Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

17-БӨЛҮМ

«Оо, Кудайдын акылы кандай терең!»

«Оо, Кудайдын акылы кандай терең!»

1, 2. Жахабанын жетинчи күнгө байланыштуу ой-ниети кандай эле жана ал күндүн башталышында Кудайдын акылмандыгы кандайча сыналган?

АЛТЫНЧЫ жаратуу күнүнүн таажысы болгон адам бир заматта ошол бийик абалынан ажырап калган! Жахаба бардыгын, анын ичинде адамды да «абдан жакшы» кылып жараткан болчу (Башталыш 1:31). Бирок жетинчи күндүн башталышында Адам менен Обо Кудайга каршы козголоң чыгарган Шайтанга кошулуп кетишкен. Ошентип, алар күнөө менен жеткилеңсиздикке, өлүмгө моюн сунуп беришкен.

2 Ошондо Жахабанын жетинчи күнгө байланыштуу ой-ниети таптакыр аткарылбачудай көрүнгөн. Ал күн да, мурунку алты жаратуу күнүндөй эле, миңдеген жылдарга созулушу керек болчу. Жахаба ал күндү ыйыктаган соң, ошол убакыттын ичинде жер бети бейишке айланып, жеткилең адамдарга толмок (Башталыш 1:28; 2:3). Бирок козголоңдон кийин булардын баары кантип ишке ашмак? Кудай кандай чара көрөт? Бул Жахабанын акылмандыгына карата болуп көрбөгөндөй олуттуу сыноо болгон!

3, 4. а) Жахабанын Эйдендеги козголоңдон кийин кылгандары анын терең акылмандыгын чагылдырат деп эмне үчүн айтууга болот? б) Жахабанын акылмандыгын изилдөөдө эмнени момундук менен эстен чыгарбашыбыз керек?

3 Жахаба токтоосуз иш-аракет кылган. Ал козголоңчуларга Эйденде эле адилеттүү өкүм чыгарып, ошону менен бирге, козголоңдун айынан башталган кырсыктар менен бактысыздыктарды жок кыларына үмүт берген (Башталыш 3:15). Жахабанын ой-ниети адамзаттын кылымдарга созулган тарыхын кучагына алат: ал Эйденде эле аткарыла баштаган жана алыскы келечекте гана биротоло орундалат. Бул ой-ниет абдан жөнөкөй болуп көрүнгөнү менен, мааниси ушунчалык терең болгондуктан, Ыйык Китепти окугандар аны терең изилдөөгө жана анын үстүнөн ой жүгүртүүгө бүт өмүрүн арнай алышат. Андан сырткары, Жахаба ой-ниетин сөзсүз аткарат. Ал жамандыктын баарын жоюп, күнөө менен өлүмдү жок кылат. Кудайдын алдында ишенимдүүлүгүн сактаган адамдардын бардыгы жеткилеңдикке жетет. Мунун баары жетинчи күн аяктаганга чейин орундалат, андыктан Жахаба жерге жана адамзатка карата болгон ой-ниетин ар кыл тоскоолдуктарга карабай өз убагында аткарат.

4 Кастарлоо сезимин туудурарлык акылмандык, чынбы? Элчи Пабыл: «Оо, Кудайдын акылы кандай терең!..» — деп жазууга түрткү алган (Римдиктерге 11:33). Кудайдын ушул сапатын тереңирээк изилдөөдө бир маанилүү чындыкты — эң эле көп дегенде, Жахабанын чексиз акылмандыгынын четин гана биле аларыбызды — момундук менен эстен чыгарбайлы (Аюб 26:14). Бирок адегенде бул мыкты сапаттын эмнени билдирерин карап көрөлү.

Кудайдын акылмандыгы деген эмне?

5, 6. Акылмандык менен билимдин ортосунда кандай байланыш бар жана Жахабанын билими канчалык кенен?

5 Акылмандык менен билим — эки бөлөк нерсе. Алсак, компьютерлер аябай көп маалымат сактай алат, бирок аларды акылдуу деп айтууга болбойт. Ошентсе да акылмандык менен билимдин ортосунда байланыш бар (Накыл сөздөр 10:14). Маселен, олуттуу ооруну дарылоого карата акылдуу кеңешке муктаж болсоң, медицина боюнча анча-мынча эле билими бар же такыр эле эч нерсе билбеген адамга кайрыласыңбы? Албетте, антпейсиң! Демек, чыныгы акылмандыкка ээ болуу үчүн так билим керек экени талашсыз.

