Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

16-БӨЛҮМ

Кудай менен жүрүп, «адилет иштерди кыл»

Кудай менен жүрүп, «адилет иштерди кыл»

1—3. а) Эмне себептен Жахабанын алдында милдеттүүбүз? б) Мээримдүү Куткаруучубуз бизден эмне талап кылат?

ЧӨГҮП бараткан кемеде калганыңды элестетсең. Аман калуудан таптакыр үмүт үзүп койгонуңда, кайдан-жайдандыр жардам келип, сени сактап калат. Куткаруучуң сага: «Эми баары жакшы болот!» — деп айтканда, кандай гана жеңилдене түшөсүң! Өмүрүңдү сактап калганы үчүн ага миң мертебе ыраазы болоруң шексиз.

2 Бул мисал Жахабанын биз үчүн эмне кылганын көрсөтүп турат. Ооба, анын алдында милдеттүү экенибиз талашсыз. Анткени кун төлөө менен ал бизге күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан бошонууга жол ачты. Ушул баалуу курмандыкка ишенүүнүн аркасында күнөөлөрүбүз кечирилип, түбөлүк өмүргө болгон бекем үмүткө ээ экенибизди билүү кандай гана соороторлук (1 Жакан 1:7; 4:9). Ушул китептин 14-бөлүмүнөн билгенибиздей, кун Жахабанын сүйүүсү менен адилеттүүлүгүн эң сонун чагылдырып турат. Бул бизге кандай таасир этиши керек?

3 Буга байланыштуу Куткаруучубуздун бизден эмне талап кыларын карап чыкканыбыз маанилүү. Жахаба Михей пайгамбар аркылуу: «О, адам! Эмне жакшы экени, Теңир сенден эмнени талап кылып жатканы сага айтылган: адилет иштерди кылуу, кайрымдуулук иштерин жакшы көрүү жана өз Кудайыңдын алдында акылмандык менен моюн сунуп жашоо»,— деген (Михей 6:8). Жахабанын талаптарынын бири «адилет иштерди кылуу» экенине көңүл бурсаң. Бул талапты канткенде аткара алабыз?

«Чыныгы адилдикке» умтул

4. Жахабанын бизден адил нормаларына ылайык жашашыбызды күтөрүн кайдан билебиз?

4 Жахаба бизден анын жакшылык менен жамандыкка карата бекиткен нормалары боюнча жашашыбызды күтөт. Анын нормалары адилет жана туура болгондуктан, аларга ылайык жашасак, адилеттүүлүк менен иш кылган болобуз. «Жакшылык кылганды үйрөнгүлө, адилеттүүлүктү издегиле»,— деп айтылат Ышайа 1:17де («БМК»). Кудай Сөзү бизди «адилдикти издөөгө» чакырат (Сепания 2:3, «ЖД»). Ошондой эле ал «чыныгы адилдик жана ыйыктык менен Кудайдын бейнеси боюнча жаратылган жаңы адамды кийүүгө» үндөйт (Эфестиктерге 4:24). Чыныгы адилдиктин — чыныгы адилеттүүлүктүн — ыйык нерселерди арамдаган зордук-зомбулук, ыпыластык жана адеп-ахлаксыздык менен эч кандай байланышы жок (Забур 10:5; Эфестиктерге 5:3—5).

5, 6. а) Жахабанын нормаларын аткаруу биз үчүн эмнеге оор эмес? б) Адилдикке умтулуу тынымсыз процесс экени Ыйык Китепте кандайча көрсөтүлгөн?

5 Жахабанын адил нормаларын аткаруу оорбу? Жок. Эгер жүрөгүбүз менен Жахабага тартылсак, анын талаптары бизди кыжырдантпайт. Кудайыбызды сүйүп, анын ой-ниетин баалагандыктан бардык жагынан ага жагууну каалайбыз (1 Жакан 5:3). Жахабанын «адил иштерди сүйөрүн» эстен чыгарбайлы (Забур 11:7, «ЖД» [10:7]). Кудайдын адилдигин же адилеттүүлүгүн чагылдырууну кааласак, ал сүйгөндү сүйүп, ал жек көргөндү жек көрүшүбүз керек (Забур 96:10).

