Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

12-БӨЛҮМ

«Кудай да адилетсизби?»

«Кудай да адилетсизби?»

1. Адилетсиздикти көргөндө, адатта, кандай сезимде болобуз?

УЛГАЙЫП калган жесир аялдын тонолуп, жыйып-тергенинин баарынан ажырап калышы, ташбоор эненин алсыз ымыркайын таштап кетиши, адамдын жөн жерден түрмөгө отуруп калышы сыяктуу нерселер тууралуу укканыңда кандай сезимде болосуң? Балким, кыжырың келеттир? Ооба, мындай нерселер менен кагылышканда кыжырың келбей койбойт, анткени биз, адамдар, эмне жаман, эмне жакшы экенине карата абдан сезгич келебиз. Адилетсиздикти көргөндө ачуубуз келет. Мындайда зыяндын орду толушун жана күнөөлүүнүн жазага тартылышын каалайбыз. Эгер андай болбой калса: «Кудай эмне буларды көрбөйбү? Эмне үчүн ал мындай нерселердин болушуна жол берет?» — деп бушайман болушубуз мүмкүн.

2. Хабакук адилетсиздикке карата кандай сезимде болгон жана аны Жахаба эмнеге айыптаган эмес?

2 Кылымдар бою ушу сыяктуу суроолорду Жахабанын берилген кызматчылары берип келишкен. Маселен, Хабакук пайгамбар минтип тиленген: «Эмне үчүн Сен мага болуп жаткан кыянат иштерди көрсөтүп жатасың? Эмне үчүн Сен мени болуп жаткан кайгыларды карап турууга мажбур кылып жатасың? Талап-тоноочулук менен зордук-зомбулук менин көз алдымда болуп жатат, касташуулар болуп жатат, уруш-чатактар чыгып жатат» (Хабакук 1:3). Жахаба адамдарды адилеттик деген эмне экенин түшүнүү жөндөмү менен жараткандыктан Хабакукту түз берген суроосу үчүн айыптаган эмес. Ооба, Жахаба бизди кандайдыр бир деңгээлде өзүнүн жеткилең адилеттүүлүк сезимине ээ кылган.

Жахаба адилетсиздикти жек көрөт

3. Жахаба бизге караганда адилетсиздикти көп көрөт деп эмне үчүн айта алабыз?

3 Жахаба адилетсиздикке көз жумуп койбойт. Ал айланада болуп жаткандардын баарын көрүп турат. Нухтун күндөрү тууралуу Ыйык Китепте: «Теңир жер бетиндеги адамдардын абдан бузулганын, алардын бардык ойлору, жүрөгүндөгү каалоолору ар убакта жамандык экенин көрдү»,— деп айтылат (Башталыш 6:5). Кандай маанилүү ой! Биздин адилетсиздик жөнүндө түшүнүгүбүз көп учурда уккан же өзүбүз кабылган бир нече окуянын негизинде гана калыптанат. Ал эми Жахаба жер жүзүндө болуп жаткандын баарын көрүп турат. Ошондуктан ал кандай адилетсиз иштер жасалып жатканын билет! Мындан тышкары, Кудай жүрөктүн каалоолорун да — адилетсиз ишке алып бара турган арам ойлорду да — байкайт (Жеремия 17:10).

4, 5. а) Адилетсиздиктен жабыр тарткандарга Жахабанын кам көрөрү Ыйык Китепте кандайча көрсөтүлгөн? б) Адилетсиздик менен Жахаба өзү кандайча кагылышкан?

4 Бирок Жахаба адилетсиздикти байкап эле койбостон, андан жабыр тарткандарга боор ооруй да билет. Ысрайылдыктарга душман элдер ырайымсыз мамиле жасаганда, Жахаба алардын «эзүүчүлөрдөн, кысымга алуучулардан тарткан муң-зарын угуп» абдан кайгырган (Башкаруучулар 2:18). Мүмкүн, сен адамдардын адилетсиздикти канчалык көп көргөн сайын, ошончолук мерез болуп калышарын байкаган чыгарсың. Бирок Жахаба андай эмес. Мына, 6 000 жылдан бери ал ар кандай адилетсиз иштерди көрүп келатат, бирок аны дагы эле жек көрөт. Ыйык Китеп бизди «жалган тил», «жазыксыз кан төккөн кол» жана «жалган жалаа жапкан жалган күбө» сыяктуу нерселердин Кудайдын көз алдында жийиркеничтүү экенине ынандырууда (Накыл сөздөр 6:16—19).

