Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

20-БӨЛҮМ

«Терең акылман жүрөктүү», ошол эле учурда момун

«Терең акылман жүрөктүү», ошол эле учурда момун

1—3. Жахабанын момун экенин кайдан билебиз?

АТАСЫ баласын маанилүү бир нерсеге үйрөтүүнү жана аны жүрөгүнө жеткидей кылып түшүндүрүүнү каалап турат. Ал үчүн баласына кантип кайрылышы керек? Типтик туруп алып катуу сүйлөгөнү туурабы? Же баласынын боюна жараша тизе бүгө отуруп, жылуу-жумшак сүйлөгөнү жакшыбы? Акылман, момун ата, албетте, экинчи айтылган жол менен кайрылууну туура көрөт.

2 Жахаба кандай Ата: текеберби же момунбу, оройбу же жумшакпы? Жахаба — баарын билген акылман Кудай. Бирок билимдүүлүк же акылдуулук адамдардын момун болушуна дайыма эле өбөлгө түзө бербээрин байкадың беле? Ыйык Китепте айтылгандай, «билим адамды текебер кылат» (1 Корунттуктарга 3:19; 8:1). Бирок Жахаба «терең акылман жүрөктүү» болсо да, момун (Аюб 9:4, СК). Бул анын ээлеген абалын төмөндөтпөйт же кудуреттүүлүгүн кемитпейт, тескерисинче, анын текебер эмес экенин айгинелеп турат. Муну кайдан билебиз?

3 Жахаба ыйык. Ошондуктан анда арам кылчу текебердик сапаты жок (Марк 7:20—22). Мындан сырткары, Жеремия пайгамбардын Жахаба тууралуу эмне деп айтканына көңүл буралы: «Сенин жаның [Жахаба өзү] сөзсүз эстейт жана мага эңкейет» * (Жеремиянын ыйы 3:20, «ЖД»). Элестетсең, Ааламдын Эгедери Жахаба жеткилеңсиз адамга, Жеремияга, ырайым көрсөтүү үчүн «эңкейүүгө» же төмөн түшүп келүүгө даяр болгон (Забур 112:7). Ооба, Жахаба — момун Кудай. Анын момундугу өзүнө эмнелерди камтыйт? Бул сапаттын акылмандык менен кандай байланышы бар? Ал биз үчүн эмне себептен маанилүү?

Жахаба кантип момундук көрсөтөт?

4, 5. а) Момундук деген эмне, ал кандайча көрсөтүлөт жана аны алсыздыктын же коркоктуктун белгиси катары эсептөө эмне үчүн туура эмес? б) Дөөткө жасаган мамилесинде Жахаба кандайча момундук көрсөткөн жана Анын момундугу биз үчүн канчалык маанилүү?

4 Момундук — бул текебердик менен бой көтөрүүчүлүктүн жоктугу. Анын жүрөк менен байланышы бар жана ал чыдамдуулук менен эстүүлүк сапаттарынан көрүнөт (Галаттыктарга 5:22, 23). Кудайдын бул сапаттарын алсыздыктын же коркоктуктун белгиси катары эсептөө туура эмес болор эле. Анткени алар Жахабанын адилеттүү каары же кыйратуучу күчү менен толук айкалышат. Момундук аркылуу Кудай өзүнүн зор күчүн, сезимдерин жеткилең түрдө башкара билерин көрсөтөт (Ышайа 42:14). Момундук менен акылмандыктын кандай байланышы бар? Бир ыйык китептик маалымдама эмгекте: «Момундук өз кызыкчылыгын издебөөчүлүктүн ажыратылгыс өзгөчөлүгү болуп эсептелет, терең акылмандык ага негизделет»,— деп айтылат. Момундук болмоюн, чыныгы акылмандыктын болушу мүмкүн эмес. Жахабанын момундугу бизге кандай пайда алып келет?

Акылдуу ата балдарына жумшак жана момундук менен мамиле кылат.

