Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

18-БӨЛҮМ

«Кудай Сөзүнүн» акылмандыгы

«Кудай Сөзүнүн» акылмандыгы

1, 2. Жахаба бизге кандай кат жазган жана эмне үчүн?

АЛЫСТА жашаган жакшы көргөн адамыңдан акыркы жолу качан кат алдың эле? Жакындарыбыздын чын ыкласынан жазган каттары кандай гана кубантат. Биз алардын ал-жайы, ийгиликтери, пландары тууралуу билүүгө ынтызарбыз. Мындай пикирлешүү ынак адамдарга ортодогу алыстыкка карабай бири-бирине жакындоого жардам берет.

2 Андыктан бизди абдан сүйгөн Кудайыбыздан келген каттан артык эмне кубандыра алат? Кандайдыр бир мааниде Жахаба бизге, чынында эле, кат — өзүнүн Сөзүн, Ыйык Китепти — жазган. Анда ал өзү жөнүндө, кылган иштери, келечекке байланыштуу ой-ниеттери жана дагы башка көптөгөн нерселер тууралуу баяндаган. Жахаба өзүнүн Сөзүн биздин ага жакындашыбызды каалагандыктан берген. Акылман Кудайыбыз биз менен пикирлешүүнүн эң сонун жолун тандаган. Ыйык Китептин жазылыш ыкмасы жана андагы билдирүүлөр чексиз акылмандыкты чагылдырып турат.

Эмне үчүн жазуу түрүндө?

3. Жахаба Мыйзамды Муса аркылуу кандайча берген?

3 Кимдир бирөө: «Эмнеге Жахаба адамдар менен пикирлешүү үчүн көбүрөөк таасир калтырарлык ыкманы, айталы, асмандан үн чыгарып байланышууну тандаган эмес?» — деп сурашы ыктымал. Жахаба мурун бир канча жолу асмандан периштелери аркылуу сүйлөгөн. Маселен, ысрайыл элине Мыйзам бергенде (Галаттыктарга 3:19). Бирок асмандан чыккан үн ушунчалык таасирлентерлик болгондуктан, ысрайылдыктар Жахабага жалбарып, мындан ары Муса аркылуу эле кайрылышын өтүнүшкөн (Чыгуу 20:18—20). Ошондуктан 600 мыйзам тең Мусага оозеки, сөзмө-сөз берилген.

4. Кудайдын Мыйзамы оозеки берилсе эмне үчүн ишенүүгө татырлык болбой калмактыгын түшүндүр.

4 Бирок Мыйзам жазуу түрүндө болбосо, Муса аны майда-баратына чейин эстеп калып, элге бурмалабай так жеткире алат беле? Кийинки муундар кантет эле? Анда аларга ооздон оозго өткөн сөздөргө таянуудан башка арга калбай калмак. Бирок Кудайдын андай жол менен берилген мыйзамдарын ишенүүгө татырлык деп айтуу кыйын болмок. Мисалы, сен айткан окуянын улам бирөөгө оозеки эле айтыла бергенин элестетсең. Акыр-аягында ал такыр бөлөк окуяга айланып калмак. Кудайдын Мыйзамы мындай коркунучка дуушар болгон эмес.

5, 6. Жахаба Мусага эмне кылууну буйруган жана анын жазуу түрүндөгү Сөзүнө ээ болуу эмне үчүн бата?

5 Жахаба сөздөрүнүн жазылып калышына акылмандык менен кам көргөн. Ал Мусага: «Бул сөздөрдү жазып ал, анткени бул сөздөрдүн негизинде Мен сени менен жана Ысрайыл эли менен келишим түзүп жатам»,— деп буйруган (Чыгуу 34:27). Ошентип, б.з.ч. 1513-жылы Ыйык Китеп жазыла баштаган. Андан кийинки 1610 жылдын аралыгында Жахаба Ыйык Китепти жазууга катышкан 40ка жакын эркек менен «ар кандай жолдор менен» сүйлөшкөн (Эврейлерге 1:1). Анан Кудайга берилген көчүрмөчүлөр Ыйык Жазманы сактоо максатында аны мүмкүн болушунча так көчүрүүгө көп күч-аракет жумшашкан (Эзра 7:6; Забур 44:2).

6 Жахабанын жазуу түрүндөгү Сөзүнө ээ болуу — кандай зор бата! Жүрөгүңдү аябай козгогон катты сактап коюп, кайра-кайра окуган учуруң болду беле? Балким, ал каттан абдан муктаж болуп турганда сооронуч алгандырсың. Жахабадан келген «кат» тууралуу да ушуну айтууга болот. Жахаба сөздөрүн жазуу түрүндө калтыргандыктан, бизде аларды дайыма окууга жана анын бизге эмне айткысы келгени тууралуу ой жүгүртүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар (Забур 1:2). Муктаж болгонубузда ар дайым «Ыйык Жазуу аркылуу» сооронуч ала алабыз (Римдиктерге 15:4).

