Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

22-БӨЛҮМ

Жашооңдо «асмандан келген акылмандыкты» чагылдырасыңбы?

Жашооңдо «асмандан келген акылмандыкты» чагылдырасыңбы?

1—3. а) Сулайман эки эненин талашын чечүүдө кандайча өзгөчө акылмандык көрсөткөн? б) Жахаба бизге эмнени берүүнү убада кылат жана буга байланыштуу кандай суроолор туулат?

ЖАГДАЙ оор эле: эки аял эмчектеги баланы талашып жатышкан. Алар чогуу жашачу. Күндөрдүн биринде алардын бири, андан кийин экинчиси төрөйт. Балдардын бирөө чарчап калгандыктан, тирүү калган баланы экөө тең меники деп талашып жатышкан *. Кимисинин сөзү чын экенин далилдеп берчү бир да жан жок эле. Бул иш төмөнкү сот тарабынан каралып, бирок чечилбей калса керек. Акырында ишти Сулайман, ысрайылдын падышасы, териштирет. Ал аялдардын кимиси чын, кимиси жалган сүйлөп жатканын кандайча билер болду экен?

2 Тигил эки аялдын талашын бир топко унчукпай угуп отурган соң Сулайман кылыч алып келүүнү буйрат. Анан, чын эле айтып жаткансып, баланы эки аялга бөлүп бергиле деп буйрук кылат. Ошондо баланын энеси падышадан ымыркайын, жан баласын, берки аялга берүүнү суранып жалбарат. Экинчи аял болсо, баланы экиге бөлгүлө деп көшөрөт. Эми Сулайман чындыкты билет. Ал эне өзүнүн кан-жанынан чыккан баласына канчалык мээримдүү, боорукер мамиле кыларын билген жана дал ошол билим оор маселени чечүүгө жардам берет. Падыша баланы энесине берип: «Бул анын энеси»,— дегенде, ал аял кандай гана бакытка бөлөнгөнүн элестетсең (1 Падышалар 3:16—27).

3 Өзгөчө акылмандык, чынбы? Сулаймандын маселени кандай чечкенин угуп эл таң калат, анткени анда «Кудайдан болгон даанышмандык бар экенин көрүшөт». Ооба, Сулаймандын акылмандыгы Кудайдын берген белеги болчу. Жахаба ага «акылдуу, даанышман жүрөк берген» (1 Падышалар 3:12, 28). А биз тууралуу эмне айтууга болот? Кудайдын акылмандыгын биз да ала алабызбы? Ооба, анткени Сулайман Кудайдын жетеги менен: «Акылмандыкты Теңир берет»,— деп жазган (Накыл сөздөр 2:6). Жахаба акылмандыкты, башкача айтканда, билимди, түшүнүктү жана кыраакылыкты туура колдоно билүү жөндөмдүүлүгүн акниеттүүлүк менен издегендерге берерин убада кылат. Асмандан келген акылмандыкка канткенде ээ боло алабыз? Жашообузда аны кантип чагылдырсак болот?

«Асмандан келген акылмандыкка» канткенде ээ болобуз?

4—7. Акылмандыкка ээ болуу үчүн, кандай төрт талапты аткарышыбыз керек?

4 Кудайдан келген акылмандыкка ээ болуу үчүн өзгөчө жөндөмдүүлүк же жогорку билим талап кылынабы? Жок. Жахаба тек-тамырыбызга жана билимибизге карабай акылмандыгы менен бөлүшүүгө даяр (1 Корунттуктарга 1:26—29). Бирок биз тараптан да күч-аракет талап кылынат, анткени Ыйык Китеп «акылмандыкка жет» деп чакырат (Накыл сөздөр 4:7). Муну кантип кыла алабыз?