5 Дөөт падыша Жахабага: «Сен мага куткаруучу калканыңды бердиң, Сенин оң колуң мени колдоп турат, Сенин ырайымың [«момундугуң», «ЖД»] мени жогору көтөрөт»,— деп ырдаган (Забур 17:36). Бул жөнөкөй, жеткилеңсиз адамды коргоп, колдоп туруу үчүн Жахабага, каймана мааниде айтканда, күнүгө эңкейүүгө туура келген. Дөөт душмандарынан куткарылуусу, ал турсун падышалыгынын канчалык күчтүү болору Жахабанын ага ушундай жол менен момундук көрсөтүүгө даярдуулугунан көзкаранды экенин түшүнгөн. Чынында эле Жахаба момундук көрсөтпөсө жана жумшак мамиле кылган мээримдүү Атадай эңкейбесе, кимибиз куткарылууга үмүттөнө алат элек?

6, 7. а) Эмне үчүн Ыйык Китептин бир да жеринде Жахаба тууралуу жөнөкөй деп айтылбайт? б) Момундук менен акылмандыктын кандай байланышы бар жана бул жагынан ким эң сонун үлгү?

6 Момундук менен жөнөкөйлүктүн ортосунда айырма бар экенин белгилей кетүү маанилүү. Жөнөкөйлүк — Кудайдын бардык ишенимдүү кызматчылары өрчүтүшү керек болгон жакшы сапат. Момундуктай эле, ал да акылмандык менен тыгыз байланышта. Маселен, Накыл сөздөр 11:2де мындай деп айтылат: «Момундарга [«жөнөкөйлөргө», «ЖД»] даанышмандык келет». Бирок Ыйык Китептин бир да жеринде Жахаба тууралуу жөнөкөй деп айтылбайт. Эмне үчүн? Ыйык Жазмада жөнөкөйлүк мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүү экенин сезе билүүнү билдирет. Кудурети Күчтүү Кудай үчүн адил нормаларына ылайык өзү койгон чектөөлөрдөн бөлөк эч кандай чектөө жок (Марк 10:27; Титке 1:2). Андан сырткары, ал Эң Жогорку болгондуктан, ага бийлик кылган эч ким жок. Ошондуктан «жөнөкөй» деген түшүнүктү Жахабага колдонууга болбойт.

7 Бирок Жахаба момун. Ал өзүнүн кызматчыларын момундуктун чыныгы акылмандык менен тыгыз байланышта экенине үйрөтөт. Анын Сөзүндө «акылмандыкка таандык момундук» тууралуу айтылат (Жакып 3:13, «ЖД») *. Бул жагынан Жахабанын өзү кандай үлгү көрсөтөрүн карап көрөлү.

Жахаба момундук менен башкаларга бийлик берет жана угууга даяр

8—10. а) Жахабанын башкаларга бийлик берүүгө жана аларды угууга болгон даярдуулугу эмне үчүн таң калтырат? б) Жахаба периштелерге кылган мамилесинде кандайча момундук көрсөтөт?

8 Жахабанын момундугу башкаларга бийлик берүүгө жана аларды угууга болгон даярдуулугунан эң сонун көрүнүп турат. Анын эч кимдин жардамына же кеңешине муктаж эместигин эске алсак, бул өзгөчө таң калтырат (Ышайа 40:13, 14; Римдиктерге 11:34, 35). Ыйык Китепте бир нече ирет көрсөтүлгөндөй, Жахаба өзүнүн кызматчыларына ушундай жол менен да момундук көрсөтөт.