Эмне үчүн жазуучулар адамдардан тандалган?

7. Ыйык Китепти адамдарга жаздыруу менен Жахаба акылман экенин кандайча көрсөткөн?

7 Жахаба сөздөрүн адамдарга жаздыруу менен да акылман экенин көрсөткөн. Эгер периштелерге жаздырса, Ыйык Китеп ушунчалык түшүнүктүү болот беле? Албетте, периштелер Жахабаны жогорку деңгээлдеги көзкараш менен сүрөттөп, ага болгон берилгендигин билдирип, анын жердеги ишенимдүү кызматчылары тууралуу жаза алышмак. Бирок биз билими, тажрыйбасы жана күч-кубаты адамдардыкынан алда канча ашып түшкөн жеткилең рухий жаратуулардын ой жүгүртүүсүн түшүнө алат белек? (Эврейлерге 2:6, 7).

«Ыйык Жазуунун бардыгы Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган».

8. Ыйык Китепти жазууга катышкандар өз жөндөмдүүлүктөрүн кандайча колдоно алышкан? (Шилтемени да карагыла).

8 Өзүнүн Сөзүн жаздырууга адамдарды колдонуу менен Жахаба бизге эң керектүү нерсени — «Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган», ошол эле учурда адам баласына түшүнүктүү болгон китепти — тартуу кылган (2 Тиметейге 3:16). Ыйык Китепти жаздыруу ишин Кудай кандайча жүргүзгөн? Көпчүлүк учурда ал жазуучуларга өз жөндөмдүүлүктөрүн колдонуп, «накыл сөздөр» менен «чындык сөздөрдү» тандоого мүмкүнчүлүк берген көрүнөт (Насаатчы 12:10, 11). Ыйык Жазманы түзгөн китептердин ар кандай стилде жазылганы ушуну менен түшүндүрүлөт: ар бир китеп жазуучусунун чыккан чөйрөсүн, мүнөзүнүн өзгөчөлүктөрүн чагылдырып турат *. Бирок ал адамдардын бардыгы билдирүүлөрдү «Ыйык Рухтун жетеги менен» жазышкан (2 Петир 1:21). Ошондуктан Ыйык Китеп талашсыз түрдө «Кудай Сөзү» деп аталууга татыктуу (1 Тесалоникалыктарга 2:13).

9, 10. Эмне себептен Ыйык Китептин адамдар аркылуу жазылышы аны окууну жагымдуу кылат?

9 Ыйык Китеп адамдар аркылуу жазылгандыктан жүрөгүбүзгө жагымдуу таасир этип, өзүнө тартып турат. Аны биздикиндей эле сезимдери бар адамдар жазышкан. Жеткилеңсиз болгондуктан алар да биз кабылып жаткан сыноолорго жана кысымдарга дуушар болушкан. Айрым учурларда Жахабанын руху аларга өздөрүнүн ички сезимдери, ой-санаалары менен бөлүшүүгө түрткү берген (2 Корунттуктарга 12:7—10). Андай учурда алар биринчи жак менен жазышып, эч бир периште жеткире бере албай турган ой-сезимдерди беришкен.

10 Мисалга Ысрайылдын падышасы Дөөттү алалы. Бир нече олуттуу күнөө кетиргенден кийин ал жүрөгүндөгүсүнүн баарын Кудайга айтып кечирим сурап забур жазган. Ал: «Менин мыйзамсыз иштеримди кайра-кайра жуу, мени күнөөмдөн тазала. Анткени мен өзүмдүн мыйзамсыз иштеримди мойнума алам, менин күнөөм көз алдымдан кетпейт. Мына, мен бойго бүткөндө эле күнөөкөр болчумун, энемден күнөөкөр болуп төрөлгөм. Менден жүзүңдү бурба, менден Өзүңдүн Ыйык Рухуңду алба. Кайгылуу рух Кудайга курмандык болот, Кудайым, Сен кайгырган жана моюн сунган жүрөктү жек көрбөйсүң»,— деген (Забур 50:4, 5, 7, 13, 19). Забурчунун кандай кыйналганын сезе алдыңбы? Мындай сезимдерди жеткилеңсиз адамдан башка дагы ким жеткире бере алат эле?

Эмне үчүн ал китепте адамдар тууралуу айтылат?