5 Биринчиден, Жахабадан коркуу зарыл. Накыл сөздөр 9:10до («Мукаддас») мындай деп айтылат: «Акылмандыктын башталышы — Теңирден коркуу». Кудайдан коркуу сезими — чыныгы акылмандыктын негизи. Эмне үчүн? Акылмандык билимди ийгиликтүү колдоно билүү дегенди билдирерин эстейли. Кудайдан коркуу андан калтырап-титиреп коркууну эмес, а ага ишенип, урмат-сый менен таазим кылууну билдирет. Кудайдын алдында ушундай коркуу сезимин туюу пайдалуу. Мындай сезим адамга жашоосун Кудайдын эрки жана жолдору тууралуу алган билимине жараша өзгөртүүгө түрткү берерлик күчкө ээ. Дайыма Жахабанын нормаларына карманып жашоо акылмандыкка жатат, анткени бул жыргалчылыгыбызга өбөлгө түзөт.

6 Экинчиден, момун жана жөнөкөй болуу маанилүү. Кудайдан келген акылмандык момундук жана жөнөкөйлүк менен тыгыз байланышта (Накыл сөздөр 11:2). Эмне үчүн? Эгер момун жана жөнөкөй болсок, билбеген нерселерибиз болушу же кайсы бир нерселерде жаңылышыбыз ыктымал экенин моюнга алып, ар дайым Жахабанын көзкарашын билүүгө умтулабыз. Жахаба «текеберлерге каршы», ал эми жүрөгү момундарга акыл берет (Жакып 4:6).

Кудайдан келген акылмандыкка ээ болуу үчүн, аны издеп, көп күч-аракет жумшоо керек.

7 Үчүнчүдөн, Кудай Сөзүн изилдөө зарыл. Жахабанын акылмандыгы анын Сөзү аркылуу ачылып берилүүдө. Андай акылмандыкка ээ болуу үчүн, аны издөөгө көп күч-аракет жумшоо керек (Накыл сөздөр 2:1—5). Төртүнчү талап — тиленүү. Кудайдан чын жүрөктөн акыл сурасак, ал берет (Жакып 1:5). Кудайдын руху жөнүндөгү тиленүүлөрүбүз жоопсуз калбайт. Анын рухунун жардамы менен Ыйык Китептен кыйынчылыктарды чечүүгө, кооптуу нерселерден качууга жана акылдуу чечим чыгарууга жардам бере турган кенч таба алабыз (Лука 11:13).

8. Кудайдын акылмандыгына чындап эле ээ болгонубузду кантип билсек болот?

8 Ушул китептин 17-бөлүмүнөн билгенибиздей, акылмандык — иш-аракет аркылуу көрсөтүлүүчү сапат, ал иш жүзүндө пайда алып келет. Андыктан Кудайдын акылмандыгына чындап эле ээ болгон болсок, ал кылган иштерибизден көрүнөт. Шакирт Жакып Кудайдын акылмандыгынын жемиштерин айтып өткөн: «Асмандан келген акылмандык баарынан мурун таза, андан кийин тынчтыкты сүйүүчү, момун [«эстүү», «ЖД»], тил алчаак, боорукер [«ырайымдуу», СК], жакшы жемиштүү, калыс, эки жүздүү эмес» (Жакып 3:17). Кудайдын акылмандыгынын тутумуна кирген ушул сапаттардын ар бирин талкуулоодо, келгиле, өзүбүздөн: «Жашоомдон асмандан келген акылмандыкка ээ экеним көрүнөбү?» — деп сурайлы.

«Таза, андан кийин тынчтыкты сүйүүчү»

9. Таза болуу деген эмнени билдирет жана акылмандыкты сыпаттоодо тазалыктын биринчи болуп айтылганы эмне үчүн орундуу?

