Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

19-БӨЛҮМ

Кудайдын «жашыруун сырда» чагылдырылган акылмандыгы

Кудайдын «жашыруун сырда» чагылдырылган акылмандыгы

1, 2. Кайсы «жашыруун сырга» кызыгышыбыз керек жана эмне үчүн?

СЫРЛАР! Адамдын бүйүрүн кызытып, өзүнө тарткандыктан, аларды жашырын сактоо көп учурда оңойго турбайт. Бирок Ыйык Китепте: «Кудайдын даңкы — ишти жашыруун кармоо»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 25:2). Ооба, Эгедер жана Башкаруучу катары Жахаба айрым нерселерди өзү белгилеген убакка чейин жашыруун сактоого укуктуу.

2 Анткен менен Жахаба өзүнүн Сөзүндө укмуш бир сырды ачып берген. Ал «Өз [Кудайдын] каалоосунун жашыруун сыры» деп аталат (Эфестиктерге 1:9). Аны билүү жеке кызыгуубузду канааттандыруу үчүн эле маанилүү эмес. Ал сырды билүү куткарылуубузга жол ачып, Жахабанын чексиз акылмандыгын кандайдыр бир деңгээлде түшүнүүгө жардам берет.

Сыр акырындык менен ачылган

3, 4. Башталыш 3:15те жазылган пайгамбарлык кандай үмүт берген жана анда кандай «жашыруун сыр» камтылган?

3 Адам ата менен Обо эне күнөө кылганда, Жахабанын жерди бейишке айландырып, жеткилең адамдарга толтурууга байланыштуу ниети ишке ашпай калгандай көрүнгөн. Бирок Кудай токтоосуз иш-аракет кылган. Ал жыланга: «Аял экөөңөрдүн ортоңорго, экөөңөрдүн тукумуңардын ортосуна кастык коём. Аялдын тукуму сенин башыңды жанчыйт, сен болсо анын согончогун чагасың»,— деген (Башталыш 3:15).

4 Бул сырдуу сөздөрдө кандай маани камтылган? Ал аял ким? Жылан кимди билдирет? Жыландын башын жанча турган «тукум» ким? Адам менен Обо үчүн божомолдоодон башка арга калган эмес. Ошондой болсо да Кудайдын бул сөздөрү алардын ишенимдүү тукумдарына үмүт берип келген. Адилеттик тебелендиде калышы мүмкүн эмес болчу. Жахабанын ниети сөзсүз аткарылмак. Бирок кантип? Бул жашыруун сыр болуп келген! Ал Ыйык Китепте «Кудайдын жашыруун сыр катары сакталып келген акылмандуулугу» деп аталат (1 Корунттуктарга 2:7).

5. Жахаба сырын эмне үчүн акырындык менен ачканын мисал менен түшүндүр.

5 Убакыттын өтүшү менен «сырларды ача турган Кудай» Жахаба бул сырга байланыштуу маанилүү нерселерди ачкан (Даниел 2:28). Бирок ал муну акырындык менен кылган. Аны жакшыраак түшүнүү үчүн, баласынын балдар кантип жаралат деген суроосуна мээримдүү атанын кандайча жооп берери тууралуу ойлоп көрөлү. Акылдуу ата баласы түшүнө алгандан ашык нерсе айтпайт. Ал эми баласы чоңойгон сайын, ага көбүрөөк айтып бере берет. Анын сыңарындай эле, Жахаба өзүнүн элине эрки менен ой-ниетин алар ошого даяр болгондо гана ачып берет (Накыл сөздөр 4:18; Даниел 12:4).

6. а) Келишим кандай максатта түзүлөт? б) Жахабанын адамдар менен келишимдерди түзгөнү эмнеси менен өзгөчө көңүл бурдурат?