11. Ыйык Китепте «үйрөнүшүбүз үчүн» жазылган кандай турмуштук мисалдар камтылат?

11 Ыйык Китеп бизди өзүнө дагы бир себептен улам тартып турат. Анда, негизинен, адамдар — Кудайга кызмат кылган жана кылбаган адамдар — жөнүндө айтылат. Ыйык Жазмадан алардын кылган иштери, кыйынчылыктары менен кубанычтары, ошондой эле чыгарган чечимдеринин натыйжасы жөнүндө биле алабыз. Ал билдирүүлөр «үйрөнүшүбүз үчүн» жазылган (Римдиктерге 15:4). Ушундай турмуштук мисалдар аркылуу Жахаба жүрөгүбүзгө таасир этүүгө аракет кылат. Анда алардын айрымдарын карап көрөлү.

12. Ыйык Китептеги каардуу адамдар тууралуу билдирүүлөр бизге кандай жардам берет?

12 Ыйык Китепте ишенимсиз, ал турсун, каардуу адамдар жана алардын эмне болгондугу жөнүндө баяндалат. Андай билдирүүлөр терс сапаттардын канчалык зыяндуу экенин жакшыраак түшүнүүгө жардам берет. Маселен, чыккынчылыктын канчалык пас иш экенин Ыйсаны жүзүкаралык менен саткан Жүйүт тууралуу билдирүүдөн бөлөк кайсы мыйзам даана көрсөтө алат эле? (Матай 26:14—16, 46—50; 27:3—10). Мындай мисалдар жүрөгүбүзгө терең таасир этип, ушундай иштерге алып келерлик арам ниеттерди аныктай билүүгө жана алардан качууга жардам берет.

13. Кудайдын кайсы сапаттарды жактырарын билүүгө Ыйык Китеп кандайча жардам берет?

13 Ыйык Китепте Кудайдын көптөгөн ишенимдүү кызматчылары жана алардын ишенимдүүлүгү менен берилгендиги жөнүндө да айтылат. Ошондой эле андан Кудайга жакындоо үчүн кандай сапаттарды өрчүтүү зарыл экенин даана көрө алабыз. Мисалга ишенимди алалы. Ыйык Китепте ага так аныктама берилет да, Кудайга жагуу үчүн ишенимге ээ болуу канчалык маанилүү экени көрсөтүлөт (Эврейлерге 11:1, 6). Мындан сырткары, анда күчтүү ишеними менен эң сонун үлгү калтырган адамдар тууралуу баяндалат. Мисалы, уулу Ыскакты курмандыкка чалууга даяр болуу менен зор ишеним көрсөткөн Ыбрайым тууралуу ойлонуп көрсөң (Башталыш 22-бап; Эврейлерге 11:17—19). Ушу сыяктуу билдирүүлөрдүн аркасында «ишеним» деген сөздүн мааниси кеңейип, түшүнүктүүрөөк болот. Жахаба өзүнө жаккан сапаттарды өрчүтүүгө түрткү берип эле койбостон, ал сапаттарды жашоосунда эң сонун чагылдырган адамдар тууралуу билдирүүлөрдүн жазылып калышына кам көрүү менен кандай зор акылмандык көрсөткөн!

14, 15. Ыйык Китепте ийбадатканага барган жесир аял тууралуу эмне айтылат жана ал мисалдан Жахаба тууралуу эмне биле алабыз?

14 Ыйык китептик ушундай мисалдар Жахаба тууралуу көп нерселерди ачып берет. Ыйса ийбадатканадан көргөн аялдын мисалын карап көрөлү. Ыйса тартуулар салынчу кутунун жанында ыктыярдуу тартуу салып жаткан адамдарды карап отурган. Көптөгөн бай адамдар келип, «өздөрүнөн артканды» салып жатышты. Бирок Ыйсанын көңүлү бир жесир аялга бурулат. Ал «эки жез тыйын» гана тартуу кылат *. Бул анын акыркы акчасы эле. Жахабанын сапаттары менен көзкарашын жеткилең түрдө чагылдырган Ыйса: «Бул жарды, жесир аял акча салгандардын бардыгынан көп салды»,— деген. Бул сөздөргө караганда, жесир аял башкалардын бардыгынан көп тартуу кылган (Марк 12:41—44; Лука 21:1—4; Жакан 8:28).

15 Ийбадатканага ошол күнү келген адамдардын ичинен жалгыз гана ошол жесир аял тууралуу Ыйык Китепке жазылып калганы таң калыштуу эмеспи? Бул мисал аркылуу Жахаба бизди өзүнүн жакшылыкты унутпаган Кудай экенине үйрөтөт. Ал биздин чын жүрөктөн берген тартууларыбызды абдан баалайт жана аларды башкалардыкы менен салыштырбайт. Бул соороторлук чындыкты Жахаба кандай сонун жол менен ачып берген!