6 Жахабанын билими чексиз. «Түбөлүктүктүн Падышасы» болгондуктан анын гана башталышы да, аягы да жок (Аян 15:3, «ЖД»). Сан жеткис жылдардан бери ал болуп жаткан нерселердин бардыгын көрүп-билип келатат. Ыйык Китепте: «Андан жашыруун эч бир жан жок. Анын көз алдында баары ачык-айкын. Анын алдында жооп беребиз»,— деп айтылат (Эврейлерге 4:13; Накыл сөздөр 15:3). Жараткан катары Жахаба бардык жаратууларынын кандай түзүлгөнүн толук билет жана адам баласына жараткан күнүнөн тартып көз салып келатат. Ал ар бир адамдын жүрөгүн билет, эч нерсе анын көз жаздымында калбайт (1 Жылнаама 28:9). Жахаба бизди эрк боштондугу менен жараткан, андыктан акылдуу чечим чыгарганыбызда кубанат. Ал бир эле учурда түмөндөгөндөрдүн «сыйынуусун», башкача айтканда, тиленүүсүн уга алат (Забур 64:3). Мындан сырткары, Жахабанын эстутуму да жеткилең.

7, 8. Жахаба кыраакылыкты, терең түшүнүктү жана акылмандыкты кантип чагылдырат?

7 Бирок Жахаба чексиз билимге эле ээ эмес. Ал ар кыл фактылар менен окуялардын ортосунда кандай байланыш бар экенин аңдап, болуп жаткан нерсенин майда-чүйдөсүнө чейин көрө алат. Ал жакшыны жамандан, маанилүүнү маанисизден ажырата билип, баа берет, таразалайт. Андан сырткары, ал үстүрт эле карабай жүрөктөгүнү көрөт (1 Шемуел 16:7). Жахаба билимден жогору турган сапаттарга ээ. Ал — кыраакы жана түшүнүгү терең Кудай. Бирок акылмандык булардын баарынан жогору турат.

8 Акылмандык ойлогон натыйжага жетүү үчүн билимди, кыраакылыкты жана терең түшүнүктү колдоно билүүнү билдирет. «Акылмандык» деп которулган сөз Ыйык Китеп жазылган тилдерде түзмө-түз «иш-аракет кылууга түрткү берүүчү» же «иш жүзүндө көрсөтүлүүчү акылмандык» дегенди туюнтат. Ошентип, Жахабанын акылмандыгы абстрактуу түшүнүк эмес. Акылмандык — иш-аракет аркылуу көрсөтүлүүчү сапат, ал иш жүзүндө пайда алып келет. Чексиз билимге жана терең түшүнүккө ээ Жахаба ар дайым эң жакшы чечим чыгарып, аны эң эле ылайыктуу жол менен ишке ашырат. Бул — чыныгы акылмандык! Ыйсанын Жахаба тууралуу: «Акылмандуулук өз иштери менен акталат»,— деп айткан сөзүнүн калетсиз экени кандай гана ачык көрүнүп турат (Матай 11:19). Ааламдагы жаратылган нерселердин бардыгы Жахабанын акылман экенин эң сонун далилдейт.

Кудайдын акылмандыгынын далилдери

9, 10. а) Жахаба кандай акылмандыкка ээ жана ал эмнеден көрүнүп турат? б) Клетка Жахабанын акылмандыгын кандайча күбөлөндүрүп турат?

9 Көпкө колдонулган жакшы буюмду жасаган устанын чыгармачылыгына суктанган учуруң болду беле? Анын кылган ишинен чындап эле акылман экени көрүнүп турат (Чыгуу 31:1—3). Жахаба — ушундай чексиз акылмандыктын булагы жана ээси. Дөөт падыша: «Мен Сени даңктайм, анткени мен таң каларлык жаратылганмын. Сенин иштериң керемет, аны менин жаным толук түшүнөт»,— деп айткан (Забур 138:14). Адамдын денеси кандай жаратылганын канчалык көп билген сайын, Жахабанын акылмандыгы ошончолук таасирленте берет.

10 Элестетсең, сенин өмүрүң бир эле клеткадан — атаңдын сперматозоиди менен уруктандырылган энеңдин жумуртка клеткасынан — башталган. Ал энелик клетка бөлүнүп отуруп, 100 тириллиондой клетка пайда болот. Алар ушунчалык кичинекей болгондуктан, орто көлөмдөгү 10 000дей клетка төөнөгүчтүн башына батып кетмек. Бирок алардын ар бири таң калтырарлык татаал келет. Клетканын түзүлүшү адамдар жасаган бардык механизмдерден, ал эмес, заводдон да татаал. Окумуштуулар клетканы кире бериш жана чыга бериш дарбазалары кайтарылган, унаа системасы, байланыш түйүндөрү, энергия иштетип чыгаруу заводу, фабрикалары, таштандыларды кайра иштетүү жана жок кылуу жайы, кайтаруу системасы, ошондой эле ядросунда жайгашкан башкаруу борбору бар шаар сыяктуу дешет. Мындан сырткары, клетка бир нече эле сааттын ичинде дал өзүндөй болгон клетканы жаратат.