9 Ыбрайымдын жашоосунда болгон зор мааниге ээ бир окуяны мисалга алалы. Анын үйүнө үч конок келет, алардын бирин Ыбрайым «Жахаба» деп атайт. Ал коноктор чынында периштелер болчу, бирок алардын бири Жахабанын атынан келип, иш кылган. Ал периште сүйлөгөндө же бир нерсе кылганда, Жахаба өзү сүйлөгөндөй же иш кылгандай болгон. Ошол периште аркылуу Жахаба Ыбрайымга «Содом менен Амордун айынан» чыккан өтө зор «ыйдын» Өзүнө жеткенин айтат. Анан Жахаба: «Түшүп көрөйүн, алардын кылган иштери Мага жетип жаткан ыйдай бекен же жокпу, билейин»,— дейт (Башталыш 18:3, «ЖД»; 20, 21). Арийне, бул Кудурети Күчтүүнүн өзү жерге «түшүп» келгенин билдирбейт. Ал дагы эле өзүнүн атынан иш кылган периштелерин жиберет (Башталыш 19:1). Эмне үчүн? Баарын көрүп турган Жахаба ал шаарларда эмнелер болуп жатканын билген эмес беле? Албетте, билген. Ошентсе да Жахаба ишти териштирүүнү жана Содомдогу Лоттун үйүнө барууну периштелерге тапшыруу менен момундук көрсөткөн.

10 Мындан сырткары, Жахаба башкалардын оюн угууга даяр. Бир жолу ал каардуу падыша Ахапты тактан кулатуу үчүн эмне кылуу керектигин периштелерден сурайт. Жахаба жардамга муктаж эмес болчу. Ошентсе да бир периштенин сунушун кабыл алып, ал тапшырманы аткарууну анын өзүнө тапшырат (1 Падышалар 22:19—22). Мындай иш-аракеттер момундукту күбөлөндүрбөйбү?

11, 12. Ыбрайым Жахабанын момун экенин кантип билген?

11 Жахаба тынчсыздандырган нерселерин айткан жеткилеңсиз адамдарды да угууга даяр. Маселен, Жахаба Ыбрайымга Содом менен Аморду талкалаарын адеп билдиргенде, ал ишенимдүү кызматчы аң-таң болуп: «Сенде мындай болушу мүмкүн эмес! — деп айткан, анан,— Бүткүл жер жүзүнүн Соту туура эмес сот жүргүзмөк беле?» — деп кошумчалаган. Ыбрайым Жахабадан ал шаарларды, эгер аяктан 50 адил адам табылса, жок кылар-кылбасын сураган. Жахаба талкалабасына ынандырат. Бирок Ыбрайым адамдардын санын 45ке, 40ка, анан дагы төмөндөтүп сурай берген. Жахабанын ынандыруусуна карабай, ал улам сурай берип, кишилердин санын онго чейин түшүргөн. Ыбрайым ошол кезде Жахабанын канчалык ырайымдуу экенин толук түшүнгөн эмес көрүнөт. Кандай болбосун, Жахаба чыдамдуулук жана момундук көрсөтүп, өзүнүн досу жана ишенимдүү кызматчысына тынчсыздануусун айтып алышына мүмкүндүк берген (Башталыш 18:23—33).

12 Билимдүү, акылман жана мыкты жөндөмдүүлүктөргө ээ адамдардын канчасы өзүлөрүнө салыштырмалуу билими аз бирөөнү чыдамдуулук менен уга билет? * А Кудайыбыз дал ушундай жол менен момундук көрсөтөт. Жахаба менен сүйлөшүп жатып Ыбрайым анын «сабырдуу» Кудай экенин түшүнгөн (Чыгуу 34:6). Сыягы, Эң Жогоркунун чыгарган чечимине шектенүүгө укугу жок экенин аңдагандыктан Ыбрайым Жахабадан эки ирет: «Менин айта турган сөзүмө Эгедерим каарданбаса экен»,— деп өтүнөт (Башталыш 18:30, 32). Жахаба, албетте, каарданган эмес. Анткени ал «акылмандыкка таандык момундукка» ээ.

Жахаба Кудай эстүүлүк көрсөтөт

13. Ыйык Китепте «эстүү» деген сөз кандай маанини туюнтат жана эмне үчүн бул сөз менен Жахабаны сыпаттоо ылайыктуу?

