 Жүрөк козгоорлук окуя, чынбы? Арабызда адилетсиздикке кабылбаган же андан жабыр тартпаган ким бар? Ооба, баарыбыз өзүбүзгө адилеттүү жана калыс мамиле кылынышын каалайбыз. Бул эң эле жөндүү, анткени Жахаба бизди өзүндө бар сапаттар менен жараткан, ал эми адилеттүүлүк — анын негизги сапаттарынын бири (Башталыш 1:27). Жахабаны жакшыраак таанып-билүү үчүн, анын адилеттүүлүгү эмнени билдирерин түшүнүшүбүз зарыл. Ошондо Кудайга болгон ыраазычылыгыбыз көбүрөөк өрчүп, ага жакындайбыз.

Адилеттүүлүк деген эмне?

4. Адилеттүүлүктү адамдар кандай түшүнүшөт?

4 Адамдар адилеттүүлүк деп көбүнчө кандайдыр бир бекитилген мыйзамдарды же эрежелерди эч кыйшаюусуз сактоону эле түшүнүшөт. Бир китепте мындай деп айтылат: «Адилеттик мыйзам, милдеттенме, укук жана милдеттер менен байланыштуу; ал ар кимге тиешелүүсүн берүү менен акыйкат сот жүргүзүүнү билдирет» («Right and Reason—Ethics in Theory and Practice»). Бирок Жахабанын адилеттүүлүгү эрежелерди милдеттүү болгондуктан эле формалдуу түрдө сактап коюудан да көптү билдирет.

5, 6. а) «Адилеттик» деген сөздүн Ыйык Китеп жазылган тилдердеги мааниси кандай? б) Кудайдын адилет экени эмнени билдирет?

5 Жахабанын адилеттүүлүгүнүн тереңдигин жакшыраак түшүнүү үчүн, Ыйык Китеп жазылган тилдерде ага карата колдонулган сөздөрдүн маанисин карап көрөлү. Эврей Жазмаларында, негизинен, үч сөз колдонулган. Алардын бири «адилеттүүлүк» деп которулат, аны «туура иш кылуу» деп да берсе болот (Башталыш 18:25, «ЖД»). Ал эми берки экөө көбүнчө «адилдик» жана «чындык» деп которулат. Грек Жазмаларында болсо «адил» деп которулган сөз «адилеттүү, адеп-ахлак нормаларына жооп берген» дегенди туюнтат. Тактап айтканда, бул түшүнүктөрдүн ортосунда эч деле айырмачылык жок (Амос 5:24, «ЖД»).

6 Демек, Ыйык Китепте Кудайдын адилет делгени анын дайыма туура, калыс иш кыларын жана беткарамалык кылбаарын билдирет (Римдиктерге 2:11). Ооба, Жахабанын мындан башкача иш жүргүзүшү мүмкүн эмес. Ишенимдүү Элийу минтип айткан: «Кудайда калп болушу мүмкүн эмес, Кудуреттүү Кудайда адилетсиздик болбойт» (Аюб 34:10). Чынында эле, Жахабанын адилетсиздик кылышы мүмкүн эмес. Эмне үчүн? Анын эки маанилүү себеби бар.

7, 8. а) Эмне үчүн Жахабанын адилетсиз ишке барышы мүмкүн эмес? б) Жахаба башкаларга эмнеден улам адилеттүү мамиле жасайт?

7 Биринчи себеби — Кудай ыйык. Үчүнчү бөлүмдө белгиленгендей, Жахаба акактай таза жана адил. Андыктан анын адилетсиз ишке барышы мүмкүн эмес. Бул эмнени билдирерин карап көрөлү. Асмандагы Атабыздын ыйыктыгы өзүнүн балдарына эч качан жаман мамиле кылбасына кепилдик берет. Ыйса да буга толук ишенген. Өлөрүнүн алдындагы түнү ал: «Ыйык Ата... ошолорду [шакирттерди] Өз ысымың үчүн сакта»,— деп тиленген (Жакан 17:11). «Ыйык Ата» деп кайрылуу Ыйык Жазмада Жахабага гана колдонулат. Анткени жердеги аталардын бири да ыйыктык жагынан ага тең келбейт. Жахаба акактай таза жана күнөө аттуунун баарынан алыс болгондуктан, Ыйса камкор Атасынын колунда шакирттеринин коопсуздукта болоруна толук ишенген (Матай 23:9).