9 «Баарынан мурун таза». Таза болуу сыртыбызды эле эмес, ичибизди да таза сактоону билдирет. Акылмандык Ыйык Китепте жүрөк менен байланыштырылат, бирок асмандан келген акылмандык жаман ой, ниет, каалоолорго толгон жүрөккө кире албайт (Накыл сөздөр 2:10; Матай 15:19, 20). Эгер жүрөгүбүз жеткилеңсиз адам үчүн мүмкүн болгончолук таза болсо, «жамандыктан качып, жакшылык кылабыз» (Забур 36:27; Накыл сөздөр 3:7). Акылмандыктын сыпатталышында биринчи болуп тазалыктын айтылганы кандай гана орундуу! Анткени адеп-ахлак же рухий жактан таза болбосок, асмандан келген акылмандыктын тутумуна кирген башка сапаттарды кантип чагылдыра алабыз?

10, 11. а) Тынчтыкка умтулуу эмне үчүн маанилүү? б) Ишенимдешиңди таарынтып алганыңды сезгенде тынчтыкка кантип умтулсаң болот? (Шилтемени да кара).

10 «Андан кийин тынчтыкты сүйүүчү». Асмандан келген акылмандык рухтун жемиши болгон тынчтыкты издөөгө түрткү берет (Галаттыктарга 5:22). Биз Жахабанын элин бириктирип турган «тынчтык байланышын» бузбоого аракеттенебиз (Эфестиктерге 4:3). Ошондой эле тынчтык бузулган жерлерде да тынчтык орнотуу үчүн колдон келгендин бардыгын кылабыз. Бул эмне себептен маанилүү? Ыйык Китепте: «Тынчтыкты сактагыла! Ошондо сүйүүнүн жана тынчтыктын булагы болгон Кудай силер менен болот»,— деп айтылат (2 Корунттуктарга 13:11). Демек, тынчтыкты сактасак, тынчтыктын булагы болгон Кудай биз менен болот. Ишенимдештерибизге кылган мамилебиз Жахаба менен болгон мамилебизге түздөн-түз таасир этет. Бирок кантип тынчтыкка умтула алабыз? Бир мисал карап көрөлү.

11 Эгер ишенимдешиңди таарынтып алгандай сезсең эмне кылышың керек? Ыйса: «Сен курмандык чалынуучу жайга курмандыгыңды алып келгениңде, бир тууганыңдын сага каршы бир нерсеси бар экени ошол жерден эсиңе түшсө, анда курмандыгыңды курмандык чалынуучу жайдын алдына таштагын да, барып, адегенде бир тууганың менен элдеш. Ошондон кийин гана келип, курмандыгыңды чал»,— деген (Матай 5:23, 24). Ушул кеңешти колдонуп, биртууганыңа биринчи болуп кайрыл. Кандай максат менен? Күнөөлүү эмес экениңди далилдөө үчүн эмес, «элдешүү» үчүн *. Андай учурда аны таарынтып алганыңды мойнуңа алууң керек. Эгер тынчтыкка умтулуп, туура маанай сактасаң, ортодогу түшүнбөстүктү жоюп, кечирим сурап, аны менен элдеше алышың мүмкүн. Тынчтыкты сактоо үчүн колдон келгендин баарын кылуу менен Кудайдын акылмандыгына жетектелип иш кыларыңды көрсөтөсүң.

«Эстүү, тил алчаак»

12, 13. а) Жакып 3:17де «эстүү» деп которулган сөздүн мааниси кандай? б) Эстүү экенибиз эмнеден көрүнөт?

12 «Эстүү». Эстүүлүк деген эмнени билдирет? Ыйык китептик окумуштуулардын ою боюнча, Жакып 3:17де «эстүү» деп которулган грек сөзүнө төп келген сөздү табуу оңой эмес. Айрым котормочулар «жумшак», «жөнөкөй», «сабырдуу» жана «баамчыл» деген сөздөрдү колдонушкан. Бул грек сөзү түзмө-түз «ийилчээк» дегенди билдирет. Асмандан келген акылмандыктын тутумуна кирген бул сапатты жашообузда чагылдырып жаткан-жатпаганыбызды кантип билсек болот?