5 Жахабанын ысрайыл элинин адилетсиз төрөлөрүн кандайча катуу айыптаганын карап көрөлү. Кудай пайгамбары аркылуу аларга: «Чындыкты [«адилеттүүлүктү», «ЖД»] силер билишиңер керек эмеспи?» — деп суроо берет. Бузулган ал адамдардын бийликти кыянаттык менен пайдаланганын абдан айкын сүрөттөгөндөн кийин Жахаба мунун арты эмне менен бүтөрүн мындайча билдирет: «Ошондо алар Теңирди чакырышат, бирок Теңир аларды укпайт, ошол убакта алардан Өз жүзүн жашырат, анткени алар кыянат иштерди кылып жатышат» (Михей 3:1—4). Жахаба адилетсиздикти кандай гана жек көрөт, анткени аны менен өзү да кагылышкан! Миңдеген жылдар бою Шайтан аны адилетсиз түрдө жаманатты кылып келет (Накыл сөздөр 27:11, «Мукаддас»). Ал эми «эч кандай күнөө кылбаган» Уулунун кылмышкер катары өлтүрүлүшү анын жүрөгүн сыздаткан кандай гана чоң адилетсиздик болгон! (1 Петир 2:22; Ышайа 53:9). Ооба, Жахаба адилетсиздикке көз жумуп койбойт жана башкалардын азап тартканына кошкөңүл карабайт.

6. Адилетсиздикке кабылганда кандай сезимде болушубуз мүмкүн жана эмне үчүн?

6 Албетте, адилетсиздикти байкаганыбызда же ага өзүбүз кабылганда сезимдерибизди башкара билүү кыйын. Биз Кудайдын бейнеси боюнча жаратылганбыз, ал эми адилетсиздик — Кудайдын табиятына таптакыр жат нерсе (Башталыш 1:27). Анда эмне үчүн Кудай адилетсиздикке жол берип келет?

Кудайдын эгедерлигине байланыштуу суроо

7. Жахабанын эгедерлигине кандайча шек туудурулганын айтып бер.

7 Бул суроонун жообу Кудайдын эгедерлигине карата көтөрүлгөн суроо менен тыгыз байланышта. Буга чейин билгенибиздей, Жараткан бүт жер жүзүнүн жана анда жашагандардын баарынын үстүнөн бийлик жүргүзүүгө толук укуктуу (Забур 23:1; Аян 4:11). Бирок тээ алмустакта эле анын эгедерлигине карата шек туудурулган. Кандайча? Жахаба Адам атага ал үчүн үйү болуп саналган бейиш багындагы белгилүү бир дарактын жемишинен жебөөгө буйрук кылган. Адам ал буйрукка баш ийбей койсо эмне болот эле? «Өлүп каласың»,— деп эскерткен Кудай (Башталыш 2:17). Анын буйругун аткаруу Адам ата менен Обо энеге эч кыйын эмес болчу. Ошентсе да Шайтан Обону Кудай алардын эркиндигин өтө эле чектеп жатат дегенге ынандыра алган. Обо эне тыюу салынган жемиштен жесе эмне болот эле? Шайтан аны: «Жок, өлбөйсүңөр, бирок силер алардан ооз тийген күнү көзүңөр ачылып, жакшылык менен жамандыкты билген Кудайдай болуп каларыңарды Кудай билет»,— деп ишендирет (Башталыш 3:1—5).

8. а) Шайтан Обо энеге Кудайды кандай кылып көрсөткөн? б) Кудайдын эгедерлигине карата Шайтан кандай шек туудурган?

8 Өзүнүн ырастоосу менен Шайтан Обонун жүрөгүндө шектенүүнү пайда кылган. Ал Жахабаны Обого кандайдыр бир маанилүү маалыматты жашырып жаткандай кылып көрсөткөн, ошондой эле аны калпычы катары күнөөлөгөн. Шайтан Жахабанын Эгедер экенине эмес, анын бийлик кылууга укуктуу экенине карата шек туудурган. Башкача айтканда, ал Жахабанын башкаруусу адилетсиз жана жаратууларынын жыргалчылыгына өбөлгө түзбөйт деп ырастаган.

9. а) Адам менен Обонун баш ийбестиги эмнеге алып келген жана кандай маанилүү суроолор көтөрүлгөн? б) Эмне үчүн Жахаба козголоңчуларды ошол замат жок кылып салган эмес?