6 Жахаба сырын кандайча ачкан? Сырга байланыштуу көп нерселер келишимдер аркылуу түшүндүрүлгөн. Балким, сен да, маселен, үй сатып алып жатканыңда, ссуда аларда же карызга акча берерде келишим түзүп көргөндүрсүң. Бул келишим шарттарынын аткарылышына юридикалык жактан кепилдик берет. Бирок Жахаба үчүн адамдар менен формалдуу келишимдерди түзүүнүн эмне зарылдыгы бар эле? Убадаларын аткарарына Анын сөзүнүн өзү эле зор кепилдик кылбайбы?! Туура, бирок айрым учурларда Кудай сөзүн юридикалык келишимдер менен да бышыктаган. Мындай бузулгус келишимдер бизди, жеткилеңсиз адамдарды, Жахабанын убадаларына дагы бекемирээк ишендирет (Эврейлерге 6:16—18).

Ыбрайым менен түзүлгөн келишим

7, 8. а) Жахаба Ыбрайым менен кандай келишим түзгөн жана ал жашыруун сырдын ачылышына кандай көмөк болгон? б) Убадаланган Тукумдун кимдин уруусунан келерин Жахаба кантип акырындык менен көрсөткөн?

7 Биринчи түгөйлөр Бейиштен куулгандан эки миң жыл өткөн соң, Жахаба ишенимдүү кызматчысы Ыбрайымга: «Сенин тукумуңду асмандагы жылдыздардай... көбөйтөм... Менин тилимди алганың үчүн, сенин тукумуң аркылуу бүт жер жүзүнүн элдери бата алышат»,— деген (Башталыш 22:17, 18). Бул жөн эле убада болгон эмес, Жахаба, мындайча айтканда, юридикалык келишим түзүп, аны бузулгус анты менен бекиткен (Башталыш 17:1, 2; Эврейлерге 6:13—15). Эгедер Теңирдин адамзатка бата берем деп милдеттенме алганы кандай гана таң калтырарлык!

«Сенин тукумуңду асмандагы жылдыздардай... көбөйтөм».

8 Ыбрайым менен түзүлгөн келишимдин аркасында убадаланган Тукум адам болору ачылган, анткени ал Ыбрайымдын тукумдарынан чыкмак. Бирок ал Тукумдун ролун ким аткарат? Бир нече убак өткөндөн кийин, Жахаба анын Ыбрайымдын Ыскак деген баласынан келерин ачкан. Ыскактын эки баласынан Жакып тандалган (Башталыш 21:12; 28:13, 14). Кийинчерээк Жакып он эки баласынын бири тууралуу: «Элдештирүүчү келмейинче, Жүйүттүн колунан бийлик таягы түшпөйт, тукумунан мыйзам чыгаруучу кетпейт. Ага элдер баш ийишет»,— деп пайгамбарлык кылган (Башталыш 49:10). Ошондо Тукум Жүйүт уруусунан чыга турган падыша болору ачылган.

Ысрайыл менен түзүлгөн келишим

9, 10. а) Жахаба ысрайыл эли менен кандай келишим түзгөн жана ал келишим эмнеден коргогон? б) Адамзат кунга муктаж экенин Мыйзам кандайча көрсөтүп турган?

9 Биздин заманга чейин 1513-жылы Жахаба жашыруун сырдын андан ары ачылышына кам көргөн. Ал Ыбрайымдан тараган ысрайыл эли менен келишим түзгөн. Учурда Муса аркылуу түзүлгөн ал Мыйзам келишими күчүн жоготсо да, убагында Жахабанын убадаланган Тукумга байланыштуу ой-ниетинде маанилүү роль ойногон. Кандайча? Үч нерсени карап көрөлү. Биринчиден, Мыйзам коргоо же тосмо катары кызмат кылган (Эфестиктерге 2:14). Андагы адил мыйзамдар ысрайылдыктарды бутпарастардын таасиринен коргоп, убадаланган Тукумдун белгилүү бир тектен келишине өбөлгө түзгөн. Дал ушундан улам ысрайыл эли жок болуп кетпей, Кудай белгилеген убакта Мессия Жүйүт уруусунан төрөлгөн.

