Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

25-БӨЛҮМ

«Кудайыбыздын улуу боорукердиги»

«Кудайыбыздын улуу боорукердиги»

1, 2. а) Эне адатта баласынын ыйлаганына кандай жооп кайтарат? б) Кайсы сезим эненин боорукердигинен да күчтүү?

ТҮН ЖАРЫМЫНДА ыңаалаган үн чыгат. Эне дароо ойгонот. Көз жаргандан бери анда мурдагыдай уйку жок. Баласынын үнүнөн анын эмне үчүн ыйлап жатканын ажырата билүүгө да үйрөндү. Ал ымыркайынын ачка болгонун же алдейлеп таптап коюу керектигин, же жалаягын алмаштыруу керек экенин, адатта, оңой эле айырмалайт. Баласы кандай себеп менен ыйлабасын, эне ага көңүл бурууга ар дайым даяр. Ал чүрпөсүнүн муктаждыгына кошкөңүл карап коё албайт.

2 Эненин баласына болгон боорукердиги — адам баласына тааныш эң күчтүү сезимдердин бири. Ал эми Жахаба Кудайдын улуу боорукердиги андан алда канча күчтүү. Ушул сонун сапатты изилдөө Жахаба Кудайга дагы көбүрөөк жакындаганга жардам берет. Ошондуктан боорукердик деген эмне экенин жана ал сапатты Кудай кандайча көрсөтөрүн карап көрөлү.

Боорукердик деген эмне?

3. «Ырайым кылуу» же «аёо» деп которулган эврей тилиндеги этиш кандай маанини билдирет?

3 Ыйык Китепте боорукердиктин ырайымдуулук менен тыгыз байланышта экени көрсөтүлөт. Эврей жана грек тилдеринде бир нече сөз улуу боорукердик деген маанини туюнтат. Көп учурда «ырайым кылуу» же «аёо» деп которулган раха́м деген эврей сөзүн алып көрөлү. Бир эмгекте раха́м деген этиштин «жакындарыбыздын алсыраганын жана кыйналганын же жардамга муктаж адамдарды көргөндө пайда болуучу терең жана назик боорукердикти» билдирери айтылат. Жахаба өзүнө карата колдонгон бул эврей сөзү «жатын» деген сөзгө тектеш жана «эненин боорукердиги» деген маанини туюнтат * (Чыгуу 33:19; Жеремия 33:26).

«Аял... курсагынан чыккан уулун» унутмак беле?

4, 5. Жахабанын боорукердиги эмнени билдирерин түшүндүрүү үчүн Ыйык Китепте эненин сезими кандайча мисал кылынат?

4 Жахабанын боорукердиги эмнени билдирерин түшүндүрүү үчүн, Ыйык Китепте эненин баласына болгон сезимдери мисал кылынат. Ышайа 49:15те: «Аял эмчектеги баласын унутмак беле? Өзүнүн курсагынан чыккан уулун аябай [раха́м] коймок беле? Эгерде ал унутса да, Мен сени унутпайм»,— деп айтылат. Бул жүрөк козгогон сүрөттөө Жахабанын өз элине көрсөткөн боорукердигинин тереңдигин чагылдырып турат. Кандайча?

5 Эненин эмчектеги баласын эмизүүнү, ага кам көрүүнү унутуп коюшун элестетүү кыйын. Анткени ымыркай абдан алсыз болот эмеспи; ал энесинин камкордугуна күндүз да, түнкүсүн да муктаж. Бирок, тилекке каршы, табигый ынактыктын жоктугу менен айырмаланган азыркы «оор күндөрдө» айрым энелердин таш боордугу тууралуу угуп калабыз (2 Тиметейге 3:1, 3). Жахаба болсо: «Мен сени унутпайм»,— деп ынандырат. Жахабанын өзүнүн кызматчыларына көрсөткөн улуу боорукердиги туруктуу жана адамга мүнөздүү сезимдердин эң күчтүүсүнөн — эненин боорукердигинен — да алда канча күчтүү. Ошондуктан бир окумуштуунун Ышайа 49:15-аятты кеп кылып: «Бул Байыркы Келишимде Кудайдын сүйүүсү кандай экенин көрсөтүү үчүн колдонулган күчтүү сөздөрдүн эң эле күчтүүсү болбосо да, алардын бири»,— деп эмне үчүн айтканы түшүнүктүү.