9 Акыры, Адам ата да, Обо эне да Жахабанын буйругун бузуп, тыюу салынган жемиштен жешет. Баш ийбөөчүлүк, Жахаба эскерткендей эле, өлүмгө алып келген. Шайтандын калпы төмөндөгүдөй маанилүү суроолорду туудурган: Жахаба адамзатка бийлик кылууга чынында эле укуктуубу же адамдар өздөрү башкарышы керекпи? Жахабанын башкаруусу чындап эле эң жакшы башкаруубу? Жахаба, албетте, өзүнүн күчүн колдонуп, козголоңчуларды ошо замат эле жок кылып коё алмак. Бирок көтөрүлгөн суроо Кудайдын күчүнө эмес, эгедерлигине тийиштүү болчу. Андыктан Адам менен Обону жана Шайтанды жок кылуу Кудайдын башкаруусу адилеттүү экенин далилдемек эмес, тескерисинче, эгедерлигине байланыштуу дагы башка суроолор туулмак. Адамдардын Кудайдан көзкарандысыз өздөрүн ийгиликтүү башкарып кетер-кетпесин текшерүүнүн жалгыз жолу аларга убакыт берүү болгон.

10. Адамдардын башкаруусу тууралуу тарых эмнени көрсөттү?

10 Убакыт эмнени көрсөттү? Миңдеген жылдар бою адамдар башкаруунун автократия, демократия, социализм жана коммунизм сыяктуу ар кыл формаларын колдонуп көрүштү. Мындай башкаруунун натыйжасы тууралуу Ыйык Китепте: «Адам адамдын үстүнөн бийлик кылып, ага зыян келтирген учур да болот»,— деп абдан таамай айтылган (Насаатчы 8:9). Жеремия пайгамбардын да: «Теңир, мен адамдын жолу өзүнүн эркинде эмес экенин, өзүнүн бутуна багыт берүү бара жаткандын бийлигинде эмес экенин билем»,— деп айтканы бекеринен эмес болчу (Жеремия 10:23).

11. Эмне үчүн Жахаба адамдардын азап-тозокторго дуушар болушуна жол берген?

11 Жахаба адамдардын андан көзкарандысыз же өз алдынча бийлик жүргүзүшү көп кайгы алып келерин башында эле билген. Анда анын окуялардын өз нугу менен өрчүй беришине жол берип койгону адилетсиздик болгонбу? Жок! Мындай мисал алып көрөлү. Балаңа жашоосу ошондон көзкаранды болгон олуттуу операция жасоо керек болуп калды дейли. Албетте, ал операциядан улам балаң кыйналарын билип капаланбай койбойсуң. Ошол эле учурда операциянын балаңдын сакайышына өбөлгө түзөрүн да билесиң. Ушу сыяктуу эле, Кудай адамдардын башкаруусу азап-кайгы алып келерин билген, атүгүл бул тууралуу алдын ала да айткан (Башталыш 3:16—19). Ошол эле учурда ал адамзатка козголоңдун кандай каргашалуу кесепеттерге алып келерин көрүүгө мүмкүндүк бергенде гана чыныгы жана узакка созулган жеңилдик болорун да билген. Көтөрүлгөн талаш суроону ушундай жол менен гана биротоло чечүүгө мүмкүн эле.

Адамдардын актыгын сактаарына байланыштуу суроо

12. Аюбдун окуясынан көрүнүп тургандай, Шайтан адамдарга кандай күнөө койгон?

12 Талаш суроонун дагы бир жагы бар. Жахабанын Эгедер болууга укуктуу экенине жана эгедерлигинин адилеттүүлүгүнө шек туудуруу менен Шайтан анын башкаруу жолун эле эмес, кызматчыларынын актыгын сактаар-сактабасын да талашка салган. Мисалы, Шайтандын такыбаа Аюб жөнүндө Жахабага эмне деп айтканына көңүл бурсаң: «Аны да, анын тукумун да, анын колунда болгондун бардыгын коргогон Сен эмессиңби? Анын бардык ишине батаңды бердиң, анын жер жайнаган малы бар. Бирок колуңду сунуп, анын колунда болгондун бардыгына колуңду тийгизип көрчү, ал Сени даңктаар бекен?» (Аюб 1:10, 11).

13. Шайтан Аюбду күнөөлөө менен эмне айткысы келген жана мунун бүт адамдарга кандай тиешеси бар?