8 Экинчи себеби Кудайдын негизги сапаттарынын бири болгон өзүмчүлдүксүз сүйүү менен байланыштуу. Ушундай сүйүүсүнөн улам ал башкаларга адилеттүүлүк менен мамиле кылат. Ал эми адилетсиздик жана анын улутчулдук, басмырлоо, беткарамалык сыяктуу көптөгөн формаларынын баары көп учурда сүйүүгө карама-каршы келген ачкөздүк менен өзүмчүлдүктүн айынан көрсөтүлөт. Ал эми сүйүүнүн Кудайы жөнүндө Ыйык Китепте: «Теңир адилеттүү, Ал чындыкты сүйөт»,— деп айтылат (Забур 10:7). Жахаба өзү тууралуу: «Мен, Теңир, акыйкаттыкты жакшы көрөм»,— деп айтат (Ышайа 61:8). Кудайыбыздын адилеттүү иш жүргүзүүдөн чоң кубаныч аларын билүү соороторлук эмеспи? (Жеремия 9:24).

Жахабанын ырайымдуулугу менен жеткилең адилеттүүлүгү

9—11. а) Жахабанын адилеттүүлүгү ырайымдуулугу менен кандай байланышта? б) Жахабанын адилеттүүлүгү менен ырайымдуулугу анын күнөөкөр адамдарга жасаган мамилесинен кандайча көрүнүп турат?

9 Жахабанын адилеттүүлүгү, анын башка көптөгөн касиет-сапаттарындай эле, жеткилең жана кемтиксиз. Жахабаны даңазалап Муса: «Ал — таяныч. Анын иштери жеткилең, Анын жолдору чындык [«адилеттүү», «ЖД»]. Кудай ишенимдүү, Анда адилетсиздик жок. Ал — акыйкат, Ал — чындык»,— деп жазган (Мыйзам 32:3, 4). Жахабанын адилеттүүлүгү кемтиксиз: Кудай эч качан орунсуз жумшак же тескерисинче, өтө катаал болбойт.

10 Жахабанын адилеттүүлүгү менен ырайымдуулугу тыгыз байланышта. Забур 114:5те: «Теңир ырайымдуу жана адилет, биздин Кудайыбыз боорукер»,— деп айтылат. Ооба, Жахаба адилет жана ырайымдуу. Бул сапаттар бири-бирине карама-каршы келбейт. Кудайдын адилеттүүлүгү катаалдык менен көрсөтүлбөйт, андыктан аны ырайымдуулугу менен жумшартуунун зарылдыгы жок. Тескерисинче, бул эки сапат, көбүнчө чогуу жана бир учурда чагылдырылат. Төмөнкү мисалды карап көрөлү.

11 Күнөө бүт адамдарга тукум кууп өткөндүктөн, алардын баары күнөөнүн жазасына — өлүмгө — татыктуу (Римдиктерге 5:12). Бирок Жахаба күнөөкөрлөрдүн өлүмүн көрүүдөн ырахат албайт. Ал — «кечиргенди сүйгөн, кең пейил, ырайымдуу» Кудай (Некемия 9:17). Ошондой эле ал ыйык болгондуктан, күнөөгө көз жумуп коё албайт. Анда ал күнөөкөр адамдарга кандайча ырайымдуулук көрсөтөт? Буга жоопту Кудай Сөзүндөгү эң баалуу чындыктардын биринен таба алабыз: Жахаба адамзатты куткаруу үчүн кун тартуулаган. Кудайдын сүйүүсүн чагылдырган бул чара тууралуу 14-бөлүмдөн көбүрөөк билебиз. Кун аркылуу бир эле учурда адилеттүүлүк да, ырайымдуулук да чагылдырылган. Ошондой эле ал Жахабага өкүнгөн күнөөкөрлөргө өзүнүн адилеттүүлүгүнүн жеткилең нормаларын бузбастан ырайым көрсөтүүгө мүмкүндүк берген (Римдиктерге 3:21—26).