13 Филипиликтерге 4:5-аятта: «Силердин момундугуңар [«эстүүлүгүңөр», «ЖД»] бардык адамдарга маалым болсун»,— деп айтылат. Ушул ой башка котормодо: «Эстүү адам деген атка ээ болгула»,— деп берилген (Дж. Б. Филлипс, «The New Testament in Modern English»). Бул жерде биз өзүбүз тууралуу кандай ойдо экенибиз эмес, а башкалардын астында кандай атка ээ экенибиз тууралуу сөз болуп жатканын байкасаң. Эстүү адам ар дайым мыйзам тамгасын эле таңуулай же бардыгын өзү туура көргөндөй аткара бербейт. Анын ордуна, ал дайыма башкаларды угууга жана орундуу болгон учурларда ийилчээктик көрсөтүүгө даяр. Ал адамдарга орой эмес, сылык жана жумшак мамиле кылат. Бул Ыйсанын бардык жолдоочуларына, өзгөчө, жыйналыштын аксакалдарына тиешелүү. Момундук дайым өзүнө тартып турат, андай аксакалга башкалар оңой кайрыла алышат (1 Тесалоникалыктарга 2:7, 8). Ар бирибиз: «Башкалар мени кыраакы, ийилчээк жана сылык адам деп билишеби?» — деген суроонун үстүнөн ойлонуп көрсөк жакшы болот.

14. «Тил алчаак» экенибизди кантип көрсөтө алабыз?

14 «Тил алчаак». «Тил алчаак» деп которулган грек сөзү Грек Жазмаларында ушул гана аятта кезигет. Ыйык китептик бир окумуштуунун айтымына караганда, бул сөз «көп учурда аскердик тартипке карата колдонулат». Ал «оңой баш ийген» жана «ийкемдүү» дегенди билдирет. Асмандан келген акылмандыкка жетектелген адам Ыйык Китепте жазылгандын баарына даярдуулук менен баш иет. Ал чечимдеринин туура эмес экенин фактылар менен көрсөткөндө, өзүнүкүн талап кыла бербейт. Тескерисинче, андай адамга оюнун натууралыгын Жазманын негизинде көрсөтсө, ал өз көзкарашын өзгөртүүгө даяр. Башкалар сени ушундай деп билишеби?

«Ырайымдуу, жакшы жемиштүү»

15. Ырайымдуулук деген эмне жана Жакып 3:17де «ырайымдуулук» менен «жакшы жемиштердин» чогуу айтылганы эмне үчүн жөн жерден эмес?

15 «Ырайымдуу, жакшы жемиштүү» *. Ырайымдуулук асмандан келген акылмандыктын тутумуна кирген маанилүү сапат болуп саналат, анткени андай акылмандык «ырайымдуу». «Ырайымдуулук» менен «жакшы жемиштер» чогуу айтылганына көңүл бурсаң. Бул жөн жерден эмес, себеп дегенде, Ыйык Китепке ылайык, ырайымдуулук башкаларга кам көрүүнү, жакшы иштерди кылууга түрткү берген аёо сезимин камтыйт. «Ырайымдуулук» бир эмгекте «кырсыкка кабылганды аёо жана ага жардам берүүгө аракет кылуу» деп аныкталат. Кудайдан келген акылмандык абстрактуу түшүнүк эмес, ал таш боор эмес жана башкалардын азап-кайгысына көз жуумп койбойт. Тескерисинче, ал ак көңүл, боорукер жана жүрөк эргитерлик. Ырайымдуу экенибизди кантип көрсөтө алабыз?

16, 17. а) Кабар айтууга Кудайга болгон сүйүүдөн башка дагы эмне түрткү берет жана эмне үчүн? б) Ырайымдуу экенибизди кантип көрсөтө алабыз?