6 Жеткилең эмес адамдар үчүн адилдикке умтулуу оңойго турбайт. Биз «эски табиятыбызды» жаман иштери менен кошо чечип таштап, жаңысын кийишибиз керек. Ыйык Китепте адамдын Кудайды таанып-билүүнүн аркасында «жаңыланары» айтылат (Колостуктарга 3:9, 10, «Мукаддас»). «Жаңылануу» деген сөз «жаңы табиятты кийүү» дайыма күч-аракет жумшоону талап кылган тынымсыз процесс экенин көрсөтүп турат. Канча аракет кылбайлы, жеткилеңсиз болгондуктан ойлогон оюбуз, сүйлөгөн сөзүбүз же кылган ишибиз менен баары бир жаңыла беребиз (Римдиктерге 7:14—20; Жакып 3:2).

7. Адилеттикке умтулууда кетирген каталарыбызга кандай карашыбыз керек?

7 Адилеттикке умтулууда кетирген каталарыбызга кандай карашыбыз керек? Албетте, күнөөнүн олуттуулугуна көз жумуп коюуну каалабайбыз. Бирок ошол эле учурда кетирген каталарыбыздан улам Жахабага кызмат кылууга жараксызмын деген ойго алдырып, багынып калбашыбыз керек. Боорукер Кудайыбыз чындап өкүнгөн күнөөкөрлөрдүн кайрадан анын жактыруусуна ээ боло алышына кам көргөн. Элчи Жакандын төмөндөгү бекемдээрлик сөздөрүнө көңүл буруп көрөлү: «Мен муну силерге күнөө кылбасын деп жазып жатам»,— деген ал. Бирок андан ары сөзүн минтип улаган: «Эгерде ким [тукум кууп өткөн жеткилеңсиздиктин айынан] күнөө кылса, Атанын алдында адил арачыбыз Ыйса Машайак бар» (1 Жакан 2:1). Ооба, жеткилең эмес экенибизге карабастан, Кудайга жаккыдай кызмат кыла алышыбыз үчүн, ал Ыйсаны курмандык катары берген. Бул Жахабага жагууга жан-дилибиз менен умтулууга түрткү бербейби?

Жакшы кабар жана Кудайдын адилеттүүлүгү

8, 9. Жакшы кабардын жарыяланып жатышы Жахабанын адилеттүүлүгүн кандайча күбөлөндүрүп турат?

8 Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоо ишине жигердүү катышсак, Кудайдын адилеттүүлүгүн чагылдырып иш-аракет кылган болобуз. Бирок Жахабанын адилеттүүлүгү менен жакшы кабардын ортосунда кандай байланыш бар?

9 Жахаба бул каардуу дүйнөнү жок кылардан мурун, элдерге эскертүү айтылышы керек. Акыркы күндөр жөнүндө пайгамбарлык кылып жатып Ыйса: «Баарынан мурда бардык элдерге Жакшы Кабар таратылышы керек»,— деп айткан (Марк 13:10; Матай 24:3). «Баарынан мурда» деген сөздөр бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу ишинен кийин дагы башка окуялар болорун көрсөтүп турат. Ал окуялардын бири — алдын ала айтылган улуу кайгы. Анда ниети бузук адамдар жок кылынып, адилеттүү жаңы заманга жол ачылат (Матай 24:14, 21, 22). Ниети бузук адамдарга карата адилетсиз иш кылат деп Жахабаны эч ким күнөөлөй албайт. Кудай алдын ала эскертүү берүү менен андай адамдарга жашоолорун өзгөртүп, кыйроодон аман калууга мүмкүнчүлүк берип жатат (Жунус 3:1—10).