Жахабанын жан сергиткен адилеттүүлүгү

12, 13. а) Эмне үчүн Жахабанын адилеттүүлүгү бизди ага жакындатат? б) Дөөт Жахабанын адилеттүүлүгү тууралуу кандай жыйынтыкка келген жана бул бизди кандайча сооротот?

12 Жахабанын адилеттүүлүгү сезимсиз көрсөтүлбөйт. Бул сапат бизди Кудайдан алыстатпайт, тескерисинче, ага тартып турат. Ыйык Китепте Кудайдын адилеттүүлүгүнүн боорукердик менен тыгыз байланышта экени айкын көрсөтүлөт. Анда эмесе, Жахабанын адилеттүүлүк сапатын кандайча чагылдырарын көрсөткөн жан сергитерлик айрым мисалдарды карап көрөлү.

13 Адилеттүүлүгү жеткилең болгондуктан, Жахаба кызматчыларына берилгендик жана ишенимдүүлүк көрсөтөт. Забурчу Дөөт буга жеке тажрыйбасынан ынанган. Башынан өткөндөрдү эстеп жана Кудайдын ага карата кантип адилеттүүлүк көрсөткөнү жөнүндө ой жүгүртүп, Дөөт кандай жыйынтыкка келген? Ал: «Теңир чындыкты сүйөт, Өзүнүн ыйыктарын [«берилгендик көрсөткөндөрүн», «ЖД»] таштабайт. Алар түбөлүккө сакталышат»,— деп жарлаган (Забур 36:28). Кандай соороторлук ынандыруу! Биздин Кудай берилген кызматчыларын эч качан калтырбайт. Андыктан анын колдооруна жана мээримдүүлүк менен кам көрөрүнө бекем ишенсек болот. Буга анын адилеттүүлүгү кепилдик! (Накыл сөздөр 2:7, 8).

14. Жахабанын бей-бечараларга болгон камкордугу ысрайыл элине берилген Мыйзамда кандайча чагылдырылган?

14 Кудай адилеттүүлүгүнөн улам көңүлү чөккөндөрдүн муктаждыктарын эске алат. Жахабанын мындай адамдарга болгон камкордугу ысрайыл элине берилген Мыйзамда айкын чагылдырылган. Мисалы, анда жетимдер менен жесирлерге кандай жардам көрсөтүү керектиги айтылган (Мыйзам 24:17—21). Мындай үй-бүлөлөрдүн турмушу канчалык оор экенин билгендиктен Жахаба «жетим менен жесирлерге калыс караган» камкор Сот менен Коргоочунун ролун өзүнө алган * (Мыйзам 10:18; Забур 67:6). Жахаба ысрайылдыктарга, эгерде бечара аялдарды жана балдарды кысымга алыша турган болсо, алардын муң-зарын сөзсүз угарын эскерткен. «Менин каарым кайнап чыгат»,— деп билдирген Жахаба (Чыгуу 22:22—24, «Мукаддас»). Каардануу Кудайга мүнөздүү болбосо да, кимдир бирөөнүн башкаларга, айрыкча, алсыздарга атайылап адилетсиз мамиле жасашы, Анын адил каарын туудурат (Забур 102:6).

15, 16. Жахабанын калыс экенинин эң сонун далили кайсы?

15 Мындан сырткары, Жахаба бизди «адамдын жүзүнө карабасына, пара албасына» ынандырууда (Мыйзам 10:17). Колунда бийлиги бар айрым инсандардан айырмаланып, Жахаба адамга байлыгына же өңү-түсүнө карап баа бербейт. Ал калыс жана беткарамалыктан алыс. Анын кызматчысы болуп, келечекте чексиз өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгү кээ бир адамдарга эле эмес, баарына берилген. Бул — анын калыс экенинин эң сонун далили. «Ар бир элден Кудайдан корккон жана адилеттик боюнча иш кылган адам Ага жагат»,— деп айтылат Элчилер 10:34, 35-аяттарда. Кереметтүү келечек адамдардын баарына сунуш кылынат: мында алардын социалдык абалы, терисинин түсү же кайсы өлкөдө жашап жатканы роль ойнобойт. Бул чыныгы адилеттиктин сонун үлгүсү эмеспи?!