16 Кудайдын Падышалыгы тууралуу кабар айтуу ырайымдуулук көрсөтүүнүн бир жолу экени шексиз. Бул ишке катышууга бизге эмне түрткү берет? Эң негизгиси — Кудайга болгон сүйүү. Ошону менен бирге, ырайымдуулук же боорукердик сапаты түрткү берүүдө (Матай 22:37—39). Азыр көптөр «койчусу жок койлор сыяктуу жүдөп, мүңкүрөп калышкан» (Матай 9:36). Диний жалган кайтаруучулар кам көрбөгөндүктөн, адамдар рухий жактан сокур болуп калышкан. Андыктан көптөр Кудайдын Сөзүндө жазылган ишеничтүү жетекчилик тууралуу да, Кудайдын Падышалыгы алып келе турган баталар тууралуу да билишпейт. Айланадагы адамдардын рухий муктаждыктары жөнүндө ойлонсок, аларга боорубуз ооруп, мээримдүү Жахабанын ой-ниеттери тууралуу айтуу үчүн колубуздан келгендин бардыгын кылууга түрткү алабыз.

Башкаларга ырайымдуулук же боорукердик көрсөтсөк, «асмандан келген акылмандыкты» чагылдырабыз.

17 Ырайымдуу экенибизди дагы кантип көрсөтсөк болот? Ыйсанын сабалып, тонолгон адамды жол боюнан тапкан самариялык киши тууралуу көрсөтмөлүү мисалын эстеп көрөлү. Аябай боору ачыган самариялык киши тонолгон адамдын жарааттарын таңып, ага кам көрүп «кайрымдуулук [«ырайымдуулук», СК] кылган» (Лука 10:29—37). Бул мисал ырайымдуулук муктаж болгондорго иш жүзүндө жардам берүүнү да билдирерин көрсөтүп турган жокпу? Ыйык Китеп бизди «бардыгына, айрыкча, ишенимибиз бирлерге жакшылык кылууга» чакырат (Галаттыктарга 6:10). Мунун айрым мүмкүнчүлүктөрүн алсак, мисалы, улгайган биртууганыбызды жыйналыш жолугушууларына алып баруу же жесир ишенимибиздин үйүндө бир нерсесин оңдоп берүү керектир (Жакып 1:27). Көңүлү чөккөн кимдир бирөө бекемдээрлик «жылуу сөзгө» муктаждыр (Накыл сөздөр 12:25). Ырайымдуулук көрсөтүү менен асмандан келген акылмандыкка ээ экенибизди көрсөтөбүз.

«Калыс, эки жүздүү эмес»

18. Кудайдан келген акылмандыкка жетектелсек, жүрөгүбүздөн эмнени жок кылууга аракет кылышыбыз керек жана эмне үчүн?

18 «Калыс». Кудайдан келген акылмандык адамдын расасына байланыштуу бейкалыс пикирлерден жана улуттук бой көтөрүүчүлүктөн жогору турат. Ушундай акылмандыкка жетектелүү менен жүрөгүбүздөн беткарамалык көрсөтүүгө түрткү берерлик ой-ниеттерди жок кылууга аракет кылабыз (Жакып 2:9). Башкаларга алардын билимине, материалдык абалына же жыйналыштагы жоопкерчиликтерине карап урмат-сый көрсөтпөшүбүз зарыл, ошондой эле биртуугандарыбыз коомдо кандай төмөн абалды ээлешпесин, аларды кемсинтпешибиз керек. Аларга Жахаба өзү сүйүү көрсөтүп жатса, аларды сүйүүбүзгө татыксыз деп эсептегенибиз туура болот беле?

19, 20. а) «Эки жүздүү» деп которулган грек сөзү кайдан келип чыккан? б) «Анткорсуз бир туугандык сүйүүнү» кантип көрсөтүүгө болот жана бул эмне үчүн маанилүү?