10 Экинчиден, Мыйзам адамзат кунга муктаж экенин көрсөтүп турган. Мыйзам жеткилең болгон, ошондуктан жеткилеңсиз адамдар андагы талаптардын бардыгын толук аткара алышкан эмес. Ал «убада берилген тукум келгиче, кылмыштарды айгине кылуу» үчүн берилген (Галаттыктарга 3:19, «ЖД»). Мыйзам боюнча жаныбарлардын курмандыкка чалынышы күнөөлөрдүн убактылуу эле жуулушуна шарт түзгөн. Анткени, элчи Пабыл жазгандай, «торпоктордун жана кочкорлордун каны күнөөлөрдү жок кыла албайт», ал курмандыктар Машайактын куткаруу курмандыгынын прообразы катары эле кызмат кылган (Эврейлерге 10:1—4). Ишенимдүү ысрайылдыктар үчүн Мыйзам келишими «Машайакка жетелеп» баруучу болгон (Галаттыктарга 3:24).

11. Мыйзам келишими ысрайыл элине кандай сонун мүмкүнчүлүк берген жана жалпы ысрайыл эли эмне үчүн андан айрылып калган?

11 Үчүнчүдөн, келишим ысрайыл элине эң сонун үмүт берген. Жахаба ысрайылдыктарга, келишимди ишенимдүүлүк менен сакташса, «ыйык кызмат кылуучулардын падышачылыгы жана ыйык эл» болушарын убадалаган (Чыгуу 19:5, 6). Чынында эле, асман падышалыгынын ыйык кызмат кылуучулары алгач ысрайыл элинен тандалган. Бирок жалпы ысрайыл эли Мыйзам келишимине каршы чыгып, Мессиялык Тукумду кабыл албай, ушул эң сонун мүмкүнчүлүктөн айрылган. Эми ыйык кызмат кылуучулардын падышачылыгын түзүүчүлөрдүн жетпеген санын ким толуктамак? Ошондой эле бата алган бул элдин убадаланган Тукум менен кандай байланышы бар эле? Жашыруун сырдын бул жактары Кудай белгилеген убакта ачылмак.

Дөөт менен түзүлгөн Падышалык келишими

12. Жахаба Дөөт менен кандай келишим түзгөн жана Кудайдын жашыруун сырынын дагы кайсы жактары ачылган?

12 Биздин заманга чейин XI кылымда Жахаба дагы бир келишим түзүп, жашыруун сырды дагы кененирээк ачкан. Ал ишенимдүү Дөөт падышага: «Мен сенин тукумуңду сенин ордуңа тургузам да, анын падышалыгын бекемдейм... Мен анын падышачылык тагын түбөлүккө бекитем»,— деп убада берген (2 Шемуел 7:12, 13; Забур 88:4). Ошентип, убадаланган Тукум Дөөттүн урпактарынан чыгары билинген. Бирок кадимки адам «түбөлүк» падыша боло алабы? (Забур 88:20, 29, 35—37). Андай падыша адамзатты күнөө менен өлүмдөн арылта алат беле?

13, 14. а) 109-забурга ылайык, Жахаба өзү дайындаган Падышага эмнени убадалаган? б) Жахаба пайгамбарлары аркылуу келе турган Мессия тууралуу дагы эмнелерди ачкан?