13 Жахаба эстүүлүк көрсөтүү менен да момундукту чагылдырат. Жеткилеңсиз адамдарга эстүүлүк кандай гана жетишпейт. Жахаба аң-сезимдүү жаратууларын угууга эле даяр болбостон, адил принциптерине каршы келбесе, ийилчээктик көрсөтүүгө да даяр. Ыйык Китепте колдонулган «эстүү» деген сөз түзмө-түз «ийилчээк» деген маанини туюнтат жана ал да Кудайдын акылмандыгынын тутумуна кирген сапат болуп саналат. Жакып 3:17де: «Асмандан келген акылмандык... момун [«эстүү», «ЖД»]»,— деп айтылат. Чексиз акылман Жахаба кандайча эстүүлүк көрсөтөт? Бир жагынан, ал абдан ийилчээк. Жахабанын ысмынын өзү эле анын ой-ниеттерин аткаруу үчүн ким болгусу келсе, ошол боло аларын билдирерин эстесең (Чыгуу 3:14). Бул анын эстүүлүк көрсөтөрүн жана ылайыкташууга даяр экенин көрсөтпөйбү?

14, 15. Жезекиелге араба тууралуу берилген аяндан Жахабанын асмандагы уюму тууралуу эмнени билүүдөбүз жана ал дүйнөлүк уюмдардан эмнеси менен айырмаланат?

14 Жахабанын ылайыкташа билүү жөндөмдүүлүгү эмнени билдирерин түшүнүүгө бизге Ыйык Жазмадагы бир үзүндү жардам берет. Жезекиел пайгамбар Жахабанын рухий жаратуулардан турган асмандагы уюму тууралуу аян алган. Ал ар дайым Жахабанын көзөмөлү астында болгон абдан чоң араба көрөт. Арабанын жүрүшү өзгөчө кызыгуу туудурат. Анын зор дөңгөлөктөрү төрт тарапка тең жүрө алгандыктан жана тегерете көзгө толгондуктан бүт баарын көрүп, заматтын ичинде токтобой жана бурулбай туруп эле багытын өзгөртө алган. Ал зор араба, адамдар жасаган эбегейсиз чоң транспорт каражаттарынан айырмаланып, чагылган ылдамдыгы менен жүрүп, ал турсун баратып эле чукул бурула алган! (Жезекиел 1:1, 14—28). Ооба, Жахабанын уюму, аны башкарып турган кудурети Күчтүү Эгедердей эле, ар убак эң сонун ылайыкташууга, өзгөрүлгөн жагдайды дароо эске алып, пайда болгон муктаждыктарга жооп кайтарууга даяр.

15 Адамдар ийилчээктикти жеткилең түрдө көрсөтө алышпайт, тескерисинче, алардын өзүлөрү да, уюмдары да ылайыкташа билүүгө, ийилчээктик көргөзүүгө эмес, акылсыз иш жүргүзүүгө жакын. Бул супертанкердин же жүк ташуучу поезддин жүрүшүн эске салат. Ал унаалардын көлөмү да, кубаттуулугу да зор. Бирок кандайдыр бир өзгөрүү пайда болсо, алар эмне болот? Жүк ташуучу поезддин алдынан бир нерсе чыгып калса, аны буруу таптакыр мүмкүн эмес. Андай поездди токтотуу да кыйын: тормозун баскандан кийин да, ал инерция менен эки километрдей жүрүп барып токтойт! Супертанкер да ошол сыяктуу: кыймылдаткычын өчүргөн соң, инерция менен сегиз километрге чейин сүзүп барат. Ал эмес, артка карай жүрүү механизациясын иштеткенден кийин да, ал үч километр алдыга жүрөт. Бул ылайыкташууга эмес, а ойлонуштурулбаган чечимдерди чыгарууга жакын адамдар түзгөн уюмдардын иш-аракетине аябай окшош. Себеби көбүнчө адамдарга жаңы жагдайларга жана өзгөрүүлөргө ылайыкташууга бой көтөрүүчүлүк тоскоолдук кылат. Бул көп учурда мекемелердин экономикалык жактан кыйрашына эле эмес, мамлекеттик төңкөрүштөргө алпарган (Накыл сөздөр 16:18). Жахаба менен анын уюму таптакыр башкача иш жүргүзгөндүктөн, кандай гана бактылуубуз!

Жахаба кантип эстүүлүк көрсөтөт?