Ыйык Китепте эмне тууралуу айтылбайт?

16, 17. Жахабанын акылмандыгы Өз Сөзүнө эмнелерди камтууну тандаганынан кандайча көрүнүп турат?

16 Жакшы көргөн адамыңа кат жазганда бардыгын жазууга мүмкүн эмес. Эмнени жазышты тандоого туура келет. Ошол сыяктуу эле, Жахаба өзүнүн Сөзүндө кимдер жана кайсы окуялар тууралуу айтууну тандаган. Бирок көпчүлүк учурда ал окуялар майда-чүйдөсүнө чейин баяндалбайт (Жакан 21:25). Маселен, Жахабанын адилет өкүмдөрүн кандайча ишке ашырганы жөнүндөгү ыйык китептик билдирүүлөр бизде пайда болгон суроолордун баарына жооп бербейт. Жахабанын акылмандыгы Өз Сөзүнө эмнелерди камтууну тандаганынан да көрүнүп турат. Кандайча?

17 Ыйык Китептин кандайча жазылганы жүрөгүбүздөгүнү билүүгө жардам берет. Эврейлерге 4:12де: «Себеби Кудайдын Сөзү [же кабары] тирүү жана таасирдүү, кош миздүү ар кандай кылычтан курч, ал жандан рухту ажыратып... жүрөктөгү ойлорду, ниетти соттойт»,— деп айтылат. Ыйык Китептеги кабар жүрөгүбүздүн түпкүрүнө жетип, ой-ниеттерибизди ачыкка чыгарат. Сынчыл адамдар көп учурда өздөрүнүн оюнча майда-барат нерселерди толук камтыбаган билдирүүлөргө мүдүрүлүшөт. Андай адамдар Жахабанын мээримдүү, акылман жана адилеттүү экенине да шектенишет.

18, 19. а) Кайсы бир ыйык китептик билдирүүнү окууда пайда болгон суроолорго дароо жооп таба албасак эмне үчүн тынчсызданбашыбыз керек? б) Кудай Сөзүн кимдер гана түшүнө алат жана бул Жахабанын акылман экенин кандайча далилдеп турат?

18 Ал эми жүрөгүбүз таза болсо, Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында Жахабанын кандай Кудай экенин көрө алабыз. Натыйжада Ыйык Китептен кайсы бир билдирүүнү окуп жатканда пайда болгон суроого дароо жооп таба албасак тынчсызданбайбыз. Маселен, баш катырманы — майда кылып кесилген сүрөттү — чогултууда белгилүү бир бөлүгүн табуу же анын кайсы бөлүгү менен байланышып турушу керектигин дароо аңдоо кыйын. Бирок бир канча бөлүгүн таап бириктиргенден кийин, толук сүрөттүн кандай болушу керек экенин аныктоого болот. Анын сыңарындай эле, Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында Жахабанын касиет-сапаттары жөнүндө барган сайын көбүрөөк биле бергендиктен, анын кандай Кудай экенин таанып-билебиз. Атүгүл айрым аяттар адегенде түшүнүксүз сезилип, анда айтылгандарды Кудай тууралуу мурун билгендерибиз менен байланыштыруу оор болсо да, Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында Жахабанын сүйүүсүнүн өзгөрүлбөс экенине жана Анын адилеттүү Кудай экенине ынанууга жардам берерлик жетиштүү билим алганыбызды эстен чыгарбоо маанилүү.

19 Кудай Сөзүн жүрөгү таза жана калыс адамдар гана түшүнө алат. Бул Жахабанын акылман экенин далилдеп турган жокпу? Акылдуу адамдар «даанышмандар менен акылмандар» гана түшүнө алган китептерди жазышат. Ал эми жүрөгү тазалар гана түшүнө ала турган китепти акылман Кудайыбыз жарата алмак! (Матай 11:25).

Акылмандык камтылган китеп

20. Эмне үчүн жашоонун туура жолун Жахаба гана көрсөтө алат жана Ыйык Китепте бизге жардам берерлик эмне камтылган?