11, 12. а) Түйүлдүктүн клеткаларынын өзгөрүшүнө эмне өбөлгө түзөт жана бул Забур 138:16-аятка кандайча ылайык келет? б) «Таң калтырарлык» жаратылганыбызды мээбиз кандайча күбөлөндүрүп турат?

11 Бирок бардык эле клеткалар бирдей эмес. Бөлүнүп жаткан маалында түйүлдүктүн клеткалары өзүнө ар түрдүү функцияларды ыйгарып алат. Алардын айрымдары нерв клеткаларына айланса, башкалары сөөктүн, булчуң менен кандын же көздүн пайда болушун шарттайт. Мындай өөрчүү клеткалык «китепкана» болуп эсептелген ДНК молекуласынын генетикалык кодунда программалаштырылган. Дөөт Жахабанын шыктандыруусу менен ал тууралуу: «Мен жаңыдан түйүлдүк боло баштаганда эле, Сен мени көргөнсүң... Сенин китебиңде... күндөрдүн... баары [«анын бардык бөлүктөрү», «ЖД»] жазылып коюлган»,— деп айткан (Забур 138:16).

12 Организмдин айрым бөлүктөрү абдан татаал келет. Мисалга адамдын мээсин алып көрөлү. Окумуштуулар аны Ааламдагы эң татаал түзүлүш дешет. Мээ 100 миллиардга жакын нерв клеткасынан турат; биздин галактикада болжол менен ушунча жылдыз бар. Ал клеткалардын ар бири башка миңдеген клеткалар менен байланышта. Окумуштуулар адамдын мээси дүйнө жүзүндөгү китепканалардын баарындагы маалыматты батыра аларын жана адамдын эстутуму, болжолу, чексиз экенин айтышат. Алар ушул «таң калтырарлык» түзүлүштөгү органды ондогон жылдардан бери изилдеп келатышса да, анын кандай иштээрин, сыягы, эч качан толугу менен түшүнө алышпаарын моюнга алышат.

13, 14. а) Кумурскалар менен башка тирүү жандардын сокур сезимге жетектелсе да «акылдуу» экени эмнеден көрүнүп турат жана бул Жараткан тууралуу эмнеге үйрөтөт? б) Желе сыяктуу нерселер «даанышмандык менен» жасалган деп эмне үчүн айталабыз?

13 Бирок адам Жахабанын зор чыгармачылыгы менен акылмандыгын көрсөткөн далилдердин бири гана. Забур 103:24тө: «Сенин иштериң кандай көп, Теңир! Сен баарын даанышмандык менен жасагансың. Жер Сенин чыгармаларыңа толгон»,— деп айтылат. Айланадагы тирүү жаратуулардын бардыгы Жахабанын чексиз акылмандыгын күбөлөндүрүп турат. Маселен, кумурска сокур сезимге жетектелсе да, «акылдуу» (Накыл сөздөр 30:24). Кумурскалар эң сонун уюшкандыкта иштешет. Айрымдары «мал багышат», башкача айтканда, өсүмдүк мителерин үй жаныбарларындай багып, аларды «саашат». Башкалары «дыйканчылык» менен алектенишет: бак «отургузуп», аларга козу карындарды өстүрүшөт. Көптөгөн жандыктар инстинктке жетектелип таң калтырарлык нерселерди кыла алышат. Кадимки чымын абада адамдар жасаган учуучу аппараттардын бири да кыла албаган кыймылдарды жасайт. Келгин куштар жылдыздарга, Жердин магнит талаасына карап же өздөрүнүн «ички картасы» боюнча багыт алышат. Биологдор бул жаратуулардын өзгөчөлүктөрүн жана кыймыл-аракеттерин изилдөөгө нечендеген жылдарды сарпташат. Анда булардын баарынын Жаратканы кандай гана акылман болушу керек!