19 «Эки жүздүү эмес». «Эки жүздүү» деп которулган грек сөзү «белгилүү бир ролду аткарган актёрго» карата да колдонулушу ыктымал. Байыркы убактарда грек жана рим актёрлору оюн коюшканда чоң беткеп кийип алышчу. Ошондуктан «эки жүздүү» деп которулган грек сөзү анткорлонгон же алдап ойногон кишиге колдонулуп калган. Кудайдан келген акылмандык ишенимдештерибизге карата кылып жаткан иштерибизге эле эмес, а алар менен болгон мамилебизге да таасир этиши керек.

20 Элчи Петир «чындыкка тил алуу» «анткорсуз бир туугандык сүйүү» көрсөтүүгө түрткү берерин айткан (1 Петир 1:22, «Инжил»). Ооба, ишенимдештерибизге болгон сүйүүбүз жасалма болбошу керек. Беткеп кийип алып кандайдыр бир ролдорду ойноонун эмне кереги бар? Акниет болуп, экижүздүүлүктөн качышыбыз зарыл. Ошондо гана биртуугандарыбыздын ишенимине ээ боло алабыз. Акниеттүүлүк ишенимдештерибиз менен тыгыз, ынак мамиледе болушубузга жана жыйналышта ишеничтүү атмосфера өкүм сүрүшүнө өбөлгө түзөт.

«Акылмандыкты сакта»

21, 22. а) Сулайман эмне үчүн акылмандыкты сактай алган эмес? б) Акылмандыкты кантип сактай алабыз жана бул бизге кандай пайда алып келет?

21 Кудайдан келген акылмандык — Жахабанын асыл белеги, аны сактоо керек. Сулайман: «Уулум... акылмандыкты сакта»,— деп кеңеш берген (Накыл сөздөр 3:21, «БМК»). Өкүнүчтүүсү, Сулайман өзү ушул кеңешке карманбай койгон. Ал тил алчаактык көрсөтүп жүрөгүн сактап жүргөн убактарында гана акылман болгон. Бирок жат жердик көптөгөн аялдары акыр-аягында анын жүрөгүн Жахабага болгон таза сыйынуудан буруп кетишкен (1 Падышалар 11:1—8). Сулаймандын жашоосунан көрүнүп тургандай, билимибизди туура колдонбосок, ал эч кандай пайда алып келбейт.

22 Анда акылмандыкты кантип сактай алабыз? Ыйык Китепти жана «ишенимдүү жана акылдуу кул» тарабынан берилген адабияттарды дайым окуп эле койбостон, алардан билгендерибизди колдонууга аракет кылышыбыз керек (Матай 24:45). Кудайдан келген акылмандыкты колдонуу кандай гана маанилүү! Ал эмитеден эле жашообузду жакшыртат. Ушундай акылмандыктын аркасында Кудайдын жаңы заманында «түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн... жакшы негиз» сала алабыз (1 Тиметейге 6:19). Баарынан маанилүүсү, Кудайдан келген акылмандыкты өрчүтүү менен бардык акылмандыктын булагы болгон Жахаба Кудайга жакындайбыз.

^ абз. 1 1 Падышалар 3:16га ылайык, алар бузулган аялдар эле. Бул тууралуу Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган бир эмгекте: «Ал аялдар денесин сатып сойкулук кылганы үчүн эмес, ойноштук кылганы үчүн бузулган деп аталган көрүнөт. Алар жүйүт элинен же сыягы, башка элдерден болушкан»,— деп айтылат («Жазманы түшүнүү», англ.).

^ абз. 11 «Элдешүү» деп которулган сөз грек тилинде «өзгөртө алуу, алмаштыруу» же «жөнгө салуу» дегенди билдирген этиштен жасалат. Андыктан сенин максатың таарынткан адамыңдын жүрөгүндөгү кастыкты же терс ойлордун бардыгын жок кылуу болушу керек (Римдиктерге 12:18).

^ абз. 15 Башка котормодо бул сөз айкашы: «Аябай боорукер жана жакшы иштерге бай»,— деп берилет (Чарльз Б. Уильямс, «A Translation in the Language of the People»).