6. Жеткилеңсиз адамдардын көпчүлүгү боорукердик тууралуу кандай ойдо, бирок Жахаба бизди эмнеге ынандырат?

6 Боорукердик көрсөтүү алсыздыктын белгисиби? Жеткилеңсиз адамдардын көпчүлүгү дал ушундай ойдо. Маселен, Ыйсанын замандашы жана Римдеги беделдүү адамдардын бири болгон философ Сенека «боор ооруу — бул акылдын алсыздыгы» деп окуткан. Ал стоицизмди — сезим такыр болбогон бейкуттукка үндөгөн философияны — жактагандардан болгон. Сенеканын айтымында, акылдуу адам кырсыкка кабылгандарга жардам берсе береттир, бирок өзүнө ал адамга карата боорукердик көрсөтүүгө жол бербейт, анткени бул анын жандүйнөсүнүн тең салмактуулугун бузмак. Мындай өзүмчүл көзкараш чын жүрөктөн боорукердик көрсөтүүгө тоскоолдук кылат. Бирок Жахаба эч качан мындай кылбайт! Ыйык Жазмада Кудай бизди өзүнүн «аябай ырайымдуу жана боорукер» экендигине ынандырат (Жакып 5:11). Кийинки абзацтардан көрө турганыбыздай, боорукердик — алсыздыкты эмес, а Кудайдын күчүн билдирген өзгөчө сапат. Жахабанын мээримдүү ата сыңары бул сапатты кандайча көрсөтөрүн карап көрөлү.

Жахабанын өз элине көрсөткөн боорукердиги

7, 8. Ысрайылдыктар байыркы Мисирде эмнеден азап чегишкен жана алардын жалынычына Жахаба кантип жооп кайтарган?

7 Жахабанын боорукердиги анын ысрайыл элине кылган мамилесинен айкын көрүнүп турат. Б.з.ч. XVI кылымдын аяк ченинде миллиондогон ысрайылдыктар байыркы Мисирде кулга айланышып, катуу эзүүгө алынышкан. Мисирликтер «аларды ылай менен кышка салып... зордоп иштетип, алардын турмушун азаптуу кылып жиберишкен» (Чыгуу 1:11, 14). Ошондо катуу кыйналган ысрайыл эли Жахабага жалбарып кайрылган. Боорукердиктин Кудайы буга кандай жооп кайтарган?

8 Бул Жахабанын жүрөгүн катуу козгогон. Ал: «Мен Өз элимдин Мисирде тарткан азабын көрдүм, башкаруучулардан кордук көрүп, боздогон үнүн уктум. Мен анын кайгысын билем»,— деген (Чыгуу 3:7). Жахаба өз элинин тарткан азабын жөн эле карап же боздогон үнүн көңүл кош угуп тура алган эмес. Ушул китептин 24-бөлүмүнөн билгенибиздей, Жахаба — боор ооруй билген Кудай. Боор ооруу же башкалардын кыйналганын сезе билүү боорукердик көрсөтүү менен тыгыз байланышта. Бирок Жахаба элине боор ооруп эле койбостон, жардамга келген. Ышайа 63:9да: «Теңир аларды Өзүнүн сүйүүсү, ырайымдуулугу [«боорукердиги», «ЖД»] менен куткарып алды»,— деп айтылат. Ал ысрайылдыктарды Мисирден «күчтүү колу» менен алып чыккан (Мыйзам 4:34). Андан кийин аларды керемет жолу менен азыктандырып, түшүмдүү жерге алып барган.

9, 10. а) Ысрайылдыктар Убадаланган жерге киргенден кийин да, Жахаба аларды эмне үчүн көп ирет куткарган? б) Иптахтын күндөрүндө Жахаба ысрайылдыктарды кимден куткарган жана эмне үчүн?

9 Жахабанын боорукердик көрсөтүүсү ушуну менен эле чектелген эмес. Убадаланган жерге киргенден кийин ысрайылдыктар нечен ирет Жахабанын алдында ишенимдүүлүгүн сактабай азап чегишкен. Бирок алар кайра ойлонуп, Жахабадан жардам сурап жалбарышканда, Кудай аларды кайра-кайра кырсыктардан куткара берген. Эмне үчүн? «Анткени ал Өз элин аяган» (2 Жылнаама 36:15; Башкаруучулар 2:11—16).