13 Шайтан Жахабага куткаруучу күчү менен Аюбду сатып алган деп күнөө койгон. Анын айтымында, Аюбдун такыбаалыгы жасалма жана ал Кудайга бир нерсе алуу максатында эле кызмат кылып жүргөн имиш. Эгерде Кудай өз кызматчысынан баталарын алып койсо, атүгүл Аюбдай болгон адам да өз Жаратканын каргамак дегендей ойду айткан Шайтан. Ал Аюбдун башкалардан «кемчиликсиз, адилеттүү, Кудайдан корккон, жамандыктан алыс жүргөн адам» болгондугу менен айырмаланып турганын билген *. Эгер Шайтан Аюбду актыгынан тайдыра алса, анда башка адамдар жөнүндө эмне айтууга болот эле? Ошентип, Шайтан Кудайга кызмат кылууну каалаган адамдардын баарынын берилгендигине шек туудурган. Андан сырткары, ал Жахабага: «Адам [Аюб эле эмес, адам аттуунун баары] өз жаны үчүн колунда эмне болсо, ошонун бардыгын берет»,— деп айткан (Аюб 1:8; 2:4).

14. Шайтандын адамдарга койгон күнөөлөрүнө карата тарых эмнени көрсөттү?

14 Көп адамдар сыноолорго кабылганда, Аюбга окшоп, Жахабага болгон берилгендигин сактоо менен Шайтандын ырастоосунун жалган экенин далилдегенин тарых көрсөттү. Алардын ишенимдүүлүгү Жахабаны абдан кубандырып, ага Шайтандын адамдар сыноолорго кабылганда Кудайга кызмат кылуусун токтотот деген какшык аралаш ырастоосуна жооп кайтарууга негиз берген (Эврейлерге 11:4—38). Ооба, жүрөгү таза адамдар өздөрүнө Кудайдан баш тартып кетүүгө жол беришкен жок. Атүгүл сыноо канчалык күчтүү болгон сайын, алар Жахабадан туруктуу болууга күч сурап, ага ошончолук көбүрөөк таянышкан (2 Корунттуктарга 4:7—10).

15. Кудайдын өткөндөгү жана келечектеги өкүмдөрүнө карата кандай суроо туулушу мүмкүн?

15 Бирок Жахабанын адилеттүүлүк көрсөтүшү анын эгедерлигине жана адамдардын актыгын сактаар-сактабасына байланыштуу суроодон да көптү камтыйт. Ыйык Китепте Кудайдын айрым адамдарга жана элдерге чыгарган өкүмдөрү, ошондой эле келечекте чыгара турган сот чечимдери тууралуу айтылат. Жахабанын чечим чыгарууда ар дайым адилеттүү болгонуна жана болоруна эмне үчүн толук ишенсек болот?

Кудайдын адилеттүүлүгү теңдешсиз

Жахаба эч качан «адил адамды ыймансыз менен бирге жок кылбайт».

16, 17. Чыныгы адилеттүүлүк эмне экенин аныктоодо адамдын чектелүү эле билимине таянары кайсы окуялардан көрүнүп турат?

16 Жахаба тууралуу: «Анын жолдору чындык [«адилет», «ЖД»]»,— деп айтуу абдан орундуу (Мыйзам 32:4). Арабыздан эч ким өзү тууралуу минтип айта албайт, анткени көп учурда эмне туура экендигин аныктоодо чектелүү эле билимибизге таянабыз. Мисалга Ыбрайымды алып көрөлү. Ал Жахабадан Содомду — жамандык менен адеп-ахлаксыздыкка белчесинен баткан шаарды — талкалабашын өтүнгөн. Жахабадан ал: «Кантип эле Сен адил адамды ыймансыз менен бирге жок кыласың?» — деп сураган (Башталыш 18:23—33). Албетте, Жахаба андай кылмак эмес. Ал адил Лот кыздары менен Соар шаарына аман-эсен жеткенден кийин гана Содомго «күкүрт менен отту жамгыр кылып төккөн» (Башталыш 19:22—24). Жунус болсо, тескерисинче, Кудайдын Нинебинин тургундарына ырайым көрсөткөндүгү үчүн «аябай туталанган». Ал пайгамбар Кудайдын өкүмү жарыялангандан кийин нинебиликтер чын жүрөктөн өкүнүшкөнүнө карабастан жок кылынат деп ойлогон (Жунус 3:10—4:1).