Жакшы кабарды бардык адамдарга айтуу менен Кудайдын адилеттүүлүгүн чагылдырабыз.

10, 11. Жакшы кабарды таратууга катышканыбыз Кудайдын адилеттүүлүгүн кандайча чагылдырат?

10 Жакшы кабар айтууда Кудайдын адилеттүүлүгүн кантип чагылдыра алабыз? Эң алды, башкалардын куткарылышына жардам берүүдө колубуздан келгендин баарын кылуу менен. Чөгүп бараткан кеме жөнүндөгү мисалга кайрадан көңүл буруп көрөлү. Куткарылып, кайыктан орун алганыңдан кийин сууда калган башка адамдарга жардам бергиң келери талашсыз. Ушу сыңары, биз дагы эле каардуу дүйнөнүн «сууларында» жүргөндөргө көмөк көрсөтүүгө милдеттүүбүз. Ооба, көптөрдүн айткан кабарыбызды четке кагып жатышканы чын. Бирок Жахаба чыдамкайлык көрсөтүп жаткандыктан, андай адамдардын «кечирим алып» куткарылышына жардам берүүгө милдеттүү бойдон кала беребиз (2 Петир 3:9).

11 Жолуккан адамдардын баарына кабар айтуу менен адилеттүүлүктү өзгөчө жол менен чагылдырган болобуз, башкача айтканда, беткарамалыксыздык көрсөтөбүз. «Кудайда бет карамалык жок экенин», «ар бир элден Кудайдан корккон жана адилеттик боюнча иш кылган адам Ага жагарын» эстесең (Элчилер 10:34, 35). Анын адилеттүүлүгүн чагылдыргыбыз келсе, адамдарга карата бейкалыс пикирде болуудан качышыбыз керек. Анын ордуна, расасына, социалдык же финансылык абалына карабастан адамдардын бардыгына кабар айтышыбыз зарыл. Ошондой эле угууну каалагандардын баарына жакшы кабар менен таанышууга жана аны кабыл алууга мүмкүнчүлүк берели (Римдиктерге 10:11—13).

Башкаларга кандай мамиле жасайбыз?

12, 13. а) Эмне үчүн башкаларды айыптоодон качышыбыз керек? б) Ыйсанын «айыптабагыла» жана «соттобогула» деген кеңеши эмнени билдирет? (Шилтемени да карагыла).

12 Башкаларга Жахаба бизге мамиле жасагандай мамиле кылуу менен да адилеттик сапатын чагылдырабыз. Бирөөлөрдү айыптоо, кетирген каталары үчүн сынга алуу жана ой-ниеттерине шек санай баштоо абдан оңой. Бирок Жахабанын ой-ниеттерибизди жана кетирген каталарыбызды майда-чүйдөсүнө чейин ырайымсыз түрдө териштиришин кимибиз каалаар элек? Ал бизге эч качан мындай мамиле кылбайт. Забурчу: «Теңирим, эгерде Сен мыйзамсыздыктын баарын эсиңе ала берсең, Теңирим, анда ким туруштук бере алат?» — деп айткан (Забур 129:3). Адилеттүү жана ырайымдуу Кудайыбызга ар бир кемчилигибизге көңүл бура бербегендиги үчүн ыраазы эмеспизби? (Забур 102:8—10). Анда башкаларга кандай мамиле жасашыбыз керек?

13 Эгер Кудайдын адилеттүүлүгү ырайымдуулук менен көрсөтүлөрүн жогору бааласак, башкаларды болор-болбос кемчиликтери же бизге тиешеси жок нерселери үчүн айыптагандан качабыз. Ыйса Тоодогу насаатында минтип эскерткен: «Айыптабагыла, ошондо өзүңөр да айыпталбайсыңар» (Матай 7:1). Ал эми Луканын билдирүүсүнө ылайык, Ыйса: «Соттобогула, ошондо өзүңөр да соттолбойсуңар»,— деп кошумчалаган * (Лука 6:37). Ооба, ал жеткилең эмес адамдардын башкаларды айыптоого жакын экенин абдан жакшы билген. Угуучуларынын ичинен ушундай адаты барлар андан арылышы керек болчу.