10 Иптахтын күндөрүндө болгон окуяны карап көрөлү. Ысрайылдыктар Жахабадан баш тартып, жалган кудайларга сыйынып кетишкендиктен, Жахаба алардын үстүнөн 18 жыл бою амондуктардын бийлик кылышына жол берген. Акыры, ысрайылдыктар өкүнүшөт. Ыйык Китепте: «Ошентип, алар бөтөн кудайлардан баш тартып, Теңирге кызмат кыла башташты. Ысрайылдын көргөн азаптарына Анын жаны кейиди»,— деп айтылат * (Башкаруучулар 10:6—16). Ысрайылдыктар чындап өкүнгөндө, Жахаба алардын азап-тозогуна көз жумуп отура алган эмес. Боорукердиктин Кудайы өз элин Иптахты колдонуп душмандарынан куткарган (Башкаруучулар 11:30—33).

11. Жахабанын ысрайылдыктарга жасаган мамилесинен боорукердикке байланыштуу эмнеге үйрөнө алабыз?

11 Жахабанын ысрайыл элине жасаган мамилесинен боорукердик көрсөтүү жагынан эмнеге үйрөнө алабыз? Өзүбүз көргөндөй, боорукердик бул жөн эле аёо сезими же башка бирөөнүн кыйналып жатканын сезүү эле эмес. Баласынын ыйын угуп түн жарымында турган боорукер эненин мисалын эстейли. Ага окшоп, Жахаба да өз элинин жалынычтарын угат. Боорукердигинен улам Кудай элинин оор абалын жеңилдетет. Мындан сырткары, Жахабанын өз элине жасаган мамилесинен боорукердикти алсыздык деп эсептөө туура эмес экенин билдик, анткени так ушул сапат Кудайга элин коргоо үчүн чечкиндүү иш-аракеттерди жасоого түрткү берет. Бирок бул Жахабанын жалпы элине эле боорукердик көрсөтөрүн билдиреби?

Жахаба ар бирибизге боорукердик көрсөтөт

12. Мыйзам Жахабанын ар бир адамга боорукердик көрсөтөрүн кандайча чагылдырып турган?

12 Жахабанын ысрайыл элине берген Мыйзамында анын ар бир адамга боорукердик көрсөтөрү чагылдырылган. Мисалга жакырларга кам көрүү буйругун алалы. Жахаба күтүлбөгөн жагдай-шарттардан улам ар бир ысрайылдык жакыр болуп калышы мүмкүн экенин билген. Кедейлерге кандай мамиле кылуу керек эле? Жахаба: «Жакыр бир тууганыңа таш боор болбо, колуңду жумба. Ага карыз бер, карыз берип жатканда ичиң оорубасын. Ошондо Кудай-Теңир сенин бардык иштериңе, кыла турган иштериңе батасын берет»,— деп буйруган (Мыйзам 15:7, 10). Мындан сырткары, Жахаба ысрайылдыктарга эгин оруп жатканда талаанын четин орбоону жана жерге түшкөн машакты тербөөнү да буйрук кылган. Алардын бардыгы жакырлар үчүн калтырылган (Лебилер 23:22; Рут 2:2—7). Эл Мыйзамдын камкордук чагылдырылган ушул токтомдоруна карманганда, кедейлер кайыр суроого аргасыз болчу эмес. Жахабанын боорукердиги кандай гана зор!

13, 14. а) Дөөттүн сөздөрү Жахабанын ар бирибиздин жыргалчылыгыбызга кызыкдар экенин кандайча көрсөтүп турат? б) Жахаба «чын дилден өкүнгөндөргө» же «руху менен моюн сунгандарга» жакын экендигин кайсы мисал менен көрсөтсө болот?