13 Дөөт Кудайдын шыктандыруусу менен: «Теңир менин Теңириме [«Эгеме», «ЖД»] „Мен сенин душмандарыңды бут алдыңа жыкканга чейин, Менин оң жагыма отур“,— деди. Теңир ант берген, аны өзгөртпөйт: Сен Малки-Седек даражасындагы түбөлүк ыйык кызмат кылуучусуң»,— деп жазган (Забур 109:1, 4). Дөөттүн сөздөрү убадаланган Тукумга же Мессияга тиешелүү болгон (Элчилер 2:35, 36). Ал падыша Иерусалимден эмес, асмандан, Жахабанын «оң жагында» отуруп бийлик кылат. Андыктан ал, Ысрайылдын эле эмес, дээрлик бүт жер жүзүнүн үстүнөн бийлик жүргүзөт (Забур 2:6—8). Дагы бир маанилүү нерсе айкын болгон. Жахаба Мессиянын «Малки-Седек даражасындагы... ыйык кызмат кылуучу» болоруна ант берет. Ыбрайымдын учурунда падышанын да, ыйык кызмат кылуучунун да милдетин аткарган Малки-Седектей кылып, Кудай убадаланган Тукумду Падыша жана ыйык кызмат кылуучу болууга дайындаган (Башталыш 14:17—20).

14 Убакыттын өтүшү менен Жахаба пайгамбарлар аркылуу жашыруун сырды дагы кененирээк ачкан. Маселен, Ышайа Тукумдун биз үчүн өмүрүн курмандыкка берерин айткан (Ышайа 53:3—12). Михей Мессиянын каякта төрөлөрү тууралуу пайгамбарлык кылган (Михей 5:2). Даниел атүгүл Тукумдун келеринин жана өлөрүнүн так убактысын айтып кеткен (Даниел 9:24—27).

Жашыруун сыр ачылды!

15, 16. а) Жахабанын Уулу кандайча «аялдан төрөлгөн»? б) Жердеги ата-энеси Ыйсага эмнени беришкен жана ал качан убадаланган Тукум катары келген?

15 Бул пайгамбарлыктардын кандайча аткарылары Тукум келгиче жашыруун сыр бойдон кала берген. Галаттыктарга 4:4-аятта: «Өз убагы келгенде, Кудай Өз Уулун жиберди. Ал аялдан төрөлдү»,— деп айтылат. Б.з.ч. 2-жылы периште Мариям аттуу жүйүт кызга: «Боюңа бүтүп, Уул төрөйсүң, Анын ысымын Ыйса коёсуң. Ал улуу болот жана Бардыгынан Жогоркунун Уулу деп аталат. Кудай-Теңир Ага түпкү атасы Дөөттүн тагын берет. [...] Сенин үстүңө Ыйык Рух түшөт. Сага Бардыгынан Жогоркунун күчүнүн көлөкөсү түшөт. Ошондуктан төрөлө турган Ыйыкка Кудайдын Уулу деген ысым берилет»,— дейт (Лука 1:31, 32, 35).

16 Жахаба Уулу адамдан төрөлүшү үчүн, анын өмүрүн Мариямдын ичине көчүргөн. Мариям жеткилеңсиз болсо да, анын жеткилеңсиздиги Ыйсага тукум кууп өткөн эмес, себеби ал «Кудайдын Уулу» болгон. Ошол эле учурда жердеги ата-энеси Дөөттүн тукумдарынан болгондуктан, алар ага төрөлүшү боюнча да, мыйзам боюнча да Дөөт падышанын мураскору болуу укугун бере алышкан (Элчилер 13:22, 23). Ыйса б.з. 29-жылы чөмүлтүлгөндө, Жахаба аны ыйык рух менен майлап: «Бул Менин сүйүктүү Уулум»,— деген (Матай 3:16, 17). Ошентип, Тукум келген! (Галаттыктарга 3:16). Эми жашыруун сырга байланыштуу дагы башка нерселерди ачууга убакыт келип жеткен (2 Тиметейге 1:10).

17. Башталыш 3:15теги пайгамбарлыктын мааниси кандайча ачылган?

