Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

21-БӨЛҮМ

Ыйса «Кудайдан келген акылмандыкты» чагылдырат

Ыйса «Кудайдан келген акылмандыкты» чагылдырат

1—3. Ыйсанын бир кездердеги кошуналары анын окутуусуна кандай карашкан жана эмнени кабыл алуудан баш тартышкан?

СИНАГОГАДАГЫЛАРДЫН баары аң-таң. Ыйса элди окутуп жатты. Ал жердегилер үчүн Ыйса бейтааныш эмес эле, себеби ошол шаарда чоңоюп, бир нече жыл бою жыгач уста болуп иштеп келген. Балким, айрымдары ал курууга жардам берген үйлөрдө жашашат. А мүмкүн, кимдир бирөө жер айдоодо Ыйса жасаган соко менен моюнтурукту колдонуп жүргөндүр *. Эми алар мурунку устанын окутуусун кандай кабыл алышат?

2 Аны уккандардын көпчүлүгү: «Мындай акылды... кайдан алган? — деп таң калышып, ошол эле учурда,— Бул жыгач устанын уулу эмеспи? Мунун энесинин ысымы Мариям»,— деп жатышты (Матай 13:54—58; Марк 6:1—3). Тилекке каршы, бир кездердеги кошуна-колоңдору Ыйсаны башка адамдардан эч айырмасы жок жыгач уста катары көрүшүп, зор акылмандыгына карабай, аны кабыл албай коюшкан. Анын акылмандыгы өзүнүкү эмес экени алардын оюна да келген эмес.

3 Мындай акылмандыкты Ыйса кайдан алган? Ал: «Менин окутуум Меники эмес, Мени жиберген Кудайдыкы»,— деп айткан (Жакан 7:16). Элчи Пабыл Ыйсанын «биз үчүн Кудайдан келген акылмандуулук болуп калганын» түшүндүргөн (1 Корунттуктарга 1:30). Жахабанын акылмандыгын Уулу Ыйса чагылдырган, ошондуктан ал: «Мен жана Атам бирбиз»,— деп айта алган (Жакан 10:30). Ыйсанын «Кудайдан келген акылмандыкты» кандай үч жол менен чагылдырганын карап көрөлү.

Окутуулары

4. а) Ыйсанын кабарынын негизги темасы эмне эле жана ал эмне үчүн маанилүү болгон? б) Эмне үчүн Ыйсанын кеңештери ар дайым колдонорлук болгон жана угуучуларынын жыргалчылыгына өбөлгө түзгөн?

4 Биринчиден, Ыйсанын эмнелерге окутканына көңүл буралы. Айткан кабарынын негизги темасы «Кудайдын падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабар» болгон (Лука 4:43). Бул абдан маанилүү кабар, себеби дал ошол Падышалык Жахабанын эгедерлигин актап, адамзатка түбөлүк бата алып келет. Ыйса күндөлүк турмушта колдонорлук көптөгөн акылдуу кеңештерди да берген. Ал Ыйык Жазмада айтылган «Кереметтүү, Кеңешчи» экенин далилдеген (Ышайа 9:6). Андыктан анын бардык кеңештери талашсыз түрдө «кереметтүү» болушу керек. Ыйса Кудайдын Сөзү менен эркин терең түшүнгөн, адам баласынын табиятын жакшы билген жана адамдарды аябай сүйгөн. Айткан кеңештери дайыма колдонорлук болгон жана угуучуларынын жыргалчылыгына өбөлгө түзгөн. Ыйса окуткан нерселердин баары «түбөлүк өмүр берүүчү сөздөр» эле. Ооба, анын кеңешине ылайык иш кылуу куткарылууну билдирет (Жакан 6:68).

5. Ыйса Тоодогу насаатында кандай суроолорду караган?