16. Жахаба Содом менен Аморду талкалаарда Лотко кылган мамилесинде кантип эстүүлүк көрсөткөн?

16 Содом менен Амордун кыйратылышы тууралуу билдирүүгө дагы кайрылалы. Жахабанын периштеси: «Тоого качкыла» — деп, Лот менен анын үй-бүлөсүнө так көрсөтмө берет. Бирок бул жакпай калгандыктан, Лот: «Жок, Эгедерим!» — деп жалбарып жиберет. Тоого барса аман каларына шектенип Лот Жахабадан жакын жердеги Соар деген шаарга качууга уруксат берүүсүн өтүнөт. Бирок Жахаба ал шаарды да талкалаганы жаткан. Андан сырткары, Лот негизсиз эле кооптонуп жаткан: тоодо жүргөн кезинде Жахаба ага кам көрө алмак да! Анткен менен Жахаба Лоттун өтүнүчүн угуп, Соарды талкалабайт. Периште Лотко: «Макул, сенин каалооң боюнча, Мен сен айткан шаарды кыйратпайын»,— деген (Башталыш 19:17—22). Бул Жахабанын эстүүлүк көрсөткөнү эмеспи?

17, 18. Жахаба нинебиликтерге кылган мамилесинде кантип эстүүлүк көрсөткөн?

17 Жахаба ошондой эле чын жүрөктөн өкүнгөндөрдү кечирүүгө даяр, ал ар дайым ырайымдуу жана туура иш кылат. Жунус пайгамбар зомбулук менен мыйзамсыздыкка белчесинен баткан Нинеби шаарына жиберилгенде эмне болгонун карап көрөлү. Жунус Нинебинин көчөлөрүн кыдырып, 40 күндөн кийин ошол улуу шаардын кыйратылары тууралуу Кудайдын кабарын жарыялайт. Бирок жагдай чукул өзгөрүп кетет: нинебиликтер өкүнүшөт! (Жунус 3-бап).

18 Мындай өзгөрүүгө Жахаба менен Жунустун кандай карашканын салыштырып көрүү менен бир нерсеге үйрөнүүгө болот. Ошол жагдайда Жахаба «майдандын баатырындай» эмес, күнөөлөрдү ырайымдуулук менен кечирүүчү катары иш кылган * (Чыгуу 15:3). Жунус болсо ийилчээктик, ырайымдуулук көрсөткөн эмес. Жахабага окшоп эстүүлүк көрсөткөндүн ордуна, ал жогоруда сөз кылынган жүк ташуучу поезддей же супертанкердей иш-аракет кылган. Ал талкаланат деп жарыялагандан кийин, талкаланышы керек эле! Жахаба айтканы аткарылбай калганына ызаланган ал пайгамбарга эстүүлүк жана ырайымдуулук көрсөтүү жагынан эң сонун сабак берген (Жунус 4-бап).

Жахаба эстүүлүк көрсөтөт жана күчүбүздүн эмнеге жетерин билет.

19. а) Эмнеге Жахабанын бизден күткөн нерселеринде да эстүүлүк көрсөтөрүнө шектенбесек болот? б) Накыл сөздөр 19:17де Жахабанын жакшы жана эстүү Кожоюн экени, ошондой эле абдан момун экени кандайча көрсөтүлгөн?

19 Жахаба бизден күткөн нерселеринде да эстүүлүк көрсөтөт. Дөөт падыша: «Анткени Ал биздин түзүлүшүбүздү билет, биздин топурак экенибизди билет»,— деп айткан (Забур 102:14). Жахаба алыбыз эмнеге жетерин жана жеткилеңсиз экенибизди өзүбүздөн да жакшы билет. Ал бизден эч качан күчүбүз жетпей турган нерсени күтпөйт. Ыйык Китепте кожоюндун эки түрү тууралуу айтылат, бирөө «жакшы жана момун», башкача айтканда, эстүү, экинчиси «катаал» (1 Петир 2:18). Жахаба кандай Кожоюн? Накыл сөздөр 19:17де: «Жакырга жакшылык кылган адам Теңирге насыя берет»,— деп айтылганына көңүл бурсаң. Жакырларга кылынган бардык жакшылыкты жакшы жана эстүү кожоюндун гана байкаары шексиз. Мындан сырткары, бул аяттан көрүнүп тургандай, Ааламдын Жаратканы өзүн ырайымдуулук кылган адамдарга карыздар эсептейт! Бул — момундуктун кандай сонун үлгүсү.