13 Бүгүн да мээримдүү Кудайыбыз ар бирибиздин жыргалчылыгыбызга кызыгат. Жахабанын башыбыздан кечирип жаткан азап-тозоктордун баарын билерине толук ишенсек болот. Забурчу Дөөт: «Теңирдин көздөрү адил адамдарга бурулган, кулагы алардын зар-муңуна бурулган. Теңир чын дилинен өкүнгөндөргө жакын, руху менен моюн сунгандарды куткарат»,— деп айткан (Забур 33:16, 19). Андай адамдар тууралуу бир окумуштуу мындай деген: «Алар күнөөсүн сезип кыйналгандыктан чын дилинен өкүнүп, руху менен моюн сунуп жатышат. Өздөрүн эч нерсеге татыксыз көрүшүп, өздөрү тууралуу өтө төмөн көзкарашта болгондуктан, алардын өзүн өзү сыйлоо сезими жок». Андай адамдарга Жахаба алардан алыстап кеткендей сезилет, алар өздөрүн Анын кам көрүүсүнө татыксыз эсептешет. Бирок такыр андай эмес. Дөөттүн сөздөрү Жахабанын өзү тууралуу өтө төмөн көзкарашта болгондорду калтырбаарына ынандырып турат. Боорукер Кудайыбыз мындай учурларда ага өзгөчө муктаж болорубузду билгендиктен дайыма жаныбызда болот.

14 Мисалы, төмөнкү окуяны карап көрөлү. Кошмо Штаттарда бир аял круп болгон эки жашар баласын ооруканага алып барат. Доктурлар баланы текшерип көрүп, анын ооруканада калышы керектигин айтышат. Ошол түнү эне каякта таң атырган? Ооруканада, баласынын жанындагы отургучта! Баласы катуу ооруп калгандыктан, ал анын жанында болгон. Асмандагы Атабыз мындан да зор камкордук көрсөтөт деп күткөнүбүз орундуу! Анткени биз анын бейнеси боюнча жаратылганбыз (Башталыш 1:26). Забур 33:19дагы жүрөк козгоорлук сөздөр, «чын дилден өкүнсөк» же «рухубуз менен моюн сунсак», Жахаба мээримдүү ата сыяктуу ар убак боорукердик көрсөтүп, жардам берүүгө даяр экенине жана жаныбызда болоруна ынандырып турат.

15. Жахаба ар бирибизге кандайча жардам берет?

15 Жахаба ар бирибизге жекече кандай жардам көрсөтөт? Ал азап-тозокторубуздун себебин сөзсүз эле жок кылбайт, бирок жардам сурап кайрылгандарды ар кандай жолдор менен бекемдей алат. Анын Сөзүнөн, Ыйык Китептен, туура чечимдерди чыгарууга жардам берерлик пайдалуу кеңештерди табууга болот. Жыйналыштарда Жахаба ишенимдештерине боорукердик көрсөтүүдө Кудайды тууроого умтулган рухий жактан жетилген эркектерди дайындаган (Жакып 5:14, 15). Тиленүүнү угуучу Жахаба «сурагандарга Ыйык Рух» берет (Забур 64:3; Лука 11:13). Ал рух бизди, бардык көйгөйдү жок кыла турган Кудайдын Падышалыгы келгиче, кыйынчылыктар менен күрөшүүдө зарыл болгон «кудуреттүү күчкө» ээ кылат (2 Корунттуктарга 4:7). Ушундай жолдор менен көрсөтүлгөн жардамга ыраазы эмеспизби? Мунун бардыгы Жахабанын улуу боорукердигин чагылдырып турарын эч качан эсибизден чыгарбайлы.

16. Жахабанын боорукердигин эмне эң күчтүү түрдө чагылдырган жана анын ар бирибизге кандай тиешеси бар?

16 Жахабанын сүйүктүү Уулун биз үчүн кун катары берүү менен да улуу боорукердик көрсөткөнү шексиз. Жахаба андай курмандыкка, өзү үчүн кыйынга турса да, улуу сүйүүсүнөн улам барган. Кун ар бирибиз үчүн төлөнгөн жана куткарылууга жол ачкан. Мына ошондуктан Чөмүлдүрүүчү Жакандын атасы Захария ал белек аркылуу Кудайдын «улуу боорукердиги» чагылдырыларын айткан (Лука 1:78).

Жахабанын боорукердик көрсөтпөгөн учурлары

17—19. а) Жахабанын боорукердигинин чеги бар экендиги Ыйык Китепте кандайча көрсөтүлгөн? б) Эмне үчүн Жахаба ысрайыл элине боорукердик көрсөтпөй калган?

17 Жахаба боорукердикти чексиз эле көрсөтө берет деп күтүү туурабы? Жок. Ыйык Китепте Жахабанын адил нормаларына карманбагандарга боорукердик көрсөтпөй коюуга толук укуктуу экендиги ачык айтылат (Эврейлерге 10:28). Эмне себептен анте турганын түшүнүү үчүн, дагы бир жолу байыркы Ысрайылдын тарыхына кайрылып көрөлү.