17 Жахаба Ыбрайымды адилеттүүлүк көрсөтүү күнөөкөрлөрдү жазалоону эле эмес, адил адамдарды куткарууну да билдирерине ынандырган. Жунус болсо Жахабанын ырайымдуу Кудай экенин түшүнгөн. Эгерде күнөөкөрлөр туура эмес жолунан кайтса, Кудай «кечирүүгө даяр» (Забур 86:5, «ЖД» [85:5]). Өздөрүнүн кадыр-баркы үчүн тынчсызданган адамдардан айырмаланып, Жахаба эч качан күчүн көрсөтүү же башкаларга таасир калтыруу максатында сот жүргүзбөйт; ал алсыз же эрксиз көрүнүп калуудан коркпостон аёо сезимин көрсөтөт. Мүмкүн болгон учурлардын баарында ал ырайымдуулук көрсөтүүгө умтулат (Ышайа 55:7; Жезекиел 18:23).

18. Чечим чыгарууда Жахабанын сезимдерге алдырбасын көрсөткөн ыйык китептик мисалдарды келтир.

18 Бирок Жахаба сезимдерге алдырбайт. Анын эли бурканга табынуучулукка берилип кеткенде, Жахаба: «Сени жолдоруңа жараша жазалайм, Мен сени бардык жийиркеничтүү иштериң үчүн жазалайм. Менин көзүм сени аябайт, сага ырайым кылбайм, жолдоруңа жараша тиешеңди берем»,— деп катуу эскерткен (Жезекиел 7:3, 4). Ошондуктан адам күнөө кылганын токтотпосо, Жахаба ошого жараша иш кылат. Бирок анын өкүмү ар дайым негиздүү. Маселен, «Содом менен Амордун айынан» чыккан ый Жахабага жеткенде, ал минтип айткан: «Түшүп көрөйүн, алардын кылган иштери Мага жетип жаткан ыйдай бекен же жокпу, билейин» (Башталыш 18:20, 21). Жеткилеңсиз адамдардан айырмаланып, Жахаба бардык далилдерди тактап чыкмайын шашылыш чечим чыгарбайт. Бул үчүн ага кандай ыраазыбыз! Ооба, Ыйык Китепте айтылгандай, Жахаба «ишенимдүү, Анда адилетсиздик жок» (Мыйзам 32:4).

Жахабанын адилеттүү экенине толук ишен

19. Жахабанын адилеттүүлүктү кандайча көрсөтөрүнө байланыштуу татаал суроолор туулганда, эмне кылсак болот?

19 Ыйык Китепте Кудайдын өткөн убактарда эмне үчүн тигиндей же мындай иш кылганына байланыштуу суроолордун баарына жооп жазылган эмес. Ошондой эле анда Жахабанын келечекте айрым бир адамдарды жана элдерди кандайча соттору да майда-баратына чейин түшүндүрүлбөйт. Эгерде Ыйык Китептеги кайсы бир билдирүү же пайгамбарлык түшүнүктүү болбой жатса, Михей пайгамбардын: «Мени куткарган Кудайга таянам»,— деген сөздөрүндө чагылдырылган берилгендикти көрсөтөлү (Михей 7:7).

20, 21. Жахабанын ар дайым туура иш кыларына эмне үчүн толук ишенсек болот?

20 Жахабанын, кандай жагдай болбосун, туура иш кыларына толук ишенсек болот. Атүгүл адамдар адилетсиздикке көз жумуп койгон учурда да, Жахаба: «Өч Меники, Мен тиешесин берем»,— деп ынандырат (Римдиктерге 12:19). Аны күткөндү билсек: «Кудай да адилетсизби? Албетте, жок!» — деп айткан элчи Пабылдыкындай ишенимди көрсөтөбүз (Римдиктерге 9:14).

21 Биз өзгөчө «оор күндөрдө» жашап жатабыз (2 Тиметейге 3:1). Адилетсиздик жана эзүү ырайымсыздык менен зордук-зомбулукту туудурат (Насаатчы 4:1). Бирок Жахаба өзгөрүлгөн жок: ал баштагыдай эле адилетсиздикти жек көрөт жана андан жабыр тарткандарга кошкөңүл карабайт. Жахабаны жана анын эгедерлигин берилгендик менен жактасак, ал бизге Падышалыгы адилетсиздиктин баарын жок кыла турган убак келгенге чейин туруктуу бойдон калышыбызга күч-кубат берет (1 Петир 5:6, 7).

^ абз. 13 Жахаба Аюб тууралуу: «Жер жүзүндө андай адам жок»,— деп айткан (Аюб 1:8). Андыктан ал Жусуп өлгөндөн кийин жана Муса Ысрайылга башчы болуп дайындалганга чейин жашаган көрүнөт. Демек, Аюб замандаштарынын арасынан эң такыбаа адам болгон деп айтсак жаңылбайбыз.