20. Жахабанын тиленүүлөрүбүзгө жооп берерине эмне үчүн ишенсек болот?

20 Жахаба азыр да өзүнүн кызматчыларына кылган мамилесинде момундук жана эстүүлүк көрсөтөт. Ишеним менен тиленгенибизде, ал угат. Ошондуктан учурда биз менен сүйлөшүү үчүн периштелерин жибербесе да, тиленүүлөрүбүз жоопсуз калууда деп ойлобошубуз керек. Элчи Пабылдын ишенимдештеринен камактан бошотулушу тууралуу тиленип турууну өтүнгөндө: «Силерге тезирээк барышым үчүн»,— деп кошумчалаганын эстесеңер (Эврейлерге 13:18, 19). Демек, тиленүүлөрүбүз Жахабага кылайын деп ойлобогон нерселерди да кылууга түрткү бере алат! (Жакып 5:16).

21. Жахабанын момундугу эмнени билдирбейт, бирок бизди ага эмне тартып турушу керек?

21 Бирок Жахабанын момундугу, угууга даярдуулугу, чыдамдуулугу жана эстүүлүк көрсөткөнү анын адил принциптерин бузарын билдирбейт. Христиан дүйнөсүндөгү диний жетекчилер чиркөөгө келгендерге жагынуу максатында Жахабанын адеп-ахлак нормаларын төмөндөтүү менен эстүүлүк көрсөтүп жатабыз деп ойлошу мүмкүн (2 Тиметейге 4:3). Бирок адамдардын өз кызыкчылыгы үчүн принциптерди бузууга болгон каалоосу менен Кудайдын эстүүлүгүнүн ортосунда эч кандай байланыш жок. Жахаба ыйык, ошондуктан ал өзүнүн адил нормаларын эч качан бузбайт (Лебилер 11:44). Андыктан, келгиле, Жахабанын эстүүлүк көрсөтүүсүн анын момундугунун чагылдырылышы катары ар дайым баалайлы. Ааламдагы эң акылман Жахаба Кудайдын ушундай момундук көрсөтүшү сени суктандырбайбы? Ушундай улуу, ошол эле учурда момун, чыдамдуу жана эстүүлүк көрсөткөн Кудайга жакындоо кандай жыргал!

^ абз. 3 Байыркы катчылар, соферимдер, Жахаба эмес Жеремия эңкейгендей кылып көрсөтүү үчүн бул аятты өзгөртүп салышкан. Алар момундукту чагылдырган мындай иш-аракетти Кудай кылгандай көрсөтүүнү ылайыктуу эмес деп эсептешкен көрүнөт. Натыйжада көптөгөн котормолордо бул эң сонун ой берилбей калган. Бирок «Англисче жаңы Ыйык Китепте» Жеремиянын Кудайга кайрылуусу: «Эстей көр! Эстей көр жана мага эңкей»,— деп туура берилген («The New English Bible»).

^ абз. 7 Башка котормолордо бул төмөнкүчө берилген: «Акылмандыктан келип чыккан момундук», «Акылмандыктын өзгөчөлүгү болгон жумшактык».

^ абз. 12 Ыйык Китепте чыдамдуулуктун менменсингендикке карама-каршы коюлары көңүлгө аларлык (Насаатчы 7:8). Жахабанын чыдамдуулугу — анын момун экенинин дагы бир далили (2 Петир 3:9).

^ абз. 18 Забур 85:5те Жахабанын «ырайымдуу жана боорукер» экени айтылат. Бул забур грек тилине которулганда, «боорукер» деген сөз «эстүү» дегенди билдирген эпиики́с деген сөз менен берилген.