18 Жахаба ысрайылдыктарды душмандардан көп ирет куткарган, бирок кийинчерээк аларга боорукердик көрсөтпөй калган. Ал кежир элдин буркандарга сыйынып кеткени аз келгенсип, жийиркеничтүү буркандарын Жахабанын ийбадатканасына киргизип алган мезгилдери да болгон (Жезекиел 5:11; 8:17, 18). Ыйык Китепте: «Алар Кудай жиберген элчилерди шылдың кылышып, алардын сөздөрүн барк албай, Анын пайгамбарларын маскаралашты, ошондо Теңир Өз элине абдан каарданды. Аларды Теңирдин каарынан эч нерсе куткарып кала алган жок»,— деп айтылат (2 Жылнаама 36:16). Ысрайылдыктар арам иштерди кылып чектен чыгып кетишкен; боорукердик кылууга эч кандай себеп калбай калгандыктан, Жахаба аларга адилеттүү түрдө каарданган. Бул эмнеге алып келген?

19 Жахаба өз элине андан ары боорукердик көрсөтпөй калган. Ал: «Аларды аябайм, аларга ырайым кылбайм, аларды кырганыма өкүнбөйм»,— деп жарыя кылган (Жеремия 13:14). Натыйжада Иерусалим менен ийбадаткана талкаланып, ысрайылдыктардын өзүлөрү болсо Бабылга туткундалып кетишкен. Жеткилеңсиз адамдардын Кудайга анын боорукердик көрсөтүүсүнө татыксыз болуп калганчалык баш ийбей коюшары кандай гана өкүнүчтүү! (Жеремиянын ыйы 2:21).

20, 21. а) Жахабанын боорукердиги чегине жеткенде, эмне болот? б) Эмки бөлүмдө Жахабанын боорукердик көрсөтүүсүнүн кандай жолу тууралуу сөз болот?

20 Бүгүн да ушундайбы? Жахаба өзгөрүлгөн жок. Боорукердигинен улам Ал өзүнүн Күбөлөрүнө дүйнө жүзүндөгү элдердин баарына «Падышачылык жөнүндөгү жакшы кабарды» айтууну тапшырган (Матай 24:14). Чын жүрөктөн жооп кайтаргандарга Жахаба ал кабарды түшүнүүгө жардам берүүдө (Элчилер 16:14). Бирок бул иш түбөлүк жүргүзүлбөйт. Азыркы каардуу дүйнөгө бардык ыпылас нерселери жана азап-тозоктору менен түбөлүк калышына жол берүү чыныгы боорукердик көрсөтүүгө жатпай калмак. Боорукердиги чегине жеткенде, Жахаба азыркы түзүлүштүн үстүнөн сот жүргүзөт. Бирок ошондо да ал өзүнүн «ыйык ысымы» жана берилген кызматчылары үчүн боорукердик менен иш кылат (Жезекиел 36:20—23). Жахаба жерди жамандыктан тазалап, адилеттүү жаңы дүйнө орнотот. Ыймансыздар тууралуу Ал мындай дейт: «Көзүм да аябайт, ырайым кылбайм. Аларды өздөрүнүн жолдоруна жараша жазалайм» (Жезекиел 9:10).

21 Ал убак келгиче, Жахаба адамзатка, жадагалса, жок кылынууга татыктуу адамдарга да боорукердик көрсөтүүдө. Чын жүрөктөн өкүнгөн адамдар Жахабанын улуу боорукердигинен улам кечиримге ээ боло алышат. Эмки бөлүмдө Жахабанын канчалык кечиримдүү экенин көрсөткөн бир нече ыйык китептик мисал талкуулайбыз.

^ абз. 3 Бирок Забур 102:13тө раха́м деген этиш атанын балдарына көрсөткөн ырайымын же боорукердигин билдирери кызыктуу.

^ абз. 10 «Анын жаны кейиди» деген сөз айкашы түзмө-түз «анын жаны кыскарды; чыдамы түгөндү» дегенди билдирет. Ыйык Китептин башка котормолорунда бул төмөнкүчө берилген: «Ысрайылдын бактысыздыктарына андан ары карап тура алган эмес» («The New English Bible»); «Ал Ысрайылдын азап-тозогуна чыдай алган эмес» («Tanakh — A New Translation of the Holy Scriptures»).