5 Тоодогу насаат — Ыйсанын окутууларынын чексиз акылмандыгын көрсөткөн эң сонун мисал. Матай 5:3—7:27-аяттарда жазылган ал насаатты айтып өтүү үчүн, ашып кетсе, 20 мүнөт кетмектир. Бирок андагы кеңештер убакыттын өтүшү менен күчүн жоготкон эмес, атүгүл азыр да колдонорлук. Ал насаатында Ыйса көптөгөн суроолорду караган, маселен, башкалар менен болгон мамилени кантип жакшыртса болорун (Матай 5:23—26, 38—42; 7:1—5, 12), адеп-ахлактык тазалыкты кантип сактоону (5:27—32) жана жашоонун маңызын кантип табууну көрсөткөн (6:19—24; 7:24—27). Бирок Ыйса угуучуларына акылдуу сөздөрдү айтып эле койбостон, аларды түшүндүргөн, ишендирерлик далилдерди келтирген жана ойлонууга түрткү берген.

6—8. а) Тынчсыздануулардан арылуубузга жардам берүү үчүн Ыйса кандай ишендирерлик себептерди келтирген? б) Ыйсанын жогорудан келген акылмандыкка ээ болгону эмнеден көрүнүп турат?

6 Маселен, Матайдын 6-бабында материалдык нерселер тууралуу өтө тынчсызданбоого карата жазылган кеңешти карап чыгалы. Ыйса: «„Эмне ичип, эмне жейбиз?“ — деп, жаныңар үчүн; „Эмне киебиз?“ — деп, денеңер үчүн түйшүк тартпагыла [«тынчсызданганыңарды токтоткула», «ЖД»]»,— деп кеңеш берген (25-аят). Адам тамак менен кийимсиз жашай албай тургандыктан, мындай муктаждыктарыбызга кам көрүү — табигый нерсе. Бирок Ыйса алар тууралуу «тынчсызданганды токтотууну» буйруган *. Эмне үчүн?

7 Ыйсанын ишендирерлик кандай далилдерди келтиргенин карап көрөлү. Жахаба бизди жараткандыктан тамак-ашыбыз менен кийим-кечебиз үчүн кам көрө алат (25-аят). Кудай канаттууларды тамактандырып, гүлдөргө ушунчалык кооздук берип жатса, анда өзүнүн жердеги кызматчыларына кам көрбөй коёбу? (26, 28—30-аяттар). Мындан сырткары, өтө тынчсыздана берүүнүн эч пайдасы жок. Муну менен өмүрүбүздү кымындай да узарта албайбыз * (27-аят). Бирок анткенде тынчсызданбайбыз? Ыйса Кудайга кызмат кылууну мындан ары да жашообузда биринчи орунга коюуну кеңеш кылган. Бул кеңешке ылайык иш кылгандар асмандагы Атабыздын бардыгын «кошуп» берерине, башкача айтканда, күндөлүк муктаждыктарга кам көрөрүнө бекем ишенишсе болот (33-аят). Соңунда Ыйса бир күн менен жашагыла деген сонун кеңеш берет. Бүгүнкү тынчсызданууларга эртеңкилерин да кошуунун эмне кереги бар? (34-аят). Чынында эле, болбой калышы мүмкүн болгон нерселер тууралуу бушайман болуунун кереги эмне? Ушул кеңешти колдонуу бизди азыркы тынчы кеткен дүйнөдөгү көптөгөн көңүл калуулар менен тынчсыздануулардан сактай алат.

8 Ыйсанын 2 000 жылдай мурун айткан кеңештери бүгүн да пайдалуу экени айкын көрүнүп турат. Бул анын Кудайдан келген акылмандыкка ээ болгонун күбөлөндүрбөйбү? Адатта, аябай тажрыйбалуу деп эсептелген адамдардын да кеңештери эскирет, аларга оңдоолор киргизилет же башкалар менен алмаштырылат. Ыйсанын окутуулары болсо убакыт сыноосуна туруштук берди. Буга таң калуунун кажети жок, анткени ал Кереметтүү Кеңешчи «Кудайдын сөзүн» сүйлөгөн (Жакан 3:34).