14. Эмне үчүн башкаларды «айыптаганыбызды» токтотушубуз керек?

14 Эмне үчүн башкаларды «айыптаганыбызды» токтотушубуз керек? Мунун бирден-бир себеби биздин бирөөнү айыптоого эч акыбыз жок. Шакирт Жакып «Мыйзам чыгаруучу да, Соттоочу да бирөө» — Жахаба — экенин эскертип, анан: «Жакыныңды соттогудай сен кимсиң?» — деп түз суроо берген (Жакып 4:12; Римдиктерге 14:1—4). Андан сырткары, кимдир бирөөгө баа берүүдө жеткилең эместигибизден улам оңой эле жаңылып калышыбыз мүмкүн. Башкаларга болгон оюбуз жана маанайыбыз көп учурда бейкалыс пикир, текебердик, кызганчаактык жана өзүн өзү такыбаа сезүү сыяктуу терс сапаттардын таасиринен улам бузулат. Мүмкүнчүлүктөрүбүз чектелүү экенин эстен чыгарбоо кимдир бирөөнү айыптоодон качууга жардам берет. Биз адамдын жүрөгүндө эмне бар экенин жана анын жагдай-шарттарын толук биле албайбыз. Ошондуктан ишенимдештерибизди жаманаттылагыдай же алардын Кудайга кылган кызматын сынга алгыдай биз кимбиз? Алардын кемчиликтерине токтоло бергенден көрө, жакшы жактарына көңүл буруп, Жахабаны туураганыбыз кандай сонун!

15. Кудайдын кызматчыларынын арасында кандай сөздөр менен мамилеге жол берилбеши керек жана эмне себептен?

15 Үй-бүлөлөрдөгү абал тууралуу эмне айтууга болот? Тилекке каршы, бүгүн эң эле катуу айыптоолор тынчтык менен биримдик өкүм сүрүшү керек болгон чөйрөдө — үй-бүлөдө — көп кездешүүдө. Ачуусу чукул эркектердин, аялдардын же ата-энелердин үйүндөгүлөрүн оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, атүгүл зомбулук көрсөткөн учурлары көп кездешет. Бирок Кудайдын кызматчыларынын арасында орой сөздөргө, заардуу какшыкка жана ырайымсыз мамилеге жол берилбеши керек (Эфестиктерге 4:29, 31; 5:33; 6:4). Ыйсанын «айыптабагыла» жана «соттобогула» деген кеңешин үйүбүздөгүлөргө карата да колдонушубуз абзел. Адилеттүү иш-аракет кылуу башкаларга Жахаба бизге мамиле жасагандай мамиле кылууну билдирерин эстесеңер. А Жахаба бизге эч качан орой же ырайымсыз мамиле жасабайт. Тескерисинче, ал аны сүйгөндөргө «аябай ырайымдуу жана боорукер» (Жакып 5:11). Бул биз үчүн кандай сонун үлгү!

«Адилеттүүлүк менен» кызмат кылган аксакалдар

16, 17. а) Жахаба аксакалдардан эмне талап кылат? б) Күнөөкөр чындап өкүнбөсө кандай чара көрүлүшү керек жана эмне үчүн?

16 Баарыбыз адилеттүү иш кылууга тийишпиз, бирок жыйналыштын аксакалдары бул жагынан өзгөчө жоопкерчиликке ээ. Ышайанын пайгамбарлыгында «төрөлөргө», башкача айтканда, аксакалдарга кандай сүрөттөмө берилгенине көңүл бурсаң: «Мына, Падыша акыйкаттык менен падышачылык кылат, төрөлөр мыйзам боюнча [«адилеттүүлүк менен», «БМК»] башкарышат» (Ышайа 32:1). Ооба, Жахаба аксакалдардан адилеттүүлүккө өбөлгө түзүшүн күтөт. Алар муну канткенде кыла алышат?