16 Жахабанын жеткилең адилеттүүлүгү дагы бир жол менен — анын адил нормаларын бузгандарга карата жасаган мамилеси менен — көрсөтүлөт.

Жазасыз калтырбайт

17. Дүйнөдө адилетсиздиктин жоктугу эмне үчүн Жахабанын адилдигине шектенүүгө себеп боло албаарын түшүндүрүп бер.

17 Айрымдар: «Жахаба адилетсиздикке көз жумбаса, анда эмне үчүн дүйнөдө адилетсиз түрдө азап тарткандар мынчалык көп?» — деп суроо беришет. Адилеттүүлүктүн жоктугу Жахабанын адилдигине шектенүүгө себеп боло албайт. Азыркы каардуу дүйнөдөгү көптөгөн адилетсиздиктер Адам атадан тукум кууп өткөн күнөөнүн кесепетинен болууда. Жеткилең эмес адамдар күнөө кылганын токтотпогондуктан, дүйнө адилетсиздикке толуп кетти. Бирок бул узакка созулбайт (Мыйзам 32:5).

18, 19. Жахабанын адил мыйзамдарын билип туруп бузгандарга чыдай бербээри эмнеден көрүнүп турат?

18 Жахаба ага чын жүрөгүнөн жакындагысы келгендерге улуу ырайымын көрсөтсө да, ыйык ысмынын жаманатты кылынышына себеп болгон абалга кечке эле чыдай бербейт (Забур 73:10, 22, 23). Адилеттиктин Кудайы шылдың болбойт: ал билип туруп күнөө кылгандарды жазасыз калтырбай, ар кимге ишине жараша тиешесин берет. Жахаба — «пендесин сүйгөн, ырайымдуу, сабырдуу, кайрымдуу, акыйкат Кудай... бирок жазасыз калтырбайт» (Чыгуу 34:6, 7). Бул сөздөргө ылайык, Жахаба адил мыйзамдарын атайылап бузгандарга айрым учурларда сот жүргүзүүнү туура көргөн.

19 Мисалы, байыркы Ысрайылга жасаган мамилесине көңүл буруп көрөлү. Ысрайылдыктар Убадаланган жерге киргенден кийин да кайра-кайра күнөө жасашкан. Алардын туура эмес жүрүм-туруму Жахабаны абдан «ачуулантса» да, ал элинен ошо замат баш тарткан эмес (Забур 77:38—41). Тескерисинче, ырайымдуулук көрсөтүп, алардын туура жолго түшүшүнө жардам берүү үчүн мүмкүн болгон нерселердин баарын жасаган. Ал элден: «Мен күнөөкөрдүн өлүмүн каалабайм, тескерисинче, Мен күнөөкөрдүн өз жолунан бурулуп, тирүү калышын каалайм. Бурулгула, өзүңөрдүн жаман жолуңардан бурулгула. Ысрайыл, силерге өлүмдүн эмне кереги бар?» — деп өтүнгөн (Жезекиел 33:11). Өмүрдү баалагандыктан Жахаба ысрайылдыктарды жаман жолунан баш тартууга үндөө максатында пайгамбарларын нечен ирет жиберген. Тилекке каршы, элдин көпчүлүгү жүрөктөрүн таш кылып, айтылган эскертүүлөргө кулак каккан да, өкүнгөн да эмес. Акыр-аягы Жахаба ыйык ысмы жана ага байланыштуу нерселердин баары үчүн ысрайылдыктарды душмандардын колуна салып берген (Некемия 9:26—30).

20. а) Жахабанын байыркы Ысрайылга жасаган мамилесинен эмнеге үйрөнсөк болот? б) Эмне үчүн арстан орундуу түрдө Жахабанын адилеттүүлүгүнүн символу болуп эсептелет?