Анын окутуу ыкмалары

9. Аскерлер Ыйсанын окутканына байланыштуу эмне дешкен жана бул эмне үчүн аша чапкандык эмес эле?

9 Экинчиден, Ыйса Кудайдын акылмандыгын окутуу ыкмалары аркылуу чагылдырган. Бир жолу аны кармап келүүгө жиберилген аскерлер куру кол кайтып келип: «Эч ким эч качан бул Адамдай сүйлөгөн эмес»,— деп айтышкан (Жакан 7:45, 46). Алардын айткандары аша чапкандык эмес эле. Тарыхта жашап өткөн бардык адамдарга караганда, Ыйса «жогору жактан» келген билим менен тажрыйбанын соолугус булагы болгон (Жакан 8:23). Чынында эле, бир да адам Ыйсадай окута алган эмес. Бул акылман Окутуучунун окутуу ыкмаларынын экөөн гана карап чыгалы.

«Эл Анын окутуусуна таң калган».

10, 11. а) Ыйсанын көрсөтмөлүү мисалдары бизди эмнеси менен аябай таң калтырат? б) Үлгү-насаат аңгеме деген эмне жана Ыйсанын аларды колдонгону натыйжалуу окутушуна өбөлгө түзгөнүн кайсы мисал көрсөтүп турат?

10 Натыйжалуу көрсөтмөлүү мисалдар. Ыйык Китепте: «Ыйса... элге үлгү-насаат аңгемелер менен айтты. Ал үлгү-насаат аңгемесиз сүйлөчү эмес»,— деп айтылат (Матай 13:34). Ыйсанын терең чындыктарды жөнөкөй эле нерселер менен түшүндүрө билүү жөндөмдүүлүгү таң калтырбай койбойт. Буудай сээп жаткан дыйкан, камыр жууруп жаткан аял, көчөдө ойногон балдар, тор салып жаткан балыкчылар, жоголгон коюн издеген койчу — булардын бардыгы Ыйсаны уккан адамдарга тааныш нерселер болгон. Маанилүү чындыктар турмуштагы нерселер менен байланыштырылганда, эсте жакшы калып, жүрөктүн түпкүрүнөн орун алат (Матай 11:16—19; 13:3—8, 33, 47—50; 18:12—14).

11 Ыйса көп учурда үлгү-насаат аңгемелерди — адеп-ахлактык жана рухий жактан пайда алып келерлик кыска окуяларды — айтып бере турган. Абстрактуу түшүнүктөргө караганда кыска окуяларды эске тутуп калуу оңой болгондуктан, үлгү-насаат аңгемелер Ыйсанын окутууларын эске сактап калууга көмөк кылган. Көп үлгү-насаат аңгемелеринде Ыйса Атасын оңой менен унутулгус образдар менен сүрөттөгөн. Мисалга адашкан уул тууралуу аңгемени алалы. Анын мааниси кандай гана жөнөкөй жана даана берилген: туура жолдон адашкан адам чындап өкүнсө, Жахаба аны ырайымдуулук менен кайра кабыл алат (Лука 15:11—32).

12. а) Ыйса кызматында суроолорду кандайча колдонгон? б) Бийликти ага Кудай бергенине шек туудургандарды Ыйса кандайча сөз табалбагыдай абалга келтирген?

12 Суроолорду чебер колдонуу. Суроо берүү менен Ыйса угуучуларына туура тыянакка келүүгө, өздөрүнүн ой-ниеттерин текшерүүгө жана чечимдерди чыгарууга түрткү берген (Матай 12:24—30; 17:24—27; 22:41—46). Диний жетекчилер Ыйсага бийликти Кудай бергенине шек туудурушканда, ал: «Жакандын чөмүлдүрүлүүсү Кудайдан беле же адамдардан беле?» — деп сурайт. Дароо жооп кайтарууга сөз таппай калышкан тигилер өз ара: «Эгерде „Кудайдан“,— десек, анда Ал: „Анда эмне үчүн Жаканга ишенген жоксуңар?“ — дейт. „Адамдардан“,— дейли десек, элден коркобуз. Анткени баары Жаканды пайгамбар деп эсептешет»,— деп кеңешишет. Акырында: «Билбейбиз»,— деп жооп беришет (Марк 11:27—33; Матай 21:23—27). Жөнөкөй эле суроо менен Ыйса аларды сөз табалбагыдай абалга келтирип, жүрөктөрү анткор экенин көрсөткөн.