17 Рухий жактан жетилген бул эркектер адилеттүүлүктүн же адилдиктин жыйналыштын таза болушун талап кыларын билишет. Кээде аксакалдарга олуттуу күнөөлөрдү териштирүүгө туура келет. Андай учурларда алар адилеттүүлүктүн Кудайы мүмкүн болгон жерлердин баарында ырайымдуулук көрсөтүүгө умтуларын эстен чыгарышпайт. Ошондуктан алар күнөөкөргө өкүнүүгө түрткү берүүгө аракеттенишет. Эгер күнөөкөр, бардык жасалган аракеттерге карабастан, чындап өкүнбөсө эмне кылуу керек? Жахабанын: «Бузулган адамды араңардан чыгарып таштагыла»,— деген адилеттүү мыйзамына ылайык чара колдонулушу талап. Ооба, андай адам жыйналыштан чыгарылууга тийиш (1 Корунттуктарга 5:11—13; 2 Жакан 9—11). Мындай чечим чыгаруу оңойго турбаса да, аксакалдар жыйналыштын рухий жана адеп-ахлактык жактан таза сакталышы үчүн ушундай чара көрүү зарыл экенин жакшы билишет. Бирок ошондо да алар күнөөкөрдүн кайсы бир убакта «акылына келип», жыйналышка кайтып келеринен үмүт үзүшпөйт (Лука 15:17, 18).

18. Ыйык Китептин негизинде кеңеш берүүдө аксакалдар эмнени эстен чыгарбашы керек?

18 Зарыл болгон учурларда Ыйык Китепке негизделген кеңеш берүү менен да аксакалдар адилеттүүлүккө өбөлгө түзүшөт. Бул, албетте, алардын башкалардан кемчилик гана издеп турушарын же дайыма эле эскертүү бере беришерин билдирбейт. Мүмкүн, ишенимдеш адам байкабай «кандайдыр бир күнөө жасап» алгандыр. Кудайдын адилеттүүлүгү ырайымсыздык же таш боордук менен көрсөтүлбөөрүн эстен чыгарбоо менен аксакалдар андай адамды «момундук менен оң жолго салууга» аракет кылышат (Галаттыктарга 6:1). Алар адашкан адамды жемелешпейт же ага катуу сүйлөшпөйт, тескерисинче, аны бекемдөө үчүн сүйүү менен кеңеш берүүгө умтулушат. Атүгүл ашкерелөөгө — туура эмес жүрүм-турумдун кесепеттерин ачык көрсөтүүгө — туура келген учурда да аксакалдар жаңылып калган ишенимдеши Жахабанын оторундагы койлордун бири экенин эстен чыгарбашы керек * (Лука 15:7). Кеңеш берүү же ашкерелөө туура маанай жана сүйүү менен коштолгондо адашкан адамга оңолууга көбүрөөк жардам берет.

19. Аксакалдарга кандай чечимдерди чыгарууга туура келет жана андайда алар эмнеге жетектелиши керек?

19 Көп учурда аксакалдарга ишенимдештерине байланыштуу чечимдерди чыгарыш керек болот. Мисалы, мезгил-мезгили менен алар кайсы биртууганды аксакал же кызмат жардамчы кылып дайындоого болорун талкуулоо үчүн чогулушат. Беткарама болбоо маанилүү экенин билишкендиктен аксакалдар чечим чыгарууда жеке сезимдерине таянышпай, дайыма Кудайдын талаптарына жетектелет. Ошентип, алар «жаман ойсуз... бардык нерседе калыс» иш-аракет кылган болушат (1 Тиметейге 5:21).

20, 21. а) Аксакалдар эмненин булагы болууга аракеттенишет жана эмне үчүн? б) «Кайгырган жандарга» аксакалдар кандай жардам бере алышат?