20 Жахабанын ысрайыл элине жасаган мамилесинен көп нерсеге үйрөнсөк болот. Өзүбүз көргөндөй, Жахаба бүт баарын, мыйзамсыздыктын кандай түрү болбосун, көрүп турат жана көргөндөрүнө кош көңүл карабайт (Накыл сөздөр 15:3). Жахабанын мүмкүн болгон учурлардын баарында ырайым көрсөтүүгө умтуларын билүү кандай соороторлук! Ал эч качан шашылыш чечим чыгарбайт. Жахабанын эбегейсиз чыдамдуулугун көптөр анын жаман адамдарды жазалагысы келбейт дегендей туура эмес түшүнүп алышат. Бирок ысрайыл элине жасаган мамилесинен көрүнүп тургандай, Кудайдын чыдамкайлыгынын чеги бар. Жахаба адил нормаларына бекем карманат. Көп учурда адилетсиз сот жүргүзгөн адамдардан айырмаланып, Кудай ар дайым адилеттик менен иш кылат. Ошондуктан анын катышуусу жана тактысы сүрөттөлгөндө, адилеттүүлүктүн символу болгон эржүрөк арстандын сөз кылынышы бекеринен эмес * (Жезекиел 1:10; Аян 4:7). Бул Жахабанын убадаларын сөзсүз аткарарына жана жер бетин адилетсиздиктен тазаларына кепилдик берет. Жыйынтыктап айтканда, укуктук чечимдерди чыгарууда Жахаба зарыл болгондо — бекемдик, мүмкүн болгондо ырайымдуулук көрсөтөт (2 Петир 3:9).

Адилеттүүлүктүн Кудайына жакында

21. Жахабанын адилеттүүлүгүн кандайча чагылдырары тууралуу ой жүгүрткөндө аны кандай элестетишибиз керек жана эмне үчүн?

21 Жахабанын адилеттүүлүгүн кандайча чагылдырары жөнүндө ой жүгүрткөндө, аны күнөөкөрлөрдү жазалоону гана көздөгөн ырайымсыз сот катары элестетпешибиз керек. Тескерисинче, аны балдарына ар дайым кам көргөн мээримдүү, ошол эле учурда принциптерине бек карманган Атадай көрүшүбүз керек. Адил жана адилеттүү Ата болгондуктан Жахаба эч качан өзү бекиткен туура принциптеринен жазбайт, ошол эле учурда жардамга жана кечирилүүгө муктаж жердеги балдарына боорукердик көрсөтөт (Забур 102:10, 13).

22. Жахабанын адилеттүүлүгүнүн аркасында кандай үмүткө ээбиз жана эмне үчүн Жахаба буга кам көрүп койгон?

22 Кудайдын адилеттүүлүгү күнөөкөрлөрдү жазалоодон да көптү камтырын билүү кандай соороторлук! Жахабанын адилеттүүлүгүнүн аркасында биз эң сонун үмүткө — жеткилеңдикке жетип, «адилеттик гана өкүм сүргөн» дүйнөдө түбөлүк жашоо үмүтүнө — ээбиз (2 Петир 3:13). Биздин Кудай буга кам көрүп койгон, анткени ал адилеттүү жана бизди соттоону эмес, а куткарууну каалайт. Чынында эле, Жахабанын адилеттүүлүгү деген эмне экенин туура түшүнүү бизди ага жакындатат! Жахабанын бул эң сонун сапатты кандайча көрсөтөрүн кийинки бөлүмдөрдөн тереңирээк карап чыгабыз.

^ абз. 14 «Жетим» деп которулган сөз эврей тилинде эркек балага карата колдонулганы менен, кыздарга кам көрүүнүн кереги жок дегенди билдирбейт. Жахаба Мыйзамга атасынан айрылган Салапаттын кыздарына мурастын берилишин кепил кылган укуктук чечим киргизген. Бул чечим ушу сыяктуу суроолордун чечилишине жардам берип, кыздардын укугун коргогон (Сандар 27:1—8).

^ абз. 20 Ишенимсиз Ысрайылга өкүм чыгарып жатканда Жахабанын өзүн арстанга салыштырганы кызыктуу (Жеремия 25:38; Ошуя 5:14).