20 Өзүнүн Сөзү аркылуу Жахаба жашоонун туура жолун көрсөтөт. Жараткан катары ал биздин эмнеге муктаж экенибизди эң сонун билет. Адамдардын негизги муктаждыктары өзгөрүлгөн жок: алар башкалардын сүйүүсүн сезүүнү, башкалар менен жакшы мамиледе болуп, бактылуу өмүр сүрүүнү каалашат. Ыйык Китепте жашообузду маңыздуу кыла турган «акылмандыктын» кени камтылган (Накыл сөздөр 2:6). Колуңардагы китептин ар бир бөлүгүндө Ыйык Китептеги эң сонун кеңештерди кантип колдонсок болору талкууланган бөлүм бар. Ошентсе да азыр бир мисал карап көрөлү.

21—23. Кайсы акылман кеңеш кек сактабоого жардам берет?

21 Кекчил адамдар өздөрүнө эле зыян келтирерин байкадың беле? Таарыныч абдан оор жүк: аны өөрчүтө берсек, оюбуздун баарын ээлеп алат да, тынчыбызды алып, кубанычыбыздан айрылтат. Илимий изилдөөлөр ачуулануу жүрөк жана башка өнөкөт ооруларга чалдыгуу ыктымалдыгын күчөтөрүн көрсөттү. Бирок аларга чейин эле Ыйык Китепте: «Ачууңду токтот, каарды ташта»,— деген акылдуу кеңеш айтылган (Забур 36:8). Бул кеңешти кантип колдонууга болот?

22 Кудай Сөзүндө: «Акыл-эстүүлүк адамды каардануудан токтотот, ал үчүн даңк — бирөөнүн кылмышына кечиримдүү болуу»,— деп айтылган (Накыл сөздөр 19:11). Эстүүлүк болуп жаткан нерсенин түпкүрүн көрүүгө жардам берет. Ошондой эле ал адамдын эмне үчүн тигиндей же мындай сүйлөгөнүн же эмне үчүн тигиндей же мындай иш кылганын аныктоого көмөк кылгандыктан түшүнө билүүнү да билдирет. Адамдын чынында кандай ой-ниети барын, анын сезимдерин жана жагдайын түшүнүүгө аракеттенүү терс ойлорду жеңип, ага болгон мамилебизди өзгөртүүгө жардам берет.

23 Ыйык Китепте: «Көтөрүмдүү болгула, бири-бириңерди кечиргиле»,— деген да кеңеш бар (Колостуктарга 3:13). «Көтөрүмдүү болгула» деген сөздөр башкалардын көңүлүбүзгө жакпаган же кыжырданткан нерселерине чыдамдуу, кечиримдүү болууну билдирет. Ушундай чыдамдуулук кек сактабоого көмөк кылат. «Кечирүү» кыжырдануу сезиминен арылуу дегенди туюнтат. Акылман Кудайыбыз негиз болгондо башкаларды кечиришибиз керек экенин билет. Муну башкалардын пайдасы үчүн эле эмес, өзүбүздүн жыргалчылыгыбыз үчүн да кылганыбыз зарыл, анткени кечирүү менен жандүйнөбүз тынч жана бейкут болот (Лука 17:3, 4). Кудай Сөзүндө кандай зор акылмандык камтылган!

24. Кудайдын акылмандыгына ылайык жашоо кандай пайда алып келет?

24 Сүйүүсү артып турган Жахаба биз менен пикирлешүүнү каалайт. Бул үчүн ал пикирлешүүнүн эң сонун жолун — ыйык рухун колдонуп адамдарга жаздырган «кат» аркылуу байланышууну — тандаган. Андыктан Ыйык Китеп Жахаба Кудайдын акылмандыгын чагылдырып турат. Андагы акылмандык «шексиз туура» (Забур 92:5). Ага ылайык жашап, ал жөнүндө башкаларга да айтсак, акылман Кудайыбыз менен болгон достугубуз бекемделет. Эмки бөлүмдө Жахабанын акылмандыгын көрсөткөн дагы бир нерсени, анын келечекти айтуу жана өзүнүн ниетин ишке ашыруу жөндөмдүүлүгүн, талкуулайбыз.

^ абз. 8 Мисалы, Дөөт койчу болгондуктан койчулардын турмушунан алынган мисалдарды колдонгон (22-забур). Мурун салык жыйноочу болгон Матай сан же эсептер жана акча тууралуу көбүрөөк сөз кылган (Матай 17:27; 26:15; 27:3). Мурун врач болгон Лука медицина тармагына байланыштуу сөздөрдү колдонгон (Лука 4:38; 14:2; 16:20).

^ абз. 14 Ал тыйындар, лепталар, эврейлердин ошол мезгилдеги эң эле арзан тыйыны болгон. Эки лепта бир күндүк эмгек акынын 1/64 бөлүгүн түзгөндүктөн, ага кедейлер тамакка колдонгон эң арзан таранчы да келчү эмес.