14 Жахабанын жараткан нерселери аркылуу чагылдырылган акылмандыгынын аркасында окумуштуулар көп нерселерге үйрөнүштү. Атүгүл инженериянын биомиметика деген атайын тармагы бар, ал биологиялык түзүлүштөрдүн өзгөчөлүктөрүн тууроону көздөйт. Мисалы, жөргөмүштүн желеси канчалык кооз жана укмуш жасалганына таң калган учурларың болсо керек. Бирок инженер биринчи кезекте анын түзүлүшүнө көңүл бурат. Бир караганда бышык эместей көрүнгөн жипчелери пропорциялык катышта болоттон жана ок өткөрбөгөн жилет жасалчу буладан чыйрак келет. Канчалык? Эгерде желени балык уулоочу тордун көлөмүнө тең келгенчелик чоңойтсо, аны менен учуп бараткан жүргүнчүлөр самолётун токтотууга болмок! Ооба, Жахаба баарын «даанышмандык менен» жасаган.

Сокур сезимге жетектелген тирүү жандарга «акылды» ким берген?

Жерден башка чөйрөдө чагылдырылган акылмандык

15, 16. а) Сан жеткис жылдыздар Жахабанын акылмандыгын кандайча күбөлөндүрөт? б) Жахабанын эбегейсиз көп периштелердин Улуу аскер башчысы экени анын зор акылга ээ Башкаруучу экенин кандайча көрсөтүп турат?

15 Ааламдагы нерселердин бардыгы Жахабанын чексиз акылмандыгын күбөлөндүрүп турат. Бешинчи бөлүмдө сөз кылынган миллиарддаган жылдыздар космос мейкиндигинде башаламан жайгашкан эмес. Жахабанын акылмандык менен бекиткен асман «мыйзамдарынын» аркасында жылдыздар жылдыз системаларына — галактикаларга — топтолот, ал эми галактикалар өздөрүнчө биригип эбегейсиз зор чогулмаларды түзөт (Аюб 38:33). Ошондуктан Жахабанын асман телолорун «кошуундар» деп атаганы таң калыштуу эмес (Ышайа 40:26). Бирок Жахабанын акылмандыгын мындан да сонун далилдеген дагы башка кошуун бар.

16 Ушул китептин 4-бөлүмүндө айтылгандай, Кудай жүз миллиондогон рухий жаратуулардан турган аскердин Улуу аскер башчысы болгондуктан «аскерлер Жахабасы» деген наамды алып жүрөт. Бул анын зор күчкө ээ экенин күбөлөндүрүүдө. Бирок мунун акылмандык менен кандай байланышы бар? Ойлонуп көрсөң, Жахаба менен Ыйса эч качан ишсиз турушпайт (Жакан 5:17). Андыктан Эң Жогоркунун рухий кызматчыларынын бардыгы дайым эмгектенет деген тыянак чыгаруу жөндүү. Периштелер адамдардан жогору туруп, аларга караганда акылдуу жана күчтүү келишет (Эврейлерге 1:7; 2:7). Ошондой болсо да Жахаба ар бир периштеге тапшырма берип турат. Ошентип, алардын бардыгы «Анын сөзүн» жана «эркин аткаруу» менен алек (Забур 102:20, 21). Мындай кошуунду жетектеген Башкаруучу кандай зор акылга ээ болушу керек!

Жахаба «жалгыз... акылман»

17, 18. Эмне үчүн Ыйык Китепте Жахаба «жалгыз... акылман» деп айтылат жана анын акылмандыгы тууралуу ой жүгүртүү эмне үчүн кастарлоо сезим туудурат?

17 Ушу сыяктуу далилдерден улам Ыйык Китепте Жахабанын акылмандыгы эмне себептен мынчалык даңазаланары түшүнүктүү. Маселен, анда Жахаба «жалгыз... акылман» деп айтылат (Римдиктерге 14:26). Жахаба гана жеткилең, чексиз акылга ээ. Ал — чыныгы акылмандыктын булагы (Накыл сөздөр 2:6). Жахаба жараткан аң-сезимдүү жаратуулардын эң акылманы болгон Ыйсанын өз акылына таянбастан, ар дайым Атасы үйрөткөндү айтканынын себеби ушунда (Жакан 12:48—50).

18 Элчи Пабыл Жахабанын укмуштуудай, эч нерсеге салыштырылгыс акылмандыгы тууралуу: «Оо, Кудайдын акылы кандай терең, Анын билими кандай жеткилең! Анын чечимдери акыл жеткис, Анын жолдору изилденгис!» — деп айткан (Римдиктерге 11:33). Ал сөзүн «оо» деген сырдык сөз менен баштап, Жараткандын акылмандыгына суктанганын, кастарлоо сезиминин тереңдигин көрсөткөн. «Терең» дегенди бериш үчүн ал тандаган грек сөзү «туңгуюк» деген сөзгө маанилеш. Бул айкын элести пайда кылат. Жахабанын акылмандыгы тууралуу ой жүгүртүү майда-барат нерселерин сүрөттөө такыр мүмкүн эмес болгон, атүгүл тереңдиги менен учу-кыйырына көз жетпеген түпсүз туңгуюкту караганга тете (Забур 91:6). Бул момундук өрчүтүүгө түрткү бербейби?