17 Жерде кызмат кылып жүргөндө Ыйса Башталыш 3:15те айтылган жылан — Шайтанды, ал эми жыландын тукуму аны жактагандарды билдирерин көрсөткөн (Матай 23:33; Жакан 8:44). Кийинчерээк алардын кандайча биротоло жок кылынары ачылган (Аян 20:1—3, 10, 15). Аял «Жогорку Иерусалимди» — Жахабанын рухий жаратуулардан турган жана аялга салыштырылган асмандагы уюмун — билдирери маалым болгон * (Галаттыктарга 4:26; Аян 12:1—6).

Жаңы келишим

18. «Жаңы келишимдин» максаты эмне?

18 Өлөр алдындагы түнү Ыйса ишенимдүү шакирттерине «жаңы келишим» тууралуу айтканда эң эле укмуш ачылыш болгон көрүнөт (Лука 22:20). Мусанын мыйзам келишиминдегидей эле, бул жаңы келишим да «ыйык кызмат кылуучулардын падышачылыгын» жаратуу үчүн түзүлгөн (Чыгуу 19:6; 1 Петир 2:9). Бирок бул келишимдин максаты денелик эмес, а Машайактын ишенимдүү жолдоочуларынан турган рухий элди, «Кудайдын Ысрайылын», уюштуруу эле (Галаттыктарга 6:16). Ал жаңы келишимге киргендер Ыйса менен чогуу бийлик кылып, адамзатка чексиз баталарды беришмек!

19. а) Эмне себептен жаңы келишимдин аркасында «ыйык кызмат кылуучулардын падышачылыгын» жаратууга мүмкүн болот? б) Ыйсанын майланган жолдоочулары эмне үчүн «жаңы жаратуу» деп аталат жана асманда Машайак менен бирге башкара тургандардын саны канча?

19 Эмне себептен жаңы келишимдин аркасында адамзатка бата алып келе турган «ыйык кызмат кылуучулардын падышачылыгын» жаратууга мүмкүн? Анткени ал келишим Машайактын шакирттерин күнөөлөрү үчүн айыптабастан, кайра аларга Ыйсанын курмандыгы аркылуу кечиримге ээ болууга шарт түзөт (Жеремия 31:31—34). Жахаба аларды такыбаа деп тапкан соң, өзүнүн рухий үй-бүлөсүнө кабыл алып, ыйык рух менен майлайт (Римдиктерге 8:15—17; 2 Корунттуктарга 1:21). Ошентип, алар «тирүү үмүткө... асманда сакталган мураска ээ» болуу үчүн кайрадан төрөлүшөт (1 Петир 1:3, 4). Мындай жогорку абал мурда бир да адамга берилбегендиктен, Ыйсанын рухтан төрөлгөн майланган жолдоочулары «жаңы жаратуу» деп аталган (2 Корунттуктарга 5:17, «ЖД»). Ыйык Китеп көрсөтүп тургандай, адамзаттын үстүнөн 144 миң башкаруучу асмандан бийлик кылат (Аян 5:9, 10; 14:1—4).

20. а) Б.з. 36-жылы жашыруун сырга байланыштуу кандай жаңы нерсе ачылган? б) Ыбрайымга убадаланган баталарды кимдер алат?

20 Ыйсанын майланган жолдоочулары аны менен бирге «Ыбрайымдын урпактары» болот * (Галаттыктарга 3:29). Алгачкылардан болуп жүйүттөр тандалган. Бирок б.з. 36-жылы жашыруун сырга байланыштуу дагы бир нерсе ачылган: асманда жашоо үмүтү бутпарастарга да берилген (Римдиктерге 9:6—8; 11:25, 26; Эфестиктерге 3:5, 6). Ыбрайымга убадаланган баталарды Ыйсанын майланган жолдоочулары эле алабы? Жок, анткени Ыйса өзүн бүт дүйнө үчүн курмандыкка берген (1 Жакан 2:2). Убакыттын өтүшү менен Жахаба Шайтандын каардуу дүйнөсүнүн талкаланышынан «эбегейсиз көп» адам аман каларын ачкан (Аян 7:9, 14). Мындан сырткары, миллиондогон адамдар тирилтилип, Бейиште жашоо үмүтүнө ээ болушат (Лука 23:43; Жакан 5:28, 29; Аян 20:11—15; 21:3, 4).