13—15. Боорукер самариялык жөнүндөгү үлгү-насаат аңгеме Ыйсанын акылмандыгын кандайча чагылдырып турат?

13 Кээде Ыйса бир эле учурда эки ыкманы тең, ойлонууга түрткү берерлик суроолорду көрсөтмөлүү мисалдар менен айкалыштырып, колдонгон. Жүйүт мыйзам окутуучуларынын бири Ыйсадан түбөлүк өмүр алуу үчүн эмне кылуу керектигин сураганда, Улуу Окутуучу анын көңүлүн Мусанын мыйзамында талап кылынган нерселерге — Кудайды жана жакынын сүйүү буйрук кылынганына — бурган. Өзүн актагысы келген ал адам: «Менин жакыным ким?» — деп сурайт. Жооп берүү максатында Ыйса көрсөтмөлүү мисал айтып берет. Бир жолу жолдо келаткан жүйүт кишиге каракчылар кол салып, сабап, чала жан кылып таштап кетишет. Ошол эле жол менен эки жүйүт: адегенде ыйык кызмат кылуучу, андан кийин леби өтөт. Бирок тонолгон жолоочуга алардын бири да жардам бербейт. Акыры, аны самариялык киши көрөт. Анын боору ачып, жараатын абайлап таңып, тийиштүү жардам көрсөтүлүшү үчүн, аны жолоочулар конуп өтүүчү жайга алпарат. Аңгемесинин соңунда Ыйса мыйзам окутуучудан: «Ушул үчөөнүн кимиси каракчылардын колуна түшкөн адамдын жакыны болот деп ойлойсуң?» — деп сурайт. Мыйзам окутуучунун: «Ага кайрымдуулук кылганы»,— деп айткандан башка айласы калбайт (Лука 10:25—37).

14 Бул үлгү-насаат аңгеме Ыйсанын акылмандыгын кандайча чагылдырып турат? Ал убакта жүйүттөр алардын салттарына карманган адамдарды гана «жакыныбыз» деп эсептешчү, самариялыктарды болсо жакын да жолотушчу эмес (Жакан 4:9). Эгер Ыйса жүйүттү — боорукер адамдын, ал эми самариялыкты тонолгон кишинин ордуна койсо, ошол мезгилдеги бейкалыс пикирди жоё алат беле? Боорукердик көрсөтүп, жүйүткө кам көргөн адамдын самариялык болгонун айтуу менен Ыйса акылмандык кылган. Аңгеменин аягында анын кандай суроо бергенине да көңүл буралы. Ал «жакын» деген сөзгө башкача караганга түрткү берген. Мыйзам окутуучу, мындайча айтканда: «Жакыным катары кимге сүйүү көрсөтүшүм керек?» — деп сураган. Ыйса ага кайра: «Кандай деп ойлойсуң, ушул үчөөнүн кимиси анын жакыны болуп калды?» — деген суроо берген. Ыйса көңүлдү боорукердик көрсөтүлгөн адамга эмес, а аны көрсөткөнгө, самариялык кишиге, бурган. Чыныгы жакын адам башкалардын тек-тамырына карабай сүйүү көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк издейт. Ыйса бул маанилүү сабакты кандай гана чеберчилик менен окуткан.

15 Адамдардын Ыйсага тартылышканына жана анын «окутканына» суктанышканына таң калып болобу? (Матай 7:28, 29). Бир жолу «көп эл» наар алар эч нерсеси жоктугуна кайыл болуп үч күн бою анын жанында калган (Марк 8:1, 2).

Анын жашоо мүнөзү

16. Ыйсанын Кудайдан келген акылмандыкка жетектелгенин эмне далилдеген?