19, 20. а) Эмне үчүн бүркүт ылайыктуу түрдө Кудайдын акылмандыгын символдоштурат? б) Жахабанын келечекти көрө аларын кайдан билебиз?

19 Жахаба башка жагынан да «жалгыз акылман»: келечекти көрө билүүгө ал гана жөндөмдүү. Ыраакты көрө алган бүркүт Жахабанын акылмандыгын символдоштурарын эстейли. Бүркүттүн салмагы болжол менен 5 килограммга жетет, бирок көзү кишиникинен чоңураак келет. Көздөрү ушунчалык курч болгондуктан, ал бир нече жүз метр бийиктикте туруп бир километрден ашык алыстыктагы жемин көрө алат! Жахаба өзү да бүркүт тууралуу: «Анын көздөрү алыстан көрөт»,— деген (Аюб 39:29). Анын сыңарындай эле, Жахаба да «алысты», келечекти, көрө алат!

20 Ыйык Китепте буга көптөгөн далилдер бар. Анда жүздөгөн пайгамбарлыктар, башкача айтканда, тарыхтын кандайча өөрчүүрүн көрсөткөн билдирүүлөр камтылган. Ыйык Китепте согуштардын кантип аяктай турганы, дүйнөлүк державалардын гүлдөшү менен кулашы, жадагалса айрым аскер башчылардын согуштук ыкмаларынын өзгөчөлүктөрү да жүздөгөн жылдар мурда айтылган (Ышайа 44:25—45:4; Даниел 8:2—8, 20—22).

21, 22. а) Жашоодо кандай чечим чыгарарыбызды Жахаба алдын ала эле билет деген эмне үчүн туура эмес болор эле? Мисал менен бышыктагыла. б) Жахабанын акылман экени анын сезимсиз, ташбоор экенин билдирбесин кайдан билебиз?

21 Бул жашоодо кандай жолду тандаарыңды Кудай алдын ала эле билет дегенди билдиреби? Тагдырга ишенгендер ушундай деп ойлошот. Бирок бул Жахабаны келечекти көрө билүү жөндөмдүүлүгүн башкара албагандай кылып көрсөтүп, анын акылмандыгын кемиткенге тете болуп калмак. Бир мисал карап көрөлү. Сен аябай жакшы ырдайсың дейли. Бирок бул дайыма ырдай беришиң керек дегенди билдиреби? Минтип ойлоо акылсыздык болуп калар эле, чынбы?! Анын сыңарындай эле, Жахаба келечекти көрө билүү жөндөмдүүлүгүн ар дайым эле колдоно бербейт. Анткени бул эрк боштондугубузду — Жахаба эч качан кайра албай турган сонун белекти — бузгандыкка жатмак (Мыйзам 30:19, 20).

22 Мындан да жаманы, тагдыр тууралуу окуу Жахабаны ырайымсыз, ташбоор кылып көрсөтүп, акылмандыгына шек туудурат. Мындай түшүнүк чындыкка такыр жакындабайт! Ыйык Китепте Жахаба тууралуу «терең акылман жүрөктүү» деп айтылат (Аюб 9:4, СК). Бул Жахабанын кадимки жүрөгү бар экенин билдирбейт. «Жүрөк» Ыйык Китепте көп учурда адамдын купуя ой-сезимдерин, маселен, сүйүү уялаган ички дүйнөсүн билдирет. Ошондуктан Жахабанын акылмандыгы, анын башка сапаттарындай эле, сүйүү менен тыгыз байланышта (1 Жакан 4:8).

23. Жахабанын акылмандыгы эмне кылышыбызга түрткү бериши керек?

23 Жахабанын акылмандыгына толук ишенүүгө болору айдан ачык. Кудайдын акылмандыгы биздикинен алда канча жогору болгондуктан, анын Сөзүндө: «Бүт жүрөгүң менен Теңирден үмүттөн, өз акылыңа таянба. Бардык жолуңда Кудайды таанып бил, ошондо Ал сени түз жолго салат»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 3:5, 6). Анда эмесе, акылман Кудайыбызга жакындоо максатында анын акылмандыгын тереңирээк изилдеп көрөлү.