20 Аксакалдар башка жолдор менен да Кудайдын адилеттүүлүгүн чагылдырат. Ышайа алардын «адилеттүүлүк менен» кызмат кылары тууралуу пайгамбарлык кылгандан кийин сөзүн мындайча уланткан: «Алардын ар бири шамалдан коргоочу коргонучтай, жаан-чачындан калкалоочу калканычтай, чөлдөгү суу булагындай, какшыган жердеги бийик асканын көлөкөсүндөй болот» (Ышайа 32:2). Ошондуктан аксакалдар ишенимдештери үчүн сооронучтун жана сергитүүнүн булагы болууга аракеттенишет.

21 Бүгүн туш тараптан кыйынчылыктар басып турганда көптөр бекемдөөгө муктаж. Аксакалдар, «кайгырган жандарга» канткенде жардам бере аласыңар? (1 Тесалоникалыктарга 5:14, «ЖД»). Аларды сезимталдык менен уга билгиле (Жакып 1:19). Балким, андай адамдар «жүрөктөгү капасын» ишеничтүү бирөө менен бөлүшүүгө муктаждыр (Накыл сөздөр 12:25). Ал адамдарды Жахабага, ошондой эле аларды сүйгөн жана баалаган биртуугандарга керек экенине ынандыргыла (1 Петир 1:22; 5:6, 7). Алар үчүн өзүңөрчө да, алар менен бирге да тиленгиле. Андай ишенимдештерибизди аксакалдын алар үчүн чын жүрөктөн тиленип жатканын угуу кандай гана сооротот! (Жакып 5:14, 15). Андай кайгырган жандарга сүйүү менен жардам берүүдө кылган иш-аракеттериңер адилеттүүлүктүн Кудайынын көз жаздымында калбайт.

Көңүлү чөккөндөрдү сооротуу менен аксакалдар Жахабанын адилеттүүлүгүн чагылдырат.

22. Жахабанын адилеттүүлүгүн канткенде чагылдыра алабыз жана бул кандай натыйжа алып келет?

22 Адилеттүүлүктү чагылдыруу менен Жахабага дагы көбүрөөк жакындай аларыбыз шексиз! Эгер анын адил нормаларына кармансак, өмүр берерлик жакшы кабарды башкалар менен бөлүшсөк, адамдардан кемчилик эмес, оң сапаттарды издөөгө аракет кылсак, Кудайдын адилеттүүлүгүн чагылдырабыз. Аксакалдар, жыйналыштын тазалыгын сактасаңар, Ыйык Китепке негизделген кубаттарлык кеңештерди берсеңер, калыс чечимдерди чыгарып, көңүлү чөккөндөрдү сооротсоңор, Кудайдын адилеттүүлүгүн чагылдырган болосуңар. Жахаба элинин аны менен жүрүп, «адилеттүү иш кылып» жатканын көргөндө кандай гана кубанат!

^ абз. 13 «Айыптабагыла» жана «соттобогула» деген сөздөр «айыптап кирбегиле» жана «соттоп кирбегиле» деген маанини туюнтат. Бирок Ыйык Китеп жазылган тилде бул жерде буйрук ыңгайда жана учур чакта турган этиштин терс формасы колдонулган. Бул жогоруда айтылган иш-аракеттин кайсы бир убактан бери кылынып келатканын, ошондуктан аны токтотуу керек экенин билдирет.

^ абз. 18 Ыйык Китепте 2 Тиметейге 4:2де аксакалдар айрым учурда «ашкерелеши, тыюу салышы, акыл-насаат айтышы» керек экени айтылат. «Акыл-насаат айтуу» деп которулган грек сөзү (паракале́о) «бекемдөө, түрткү берүү» деген маанини да туюнтат. Ага тектеш пара́клитос деген грек сөзүн «коргоочу» же «укук коргоочу» деп которсо болот. Ошондуктан аксакалдар атүгүл катуу ашкерелөөгө туура келген учурда да рухий жардамга муктаждарга коргоочу болушу керек.