16 Үчүнчүдөн, Ыйса Кудайдын акылмандыгын жашоо мүнөзү менен чагылдырган. Акылмандык — бул иш-аракет менен чагылдырылчу, иш жүзүндө пайда алып келчү сапат. Шакирт Жакып: «Араңардан ким акылман? — деп сурап, кайра өзү,— Ал өзүнүн ошондой экендигин жакшы жүрүм-туруму менен... көрсөтсүн»,— деп жооп берген (Жакып 3:13). Ыйсанын жашоосу, чындыгында эле, «жакшы жүрүм-турумдун» үлгүсү болгон жана анын ар дайым Кудайдын акылмандыгына жетектелгендигин далилдеп турган. Ыйсанын туура ой жүгүртө билгени жашоосунда жана башкаларга кылган мамилесинде кандайча чагылдырылганын карап көрөлү.

17. Ыйсанын тең салмактуулукту жеткилең түрдө сактаганы эмнеден көрүнүп турат?

17 Акыл токтотуп, туура ой жүгүртө албаган адамдардын көп учурда тең салмактуулукту сактай алышпаарын байкадың беле? Ооба, тең салмактуу болуу үчүн акылмандык керек. Кудайдын акылмандыгын чагылдыргандыктан Ыйса тең салмактуулукту жеткилең түрдө көрсөтө алган. Жашоосунда ал баарынан мурда рухий нерселерди баалап, өзүн толугу менен жакшы кабар таратууга арнаган. Ал: «Анткени Мен ошон үчүн келгем»,— деген (Марк 1:38). Материалдык нерселер ал үчүн башкы орунда турган эмес. Сыягы, анын саналуу эле буюм-тайымдары болгон көрүнөт (Матай 8:20). Бирок ошол эле учурда ал жашоонун жыргалчылыктарынан кечкен адам болгон эмес. Атасындай, «Бактылуу Кудайдай» эле, Ыйса кубана билген жана башкаларга да кубаныч тартуулаган (1 Тиметейге 1:11 «ЖД»; 6:15). Бир жолу ал адатта музыка, ыр жана оюн-күлкү менен коштолгон үйлөнүү үлпөтүнө барган. Ал жакка анын тойдогу жакшы маанайды бузуу үчүн барбаганы айкын. Шарап түгөнүп калганда, ал сууну эң сонун шарапка — «адамдын жүрөгүн кубандырган» суусундукка — айландырып керемет жасаган (Забур 103:15; Жакан 2:1—11). Бир нече ирет Ыйса конок болуп кетүү чакырыгын кабыл алып, андай мүмкүнчүлүктөрдү окутуу үчүн пайдаланган (Лука 10:38—42; 14:1—6).

18. Шакирттерине кылган мамилесинде Ыйса кандайча эстүүлүк көрсөткөн?

18 Башкаларга жасаган мамилесинде да Ыйса эстүүлүк көрсөткөн. Анын адам баласынын табиятын түшүнө билгени өзүнүн шакирттерине реалдуу караганга жардам берген. Алардын жеткилең эмес экенин Ыйса эң сонун билген. Бирок бул ага алардын жакшы сапаттарын көрүүгө тоскоолдук кылган эмес. Ыйса Жахаба өзүнө тарткан ал адамдардын келечекте эмнелерди кыла алышарын көрө билген (Жакан 6:44). Кетирген каталарына карабай Ыйса аларга ишеним артуудан корккон эмес. Шакирттерине абдан жооптуу тапшырма — жакшы кабар айтуу тапшырмасын — берүү менен Ыйса аларга зор ишеним артып, ал ишти аткара алышарына шектенген эмес (Матай 28:19, 20). Элчилер китебинен шакирттердин ал тапшырманы так аткарганы айкын көрүнүп турат (Элчилер 2:41, 42; 4:33; 5:27—32). Аларга коркпой ишеним артуу менен Ыйса кандай гана акылмандык көрсөткөн!