Кудайдын акылмандыгы жана жашыруун сыр

21, 22. Кандайча жашыруун сырдан Кудайдын акылмандыгы көрүнүп турат?

21 Жашыруун сыр «Кудайдын ар тараптуу акылмандуулугун» эң сонун көрсөттү (Эфестиктерге 3:8—10). Жахаба аны акылмандык менен айтып, акырындык менен ачып берди! Ал адамдарга жүрөктөрүнүн чыныгы абалын көрсөтүүгө мүмкүндүк берип, алардын чектелүү мүмкүнчүлүктөрүн кандай гана акылмандуулук менен эске алган (Забур 102:14).

22 Чексиз акылмандыгын Жахаба Ыйсаны Падыша кылып тандоо менен да көрсөттү. Анткени Жахабанын Уулу Ааламдагы жаратуулардын ичинен өзгөчө ишенимге татыктуу. Ыйса кандан жана денеден турган адам катары жерде жашап жүргөндө түрдүү кыйынчылыктарга дуушар болгон. Ал биздин кыйынчылыктарыбызды толугу менен түшүнөт (Эврейлерге 5:7—9). Ыйса менен бирге бийлик кылуучулар тууралуу эмне айтууга болот? Бир нече кылымдар бою ыйык рух менен эркектер да, аялдар да майланган; алар бардык элдерден, ар кайсы тилдин өкүлдөрүнөн тандалып алынган жана алардын келип чыккан тек-тамыры, чөйрөсү ар башка. Алардын башынан өтпөгөн көйгөй же кыйынчылык жок (Эфестиктерге 4:22—24). Ыйык кызмат кылуучу да, падыша да болгон ушундай боор ооруй билген башчылардын бийлиги астында жашоо кандай гана сонун болот!

23. Ыйсанын жолдоочуларына Жахабанын жашыруун сырына байланыштуу кандай зор сыймык көрсөтүлгөн?

23 Элчи Пабыл: «Кылымдардан жана муундардан бери жашырылган сыр, азыр болсо Анын касиеттүүлөрүнө ачылган»,— деп жазган (Колостуктарга 1:26, «Инжил»). Ооба, Жахабанын майланган ыйык кызматчылары бул жашыруун сырды түшүнүп, аны миллиондогон адамдарга түшүндүрүп беришти. Бул сырды билүү — биз үчүн кандай зор сыймык! Жахаба бизге «Өз каалоосунун жашыруун сырын ачып берди» (Эфестиктерге 1:9). Келгиле, ушул эң сонун сырды башкалар менен бөлүшүп, алардын Жахаба Кудайдын чексиз акылмандыгын көрүшүнө жардам берели!

^ абз. 17 «Кудайга берилгендиктин» жашыруун сыры Ыйса аркылуу да ачылган (1 Тиметейге 3:16, «ЖД»). Жахабанын алдында актыгын жеткилең түрдө сактап, ишенимдүү бойдон калчу бирөөнүн чыгар-чыкпасы узак убакыт бою белгисиз кала берген. Жоопту Ыйса берген. Ал Шайтан себепкер болгон сыноолордун баарын туруктуулук менен көтөргөн (Матай 4:1—11; 27:26—50).

^ абз. 20 Ыйса да майланган жолдоочулары менен «Падышалык келишимин» түзгөн (Лука 22:29, 30, «ЖД»). Муну менен Ыйса ошол кичине оторго Ыбрайымдын тукумунун экинчи даражадагы бөлүгү катары өзү менен бирге асмандан бийлик кылууга мүмкүндүк берген (Лука 12:32).