19. Ыйса «жоош жана момун» экенин кантип көрсөткөн?

19 Ушул китептин 20-бөлүмүнөн көргөнүбүздөй, Ыйык Китепте момундук акылмандык менен тыгыз байланышта. Буга, албетте, Жахаба эң сонун үлгү. Ал эми Ыйса тууралуу эмне айтууга болот? Ал өзүнүн шакирттерине кылган мамилесинде таң калтырарлык момундук көрсөткөн. Жеткилең болгондуктан Ыйса алардан бардык жагынан жогору турган, бирок аларга эч качан менменсине караган эмес. Ал аларды басырынтууга же колдорунан эч нерсе келбейт деген сезимде калтырууга умтулган эмес. Тескерисинче, шакирттеринин мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экенин дайым эске алып, кетирген каталарын чыдамкайлык менен көтөргөн (Марк 14:34—38; Жакан 16:12). Анын жанында кичинекей балдар да өздөрүн жакшы жана эркин сезишчү. Алар Ыйсанын «жоош жана момун» экенин сезишкендиктен ага тартылып турушкан (Матай 11:29; Марк 10:13—16).

20. Ыйса жин оорулуу кызы бар бутпарас аялга жасаган мамилесинде кантип эстүүлүк көрсөткөн?

20 Ыйсанын момундугу башка иштеринен да көрүнгөн. Ал эстүү же ийилчээк болгон, буга анын ырайымдуулугу түрткү берген. Маселен, бутпарас бир аял андан жин оорусунан катуу кыйналып жаткан кызын айыктырып берүүсүн жалбарып сурангандагы окуяны эстеп көрөлү. Ыйса ага жардам бербесин үч жолу билдирет: биринчисинде жөн гана жооп бербей коёт; экинчисинде жүйүт элине эле жиберилгенин ачык айтат; акыр-аягында ушул эле ойду көрсөтмөлүү мисал менен жумшак түшүндүрөт. Бирок ал аял суранганын уланта берүү менен ишеними зор экенин көрсөткөн. Ошол өзгөчө учурда Ыйса эмне кылган? Ал алгач кылуудан баш тарткан нерсени кылган: аялдын кызын айыктырган (Матай 15:21—28). Ал кандай гана момундук көрсөткөн, чынбы?! А момундук чыныгы акылмандыктын негизи болуп саналат.

21. Ыйсанын сапаттарын, айткандарын жана иш-аракетин тууроого эмне үчүн умтулушубуз керек?

21 Инжилдерден тарыхтагы эң акылман адамдын кылган иш-аракети жана окутуулары жөнүндө билүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар экенине кандай гана ыраазыбыз! Ыйса өзүнүн Атасын жеткилең түрдө туураганын эстен чыгарбайлы. Ыйсанын сапаттарын, айткандарын жана иш-аркеттерин тууроо менен Кудайдан келген акылмандыкты өрчүтө алабыз. Эмки бөлүмдөн Кудайдын акылмандыгын жашообузда кантип көрсөтсөк болорун билебиз.

^ абз. 1 Байыркы убактарда жыгач усталар үй салып, эмерек жана айыл чарба шаймандарын жасашчу. Б.з. II кылымында жашаган Юстин Азапкеч Ыйса тууралуу: «Эл арасында жашап жүргөнүндө ал соко жана моюнтурук жасап, жыгач уста катары иштечү»,— деп жазган.

^ абз. 6 «Тынчсыздануу» деп берилген грек тилиндеги этиш «адаштыруу, көңүлдү алагды кылуу» дегенди билдирет. Матай 6:25-аяттагы ушул сөз бизди кубанычыбыздан ажыратып, адаштырган же көңүлүбүздү алагды кылган кооптонуулар менен тынчсызданууларга карата колдонулат.

^ абз. 7 Илимий изилдөөлөр өтө тынчсыздануу менен стресс жүрөк-кан тамыр жана башка көптөгөн оорулардын пайда болуу ыктымалдыгын жогорулатып, өмүрүбүздү кыскартарын көрсөттү.